Кубаттоо!

Йодсуз туз илдет жаратат
"Аалам" гезитинин өткөн жылдын 23-декабрдагы №88-санында "Йодсуз туздар" деген макала жарыяланды. Биздин оюбузча аталган макалада өтө орчундуу маселе көтөрүлгөн, ырасында эле биздин өлкөдө соңку жылдарда тамак-аштын, азык-түлүктөрдүн, жашылча-жемиштердин кемдигинен, тартыштыгынан түркүн оорулар басаңдоо ордуна кайра күчөп баратканы жашыруун эмес. Айталы, күнүмдүк тамак-аштарда чай демдегенден башка бардык учурларда үзбөй, такай колдонулуучу туздардын сапатсыздыгынан, йоддордун жетишсиздигинен эле кадимки богок оорусуна кабылгандар көбөйүп баратат. Андай дартка тушуккандар биздин Жалал-Абадда да бир топ.

Жакында Жалал-Абад шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда атайын ушул багытта жыйын өткөрүлдү, башкы врачтын орун басары Д.Жумуков маалымат берди.
Акыркы жылдары Жалал-Абад шаарынын калкынын арасында богок оорусу кескин көбөйүп кеткендиги байкалат, мисалга ала турган болсок 2007-жылы 1710 богок оорусу катталган болсо, ал эми 2008-жылдын 9 айында эле 1387 оорулуу катталган. Бул деген жылдын аягына чейин бир топ өсүп, башкача айтканда мурдакы 2007-жылга салыштырмалуу 1,3 эсе өсөт дегенди билгизет. Калк арасында богок оорусунун өсүшүнүн бирден бир себеби болуп йод биздин күнүмдүк ичкен тамак-ашта, тузда жоктугу.
Биздин мамлекет тоолуу болуп, эндемикалык мамлекеттердин катарына кирет. Ал эми санитардык эрежелер боюнча адамдын организми йодду күнүнө, норма боюнча 150-160 мг талап кылат. Бүгүнкү күндө шаарыбызга ар кандай фирмалар же жеке ишкерлер аркылуу йоддолгон, фасовкаланган туздар келет. Алсак, Бишкек шаарынан көбүнчө "Картуз", Казак Республикасынан "Астуз", Россиядан "Полосья" туздары келет да, алар дүкөнчөлөргө, базарларга таркатылгандан кийин туздарга тастыктоо документтери берилбейт же көпчүлүк учурларда тастыктоо сертификаттары жок болуп чыгат. Ошондой эле кутучаларда тузду кайсы ишкана чыгарганы, кайсы убакта чыгарылганы көрсөтүлбөйт.
Мындан сырткары шаарыбызда тузду кайра иштетип йоддой турган 4 цех иштейт. Жеке ишкер А.Ормоновдун цехи мындан "Рахат", "Аш-тузу", "Арал" деген ат менен, жеке ишкер Х.Хашимов "Снеговка", А.Темиров "Хрусталь", "Татымдуу", К.Сотволдиев "Асыл" аттуу йоддолгон туздарды чыгарат. Буларда тузду иштетүүгө тастыктоо документтери, сертификаттары бар.
Тузду иштеп чыгаруучу цехтердин санитардык абалына токтоло турган болсок, булар биринчиден атайын курулган имараттарда жайгашкан эмес, эскирген, мурда башка нерсеге колдонулган имараттарда жайгашкан, цехтер толук кандуу тузду иштетип жана йоддой турган жабдуулар менен камсыз болбогон. Жеке ишкерлер тарабынан тузду йоддоодо йоддун өзүнүн талабында кошулуп жатканы жана туздун нымдуулугу дайыма көзөмөлгө алынбайт. Фасовкаланган туздарда, туздун качан, кайсыл убакта иштетилип жана йоддолгону көрсөтүлбөйт. Туз негизинен цехтерге 50-60 кг каптарда Өзбекстан Республикасынан алынып келинет.
Жогоруда көрсөтүлгөн туздар азыр негизинен шаарыбыздын базарларында жана дүкөн, соода түйүндөрүндө сатылат, булар борбордук базар, "Аль-мадина" жана "Манас" базарларында йодтолгон туздарды сактоо жана сатуу эрежелери толук сакталбай жана одоно бузулуп келет. Алсак, борбордук базарда аш тузу май менен чогуу сатылат. Жайкы мезгилде базарларда, соода түйүндөрүндө туз ачык асман, ысык күндө сатылат, өзүңүздөр билесиздер, туз көлөкө жерде кара идиште жана кургак жерде сакталууга тийиш. Шаардык санитардык көзөмөл тарабынан туздардын сапаттуу йоддолушун көзөмөлдөө максатында базарлардан жана соода түйүндөрүнүн 70 түр тузу текшерүүгө алынган, анын ичинен 4 туз талапка жооп бербейт. Андан сырткары экспресс метод аркылуу 29 аталыштагы туз текшерилген. Алардын ичинен 10 туз талапка жооп берген эмес, булар "Хрусталь", "Татымдуу", "Аш тузу", "Арал" тузу. Ошондой эле Бишкек шаарынан келген "Картуз", Казак Республикасынан келген "Ас-туз" туздары да йоддолушу жагынан төмөн. Ушул анализдердин негизинде санитардык көзөмөл тарабынан "Манас" базарында 291 кг туз соода-сатыктан алынып салынган. Мындан сырткары туздарды санитардык талапка жооп берген шартта сатуу боюнча 4 көрсөтмө берилген жана борбордук базарда мал үчүн сатылган таш тузду сатууга тыюу салдык.
Жогоруда айтылган кемчиликтерди эске алып, Жалалабат шаардык көп сектордуу кординациялык комитети калк арасында богок оорусунун алдын алуу боюнча иштер канааттандырарлык эмес деп таап, базарларда, шарты жок жерлерде тузду сатууга тыюу салууга кириштик.
Туз азык-түлүктөрү жабык павильондордо сатылышы керек.
Керектүү документтери жок (сертификаты), көбүнчө коңшу мамлекеттен түшкөн туздарды сатууга жол бербешибиз лаазым.
Йоддолбогон, таш туздарды базарларда сатууга катуу тыюу салуу учурдун талабы. Ал эми кичи туз чыгаруучу цехтердин жетекчилери туз цехтеринде керектүү ремонтторду жүргүзүп, санитардык абалын оңдоосу зарыл, акыры, элдин саламатчылыгын ойлоо керек го. Алар ошондой эле таш туздарды, капталган бош туздарды (документтери жок) цехтерге, базарларга киргизбеши, бардык кичи цехтерде тузду жууганга, тазалаганга жыгачтан жасалган бункирлерди орнотушу, туздун йоддолгонун күнүнө текшерип, көзөмөлгө алышы тапшырылды.
Бул чечимдердин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык санитардык гигиеналык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы У.Жоробаевге жүктөлдү.

С.Нарматова,
Жалал-Абад шаардык көп секторлуу
координациялык комитетинин төрайымы




  Уралдан кат

Орусиядагы банкрот болгон кыргыздар
Жан багуу далбасасы менен Орусияда тентип жүргөндөрдүн арасында эптеп тапкан акчасын шамалга учурган, банкрот болгондор да бир топ.
Ырас эле, эмнеден банкрот болушат?
Арийне, сиздин: - Жолдо, чек арада казак, орус бажычылары товарларын алып койгондон! - деп айтаарыңыз турулуу иш.
Антип айтышыңыздын жөнү бар. Мына бул эле Мерке, Чу бекеттеринен, анан Орусияга кире бериштеги Илецк, (Бишкек - Москва багытындагы поезд ошол жерден өтөт) Рубцовск (ал жерден Бишкек - Красноярск поезди Орусияга баш салат). Үчүнчүсү - Петухово бекетинен өтчү Бишкек - Свердловск поездин чын эле орус чек арачылары, бажычылары ийне-жипке дейре үйрөтүлгөн иттер менен кирип текшеришет. Каалаган вагонду аңтарып, каалаган товарды какшаганына, зарлаганына карабай түшүрүп калышат. Ошону менен ал товар колуңа тийбейт. Банкрот болосуң. Бул - бир. Экинчиси, товарларын же акчаларын базарларда, жашаган батирлеринде уурдатып же зомбуларга тарттырып ийишет. Буга паспорт, виза, сатууга, иштегенге уруксат келишими деген шылтоолор менен милиция, салык кызматкерлеринин чөнтөк шыпыргандарын да кошуп коелу, бирок алар ашып кетсе 500дөн 2000 рублге чейин алгандарын айтсак, бул банкрот болууга себеп, негиз түзбөйт.
А булардан башка да эң чоң банкрот болуу себеби бар. Аны чек арачы да, милиция да, салыкчы да, ууру да жасабайт, аны кыргыз өзүнө-өзү, ооба, өзү гана жасайт. Кантип дейсизби?
Аскарды айылы Карасууда колоктоп бош жүргөндө: "Жүрү, мени менен Москвага барып иште. Ал жердеги чоң базарда менин контейнерим бар. Жеңең быйыл кош бойлуу, айылда калат. Сен мага жардам бергин, кур кол койбойм, иштеген акыңды чыгарып берем" деп акеси Сыйдан жол киресин төлөп алып келип, батир пулун да өз чөнтөгүнөн чыгарып, бирге иштешип жүргөнүнө 2 ай болгондо "Уулдуу болдуң!" деген сүйүнчү жетет. Перзентинин дидарын көрүүнү эңсеп, анын үстүнө эркек болсо кайсы жандын эт жүрөгү эзилбейт.
"Сен иштеп тур, мен Кыргызстанга барып, 10-15 күндө келем дейт. 10-15 эмес, 3 аптадан кийин барса болгону 15000 рублге жетер-жетпес товар калыптыр. "Кел, сатылган акчаларды чыгар, санайлы?" дейт.
Аскар 1 копеек чыгара албайт. Чын эле сатылган товардын пулу кайда? Көрсө, Асакең Султан кетээри менен "кой деген кожо жок" компьютер-автомат ойной баштайт. А андайлар Орусиянын ар бир шаарында, бардык жерде, кала берсе кафе, көчөлөрдө да бар, бир салышың бүтүн 5 рубль (биздин сомго бүгүнкү курс боюнча 7 сом 25 тыйын) 5 рубль болсо илгерки СССРдин 1 сомдук металл сөлкөбайындай. Кыргызстанда андай алдамчы аппараттар да, аны ойногонго мүмкүнчүлүк да жок. Орусияда 1, 2, 5 рублдик банкноттор сөлкөбай түрүндө металлдан. Ошентип, күндө сатылган товардын акчасын күндө "жедирип" отурат, утуру "Ордун толуктайм, утам!" деп үмүттөнүп, этеги мына, Султанды Аскар банкрот кылды.
Экинчи бир ушундай окуяны мурунку жылы Пермден көрдүм. Көлдүк Үсөнаалы компьютер-автоматка күндө базар жабылар замат шашып кирчү. Бир-эки жолу: "Эй бала, кой ушунуңду! Андан утуш кыйын. Уттура турган болсо жолго коюп коеюнбу?" дегеним бар. Эшитпеген. Кийин уксам, агасы күзүндө 20 тонна картошка алып, "Жазында баа жогорулаганда сатам" деп жертөлөгө камаган экен. Картошканын ар килосу талаадан сатып алып үйүнө жеткиргенче 4 сомдон түшүптүр. Тилекке каршы ал жылы картошкасын сактаган бүт кыргызстандыктар банкрот болбодубу. Үсөнаалынын агасы жазда кайра 1 сом 80 тыйындан сатып, сызга олтуруптур. "Товарды сатып тур" деп ишенип таштап кеткен иниси "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, тигил жактан нак 7 000 долларды "жедирип" жиберет. Екатеринбургда да ушундай окуялар көп кезигет. Алардын бири - өзгөндүк Айданбек. Ал ар кимден карызга акча алат да, уттура берет. Алдамчы үмүт "Эми утаарсың!" деп үзүлбөйт. "Дагы ойно, сөзсүз утасың! Ушул жолкуда утасың, анан алган карыздарыңды оңой эле төлөп коесуң! Бол, дагы бирөөдөн карызга акча алып, ойной кой!" деп азгырат эгерим адам баласына ак санабаган шайтан автомат. Айданбек азгырыла берет. Качан гана ар кимден алган акчалары 120000 рублге чыгып, алар доолап, төлөй албай калганда иш ачыкка чыгат. Дагы жакшы, анын 7 бир тууганы күйөөлөрү, аялдары, балдары менен ошол жерде иштешет экен, карыздарын эптеп төлөп беришет.
Мына көрдүңүзбү, кыргыздардын көпчүлүгү өзүн-өзү банкрот кылып, өзүнө-өзү көр казып жүрүшөт.
Екатеринбург шаарындагы "Уралмаш" соода-сатык базарында иштеген таластык Жакшылык деген жигит атына жараша жакшылык ишти өз ыктыяры менен баштады. Ошол базардагы акыл-эстүү асакал-көксакалдардын алкышын алды. Себеби, компьютер-автоматтарда ойногон кыргыз жаштарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ага да болбогондоруна күч колдонуп жатышат. Жакшылык кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ош пединститутун бүтүргөн. Күрөш, самбо боюнча спорттун мастери, салмагы да 140 кг. Башка жерлерде да Жакшылык сыяктуу мындай иштерди ыктыярдуу баштоо - кыргызга пайда гана келтирет.
Социологиянын айтканына ишенсек, 70 пайыз утпаса "Көрүнгөн адам ойносун!" деп жамырата коюлбайт экен. Чын эле непаада уттура турган болсо, ошолор коебу? Ким бекер акча бергиси келет бирөөгө?
Баса, калыстык үчүн айта кетейин, Курган шаарында бир кафеде тамак ичип олтурсам, кытайбы, вьетнамбы, айтор кодойгон бучук мурун жигит кирип келип, компьютердик автоматка 5 рубль таштап, көп акча утуп алды. Жанында тургандар "Молодец! Выиграл 7 тысяч!" дешти. А кыргыздан уткан бир жан көрбөдүм, утулгандарды айтсам жүздөп кетет…

Бек Сраж