ИНСАНИЯТ

Чыңгызхан
(Башы өткөн сандарда)

Андан мурда байма-бай машыгып, согуштук даярдыкта турган Чынгызхандын жоокерлери чаңды асманга сапырылта чурчжендердин түштүк шаарын көздөй жыла башташты. Ошол кезде чурчжендер дагы "биздин армия кылкылдаган деңиз, ал эми силер ошол деңиз түбүндөгү басылган кумсуңар, биз силерден корколубу",-деген жалпы ураан менен аларды күтүп жаткан чагы эле. Кытайдагы элдин саны ошол кезде эле дүйнө жүзүндөгү элдердин төрттөн бирин түзгөн. Чурчжендердин хандыгында 50 млн. адам жашап, Кытай хандыктарынын арасында 2-орунду ээлей турган. Ошол кезде эң жыш отурукташкан 60 млн эли бар, борбору Ханчжоу шаары болгон Сун империясы биринчи орунда болчу.
Чурчжендердин батыш тарабында кидандар, уйгурлар, тангуттар жана Теңир-Тоо деп аталган азыркы Тянь-Шань тоосунда кара-кытайлар, борбордук Тянь-Шанда жашаган катагандар бар эле. Бул түркий уруулары жалаң кытай хандыктары менен бир нече кылымдар бою согушуп келишкен элдер болгон. Тангуттар болсо Тибет тоосунун аймагында дайра жээгинде жашап, батыштагы мусулман элдер менен чыгыштагы буддизмдеги кытай элинин ортосунда соодагерчилик кылып келишкен.
Чжурчжендердин армиясында ошол кезде 150 миң аскер болуп, Чынгызхандын колунан алда канча көп болгон. Анын үстүнө алар таш менен бийик курулган дубал ичиндеги коруктарда, чептерде согуш жүргүзүү тактикасын Чынгызхандын армиясынан жакшы биле турган.
Кийин жалпы кытай уруулары менен согушканда Чынгызхан чжурчжендердин мындай согуш тактикасын андан да жакшы өөрчүтүп, ар бир беттешүүлөрүндө бири-бирине окшобогон жаңы ыкмалар менен согуш жүргүзүп жатты. Мындай согуштук тактикалардын бири катарында тегерете курчалган шаарды суудан ажыратып, тышкы дүйнө менен байланышын толугу менен түп тамыры менен үзүп камалоого алганын айтса болот. Бир нече күн өткөндөн кийин ачкачылык менен жугуштуу оору каптап алсыраган шаардын калкынын багынбаска чарасы калчу эмес.
Чынгызхан тангуттарды чапканда алардын борбор шаарын курчап, Жашыл дайранын нугун буруп ал шаарды толугу менен жууп таштаган. Ушундай согуштук тактикалардын натыйжасында Жети-Суудагы соода маданияты өнүккөн, азыркы Ташкент шаарынын түндүк жагында 35 чакырым аралыктагы Отрар шаары да түп тамыры менен жоголгону маалым. Монголдор ошол кезде дайралардын нугун буруу боюнча инженердик иштерди күчтүү өздөштүргөн эл болгон.
1211-кой жылында Чынгызхан Гоби чөлү аркылуу өтүп чурчжендерге басып кирди. Бул монголдор үчүн саны жагынан ондогон эсе көп элге биринчи жолу болгон согуштук жортуул эле. Бул андан ары алоолонуп, Индиядан баштап Дунайга чейин, Монголиядан Жер Ортолук деңизге чейинки зор аймакты кучагына алган тарыхый согуштун башталышы болчу.
Чынгызхандын армиясы чурчжендердин жерине өтүш үчүн сөзсүз Гоби чөлүн басып өтүш керек эле. Чөлдүү талааны көп сандаган аскер менен басып өтүш үчүн Чынгызхан чабармандарды алдыга жиберип, чөлдү алдын ала чалгындатып, жер-суу ыңгайын, жашаган калкын алдын-ала изилдеген. Бул тууралуу ошол кылымда кытай тарыхчысы төмөндөгүчө жазган: "монгол армиясы азыркы мезгилдин эң мыкты армиясы болуп саналат. Алар чөлдү басып өтүш үчүн алдын-ала аскердик чалгындоо иштерин тыкаттык менен жүргүзгөн, кокустан армия чегинүүгө мажбур болсо чөлдүн тегерегиндеги кереги тийе турган жашыруун жерлердин баарын билген. Алар бул аскердик жүрүштө ашыкча буюмдарды өзү менен кошо алышкан эмес, негизинен өгөө, аркан, бычак, балта, ийне- жип, чанач алып жүрүшкөн. Ошондой эле каңктарга жүктөлгөн боз үйлөр, от жагып тамак бышыруучу тулгалар жанында болгон."
Ал кезде монгол армиясы атчан жана жөө аскерлерден турган, оң канат жана сол канат деп экиге бөлүнүп, жол басканда өз тартиптери менен жүрө турган Чынгызхандын биринчи жолу чурчжендерге 65 миң атчан, 85 миң жөө аскер менен басып кирген. Адегенде кошумча жайдак аттардан сырткары жөө аскерлерге аттар толугу менен камсыз болгон эмес. Чурчжендердин бардык аскери болгону 75 миң адам болгон. Марко Поло атайы белгилеп: "Чынгызхандын армиясы он күнгө чейин эч бир токтоосуз жол жүрүп кете беришкен, себеби алар курут, гүлазык, чучук, кургатылган мал эти, айран, кымыз, быштак сыяктуу көчмөн элге мүнөздүү тамактарды ат үстүндө ичип-жеп кете беришкен. Мындай дүйнө жүзүндө бир да элде жок",-деп жазып кеткен.
Андан сырткары кытай эли монгол элинин бир аз тамак менен эле көп убакытка чейин чыдаганына таң калышкан. Бул тууралуу кытай тарыхчысы мындай деп жазып кеткен: "монгол эли узак жол жүрүп чатыр, боз үйлөрдү тигип, бирок бир да түтүн чыгарбай өз курсактарын тойгузуп жата берет. Алардын жегени дайыма эт, дан өсүмдүктөрүнөн - күрүч. Кытай элинен алда канча күчтүү келишет". Чындыгында монголдор дайыма эт жегендиктен бир канча күн тамак ичпей, чыдамдуу да келишкен. Армиянын жүрүшүндө Чынгызхан дайыма орто жеринде жүргөн, алыстан баамдаган кишиге анын кайда жүргөнүн эч ким билчү да эмес. Артта жүргөн армия бөлүгү кошумча жайдак аттарды айдап жүрө турган.
Тыныгуу түнөк убагында борбордук лагерь дайыма бирдей тигилип, ал эми аны курчай жайгашкан үйлөр, чатырлар дайыма алмашып турган. Ар бир минган өз дарыгерлерин кошо алып жүрүшкөн. Ар бир согуштан кийин же жол жүргөндө тыныгууга токтогондо аскер башчылары ортодо калып, аларды жоокерлер курчап турган. Кайтарган сакчылар капыстан чабуул же кол салуу болуп кетеби дешип, ээр токулган даяр аттарды өзүнчө белгилүү жерлерге топтоп кармашчу. Андан сырткары жайдак аттарды жердин ыңгайына жараша тийиштүү жылкычы адамдар өзүнчө кайтарууда кармай турган. Качан гана алар душманга чукулдап калышканда тыныгуу жасап, иңир кире электе от жага коюшуп, ар бир отко 4-5 кишиден бөлүнүп тамактанып алышчу. Күн баткандан кийин жарыгы алыска көрүнбөс үчүн отту өчүрүп тышташчу, түн ичинде жоокерлер эмне кылып атышканын эч ким баамдай алчу эмес.

(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов




Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров :
"Рысбай Абдыкадыровдун аккордеонун ардактап сактадым"
- Эрнест мырза, сизде Рысбай Абдыкадыровдун аккордеону болгон экен, ал кандайча сиздин колуңузга тийип калды эле?
- Оо, ал кездер артта калды.90- жылдардын башында жашоо- турмуш абдан кыйындап кетпеди беле. Элдин баары эле базарга аны- муну сатып жүрүштү. 1992- жыл болучу, мен да базарга аккордеонумду сатыккка алып чыктым. Менин катарымда дагы бир жаш бала аккордеон сатып турду. Аныкы эскирээк экен. Меники "Вольтмейстер" деген аккордеон эле, муну бизде абдан баалашат. Ал бала экөөбүз эки жолу- үч жолу дем алыш күндөрү сата албай жүрдүк. Ал мен саткан аспапка кызыгат, мен аныкына кызыгам. "Бул жөн аккордеон эмес, Рысбай агайдын аккордеону. Агай жаңысын алыптыр, жеңеден бир азыраак тыйынга эле алгам дейт". Ал кезде Рысбай аганын көзү тирүү болучу. Мен Рысбай аганын чыгармачылыгын да аздектеп сыйлайм, анын үстүнө Ош пединститутунун музыкалык факультетинде окуп калганда, жакындан билчүмүн. Бирок мен пианино классында окудум, Рысбай агай аккордеон классында сабак берчү. Мен оюмда анын аккордеону сатылбай турса экен, өзүмдүкүн сатып, анан Рысбай агайдын аспабын алайын деп тилек кылып жүрдүм. Бир күнү мен ага "сен меникин арзаныраак сатып ал да, өзүңдүкүн мага бер, алмашалы" десем макул болду. Кудай жалгап ошол күнү ал марлисин сатып, 200 рубль жыйнаптыр. Ошентип, айтылуу обончунун аккордеонун ардактап сактап, ойноп жүрдүм. 92- жылдан 2008-жылга чейин сактап жүрдүм. 2008- жылы опера жана балет театрында менин чыгармачыл кечем болгондо тарыхын айтып туруп, музейге сактап койгула деп аккордеонду маданият министри Султан Раевге тапшыргам.
- Жакшы болгон экен. Азыр кайсы эмгектин үстүндө иштеп жатасыз?
- "Уурунун махабаты" аттуу кинотасма тартып бүтүп калдык. Буюрса жазга жуук ал көркөм фильм көрсөтүлүп калат болушу керек. Башкы ролду Кубатбек Адылов деген жигит ойноду, аны казакстандык десек, Казакстандын жарандыгын алып кеткен өзүбүздүн эле кыргыздардан экен. Мындан тышкары ролдорду Асема, Зарема Асаналиева, Камчы Сарыбаев ж.б. ойноду.

Айгүл Бакеева




  Чыгыш тарыхынан

Ибн Сина жана падыша
Бухара падышасы ичеги илдетине кабылып, жыландай миң буралып, толгоого түшөт. Жаны көзүнө көрүнгөн өкүмдар башка дарыгер, табыптардын аракеттеринен куласа чыкпаган соң амир кылат:
- Жерден чукуйсуңарбы, асманга чыгып тутуп келесиңерби, иши кылып Ибн Синаны табасыңар!..
Акыры Улукманды Хорезмде жүргөн жеринен табышып, алып барышат. Улукман өкүмдарга дары-дармек ичирип, дартын бир аз басаңдатып, анан ичеги-карынын текшерип көрөт. Ичегиси ирип-чирий баштаптыр. Эки-үч күндөн соң падышага эстен тандырар дары ичирип туруп, курсагын жарып, ичегилерин жаш күчүктүн жаңы, кубаты бар ичегилерине алмаштырат. Үч күндөн соң эс-кушуна келгенде тамак сурады эле, атала, сүт, набат кошулган чай беришти. Жети күндөн кийин гана башка тамактарга өттү.
Бир күнү өкүмдар Ибн Синадан сурады: - Ушунча көп тамак жесем да неге тойбой жүрөм? Неге тез-тез тамактанганга өтүп калдым?
- Кашык канымдан кечсеңиз айтып берем, улуу урматтуум!
- Айт! Кечирдим!
- Эй, аалам түркүгү! Жан бардыгына ширин. Тамак ар макулук үчүн зарурат, керек. Лекин, напси эч качан, эгерим тойбогон, толбогон, оңбогон. Аны тыйыш өтө мүшкүл. Сиз түркүн тамактарды жеп, сансыз даамдарды татып, иче берип, ошонун кесепетинен, эс алуунун жоктугунан ичегилериңиз чирий баштаган экен. Мен ошол ичегилериңизди жаш күчүктүн ичегилерине алмаштырып койдум. Мындан ары аз жеп, ичиңиз. Карын, ашказан, ичегилериңизди жылына бир-эки ирет эс алдырып туруңуз!
Өкүмдар Улукманга урмат көрсөтүп, сыйлык берет. Ошол эле күнү Баш дарыгер катары амирин чыгарат.
Бектуруш Салгамани