"Аалам" - спорт

Канатбек Бегалиев-2008-жылдын эң мыкты спортчусу
Бээжиндеги олимпиадага Кыргызстандан 20 спортчу катышты, анын ичинен грек- рим күрөшүнөн эки жигит, эркин күрөштөн 3 балбан мөрөй талашты. Балким бардык жети салмак боюнча балбандар жолдомо алышканда дагы бир-экөө байгеге илинип калышы мүмкүн эле дешет спорт адистери.

Олимпиадада грек-рим жана эркин күрөш курч мүнөздө болуп, кыргызстандык балбан Азия чемпиону Канат Бегалиев 4 атаандашын, (алардын баары дуйнөнү дүңгүрөткөн балбандар, экөө дүйнө чемпиону, олимпиада жеңүүчүлөрү, экөө Европанын көп жолку чемпиону) артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкер болгон. 66 кг. салмактагы олимпиада чемпионунун алтын байгеси үчүн Канат Бегалиев франциялык балбан менен беттешти. Биринчи бөлүктө чүчүкулак атаандашына түшүп, бир упай менен алдырып койду. Экинчи бөлүктө калыстар атайын чучукулакты французга түшүрүп, артыкчылыкты оодарып коюшту. Калыстар Канаттын 2 упайын эсепке албай, жеңишти атаандашына ыйгарышты.
-Грек- рим күрөшүнөн Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасынын алгачкы күмүш медалын тагынды. Ал Кыргызстанды даңазалады. Мурда Кыргыз спортунун тарыхында 1999- жылы маркум Раатбек Санатбаев гана дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Бул жолу да калыстардын айынан алтын байгеден куру калдык. Себеби калыстар каратып туруп эле колдо турган алтын медалды франциялык балбанга ыйгарып койду. Канат финалга чейин эмне деген гана залкар, атактуу балбандарды жеңди. Дагы таймашуулар али алдыда. Эгер ушул француз менен дагы бир жерде беттешип калса, өткөн намысты кайра алып, ким күчтүү экенин далилдейбиз,- дейт грек- рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов.
Ошенип Кыргызстандын күрөшүнүн тарыхында олимпиаданын биринчи күмүш медалы экенин өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын вице- президенти Алмаз Касенов кубануу менен билдирип, Канатбек Бегалиевдин жеңиши эрки күчтүү балбан экенин далилдегенин белгиледи.
- Грек- рим күрөшүнөн Канат Бегалиев Бээжинде олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Биз аны олимпиада чемпиону деп билебиз. Себеби калыстардын айынан гана алтын медалдан куру калдык. Ал Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап, кыргыз өңүн таанытты. Анын ушул жеңишин өкмөт, спорт жетекчилери татыктуу баалап, көңүлүн өстүрүп, жакшы шарт түзүп берди.
Бул жигиттин Лондон олимпиадасында чемпион болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Марага келаткан күлүктү сүрөөнгө алгандай, жеңиштин бийик чокусун багындырган балбанды да сүрөп, камкордук көрүү зарыл.
Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канатбек Бегалиев 1984- жылы Таласта жарык дүйнөгө келген. Грек- рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршекеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов. Канат өлкөнун биринчилигин бир нече ирет жеңип алууга жетишкен. 2001- жылы уландар арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынган.
2004- жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. Ошол эле жылы Ташкентте өткөн Гран-при эл аралык турниринде экинчи орунду камсыз кылуу менен Афина олимпиадасына жолдомо алган. Афина олимпиадасында намыс талашып дүйнөдөгү эң атактуу балбандарга каршы туруп 8- орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын катарына кошулган.
Кыргызстанга дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утуп берген Канатбек Бегалиев Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байгенин ээси болгон. 2006-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.
-Мындай жигиттер көчө таптап, оюн- күлкү менен жүрүшсө, балам күндө 2 маал машыгып, эл намысы деп башын сайып, баарынан кечип жүрөт. Алгач күрөшкө баруусуна каршы болуп, "мал баксын, отун алып, бизге жардам берсин" деген элем. Атасы менен машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов суранып жатып, Бишкектеги спорт окуу жайына алып кетишкен. Ошондо көгөрүп туруп алсам баламдын багын байлап коймок экемин. Азыр чексиз кубанып турам. Кудайга шүгүр, 4 уул, 2 кызыбыз бар, Канат - төртүнчүсү. Университеттеги окуусуна да, спортко да жетишип жатат. Эл намысына жарап, эсен болсо болду, - дейт Канатбектин апасы Батма Бегалиева.
Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевди спорт коомчулугу ийгилиги менен куттуктап, өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев 100 миң доллар жана "Мицубиси" жип машинасын тапшырды.
Канатбектин чоң атасы Борбор Азияга таанымал балбан болгон, эки бир тууганы да спорт чебери. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону. Канатбектин ата-теги балбандын тукуму.
- Менин атам Төлөш аюу менен кармашып, аны жыгып, байлап келген балбан болчу. Талас эмес, бүтүндөй Казакстанга таанылган. Мен да жаш кезимде күрөш, бокс менен машыккам. "Колхозчу" жана "Намыс" спорт клубдарынын көп жолку чемпиону аталгам. Спорт чебери аталып, өлкөнүн эки жолку чемпиону болгон элем. Каныбызда балбандык касиет бар. Канаттан улуу эки уулум Тариэль жана Талас да спорт чебери,- дейт атасы Кубат Бегалиев.
Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн, эми сентябрда дүйнө чемпионатына барууга камылга көрөөрүн айтып, алдыдагы максаты Лондон олимпиадасында чемпион болуу экенин билдирди.
-Бээжин олимпиадасында байгелүү орунга ээ болгондо өлкө жетекчиси 100 миң доллар сыйлык берип, улуттук баатырдай урмат- сый көрсөтүштү. Мен өзүмдүн алдыма койгон максаттарыма жеттим. Мени өзүнө чакырган өлкөлөр арбын болууда. Бирок мен кыргыз намысын гана бийик көтөргүм келет.
Кыргызстанда шарт түзүп, мени камкордукка алып жатышат. Олимпиадада атаандашым французга калыстар тартып койгонун жалпы эл, Спорт күйөрмандары көрдү. Ошондуктан Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшүүм керек деген максатым бар.
Калыстардын айынан колдон чыккан намысты кайрып алаар күн алыс эмес. - дейт Канатбек Бегалиев.
2008- жылдын эң мыкты спортчусу деп спорт коомчулугу бир добуштан Канатбек Бегалиевди атап жатышы бекеринен эмес. Чынында Канатбек мындай урмат- сыйга татыктуу.




"Дордой" - Москвада

Футбол боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Москвага эртелеп барып, Шериктештер Кубогуна даярдык көрүүдө. Алгач Москванын "Смена" командасы менен беттешип, өзүнүн күч-кубатын сынап көрмөкчү. 14-январда дагы бир орусиялык футболчулар менен беттешет.
Ал эми "Дордой" Шериктештер Кубогунда алгачкы атаандашы Азербайжандын чемпиону "Интер" командасы менен 17-январда мөрөй талашат.

Алты мыкты
ат салышат

Футзалдан Бишкектин чемпиондугу үчүн мөрөй талашуучу 6 команда аныкталды. Алар: АТФ, "Нур ККБ", АУБ, "Налоговик", "Акжол" жана "Асфура" футзал командалары. Ушул 6 команда эки айлампа менен беттешет. Биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар гана Бишкек шаарынын намысын өлкө чемпионатында коргоо укугуна ээ болушат.

Сергей Качурин - чемпион

Фехтование боюнча өлкө чемпионаты Ысык-Көлдөгү Тамга айылындагы окуу-спорт базасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Финалда СССРдин эки жолку чемпиону, Азия чемпионатынын, Кубогунун жеңүүчүсү Сергей Качурин менен спорт чебери Андрей Хребтов беттешип, Сергей артыкчылык менен утуп, Кыргызстандын чемпиону аталды.
Кыз-келиндерден Юлия Яйцевская өлкө чемпиону болду. Миргүл Абиева - экинчи, Татьяна Костина үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Арзыбек - президент

Грек-рим күрөшүн 5 жыл жетектеп, Бээжин олимпиадасында эки балбан күмүш, коло байге утуп келүүсүнө зор салым кошкон Бейшен Абилдаев федерациянын президенттик кызматын финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошевге өткөрүп берди.
Арзыбек деле жөн жигит эмес. Бала кезинде грек-рим күрөшү менен машыгып, спорт чебердигине талапкер болгон. Айтылуу балбан Алым Ажыматов устаты болот. Бул жигит Арзыбек Кожошев 2012-жылкы Лондон олимпиадасында мөрөй алып, өлкөнү таанытуучу жигиттерди азыртан тандап, даярдык көрөөрүн айтты.


Бетти даярдаган
Кабыл Макешов