"Аалам-пресс"

Данияр Үсөнов- Президенттик администрация жетекчиси болуп дайындалды
Кечээ гезит басууга даярдалып жатканда ушундай кабар тарады. Данияр Үсөнов- Президенттин администрация жетекчиси болуп дайындалды. Күтүүсүз бул дайындоону ар тарап ар башкача кабылдады. Оппозиция тарап бул кадам бийлик менен оппозициянын ортосун ого бетер алыстатмакчы деп айтышса, бийлик тарап саясый күрөштө чыңалган, ишкер жагы бар дешсе, дагы бир тобу Медет Садыркуловдон менеджерлиги жагынан калышса калышаар, аткаруучулугу жагынан алдына киши чыгарбас деп айтып чыгышты.
Данияр Үсөнов мурунку бийликтен ыдык көрүп, Казакстанга чейин кетип жүрдү. Жылдызы жанып, биринчи вице- премьер да болуп дайындалды. Бишкектин мэри болуп турганда базарларды көчүрүп, жолбун иттерден жолду тазалатып баштап, андан соң ал кызматтан да алынып, Өнүгүү деп аталган фондго кетип, ошо жайдан бери белгисиз болуп кеткен.
Данияр Үсөновду "ат арытып, жол карытып, бирде жөө жүрүп, бирде төө минип", бийлик тарапты да, оппозиция тарапты да жакшы түшүнүп калгыдай мезгилди баштан өткөргөнүн көрдүк. Эми андан кандай администрация жетекчиси болоорун күтө туралы.

"Аалам" гезитинин редакция жамааты Данияр
Токтогуловичти жаңы орду менен куттуктайт!


Генерал И.Исаковго дагы бир иш козголду
Генпрокуратуранын тараткан маалыматына караганда 2005-жылдын октябрында Коргоо министри И.Исаков уулу Русланга (а да аскер кызматкери) Бишкектен эки бөлмөлүү квартираны жасалма документтер менен акысыз өткөрүп берген экен. Ишти ГПнын өзгөчө кылмыштарды иликтөө башкармалыгы жүргүзүүдө. Саясат билермандарынын айтымында бийлик генералды "сындыруунун" камын катуу көрүүдө.


Америкалык аскер базасы
Кыргызстандан чыгарылабы?
Орусиялык басма сөз каражаттарынын биринде президент К.Бакиев ушундай жарлыкка кол кое тургандыгы жөнүндө кабар тарады. Москвага боло турган иш сапардын алдында президент К.Бакиевдин мындай кадамга барышы республикага бөлүнгөнү турган 2 млрд доллар жардам боюнча кол коюу үчүн орусиялык тарапка жагымдуу маанай тартуулоо аракети деп айтылат кабарда. Чынындале 7 жылдан бери туруп келаткан авиабазадан түшкөн акчага Кыргызстан марып, байып деле кеткени жок.


Диниң кайсы, Жанызак?
Кечээ президент "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамга мөөрүн басты. Бул эң олуттуу мыйзам. Мыйзам боюнча он беш жашка чейинки балдар динге тартылбайт. Мурда он киши барып бир дин уюмун каттоодон өткөрүп алса, азыр эки жүз адамдын колу керек. Европалык миссионерлер бизде беш миңден ашык. Булар жаңы мыйзамга каршы пикирде. Себеби, каттоодон эми өтүшү кыйын. Көп талаптар коюлган.


Чүйдө 121, Ошто 320 мектеп эки айга жабылды
Чүй облгубернатору К.Сыйданов 121 мектеп 1-январдан 28-февралга чейин окууну токтотоорун айтты. Актангандар көп - министрликтин бөлүм башчысы А.Турганбаева эки айлык ажырым анча деле окуучуларга таасири тийбейт деди. "Жакшы" айтты. Ушундай мугалимдер бар, Кыргызстан, ойлон.


Жашыл болсоң сот бозортуп коюшу мүмкүн
Жашылдар партиясы (Эркин Булекбаев) аз мурда кичи аянтта Бакиевдин сүрөтүн, дагы башка бийлик эгелеринин сүрөттөрүн өрттөгөн болчу. Ошого чыдабай кеткен сот (Биринчи май соту), прокуратура бир нече "жашылга" иш козгогону туру. Козгосо АКШ конгресси да козголот деп Эркин мырза эрдемсип туру.


Ишенбай Кадырбековдун иши жүрбөй атат
Кечээ Ленин райсоту Курулуш, архитектура агенттигинин мурдагы директору И.Кадырбековдун ишин улап карады. Каржы полициясы ага кызматынан аша чаап пайдаланды деген кине койгон болчу. Ноябрдан бери күбөлөрдү сурап, сот аныгына чыкпай жатат. Бул аралыкта ал баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушу менен сотко, президентке кайрылган болчу. Бирок Акүй унчукпайт. Кезинде ЖКнын "мозговой борбору", бир сутка өлкө башчысы боло калган Ишенбай мырза соттон кутулуп кетсе, эртең сорпобузду кайнатат деген политологдордун пикири сотко таасирин тийгизип жаткандай.


Бириккен оппозиция комитет түздү
Оппозициянын лидерлеринин бири А.Жекшенкулов мырзанын айтымында саясый репрессияларга каршы комитет түзүү чечими бириккен Элдик кыймылдын биринчи кеңешмесинде кабыл алынды. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары элге, армияга жана укук коргоо органдарына кайрылуу кабыл алышты.