Сүйүнчү!

Үч эм балдар үчүн
Бишкекке бири алыскы Алайдан, экинчиси Балыкчыдан келип баш кошуп, түтүн булатып калышкан Эрнис Исаков менен Арсар Бекированын үйүнө кут конуп, тун балдары- үч эм төрөлгөн. Элдар, Жасмин жана Жазэл азыр эки жашка чыгышты. Жашаялмет үй- бүлө тиричилик жагынан кыйналып келишкен. Жакында алардын үйүндө дагы бир кубанычтуу окуя болду. Үч эм балдарга өлкөнүн президенти тарабынан эки бөлмөлүү квартира берилди. Жал кичирайону жактагы эки бөлмөлүү квартирага жакында алар көчүп киргени турушат.
- Үч эм балдарды бизге кудай берди. Мен өзүм да үйдүн зарыгып күткөн уулумун, келинчегим да жети айлык төрөлгөн кыз экен. Кудай берген балдарыбыз чоңоюп чуркап калышты. Бардык кыйынчылыктарыбыз унутулду. Бир гана- турак жай жагынан кыйналып жүргөнбүз. Эми ал да чечилди. Мени моралдык жактан колдоп келгендерге жана маселени чечип берген мамлекет жана шаар жетекчилерине ыраазыбыз,- деди Эрнис Исаков.
Үч эм төрөлгөндө Эрнис менен Арсардын кубанычын кошо бөлүшүп, чуулдатып гезиттер байма- бай жазып келишкен. Өзгөчө "вечеркадагылар" бул маселенин артынан түшүп, мэриянын кулагынын кужурун алышкан болучу. Эми алар тууралуу буга чейин жазып келген журналисттердин баары кубанычын бөлүшүп турабыз.
Айгүл Бакеева


Кумтөр Ысык- Көл областына 700 миң сом которду
Кечээ, 21- январда Кыргыз Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча Кумтөр Голд Компани Ысык - Көл областынын социалдык өнүгүшү үчүн 700 миң сом которгондугун компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул каражат өкмөттүн, "Кыргызалтын", "Центерра Голд Инк" жана "Кумтөр Голд Компанинин" ортосундагы төрт тараптуу 2006- жылдын 7- декабрында түзүлгөн келишимге ылайык, Жети - Өгүз районунун калкы үчүн берилмек. Ал келишим 1998- жылдагы Барскоон трагедиясынан кийинки комиссиянын ишинен кийин түзүлгөн. Ошентип, "Кумтөр Голд Компани" 2006- жылы кол коюлган документтеги милдеттенмелеринин баарын иш жүзүндө аткарды. Жети- Өгүз районунун эли үчүн баары болуп 4,4 млн доллар төлөнүп берилди .
"Аалам- пресс"


Ишкерлик үчүн патенттин салык баасы
Ушул жылдын 1- январынан тартып ишкерликтин ыктыярдуу патент үчүн салыктын баасы өзгөрдү.

Айына 150 сом -тачка түрткөндөр;
500 сом - атайын ылайыкталган жерде жана көчөдө гезит, сүт, бөтөлкө саткандар,
1000 сом - балмуздак саткандар, токардык буюмдарды, айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн саткандар аквариум балыктарын, куш жана алардын жемдерин, малдын жемин саткандар, бут кийим ремонттогондор, тиричилик техникасын, сааттарды ремонттогондор, такси болуп, эл ташыгандар, сүрөт тарткандар;
2000 сом - жер иштетип, түшүм жыйноо кызматын көрсөткөндөр, касапчылык кызматын көрсөткөндөр, машина, эшик, терезе оңдогондор, кездеме саткандар, самын, парфюмерия- косметитика, галантерея, бижутерия, оюнчук, сувенир, аудио- видеокассета, гүл, тамеки, бал, балык, картина саткандар, суусундуктарды жана улуттук суусундуктарды, микроавтобус менен эл ташыгандар 2000- 4000 сом; товар сырттагандар, таштанды төккөндөр, парикмахерлер, маникюр жасагандар, бычак, балта курчуткандар;
3000 сом- машина ремонттогондор (3000- 10000 сом;) айыл чарба сырьесун, мал саткандар, текстиль сырьелорун, полуфабрикат саткандар, радио,телеаппаратураларды, запастык бөлүктөрүн, канцеляриялык жана тиричилик товарларын саткандар, микроавтобус менен эл ташыгандар ( 3000- 4000);
4000сом - баш кийим тиккендер, токардык буюм жасагандар, машина жуугандар, машинанын запастык бөлүктөрүн саткандар, 33 кишиден ашык эл баткан микроавтобустар, 1-8 тонна жүк ташыгандар, үйүн жатакана үчүн бергендер (бир орун үчүн) , республиканын аймагындагы аттракциондорго;
5000 сом -курулуш жумуштары, электромонтаж жумуштары, килем сатуу, дарылоо массажы;
6000 сом- санитардык- техникалык иштер, цемент, шиферден башка курулуш материалын саткандар, транспортто 8 тоннадан ашык жүк тарткандар, буюм сактагандар;
10000 сом - нан саткандар, транспорттун кузовун оңдогондор, машина сырдагандар;
15 000 сом - дизайнер- жасалгалоочулар;
25 000 сом - сууда жүрүүчү лыжа, мотоцикл, парашют, катамаран, ат прокатка бергендер (бир даанасы үчүн);
50 000 миң сом- курорт жергесиндеги аттракциондор үчүн.




  Америкада

Американын фондулук биржалары Обама такка олтурган күнү "кычкыл" белек даярдашты
Өткөн шейшембиде, АКШнын 44- президентинин инаугурация күнү америкалык фондулук биржаларда баа рекорддук түрдө төмөндөп кетти. Мындай окуя Американын президентинин такка олтуруу аземинин 112 жылдык тарыхында болгон эместигин эксперттер белгилеп жатышат. 20-январда, шейшемби күнү S & P 500 Financials индексине кирген акциялардын котировкасы болуп көрбөгөндөй төмөн түштү. Анын көрсөткүчү 1995-жылдын март айындагы минималдык көрсөткүчтөн да ылдый болду. Нью-Йорк университетинин экономика профессору Нурэл Рубанинин божомолдоруна караганда финансылык институттардын кризисиндеги жоготуу 3.6 триллион долларга жетиши ыктымал.
State Street банкынын баалуу кагаздары 59 % га төмөндөдү. Банктын акцияларына эч ким жакын жолобой калды. Баалуу кагаздардын баасынын мынчалык төмөндөшү 1984-жылдан берки максималдуу көрсөткүч болду.
Аналитиктер бул Обаманын инаугурациясына карата эң "кычкыл" белек болуп калганын белгилеп жатышат.
Менеджерлер АКШнын жаңы президентинин такка олтуруу аземин көрүп жатышканда, соода роботтору биржада толук ээлик кылышты, бул күнү банктар капиталынын 20% ын жоготуп алышты.
Эгер Обама такка олтураар күнү ушундай "белек" даярдашса, анда жаңы президентти мындан ары кандай мамиле күтөт болду экен?




  Азияда

ХАМАС менен Израиль согушууну токтотушту
Израилдин бийлиги Газа секторунун аймагында согушту токтотуп, аскерлерин алып чыгууну расмий билдиришкен. Бирок Израиль каалаган учурда согуш аракеттерин жүргүзөөрүн эскерткен эле. Буга жооп иретинде ХАМАС жетекчилиги Израиль аскерлерин толугу менен алып чыгып кетмейин согуш аракеттерин уланта беришээрин кабарлашкан. Арадан көп өтпөй бул кыймылдын саясый бюросунун башчысынын орунбасары Мусса Абу Марзук теледен согуш аракеттерин токтотушаарын билдирди..
Ошол эле күнү Израилдин түштүгүнөн Газа аймагына азык-түлүк жана медикаменттер салынган автомашиналар өткөзүлдү.
Жакынкы Чыгышта болгон 22 күндүк согуш аракеттеринен улам бир миң үч жүз адам набыт болгон. Бүткүл дүйнө боюнча Газа секторундагы кан төгүүнү токтотуу жөнүндө массалык акциялар болуп өттү.




  Европада

Литвада каршылыктын жаңы массалык акциялары болушу ыктымал
Өкмөттүн кризиске каршы алынган иш чараларына байланыштуу Вильнюста массалык акциялар жүрүп жатат. Ага 7 миң адам катышкан. Алгач тынч башталган акциянын аягы полиция күч колдонгон жаңжалга айланып, жыйынтыгында 30дан ашуун адам жаракат алган. Көбүнүн көзү көздөн жаш чыгаруучу газдан улам көрбөй калды.
Мындай окуяга кыжырданган Литванын Чакан жана орто бизнес ассоциациясы 20 миңден кем эмес адамдардын катышуусунда жалпы улуттук иш чараларды Вильнюстун Кафедралдык аянтында өткөзүүнү пландаштырып жатышат.
Ал эми Борбордун өзүн өзү башкаруу органы митинг өткөрүүгө башка жер издеп, сүйлөшүү үчүн тегерек стол уюштурууга кам көрүп жатса, Каунас шаарындагылар бейшембиде митинг өткөрүүгө уруксаат кагазын берип коюшкан.
"Фронт" солчулдардын радикалдуу партиясынын жетекчиси Альгирдас Палецкис премьер жети күндүн ичинде отставкага кетпесе каршылыктын массалык акцияларынын бүтүндөй серияларын тартуулайбыз деген кыязда өкмөттү коркутууда.

"Аалам- пресс"