КЕЧЭЭ, БҮГҮН...

- Жаңы дайындалган кадрлардан жакшы үмүт күтөсүзбү?
Ошентип өткөн жуманын акыркы күндөрүндө кызмат орундарынан бошотулган бир канча жетекчилердин орундарына жаңы дайындоолор болду. Алардын башкы сабында мурда оппозициянын алдыңкы сабында жүргөн Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер болуп дайындалды. Ал эми экс-вице-премьер Искендербек Айдаралиев айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп бекиди. Ошону менен катар президенттик администрация башчысынын орун басарлыгына Каныбек Жороев, президенттик администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчылыгына Марс Саккараев, президенттик администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчилигине Лада Орозбаева, өкмөттүн аппарат башчылыгына болсо Нурлан Айтмурзаев, тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басарына Руслан Казакбаев, тышкы иштер министринин орун басарына Бактыгүл Каламбекова, Чүй облусунун губернатору болуп Сокулуктун мурдагы акими Болоткан Кумаров, Сокулук районунун акими болуп Болот Мамышев, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп Айбек Осмоналиев, Сузак районунун акими болуп Тажимамат Шаболотов, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Мелис Мырзакматов дайындалды. Ал эми билим, илим министрлигинин орду азырынча бош турат. Бирок, өкмөт башы Игорь Чудиновдун жарыя кылганына караганда президенттин Указы менен билим, илим министринин эки орун басары бекиди. Алар Кубаев Борис жана Үмүтхан Тыналиева. Мындай кадр алмаштыруулардын кандай максаттары жана келечеги бар, азырынча табышмак. Айрым пикирлерге караганда кээ бири жөн эле орун алмашуу болду дешет. Айрым саясатчылардан ушул багытта сурамжылоо жүргүздүк.


Иса Өмүркулов, ЖКнын СДП фракциясынын депутаты:
-Жаш кадрлар келип жатат, аларга көңүл буруп жатабыз дегенге кичине тиешелүү саясат болсо жакшы болот эле да. Анан аппараттан кеткен тажрыйба алып калган жаш балдардын ордуна тажрыйбасы жок кадрлар келди. Мисалы, администрациянын бөлүм башчылары. Кадр топтош үчүн мамлекетте көп акча жумшалат, аларды даярдап алып анан кайра жумуштан четтетип койгону туура эмес. Андан тышкары жаш кадрлар келип жатат дейт да улгайган кадрларды алып келип койду. Билим берүү министринин эки орун басарынын экөө тең эки базардан өткөн кадрлар. Өзгөчө Кубаев, ал пенсияга чыгып эс ала турган эле кадр болчу. Анын ишмердүүлүгүнө, адамгерчилигине шек келтиргим келбейт, бирок ошондой кадрлардын агартуу тармагына келиши бийликтин сөзү менен жасаган иши эки башка болуп жатканын билдирет. Экинчиден, жөн эле орун алмаштыруу болду. Акимден губернатор, вице-премьерликтен министр болду. Ушундан бир нерсе өзгөрүп кетеби? Эч нерсе өзгөрбөйт. Жаш кадрлар деп айткандан кийин жаңы көз караштагы базар экономика шартында ошолорду жакшы билген, жакшы уюштургуч, такшалган жаш адистер келсе жакшы болмок. Тилекке каршы андай болгон жок. Жакшы үмүттөрдү күткөнбүз, бирок ал аткарылган жок. Ал эми Өмүрбек Бабанов боюнча айта турган болсок, ал буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Бизнес менен мамлекеттик жумуштардын чоң айырмасы бар. Эми жаңы келип жатат, ишинин жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.

Исхак Масалиев, ЖКнын Коммунисттер фракциясынын депутаты:
- Бизге жакшы кадрлар келип жатат, баардыгы жаштар экен. Өмүрбек Бабанов вице-премьер болду, эртең эле жыргап кетебиз дегенден алысмын. Бирок, кандай болсо да биз жаңылыкты күтүп жатпайбызбы. Кадрларды алмаштырышыбыз керек, жаңы жаш кадрлар келиш керек деп сайрап келебиз. Мисалы, Өмүрбек Токтогулович чоң ишмер. Кемчилиги да бар, жетишкендиги да бар. Кечээ оппозиция болгон, бүгүн өкмөт тарапта болуп турат. Өйдө-төмөндү көргөн, байлыкты да көргөн. Мындан эки-үч жыл мурун Бакиев кетсин деп бийликти сындап турган, бүгүн өкмөт менен биргелешип иштейбиз деген кадамдары жакшы жагына аракет деп эле айтсак болот. Кандай иш алып барат, аны убакыт көрсөтөт. Алдын ала сындап тигиндей-мындай деп айта албайм. Ар бир адамдын кемчилиги, жетишкендиги бар. Өмүрбек Токтогуловичти профессионал жетекчи деп айта албайм. Балким бул иш менен өзүнүн ачылбай жаткан ишмерлик талантын, жөндөмдүүлүгүн көрсөтөр. Мүмкүн кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар да болушу ыктымал. Мен дайым айтып келем, жеке кызыкчылык менен мамлекеттик кызыкчылыкты аралаштырбасак жакшы болот эле. Кандай болсо да бул президенттин укугу. Эгерде парламентте беките турган болсо, дайындоолорду өзүбүз бекитип, алардын эртеңки аракеттерин жалпы мойнубузга алмакпыз. Жакшы иштеп кетет деген үмүттөр бар.

Тайырбек Сарпашев, экс-депутат:
-Бул кадр алмаштыруулардын түп максатын президент менен Данияр Үсөнов билбесе, башка эч ким билбейт. Жеке баамымда кийинки шайлоолорго даярдыкпы же жазда боло турган оппозициянын кадамдарына карата жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерби, айтор айтыш кыйын. Кандай боло турган болсо да мунун негизги максаттары аз убакыттын ичинде билинет. Анткени кадрлык алмаштыруулар бүткөндөн кийин бийлик өзүнүн жарлыгы менен кийинки келечекти аныктайт. Өмүрбек Бабанов, Данияр Үсөнов, Марат Султановду дайындоолоруна караганда бийликтин дүйнөлүк кризис капсалаңына болгон даярдыктын бир бөлүгү. Анткени үчөө тең профессионал экономисттер. Мына ушул экономисттер менен кризис капсалаңына каршы чепти бекемдеп жатат окшойт. Айтып жатпаймынбы аз күндө баары ачыкка чыгат. Президент өзүнүн жарлыгын айтып, кандай багытты көздөгөнүн жарыялайт, мына ошондо билинет. Ага чейин чыдап күтө туралы. Менимче эң башкы максаттар эле кризистин алдын алуу болуш керек.

Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
-Мамлекеттин башчысында эң негизги алдыга койгон чоң максаттар болуш керек. Максатка жараша кадрларды туура тандоо зарыл. Мамлекеттин максаты жок болгондон кийин, кадр маселеси пайдасы жок эле нерсе. Ошондуктан кадрларды алмаштыргандан эч бир натыйжа чыкпайт. Бул кадрларды алмаштыруу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, үй-бүлөнүн, бир топтун кызыкчылыгы эле болуп турат деп айтсам туура болот. Мен айтып коюшум керек, мындай кадр алмаштыруу менен эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Бул деген бийликтин оюну болуп жатышы мүмкүн. Өздөрү жагынан жаңыланымыш болуп, тигил жактан оппозицияны катуу кысымга алып, жаңы шайлоого даярдык көрүп жатышса керек. Анткени, Кыргызстандын абалы күндөн-күнгө кыйындап баратат. 2010-жылга чейин элдин чыдашы да күмөн болуп турат. Ошону билип бийлик алмаштырууларды максатсыз жасап жатат.

Ибрагим Жунусов, ЖКнын "Ак жол" фракциясынын депутаты:
-Биринчиден кадрдык өзгөрүүлөр-бул административдик реформа жүрүп жатат деп бааласак болот. Демократия жок, демократиянын оозун бууп салган деген сөздөрдү айтып жүргөндөрдүн дымагын чыгарбай кое тургандай иш болду да. Бабановдун вице-премьер болуп келишинин өзү демократиянын бар экенинин белгиси. Оппозициянын, болгондо да эң алдында жүргөн адамдарга чоң кызмат берилип жатканы муну тастыктап турат. Экинчиден, жаштардын көбүрөөк кызматка тартылып жатканы мени абдан кубантат. Карап көрсөңөр Бабанов, Мырзакматов, Сарыбаевге окшогон жаш кадрлар экен. Жаштар деген жаңы багыттагы, дем-күчү бар адамдар да. Машинаны алдыга жылдыра турган мотор болсо, жаштар да бүгүнкү бийликтин мотору боло алат. Менин пикиримде Президентибиздин алдыга койгон кадамдары жакшы болуп жатат.