Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн кыймылынын" лидери:
"Башка өлкөдөгүлөр укса күлөт, укпасын…"
-Аликбек мырза, кылмыш ишинин бири оппозиция тараптагыларга козголгонун кандайча түшүнсөк болот?
-Бул оюндардын баарын саясый заказ катары кабыл алдык. Ойлоп көрсөңөр, бардык окуялар эки, үч жыл мурун болгон, анан көп нерселер негизсиз. Таап чыккан себептерди эптеп бир мыйзамдын этегине байлап жатышат. Ошентип оппозициянын белин сындырабыз дегендери го. Мен айтып эле келе жатам, мындай кадамдары менен бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп, оппозиция күнүгө күчүнө келип жатат. Андан көрө бийлик элдин турмушун оңдосо, акыйкат башкаруу орнотуп, системаны өзгөртсө башка турмуш болмок. Дегеле дүйнөлүк практикада оппозиция бийликти сындаса ошол сынды көтөрүп, анын кемчиликтерин таап, оңдоого аракет кылат. Ал эми бизде тескерисинче кемчиликти биринчи сезүүнүн ордуна кемчилигин көзүнө сая айткан оппозицияны сындырууга аракет кылып жатышат. Бул биринчи кезекте элдин кыжырлануусуна алып келет. Анткени биздин сындап жаткан талаптарыбыз жалпы Кыргызстандын талабы. Эл деле бийликтин кандай иштеп жатканын көрүп турат. Ошондуктан бийлик өзүнө ор казып жатат.
-Жакынкы күндөрдө максат кылган Москвага сапарыңыздар эмне боло тургансып жатат?
-Баарыбызга иш козгоп, жолубузду бууп койбодубу. Азырынча Москва сапарын бир аз жылдырып, кийинкиге калтырып жатабыз.
-Аликбек мырза, жакында Таласка сиз да бардыңыз, сиздин баамыңызда Өмүрбек Текебаевге коюлуп жаткан кинелер негиздүүбү?
-Албетте, кинелер негизсиз. Биз, оппозиция лидерлери мыйзамга таяп иш жасайбыз. Биз мыйзамды сыйлайбыз. Эгерде азыркы бийликтин эптеп бир мандем таап, оппозицияны курута албай жаткан кезде, бизден мыйзамсыз бир көрүнүш көрүнүп калса баса калганы турат. Ошондуктан биз баарын мыйзам чегинде жасап, эч бир негиз бербегенге аракетибиз күч. Ошондуктан Текебаевдин машинасынан табылган куралдардын баары мыйзамдуу. Элдин баары эле билип турат, биздин ар бирибизге коркунучтар бар. Ошол себептен мыйзамдуу түрдө курал алып жүргөнгө укугу бар. Тилекке каршы бизде криминал күчтөр күчөдү, керек болсо ошол Таласта да алардын куйруктары жүрүштү. Алардын кандай максат менен жүргөнүн эл өзү билет.
-Сизге да кылмыш ишин козгоп, Кыргызстандын аймагынан чыгуу укугуңуздан ажыратып койду, бул канча убакытка чейин созулат?
-Менин адвокаттарым азыр баарын изилдеп жатат. Ошонун жыйынтыктарынан кийин биз соттошконго чейин барабыз, каршы пикирибизди билдиребиз. Албетте, мага коюлуп жаткан кинелер да мыйзамсыз. Ойлоп көрсөңүз, мурун 73 млн сомду таңуулап бир кынтык издеп, андан майнап чыкпай, эми эшиктерди туура эмес салдырып, килемдерди туура эмес алмаштырып койдуң дегени күлкү келээрлик иш. Себеби өзүңөр билесиңер, тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жүзү да. Ошол үчүн ал жерди сапаттуу жасатканга министр катары жоопкерчиликти алып, каалгаларды алмаштырып, кыргыз килемдерин салдырып, абдан жогорку сапатка көңүл бурганбыз. Алмаштырган эшиктер ал жактын складында турат. Эч ким алып кеткен жок. Эми ошого зыян келтирдиң дегени негизсиз. Башка өлкөдөгүлөр укса күлүшөт, укпасын.
Күнболот Момоконов