КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ...

Турсунбай Бакир уулу:
"Кыргызстанда демократиянын күнү бүттү"
- Турсунбай мырза, өткөн жылдын декабрь айында пландаштырылган нааразылык акцияңыздар болбой калды. Себеби эмнеде?
- Маселенин ток этээр жерин айтканда, бийликтин каалоосу азыр бизде баарынан жогору туруп калды. Максат - кандай жол менен болбосун, элди баш көтөртпөй басып туруу, элди өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу! Жергиликтүү бийликтерден тартып, Консотко чейинки мамлекеттик органдар биздин нааразылык акциябызга тоскоолдук кылышты. "Силердин алдын-ала жиберген билдирүүңөрдү жоготуп жибердик (Кызыл-Кыя, Нарын шаарлары)" дегенге чейин шылтоолор айтылды. Элдин конституциялык укугун коргойт деген Консот да буга өзүнүн "салымын" кошту, биздин талапты уккан жок. Ошондуктан азыркы бийликтин жарандык жана саясый адам укуктары, КРнын Конституциясы эларалык укук нормативдер ж.б. жөнүндөгү айтып келаткандары карандай калп экенин убакыт көрсөттү. Өзү санкция берилбеген митинг, демонстрациялардын аркасы менен орногон Бакиевдин бийлиги бүгүн элдин конституциялык укугун кадыресе таптап жатат. Мындан ары өлкөдө бийликке жаккан, анын эркин таңуулаган митинг, демонстрациялар гана өтөт десек түк жаңылышпайбыз.
Консот биздин талапты четке кагып, уттук деп атса терең жаңылышат. "ЭрК" партиясы утулган жок, Кыргызстандагы демократия утулду, эркиндикке умтулган кыргыз эли утулду!
- Сизди кармап кеткен Биринчи Май ИИБи бүтүндөй республикага уят болду окшойт?
- Гаазадагы окуяларга дүйнө коомчулугу түп көтөрүлө нааразылык көрсөтүп атканда, биздин бийлик ушу жерден өз жүзүн да бир жолу көрсөттү. Биринчи Май ИИБинин замначальниги, подполковник Т.Шатманов баш болгон милициянын, УККнын кызматкерлери "жогору жактан" түшкөн көрсөтмөгө шылтоолоп, жөөттөрдүн желегин өрттөтпөй, Н.Мотуев экөөбүздү кармап кетишти.
- Сизди подполковник мырза менен чарпыша кетти дешет го?
- Подполковник Т.Шатмановдун мени эле эмес, дегеле бирөөнү түрткөнгө акысы жок. Экинчиден, мен эркекмин, бирөөнүн жөндөн жөн түрткөнүнө жол бербейм. Мен да түртүп жибердим. Ушул үчүн гана төлөгөн 500 сом айып акчага менин ичим күйгөн жок, өкүнгөнүм милициянын подполковниги бирөөлөргө кол көтөрсө болот экен да, ага эч ким кол тийгизбеши керек экен.
- Т.Шатмановдун сизге карата өзүнүн эски кеги бар деген кепти чечмелей кетсеңиз?
- Экс-президенттин мага окшогон оппоненттеринин айынан анын бир тууган жээни Ильяс Бекболотовдун (А.Акаевдин басма сөз катчысы) жеке карьерасы ойрон болгон имиш. Ошондон улам Т.Шатмановдун мени көрөйүн дегенге көзү жок окшобойбу… Бирок жекече мамилени кызматтык милдетке аралаштырып болобу, аны ИИМдин башчысы М.Конгантиев мырзадан сураш керек.
- Желекти кайтарып бериштиби?
- Биринчи Май райсотунун судьясы А.Молдобаев милициянын кыймыл аракетин мыйзамсыз деп таап, калыс чечимин чыгарды. Менин 820 сомго сатып алган жеке менчигимди подполковник Т.Шатмановдун тартып алганга эч кандай акысы жок экенин белгиледи. Биз Израилдин мамлекеттик желегин баары бир өрттөйбүз!
- Сизди муфтийдин ордун чамалап калыптыр деп да жазып жиберишти?
- Мен дин кызматчысы эмесмин, саясатчымын. Муфтийдин ордуна эч качан кызыккан эмесмин, мындай оюм түк жок. Ошондуктан муфтий таксыр чочулабай эле койсо болот.
- Сиздин мындан аркы иш-аракетиңиз кандай болот?
- Буга чейин "ЭрК" партиясы конструктивдүү оппозицияда болуп келди, биздин оюбуз - бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болобуз го дедик эле, бирок бийликте мындай ой жок экенине көзүбүз жетти. Ошондуктан мен жакында партиянын кеңешмесине мындан ары радикал оппозицияга өтүү маселесин сунуштайм.
- Мусулмандар Союзу да ушу жолго түшөбү?
- Жок, менин алла таала, мусулмандар алдында убада бергенмин - динди саясатка аралаштырбайм, ошондуктан өз ордума башка бирөөнү шайлагыла деген сунушту айтам.
- Азыркы Акыйкатчынын иши жөнүндө эмне айткыңыз келет?
- Т.Акундун "крышасы" МЧС кетти. ЖК депутаттары анын ишине эми калыс баа бере алышат деп ойлойм.
- Администрация башчылыгына Д.Үсөновдун келгенине кандай ойдосуз?
- Орус туугандардын "Россию умом не понять" деген кеби менен айтканда, Кыргызстан президентинин бүгүнкү кадрлык саясатын акыл-эс менен аңдап, түшүнүүгө болбой калды.

Бахтияр Шаматов




"Эшимканов кызматынан түшсө качып кетет"
УТРКнын кызматкерлеринин жоон тобу башкы директор М.Эшимкановдун кызматтан кетишин кайрадан талап кылып, эки айдан бери нааразылык акцияларын уюштуруп келатат. Бул бүтпөгөн чуунун себептери тууралуу нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири Бейшенбек Бекешовго кайрылдык.

- Сиздердин айыптоолор негизсиз болгондой көрүнүшү мүмкүн...
- Макул, чечмелеп деле берейин. КТР бир бутун бюджет (жылына 100 миллион сом), экинчи бутун өз кирешеси (2007-жылы 80 миллион сом) бастырган эки буттуу жандык сыяктуу. Бирок ошол жандык өз кара жанын эле көтөрүп жүрөт деп элестетпеш керек. Ал жонуна өзүндөй болгон дагы эки жандыкты кошо көтөрүп жүрөт деп элестетиш керек. Себеби бюджеттин 100 миллион сому 6 гана сааттык эфир убактысын камсыз кылуу үчүн ченелип бөлүнгөн. КТР болсо күнүнө 18-19 саат эфир жасайт. Бюджет бери дегенде үч эсе көбөйүш керек эле. Бирок ал эзели көбөйгөн эмес. Былтыр Президенттин 1 көчмө телестанция, 4 автомашина бергенин кошпосок, өкмөт техникалык каражаттарды сатып алмак турсун, аларды оңдоп, тейлеп туруу үчүн да эзели каражат бөлгөн эмес. Ошондой шартта КТРдин өзү иштеп тапкан кирешеси жанагы жандыктын аксаңдап болсо да басып жүрүшүн камсыз кылган. Эшимканов келгени анын аксак буту кулгуна болуп иштебей калды. Себеби, кирешенин тең жарымын берген РТР каналы М.Садыркуловдун кысымы жана А.Атамбаевдин чечими менен КТРдин колунан чыгып, Кыргызтелекомго өткөрүлгөн. Эшимканов муну КТРдин банкрот болушунун туз көзүрү катары көрүнгөн жерге чаап, чоңдордун кулагына кесме илип жүрөт. РТР колдон чыкса КТР андан дегеле кем эмес ОРТ каналынын рекламасын сатуу укугуна ээ болгонун, ал каналдын кирешеси эмне үчүн эшектин токумун сатып алууга жетпей жатканын Эшимканов эч жерде айтпайт. Андан сырткары, КТРде элдин баарына белгилүү "Бүгүнкү Кытай" деген көрсөтүү чыгаар эле. Ал үчүн жылына 220 миң доллар акча түшчү. Эшимкановдун көзүнө Кытай тоют бербей саап алар уй көрүндүбү, бул акчаны үч эсе көтөрбөсөңөр чыкпайт деп, көрсөтүүнү жаап салды. Ал көрсөтүүнү жасап аткан кытайлык 35 кыргыз ишсиз калды. Ошончо кыргыз ошол жердеги миллиондогон уйгур, казак менен теңтайлашып эне тилинде телекөрсөтүү жасап турушу үчүн эле ал көрсөтүүнү ит бекерге десе да эфирге чыгарып турсак болот эле го. Себеби, аны кытайлык кыргыздар да эфирден көрүп, биздин да телекөрсөтүүбүз бар деп төбөсү көккө жетип турчу. Натыйжада эмне болду? Кытайлар биздин "генералиссимус" Эшимкановду эфрейторчо да көрбөйт экен, моюн чулгуп басып кетишти. Бирок Үрүмчү телекөрсөтүүсүн башкарган казак боорлор ортого түшүп, кытай кыргыздары араң ачкан телекөрсөтүүсүнөн биротоло кол жууп калбасын деп, ал көрсөтүүнү ЭлТР каналына которуп беришти. Эми анын акчасы 220 эмес, 230 миң доллар болуп ЭлТРге түшүп жатат. Кыргызга "элдик" Эшимканов эмес, кайдагы бир казак күйдү.
Ал көрсөтүүнүн максаты менен мазмунун дайыма жөнгө салып турчубуз. Акчасын акырындык менен көбөйтөбүз деген үмүт менен эфирдин эң эл аз көргөн жерине - күндүзгү саат 4 менен 5тин ортосуна койчубуз. Акчасын 2008-жылы 50%га көбөйтөбүз деген оозеки келишим бар эле. Көрсөтүүдө биз үчүн жаңылык жана эл күндөлүк турмушу үчүн үйрөнөөр жакшылыктар көп болгондуктан, ыңгайсыз эфир убактысында да жүз миңдеген көрөрмандар көрчү. Ошентип Эшимканов өзүнүн авантюристтик жоопкерсиздиги менен "Бүгүнкү Кытай", "Азаттык" сыяктуу ири киреше булактарынын баарын соолутту. Анысы аз келгенсип, Акаев заманында анын күйөө баласы Адил Тойгонбаев үчүн КООРТ каналында акча жасаган "Айрекчилерди" чогуусу менен УТРКнын реклама-коммерция агенттигине (РКА) алып келип, ортомчу фирмаларды түзүп, кирешенин да, кадимкидей иштеп жаткан киреше системасынын да кутун учурду. Кирешени көбөйтүүгө эмес, азайтууга багытталган тартип орнотулду. Мунун артында эмне жатканы кашкайып эле көрүнүп турду. РКАдагы шылуундуктарды айтып чыккан кызматкерлердин баарын иштен кууп, алар азыр соттошуп жүргөн кези. Бул эми киреше жагы. Чыгаша жагы эмне болду дебейсиңерби? Бир эле мисал. Эшимкановдун демилгеси жана түздөн түз көзөмөлү менен "Баракелде" аттуу көрсөтүү жасашып, анысы КТРди сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылууга гана жарап, акыры жабылып тынды. Ошонун жасалгасы (декорациясы) үчүн гана 750 миң сом сарпташты. Мындай акча бери дегенде 10 килейген көрсөтүүнүн жасалгасына жетмек. Тагыраак айтканда, жалгыз ошол көрсөтүү жасалып, калган көрсөтүүлөр жасалгасыз калды. "Баракелденин" "алтын" декорациясынын артында эмне бар экени дагы такталаар.
Телерадио кызматкерлери айына, кварталына алып жүргөн премия,сыйлык-жөлөк акчаларынан айрылып, бюджеттин 1,5 - 2 миң сомдук маянасы менен отуруп калышты. Жарым жылдан соң эсине келип, айлык премияны кайра калыбына келтире башташты. Бишкектен сыртка чыгып көрсөтүү жасоо үчүн командировкалык акча тургай, машинага куюп берүүгө майы жок калды. Сөздүн кыскасы, КТР жамандыр-жакшыдыр иштеп жаткан чарбалык структура катары банкрот болду.
Эшимкановдун максаты башка көрүнөт. КТРдин өзөк болоор кадрларынын баарын кууп таратып, сырттан алып келген өз кишилерине жанагы бензинди шимиришкениндей (Эшимкановдун "Көркөм кеңеш" деп түзгөн структурасынын чай ичкенине эле 200 миң сом кетиптир) май чуңкур уюштуруп берүү го сыягы. Мындай ооздуксуз, адеп- ахлактан да коркпогон жетекчи КТРдин тарыхында болгон эмес. Менимче ал кызматтан түшөөрү менен качып кетет.

Жылдыз Асангул кызы