Элдин үнү - SMS

Бул бурчта биз менен бардык оюңузду бөлүшсөңүз болот.
Шарты жөпжөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "AALAM" деген сөздөн кийин аралык калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз. СМС-билдирүүнүн акысы кошумча нарк салыгы менен - 0,50 $. Редакциянын 59-17-38 телефону аркылуу да оюңузду айтсаңыз болот.

Айгерим: Эң жакын курбу кызым Уулжанды Адилет экөөңөр урушпай, бактылуу болгула дээр элем.

Карбалас : Бу Кара - Бууралыктардан биздин чоңдор чочулайбы, катары менен үч кишисин жогорку кызматка коюшту. Өмүрбек Бабанов кыйын бизнесмен дешет, бирок Кыргызстандын экономикасын тескеген жерде кандай болоор экен. Берки И.Айдаралиев жакшы эле иштеп жатпады беле. Мейли эми айыл чарбасында да иштеп көрсүн.

Азим Батыров : Айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелерди изилдеп, иликтегенге кызыккан улан -кыздар менен иштешем. Бул багытта менин жүргүзгөн жекече иш-тажрыйбаларым дээрлик 80 пайызга бүткөн. Телефонум: 0312 4401 77




Тойбостун
тойбосу
Сан -Францисконун Трейдер-Викс жеринде (Калифорния штаты, АКШ) 1963-жылы тамак ичүү боюнча мелдеш болуп өткөн. Анда ар биринин салмагы 907 грамм болгон 28 тоокту Эдвард Миллер бир отуруп жеп койгон.

Жумуртканы ким жутат?
Питер Даудесуэл 1 секундда 13 чийки жумуртканы шимирип салса, Джон Кенмуир 14 секундда 14 бышкан жумуртканы жеп койгонго үлгүргөн.

Спагетти
ышкыбозу
Хейлосоунда Питер Даудесуэл (Улуу Британия, Батыш Мидленд) 3 мүнөт 10 секундда 91 метр спагеттини жегенге жетишкен.

Лимонсуз тура албагандар
Вирдиналык Бобби Кепф 3 лимонду кабыгы жана данектери менен 15 секундда жеген.
Ышталган
селедка
балыгынын
ышкыбозу
Англиялык Рег Моррис 27 даана ышталган селедка балыгын 16 минутта кабыгын калтырып, калганын курсакка урган. Бул адам мурун 64 секундда 30 сосисканы жеп, тойбой калган экен.




  Пайдалуу кеңеш

Жер. Тажрыйба. Түшүм. Сапат
Мен алектенген иштерди "МСН" гезитинин кабарчысы Лариса Ли жазып чыкты (28.06.2006). Макала жарык көргөндөн кийин, айыл-чарба министрлигиндеги кызматчылардын кеңеши менен Түштүк Кореядан адистер келишип, Лебединовка айыл өкмөтүнүн (Аламүдүн району) жеринде иштеп атышкан ишкерлер менен жолуктук. Алар ошоерде иштей башташты. Экологиялык жактан таза, бир грамм да минералдык жер семирткич кошулбаган, өздөрү өстүргөн помидор, бадыраң, дарбыздын даамын таттык. Алар биз базардан алып жеген жашылчалардан өтө чоң айырмаланат.
Корейлердин келген себеби - союз жоюлгандан кийин, Кыргызстанда жашашкан кандаштарына жардам берүү экен.
- Бизде, Кореяда жер аз. Туугандарыбызды алып кете албайбыз, алар кыйналбаш үчүн экологиялык таза жер-жемиштерди өстүрүүнүн ыкмасын үйрөтүш максатыбыз! - дешти.
Мен өзүм өстүргөн жашылчалардын сүрөтүн көргөзүп, түшүндүрүп бердим. Кызыккан суроолоруна жооп бердим. Максаттарыбыз бирдей экендигине көздөрүбүз жетти.
Ошол мезгилде бизде базарда помидордун баасы 3-5 сом болчу, а корейлер өздөрүнүн кафе, ресторандарына 1 килосун 30 сомдон өткөзүп беришет экен. Ошон үчүн алардын ашкана, ресторандарына адам көп кирет тура тамактанганы.
Өзбекстандын Фергана шаарынын жанында Алты-Арык деген шаарчасы бар. Ушул жердин эли жашылчаларды Орто Азияда биринчи болуп жетилтип сатышат. Ачык аянттарда өстүрөт. Алар кыртышта жылуулук нормасына келгенге чейин, үйүндө горшочкада көчөттү өстүрүп алышып, кээ бири гүлдөгөнгө жакындап калганда ачык аянтка көчүрүп коюшат. Убакыттан 40 күн утушат. Ушинтип эле үй-бүлөлүк бюджетин толуктап алышат. Бирок, жемиште нитраттар нормадан бир канча эсе көп, аны биз канчалык кымбат болсо да сатып алып, пайдаланып жатабыз.

(Уландысы бар)
Азим Батыров