Кайрылгыла, жазгыла

Элдин үнү - SMS
Бул бурчта биз менен бардык оюңузду бөлүшсөңүз болот.
Шарты жөпжөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "AALAM" деген сөздөн кийин аралык калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз. СМС-билдирүүнүн акысы кошумча нарк салыгы менен - 0,50 $.
Редакциянын 59-17-38 телефону аркылуу да оюңузду айтсаңыз болот.

Муктар : - Жөнөкөй кыргызбай кризисиңди тоготуп да койбойт. Анткени өмүр бою кризисте жашап келет, өз киндигин өзү кесип келет. Эч качан өкмөттүн камкордугун көргөн эмес, ал союз кезинде өтүп кеткен, азыр түш сыяктуу. Мен муну өзүмдөн улам билем, кошунамды көрүп билем, тааныштарды көрүп билем. Себеби баары - кыргыздар. Кризистен коркконго ал да, убакыт да жок.

Айжан : - Оппозиция суук түшкөнү тоңуп калдыбы, үндөрү чыкпайт го? Силерден көпчүлүктүн үмүтү чоң, бул үмүттү өчүргөнүңөр - кечиримсиз. Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаровдор эмне унчугушпайт? Кыргыздын тагдырын өзгөртүү силердин колуңарда экенин унутпагыла!

Самат : - Нуриза, жаным, деги таарынганыңды качан коесуң? Сенин таарынчактыгыңды көрүп, үйлөнгөндөн коркуп да кетем. Туулган күнүңө алган тортту "Народныйдан" эле сатып алгам. Кайдан билдим анын эски экенин. Эми торт алганда сени ээрчитип барып албасам, карап тур.

Азима : - Жумушу жок үйдө отуруп калдым. Өмүр бою иштеп жүрүп, үйгө отурганга да көнбөптүрмүн. Же башкалардай болуп базарга чыккандын да ыгын билбейм. Үйдөгү жумуш ушунча көп, мааниси жок болоорун билбептирмин. "Башка түшсө байтал жорго" дегендей көнбөскө чара жок. Кудайдан күйөөмдүн жумушун жакшы кыла көр деп тилеп отурам.

Бакыт : - Жашоонун айынан Бишкекке көчүп келдим, шаарыңар аман эле болсун. Дем алганың эле бекер болбосо, калганынын баары акча экен. Айылды, анда жашаган туугандарды, тааныштарды, керек болсо үргөн итине чейин сагындым! Бар бол, аман бол, киндик кан тамган асыл жерим!

Венера : - Кундуз! Баштаган ишиң ийгиликтүү болсун! Ушул бизнесиң майлуу-сүттүү болуп, үй-бүлө баккан, көңүлүңдү ачкан, бизди кубанткан жакшы жумуш болсун!




  Билесизби?

Кайсы өлкөдө кандай асыл таш болот?
Бермет
Бермет Малайзия, Вьетнам, Камбоджа, Кытайда бар, бирок баарынан таза бермет- Японияда. Мында "Бермет музейи" деп аталган музей бар. Ал музейде ар кыл, ар кандай формадагы табигый ташка суктанып гана тим болбой, аны сатып алууга да болот. Майда берметтер менен катар чоң- чоң бермет ташын да сатышат. Табигый япон берметтери агыш жана кызгылтым түстө болот.
Мындан тышкары Японияда жасалма жол менен өстүрүлгөн берметтер да кездешет. Жылына 200 тонна жасалма бермет өстүрүлөт. Жасалма берметти табигый берметтен айрып таанууга мүмкүн эмес. Дүйнөдө болгону он чакты киши гана аны айрып биле алат. Ал эми жасалма берметтер түркүн түстө, ачык боз түстөн капкара түскө чейин болот.
Янтарь
Балтика деңизине чыккан бардык мамлекеттерде янтарь ташы кездешет. Алардын ичинен ар түрдүүлүгү, баасы жагынан Россиянын Калининград областынан, Литванын Клайпеда, Паланга шаарларынан жана Вильнюстан алса болот. Литвада да янтарь музейи бар.
Бирюза
Бирюзанын сапаттуусу Иранда, сапаты төмөнү Кытайда. Ал эми бирюзаны соодалаган эң чоң базар Түркияда, Стамбулда. Дүйнөдөгү эң чоң Капалы Чарши базарында эң эле көп.
Топаз, аметист
Бразилияда топаз менен аметист ташынын түрү бар. Айрыкча бул таштар чыккан Минас- Жерайс штатында эбегейсиз көп.
Сапфир, рубин
Индия сапфир менен рубиндин мекени. Ал жакта ал тургай иштетиле элек таштарды да сатышат.
Гранат
Күмүш доорунун сүйүктүү ташы болгон гранатты Чехиядан табасыз. Чехия пивосу менен гана эмес, гранат ташы менен да сыймыктана алат. Праганын Турнов шаарында "Гранат" фабрикасы жана музейи жайгашкан.


Кимге кандай асыл таш жагат?
Кыргыз эл артисти Гүлшара Дулатова:
- Гороскоп боюнча мага каухар (бриллиант) туура келет экен. Каухарды кайдан алмак элем, ырым катары каухарга окшошураак фионит туура келеби деп фионит көздүү зергер буюмдарды ала койчумун.
Негизи асыл таштардын арасынан күмүштүн касиети чоң. Кыргыздар кылымдардан бери күмүштү кастарлап келишет. Апаларыбыз күмүштүн касиетин көп эске салчу. Ден соолук үчүн пайдалуу, алып жүрүүгө жагымдуу.
Бала чакта үйүбүздө күмүш болоор эле. Аларды "сөйкө, шакек жасатпайлыбы?" десем, эчтеке жасатпай сактап койсо да касиети бар" дечү апам. Илгери күмүштөн чачпак, билерик, сөйкө- шакек тагынышчу. Күмүш- кыргыздын улуттук ташы. Күмүш бардык жагынан жагымдуу. Илгери акак шуру да тагынышчу. Тоолорубуздун чокусу күмүштөй жаркырап турат. Ак калпак, ак элечек кийсе акак, күмүш зергер буюмдары жарашып калып жатпайбы. Азыркы кыргызстандык кыз- келиндер күмүштү көп тагынып атканы көздү кубантат. Күмүштөн жасалган зергер буюмдар ар түркүн жана асем да боло баштады.
Мен сөйкө, шакектеримди келиндериме, неберелериме белек кылып берип койдум, кыздарым жок эмеспи. Неберелерим да уул балдар, жакында бир кыз неберелүү болдум, эми ага да энчилейм. Өзүмө күмүш билеригимди гана алып калдым.
Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова:
- Асыл таш кынапталган зергер буюм- сөйкө- шакек тагынууга анчалык деле маани бербейм, төлгө да кылбайм. Бирок гороскоп боюнча мага сапфир, изумруд таштары туура келээрин жана ал асыл таштар өзүмө жагымдуу таасир этээрин сезем. Чет өлкөлөргө чыкканда көбүнчө сувенирлерди сатып алам. Германияга барганда Моцарт, Бетховендин сүрөттөрү түшүрүлгөн кружка алып келдим эле, Испаниядан кофе ичүүчү идиш, набор алып келгем.
СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева
Айтылуу балерина Айсулуу Токомбаева азыркы тапта бирюза ташы көп Түркияда жашап жана иштеп жүрөт. Анын жолдошу, раматылык Кубан Алиев Айсулуу эжебиздин кадимки эле талаа таштарын жыйнап- чогултууга хоббиси бар экенин берген интервьюсунда белгилеп кеткен эле. Өзүбүздүн жергебизге же чет өлкөлөрдүн кайсы тарабына гана барбасын, ал жактан сөзсүз түрдө кадимки эле таштардан тандап алып келүүгө балерина эжебиздин бөтөнчө ышкысы бар тура.

Даярдаган
Айгүл Бакеева





  Бекер жарыя

"Аалам" газетасы ушул жылдан тартып ар кандай бекер жарыяларды, куттуктоолорду жазуу түрүндө да, телефон аркылуу да кабыл алат. Демек, акча коротпой, "Ааламдын" бекер жарыясынан пайдаланыңыз. Маалымат үчүн: редакциянын адреси, телефон номурлары гезиттин 2-бетинин этек жагында.


Калиев Айбек Абдразаковичке таандык айдоочулук күбөлүк, чет элдик паспорт жоголду. Кабарлаганга сүйүнчүсү канааттандырарлык!
Тел.: 0543 975808

"Кызыл-Аскерден" 4 бөлмөлүү үй сатылат. Гараж, мончо, амбары бар. 5 сотых.
Телефондор: 0543 -10-90-34, 0777 700 317.

Ново-Покровка айлынан 5 сотых участок сатылат. Келишим баада, варианттары бар. Байланыш телефону:
0777 71-33-24


"Ак-Өргөөдөн" 4 бөлмө үй сатылат. Жери 9 сотых.
Телефон: 0772 33 17 94,
0777 700 317.

Спальный гарнитур сатам.
Тел: 0555 97-55-72

Карниз сатылат.
Тел: 0 555 87-58-76

Бир бөлмөгө обой жабыштыруучулар керек.
0777 - 69-09-25

Бишкектен үй салууга участок сатым алам.
0555 97-55-72

Күн-Туу айылында үй сатылат (Сокулук району), 4 бөлмө, 13 сотых, тосулган, мончо, бак, чарбалык курулушу бар. 18 000 $.
Тел: 0555 95-85-20, 45-91-87.

Беш-Күңгөйдөн үй сатылат: 6 комнат, үйгө суу киргизилген, жери 13 сотых.
Тел: 51-01-55