КАЛЕМДЕШИБИЗ КАНЧАДА?

Эгер Зарлыкбеков журналист болбогондо...
Журналисттик кесиптин оорчулугунан чарчап, жаза берип ортон манжасы жедеп жооруганда "журналист болбой эле койсом" болмок экен дептир Жолдошбек. Ким-ким, бирок Жолдошбек журналистикага келбей койсо, анда бул тармак кыйла эле кемип калмак экен.

Кочкордогу орто мектепти 1975- жылы бүткөн Жолдошбекти атасы айыл чарба институтунун зоофагына өт десе болбой, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө өтөм деп тырышат. Ал кезекте журналистика бөлүмүнө өтүү үчүн эки жылдык эмгек стажы керек эле. Ошол стажды толтуруу үчүн ал "Жалын" деп аталган комсомолдук- жаштар бригадасына кирип, кой багып, ар жүз койдон жүз жыйырма бештен козу алып иштейт. Ал учурда Тянь-Шанда "Эдельвейс" деп аталган комсомолдук- жаштар бригадасы дүңгүрөп, кой багуу боюнча баарынын оозун ачырып турган кез эле. "Эдельвейстей" боло алышпай, алар тарап кетишет. Жолдошбек бензин тартат, чоңдордун машинасын айдайт. Аскерге Германияга барып, КРАЗ деген чоң машина айдайт. Анан борбор шаардагы Фрунзе заводуна келип орношуп, андан кийин гана КМУнун журналистика бөлүмүнө өтөт. Журналисттик кесипке келүү үчүн мына ушундай узак жол басыш керек болуптур. Узак жол куру түптөлбөптүр. Жолдошбек университеттин 3- курсунан эле жездеси Алым Токтомушевдин жардамы менен ал кездеги эң популярдуу гезит болгон "Кыргызстан маданиятына" подчитчик болуп орношот. Андан кийин популярдуу гезиттердин дагы бири- "Ленинчил жашта" иштеп такшалып, журналисттердин "алтын плеядасын" толуктады. Шайлообек Дүйшеев бажасы, Алым Токтомушев жездеси, Асанбек Стамовдун күйөө баласы… Көп адамдар менен иштеди, көп адамдар менен теңтуш, жолдош.
Кыргыздын кыйырына Жолдошбек Зарлыкбековдун калемине таандык журналисттик ар кыл жанрдагы эмгектер белгилүү болду. Курч сыны үчүн соттон сотко сүйрөлдү. Зарлыкбековдун калемине таандык стилдик өзгөчөлүк, терең билим, эрудиция, шык- талант аны окуган ар бир окурманга маалым, аны атайы белгилеп айтуунун кереги да жок. Кыргызстанда Зарлыкбековду ким билбесе, демек ал таптакыр гезит окубаган адам болуп чыгат. Эл окубаган Данте, Хуан Ромен Хименес деген чет өлкөлүк акын-жазуучулардан бери билет. Билип гана жөн болбой, жумшак тили менен аны кыргызча сүйлөтүп жиберет.
Жолдошбек Зарлыкбеков сезимдин ичке кылдарын үлбүрөтүп көз алдыңа тарткан акын, котормочу, прозаик.
Жубайы Асия Калкеева маданият кызматкери. "Элге окшобой, пианинодо ойногон кызга үйлөнүп алыпмын байкабай" дейт Жолдошбек. Ошонусу жакшы болуптур. Гезиттен бошобой же ырдын артынан кеткен Жолдошбекти туптуура саат алтыда жумуштан кайтып, эт салып, же палоо басып, "Жди меня" берүүсүн көрүп, түн бир оокумуна чейин кирпик какпай ким күтөөр эле? Же күнүгө ким агын ак, көгүн көк кылып, кийимин кайра- кайра жууй берип, тез жырттырат эле? "Солто- элдин тогу" деп элде айтылгандай, солто элинин кызындай болуп, аз- көп, эрте- кеч алган журналисттин айлыгына ким чыдайт эле? Бир жолу жумушка Асия эшик кагып келип калды. Жолдошбек эскирээк батинке менен чыгып эле, жалтырак "офисный" батинкечен кирди. Баарыбыз таң кала түштүк. Көрсө, Асия таң эртеден базарга барып, туфлийи эскирип баратат деп ошол жалтыраган туфлини алып келип кийгизип кетиптир.
Жолдошбек менен бир жолу беш мүнөт сүйлөшкөн киши да өзүн ага тааныш, сырдаш, муңдаш сезет. Ички дүйнөсү ак, боорукер, ырларындай адамды ностальгияга батырган, кесиптешибиз Жолдошбекке кечээги туулган күнүнө куттук айтабыз. Хименести Жолдошбек минтип кыргызча сүйлөтүп атпайбы:
"Жалгыз гана жалгыздык
түпсүз тунат,
жалгыз ага алыстап
жалгызсырап
келатасың жалгыз бир
толкун сымак
жалгыз деңиз үстүндө
жалгыз кулап…"

Айгүл Бакеева




  Жолдошбектин жолдошторунан:

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев:
- Жолдош жолдоштукка өтө мыкты. Алыкулдун "ким койсо да туура койгон атымды" дегендей, Жолдошту да чоң атасы атын абдан туура койгон. Жашым улуу болсо да жан курбу болуп жанында канча жүрдүм. Ал кезде мен "Асаба" кезитинин редактор орун басары, Жолдошбек - кабарчы. Макалалар менин колумдан өтүп турган учур. Шаар прокурору жөнүндө чоң макала жазып келип калды бир күнү. Прокуратура Панфилов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болчу. Ошол кезде көчөгө жаңыдан асфальт төгүлүп машина ары-бери өтсө эле чачырап, терезелер чааралакей болуп таптала элек кези. Мына ошолор эсиме түшүп көчөбүздүн кебетеси бул, аны шаар прокурор көрбөйт, көрмөк турсун мурундарына бетон тыгылса да акыйкаттыкты сезбейт дегендей түзөтүүлөрдү кошуп жиберип жатпаймынбы. Гезит чыгып кетти. Эртеси эле чакчелей түшүп, шаардын прокурору издетип жатат, эмне балакетти жаздыңар эле деп чаңдап эле жатып калдык. Жолдошбек бир,эки курдай суракка да барып келди. Байкушумдун көздөрү музоодой жайнап бир аз болсо да ындыны өчө түшкөн экен. Ал шаар прокурорунун дайынын сүрүштүрсөм тяньшандык моңолдор болуп чыкты. Укканда эле жым дей түштүм. Буйруса иш оңунан чечилет экен. Байкуш Жокем соттолбойт экен, көрөөр күнү, ичээр суусу бар экен дедим. "Тууган экенбиз байке" деп эртеси курумду мойнума илип алып кирдим. "Соттотом, түрмөнүн түбүндө чиритем силерди, кана мурдумдан бетон таап чыккылачы" десе жанына киши туралбайт. Акыры кутулдук. Мындай күндөрүбүз башыбыздан көп өттү. Бул бир сүртүмү эле. Ошондой учурда бирге болуп эгиз козудай ээрчишип жүргөн жолдошум Жолдошбек элүүгө чыкты десе бир жагынан сүйүнүп, экинчи жагынан карып баратканыбызга кейип турам. Жолдошбек чындыгында мыкты акын, анын ырлары өзүнчө эргүү берет. Кээ бирлер анын ырларынын тереңин түшүнө да албайт, дегеле башка ыргак. Жокемди элүү жашы менен элдин атынан куттуктап койсом да эч кимиси таарынбайт болуш керек.

Кыргыз журналистикасын
Жокемсиз элестетүү кыйын
Жокенин макалаларын талашып окуп, туурап жазып жүрүп журналист жаштардын бүтүндөй бир мууну өсүп жетилди десем аша чаппайм.
Кыргыз журналистикасынын төрөсү, мына ушу инсан бүгүн 50гө чыгыптыр! Кутман куракты кудай кут кылсын! Элүү жаш чоң карылыктын бала чагы деген кеп сыңары, Жокемдин чыгармачылык деми кайрадан жаңыланып, илхамы дайыма ысып тураарына ишеничим кемел.
Урматтуу калем чеберине, сыйлаган кесиптеш агама кааларым дайыма жакшылык, түйшүксүз узак өмүр, чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик!
Бахтияр Шаматов

Курсташы Кабыл Макешов:
- Мен жолдош менен бирге ЖОЖдо окуп, курсташ болуп калдым. Жатаканада да бирге туруп калдык. Андан китепти көп окуган адам аз болуш керек. Китеп дегенде жеген ашын жерге койчу. Барган жеринен эле китеп уурдап келет. Университеттин китепканасынан да китептерди уурдап келет да "китеп уурдаган ууру эмес" деп койчу. Айта берсе анын жоруктары да көп. Бир күнү Өмүралива деген эжебиз "Жолдошбек чык бул жакка, даярданып келдиңби" десе "эже ушул эле жерден жооп берейинчи" деп болбойт же ага эжекебиз көнбөйт. Карасак эле Жолдошбек артын дубалга такап алып эле жылып келатат, анан эжебиз сурап калды "ай сага эмне болгон, эмне дубалга жабышып алгансың" десе кебелбей туруп "эже шымымдын арты айрылып калыптыр" деп коет. Эч нерседен тартынбай тарс эле айтып салмайы бар эле. Гуля деген бир кызды сүйүп калыптыр. Ага барып "мен сени сүйүп калдым, сен үчүн ушул төртүнчү кабаттан колумдагы саатымды чечип ыргытып жиберем" дебеспи, биз "койчу Жоке ыргыта албайсың" десек эле колунан саатты чечип туруп эле ыргытып жиберди. Эл секирип кетем десе сен саатыңды ыргытып жиберип өзүң калып калганың кандай, андай болсо сен Гуляга жете албайсың деп тамашалап аябай күлгөнбүз.

Ээр качкы Жоке
Бир жолу Карбалас экөөбүз андагы "Асаба" гезит редакциясынын артынан өтүп баратсак Эрнис Асек уулу, Кимбайке, Жолдошбек үчөө бир жакка "качканы" даяр турушкан экен. Мүдөөбүз бир чыгып "Асанбайга" зуу койдук. Жай саратан, толукшуган кеч, бак арасы, көк шибер… Агына пивосун, шишкебегин аралаштырып согуп атабыз. Жокең бир сүйлөсө уктатат-ов! Бир убакта "ойгонсок" аңгемечи өзү жок. Шыргыйдай болгон эргулуң күн кечтеп көлөкө боюна теңеле түшкөндө "дыр" коюптур. Көрсө, курсак да, кулак да тоюп, пул төлөөр маал жууктаганда ошондой "ээр качкы" адаты бар экен Жокеңдин…

Дүйшөн Керимов




Калемдеш курдашы Сүйүн Курманова:
- Айылда беш жыл иштеп, шаар көздөн учуп, көксөп жатып "Ленинчил жашка" жумушка келсем пропаганда бөлүмүндө көзү алайган, мойну куркуйган бирөө отуруптур. Баш ийкеп учурашымыш болуп, үстөлдөн баш көтөрбөй отурсам "ушерде иштей турган болдуңбу?" деп сурап койду. Баш ийкеп, кайра кагазга үңүлдүм. Кабинетте орной калган жымжырттыкты бузуп, бир маалда алиги шиш кара "Алмамдын оордугу он килче бар, Ах, ах, ах!" деп эле заңгырап кирди. Ичимден "жинди окшойт" деп эле калдым.
Жумуш бүтөйүн деп калганда мага "жүрү, поюз менен Балыкчыга барып келебиз" дебатпайбы. Андан бетер делдиредим. "Балыкчыда эмне бар?"
"Кечке көлгө түшүп, кайра эртең келип калабыз" . ..
"Кокуй, мындан оолак болбосо болбойт окшойт" деп андан бетер чочуп калдым.
Акындыктын зээри учуруп, бир жагынан жаштыктын деми удургутуп турганын анда кайдан билиптирмин. Жан дүйнөсүн жазган ырлары, макалалары аркылуу таанып, Жолдош менен ошондон бери калемдеш жолдош болгонго кубанып, сыймыктанып келатканыбызга далай жыл болду. Антсе да ошол августтун аптаптуу илеби эми эле суугандай, суурмасынан толгон -токой барактардагы ыр саптарын сапырып отурган Жолдошбек дале редакциядагы ымыртты жарып, ырдап отургандай ойлоп жүрсөң "элүүнүн кырына чыгып калыптыр" десе кызык болот экенсиң, ишенээр ишенбесиңди билбей. Эмнеси болсо да эр ортону кут болсун, Жоке, ошол кырдан туруп, "Курорт сымал көрүнгөн Кочкоруңдун"эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын түйшүгүн тартып,түндүгүн көтөрүп арабызда аман жүрө бер.