Гезит базар Бишкек шаарынын гана эмес, өлкө жана чет өлкө жашоочуларын маалымат менен камсыз кылган кыргыз "гезитчи-дзюйолорду" кепке тарттык...
Чынара
Майсакеева:
- Мурда Нарында телеграфта иштечүмүн, бул жакка келгенден кийин, жаныбыздагы кыздар айтып, жолдошум экөөбүз тең чыгып улап кеттик. Иштегенибизге он эки жыл болду.
- Бул жумуштун кандай кыйынчылыктары бар?
- Аябай нервный жумуш, оңой көрүнгөнү менен сата келгенде түйшүгү көп: эс албайбыз, дем алыш деген жок, элдин оюн таба билип-түшүнүп сатыш керек, эскисин эски деп, жаңысын жаңыдай сатыш керек.
- Эң өтүмдүү газеталар кайсылар?
- "Вечерний Бишкек", "Пирамида", "Жизнь", "Лица", "Радуга", "Ачык саясат", кийинки жаңы кошулгандардан "Аалам", "Аят пресс", "Асман пресс", Сканворддор абдан көп өтөт.
- Жолдошуңуз экөөңөр тең ушул жерде иштеп, үй бүлөнү каржылай аласыздарбы?
- Улуу уул - кызым сырттан окуу бөлүмүндө окуп иштешет, анан мал, картошка бар дегендей, баарына жетет. Газета-журнал сатып көр оокат кылуудан да бир өзгөчө пайдасы, балдарыбыздын аң сезимине, дүйнө таанымына, ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө пайдасы көп тиет экен. Көпчүлүккө, мисалы теңтуштарыбыздын, туугандарыбыздын арасына барганда кадимкидей билинип, айырмаланып турушат.
- Башка кызмат менен иш ордуңузду алмаштыргыңыз келеби?
- Буга чейин Нарында электро-механик болуп иштегем, ошол жактан пенсияга чыктым, азыркы жумушума абдан көнүп алдым, башка жумушка иштей албайм го.

Муртаз Ашымов:
- Кабарчылык кесипте иштеп жүрдүм. Бишкек боюнча газета сатканды эң биринчи мен баштагам, жыйырма беш жыл болуп калды. Илгери "Вечерний Бишкекти" эксперимент жасап, үчүнчү класстагы кызым экөөбүз баштаганбыз, ал кызым азыр эки балалуу болуп калды. Бизди көрүп башкалар газета сатып башташкан.
- Өзүңүз да гезиттерди үзбөй окусаңыз керек, кандай темада, кайсы гезиттерди көп окуйсуз?
- Кимдин башына таш ыргыткың келсе, ошонун башына таш тиет дегендей, гезит ачкандар көбөйүп кетти, бардык гезиттерге бир сыйра көз жүгүртүп, орчундуу жерлерин эстеп калам да, алармандарга да ушундай тема жарык көрүптүр, ошону алгыла дейм. Гезиттин кухнясын жакшы түшүнбөгөндөргө актай гезит алгыча ушуну алгыла дейсиң да.
- Ооба, гезит ачкандар көбөйүп кетпедиби, мунун таасири сиздерге канчалык?
- Гезит ачканда эле бир күндө байып кетебиз деп ойлошот го, саны бар, сапаты жоктору көп. Журналист деген эл окуй турган материалды таап, издениш керек, Ленин айткан илгери " Факт деген өжөр нерсе" деп, канчалагандар соттошуп, кайра жабылып калышты. Гезит ачам дегендерге кеңеш берер элем, азыр кагаз кандай кымбаттап жатат, андан көрө башка нерсе менен эле оокат кылбайсыңарбы деп.
- Гезит-журналдарды саткандар кандай киреше табат болду экен?
- Ипотекалык кредит менен там сатып алгам, азыр акчасын төлөөдөмүн, машинем жок, эжекеси. Кудайга шүгүр, балдарды ачка калтырбай бакканга жетет.
- Эң өтүмдүү гезиттер кайсылар?
- Нускасы боюнча "Вечерний Бишкек" да билесиңер, андан кийин "Дело№", кыргыз гезиттерден "Ачык саясат", "Аалам", булар так маалыматтарды берип күндүн көйгөйүн жазган үчүн жакшы өтүп жатат го дейм. Оюн- зоок гезиттерден "Супер Инфодон" башкасы анча өтүмдүү эмес. Программаны кошуп койсоң эле өтүмдүү болот дешеби, "Обон" азыр ошого өтүп алды, мурда "Обонду" 6-7 пачка сатчу элем, азыр "Супер Инфо" менен кептелишип калгандан бери 4 пачкага түшүп калды. Тажрыйбалуу калемгер катары айтат элем, программаны кууп отургандан көрө изденип, жаңы, жакшы темаларды тапсаңар дейм. Мисалы, "Супер Инфо" "Клон" аркылуу тиражы өсүп кеткен.
- Тажрыйбалуу калемгер катары гезиттерге макала жарыялап, иштешип жүрөсүзбү?
- Колума калем кармай элегиме бир топ жыл болуп калды, оюмда көп нерселер бар, иштешким келет. Бирок убакыт жок, кечирээк үйлөнүп, балдар жаш, аларды бутуна тургузуш керек. Тыгыз байланышпай калганыма өкүнөм, кээ күндөрү кадимкидей түшүмө кирет. Биздин убакта болгон окуяны барып көрүп, жандуу кабарларды берчүбүз. Азыр андай болбой калбадыбы, телефон деген чыгып, түйшүгүңөрдү жеңилдетип койбодубу.
- Байкооңуз боюнча эл учурда кандай темага суусап турган убагы?
- Азыр көбү саясат, саясатчылар боюнча жазып жатышпайбы, аларың болсо бирин - бири жамандамай, эптеп элдин башын айлантып эле бирдемелерди айткандан көрө, конкреттүү программасын сунуш кылып, омоктуу ойлорун билдиришсе болмок. Журналисттер да кайым айтышууларга от чачып уруштурган эмес, жараштырган комментарий берсе болот да.
Аңгыча жаныбызга келип калган байке сөзгө аралашып калды:
- Муртаз менен классташмын, жашынан эле гезит-журналдарга кызыгып, бизден өзгөчөлөнгөн жөндөмдөрү көп болчу, үй бүлөсүн багам деп гезит сатуучу болуп кетпедиби, болбосо бирдеме чыга турган жигит. Ошентсе да башкалардан айырмаланып, азыр деле гезиттерди жөн сатпастан жакшы темалар жарыяланса элди үгүттөп, кадимкидей айырмаланып, таанымал, Муртаз менен Кара-Кулжада бирге окуп калганыма сыймыктанам, - дейт классташы Илияз Самсалиев.

Орозбек
Бөрүгулов:
- Бизге бир аз убактыңызды бөлүп койсоңуз болобу, эки ооз суроого жооп алалы дедик эле?
- Сиз да " Кыргыз Каравандан" келген кыздай кылып койбоңуз?
- Эмне кылды эле?
- Интерьвю алып, баарын жакшынакай кылып жазып туруп, менин фамилиямдын жанына Таня деген орус аялдын сүрөтүн коюп койгон экен. (тыңшап калган алармандын баары жарыла каткырып калышты)
- Бул кызматка чейин кандай иш менен алектенчү элеңиз?
- Бекмырза Рахман уулу экөөбүз "Сүйүү", "Күлкү" деген гезиттерди ачып, мен анын орунбасары болуп иштечүмүн. Бир гезит сатуучубуз редакцияга карыз болуп иштей албай койгон, бир күнү таптакыр келбей койгонунан, гезитти көтөрүп алып өзүм сатып чыктым, көрсө жакшынакай эле өтөт тура, калыс иштеш керек экен. Ошол боюнча базарга аралашып кеттим. Өзүм сатира жазам, анча - мынча китептерим чыгып жүрөт.
- Бекмырза Рахман уулунун кандай асыл сапаттарын айтып бере аласыз?
- Айылдаштары, кыйналган достору жардам сурап келсе эч нерсесин аячу эмес, жол кире сурап келгендерди кафеге киргизип, курсагын тойгузуп, жол киресин берип жөнөтчү дагы, акчасы калбай калып үйүнө жөө кеткен учурлары көп болгон, жоомарт, ак көңүл адам эле. " Министирдин кызынын махабатын" жазганда эң биринчи окурманы биз болгонбуз, пикирлерибизди айтып салымыбызды кошконбуз.
- Гезит сатып иштегениңизге канча жыл болду?
- 1998 - жылдан бери иштейм.
- Сиз да жубайыңыз менен бул жерде бирге иштейсизби?
- Келинчегим азыр кичинекей кызыбызды карап үйдө, негизи үч уул, эки кыздын атасымын, биринчи аялым каза болуп калган, бир кызым башка жакта калган. Адам башына ар кандай тагдыр туш келет тура…
- Өтүмдүү гезиттердин сыры эмнеде?
- Ызычуу чыгарган гезиттер эле өтүмдүү. Мен, Россия менен да байланышып бир топ жерлерине гезит салып турам, "саясаттан, талаш - тартыш чуулдактан, ушактардан жададык, көңүлдү көтөргүдөй, жандүйнөбүз азык алгыдай гезиттерди салчы" деп калышты. Мурда саясый гезиттерден 30-40ты салсам, азыр 7-8ди эле салып калдым.
- Гезит сатып эле үй, машина алгандар бар экен, сиз да ошолордун катарына киресизби?
- Ошентсе болот.
- Демек мээнетиңизди актаган экен?
- Акталды, анча-мынча түйшүккө салган учурлар да бар, көп кардарларыбыз гезитти "подреалга" алышат, ала берип карызы көбөйүп кеткенде жоголуп кетишет. Мен билгенден эки киши карызга батып, кутула албай, муунуп өлүп калышты.
- Өзүңүзгө кайсы гезиттер жагат?
- Мага менин материалдарым, сатираларым чыккан гезиттер гана жагат (тамаша). Жакындан бери "Апта" гезитине материалдарым чыга баштады, чыгармачылыгымда тыныгуу болуп калды эле, эми гезиттер менен кайра иштеше баштадым. Негизи сатира, юмор жазам, анча - мынча жаңылыктарды да берип жатам. Убакыт болсо ар тармактуу иштегим келет. Мисалы бир редакцияга баш - отум менен кирип иштесем үй бүлөмдү толук каржылаганга жетпейт да, болбосо чыгармачылык менен иштегенге не жетсин.
- Башкалардан айырмаланып китептерди да сатат экенсиз, окурмандар кандай темаларга кызыгышат?
- Чындыгын айтканда жеңил темаларга кызыккандар көп, өтө көркөмдөлгөндөрдү жактырышпайт, баягыдай көпөлөктүн учканы, суунун шаркыраганы көпчүлүк окурмандарга кереги жок. Азыр башынан өткөн окуяны болгондой жазган чыгармаларга талап күчтүү болууда, окуя кууп окуганды жактырышат.

Нурлан Итибаев:
- "Мегаполис" гезитин сатып иштеп жүрүп, сатуучулукту өздөштүрүп алдым. Бул жерде иштегениме эки жылдан ашты, мага жагат. Мында иштегендер ушул жумуш менен эле үй бүлөсүн багып, там, машина алышкан, мен дагы ошондой тилек менен жүрөм. Үй бүлөмдө жалгыз баламын, азырынча бойдокмун, кыздарга реклама кылып койсоңуз да болот…
Маектешкен
Мундуз Асаналиева