Америкада

Экономикалык кризиске кимдер жооптуу?
The Guardian Британ газетасынын баяндамачылары дүйнөлүк финансылык кризиске жооптуулардын тизмесин түзүшкөн. Аларга 25 саясатчы менен экономисттер кирет. Тизмеде алдыңкы орундарды АКШнын федералдык резерв системасынын мурунку жетекчиси Алан Гринстен жана АКШнын экс-президенттери - Билл Клинтон менен Жордж Буш (кичүүсү) ээлеген. Макаланын автору Джулия Финч, азыркы кризис бул жаратылыштын көрүнүшү эмес, ал адамдын колу менен жасалган катастрофа, буга баарыбыз күнөөлүүбүз деп жазган. Авторлордун ою боюнча саясатчылардын арасында кризиске күнөөлүү деп АКШнын мурунку администрациясынын жетекчиси Билл Клинтон аталган. Себеби, анын президенттигинин тушунда коомдун жакыр катмары турак-жай сатып алыш үчүн банктардан ссудаларды алууга уруксат алышкан. Ал эми Жордж Буш бул процессти токтотуунун ордуна кайра анын масштабын кеңейткен.
Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун финансисттердин кызыкчылыгын, экономиканын башка бөлүгүнүн өкүлдөрү болгон өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгынан жогору койгон.




  Азияда

Асман алдындагы өлкө Ай календары боюнча жаңы жылды тосушту
Жаңы жылдык майрамда Кытайдын темир жолу 2 млрд дан ашык жүргүнчүлөрдү ташыган. Кытайдын шаарларында жана Пекиндин көчөлөрүндө асманга ракеталар атылып, кооз жардыргычтар жаркырап күйүп, асманды түркүн түскө боегон. Кытайдагы эл абдан урматтаган жаңы жыл майрамы Ай календары боюнча же "Жаз майрамы" 26-январга караган түнү ар бир үйдө майрамдалат.


  Орто Азияда

Россиянын президенти Д.Медведевдин Өзбекстанга сапары
Д.Медведев Өзбекстанга келер алдында Ислам Каримовдун ахыбалы начар, тегерегинде кытай дарыгерлери тегеректеп жүрүшөт деген сөздөр тараган. Бирок бул - Чыгыш өлкөсү. Демек, ал жакта дайым Чыгыш сырлары катылып жатат. Ошондой эле Өзбекстандын президентинин тегерегиндеги мындай ушак-айыңдарды ким таратканы белгисиз. Мындай ушак-айыңдан өткөн жылдын мартында коңшу Кыргызстан дагы куру калган эмес. Анда президент К.Бакиев жашыруун Германиядан ден-соолугун чыңдап жатса, кээ бир адамдар президенттин жылуу ордуна даярданып калышкан. Ошондой эле ушак-айыңдан Казакстан президенти дагы куру калбады. Канча жолу Н.Назарбаевдин айыккыс дарты жөнүндө сөздөр айтылды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Казакстан президенти өзүн көралбастарды баскан-турганы менен таңгалдырып, 2010-жылы ОБСЕнин ардактуу төрагалыгын аткаруу ролуна даярданууда.
Самаркандда, өзүнүн тууган жеринде Ислам Каримов Россиянын президентин тосуп алды. Самарканддын кооз архитектурасына суктанган Россиянын президенти андан кийин Ташкент шаарына бет алды. Бул расмий иш сапардын негизгиси болуп, Өзбекстан газын Россияга гана сата турган болду. Каримов Медведевден суу маселеси боюнча жардам берүүсүн өтүндү. Россия президенти Д.Медведев бул маселе дароо эле чечилбесин билдирген менен Өзбекстандын Россия үчүн газ жагынан колдоосуна орустар тараптан да жакшы жооп болоору белгилүү болду.




  Кыргызстанда

Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев эскертүү алды
Башкы прокуратура "ЭрК" партиясынын лидери, "Мусулмандар биримдиги" коомдук уюмдун теңтөрагасы Турсунбай Бакир уулун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоону эскертти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу менен "Жоомарт" патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев экөө биргелешип уюштурган "Мусулмандар биримдиги" коомдук кыймылы өлкө калкынын көпчүлүгүн түзгөн мусулман дининдегилерге багытталган. Алар жолугушууларды намаз бүткөндөн кийин мечиттерде жүргүзүшкөн. "ЭрК" саясий партиясы түзгөн "Мусулмандар биримдиги" кыймылы диний көз караштагы өзүнчө топтордун башын кошоору белгиленип, алар менен саясий ишмердүүлүк жүргүзүү Конституциянын нормаларына карама-каршы келет, деген прокуратура.

Нарын облусуна өткөн жыл үчүн 7 миллион сом төлөнө элек
Нарын облусунун губернаторунун маалымат катчысы Айнура Темированын берген маалыматына караганда өткөн жыл үчүн облустук драма театрдын, облустук китепкананын, Нарын бажысынын, Ат-Башы районундагы кесипчилик окуу жайынын жана башка бюджеттик уюмдардын кызматкерлери 7 миллион 160 миң сом эмгек акыларын алыша элек. "Эмгек кодексинин 157-беренесине ылайык, кечиктирилген эмгек акынын үстөгү 800 миң сомдон ашып кетти. Бул сумманы каржы министрлиги төлөп берүүгө тийиш",-дейт Айнура Темирова. Ал эми каржы министринин орун басары Саидбек Зулпиев 23-январда өткөн жыл үчүн бюджеттик эмгек акылар боюнча карыз жок деп билдирген.

Эркин Бөлөкбаевге каршы сот иши башталат
Оппозициялык маанайдагы "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге президенттин сүрөтүн карикатура катарында тарткансың деген күнөө Башкы прокуратура тарабынан коюлууда. Бөлөкбаевдин иши Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралат. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Саясий куугунтуктан коргоо комитети бул соттук иште Бөлөкбаевди коргоочу катары чыгат.




  Үч күндөгү үч инсан

Медет Садыркулов
Жума күнү Медет мырза президенттин кабыл алуусунда жарым саатка жетпеген убакыт болду. Президент ага чейин ТИМдин башчысын, эки орунбасарын кызматтан кетирген. Аны тышкы иштер министри бол десе аткез бериптир. Азыр болсо ТИМдин башына Кадырбек Сарыбаев келди. Кыязы, таарынычы Садыркуловго салыштырмалуу ар кандай реформа жүргүзгөнгө, чудо жасап жибергенге аракеттенген эки дос Мадумаров менен Үсөновго каршылыгы күч. Медет Чоканович жакында Астананын мэри болуп калышы да ажеп эмес дешет. Көрө жатарбыз.

Уулун эле "ушалай" бересиңерби
Генерал-лейтенант Исмаил Исаков нааразы болду. Баласы Руслан Исаковго иш козгоп коюшуптур. Генерал уулуна 2005-жылы эки бөлмө квартираны бекер берүү боюнча жасалма документ жасаган экен. Генералдын өзүнө да "ишенип берген өкмөт дүнүйөсүн өзүнө сиңирип алган (УК 171, 3-бөлүк), кызмат бийлигинен пайдаланган (УК 304, 4-бөлүк) "Генерал мындан сырткары дагы эки нерсеге жооп бериши керек - Балыкчыдагы аскер техникасын кимге саткансың?.. аскер бюджетин каалагандай чачкансың? Исаковдун баласы азыр АКШда. Атасы бюджет эсебинен жиберген. Азыр баш-аягы жок саясаттан чыгып алган алайлыктын баласын сузактыктар камайбыз десе, Руслан жигитибиз АКШдан саясый башкалкалоо сурайм деп жатат.

Искендербек Айдаралиев айдоо аянттарын айдатабы?
Бир кезде Талас, Жалал-Абад облустарынын губернатору болуп келген И.Айдаралиев өкмөткө келгени биринчи вице-премьер министрлик кызматты кылдаттык менен аткарып, ак ниет иштеп берди. Электр энергиясынын эбин таап жаткандарды эби менен кагып-силкип, чоң-кичине жыйындарды өткөрдү. Негизи өз ишине тың Искендербек Айдаралиевдин айыл, суу, чарба жана кайра иштетүү министри болуп кетиши мезгил талабы. Анткени, башынан айыл чарбасын чемичкедей чаккан Искендербектин бул кызматка барышы, очорулган айыл-чарбасын ордуна келтирет деген тилекти жаратат. Болгону жогорку кызматтан ылдыйлап калышы эле болбосо. Негизи чоң "замдан" көрө кичине "сам" болгону жакшы го…

"Аалам-пресс"