Чычкан жыл-баа

Күлүйпа Кондучалова, мамлекеттик ишмер:
- "Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин" деп Аалыкем айткандай, өмүр чиркин дайра токтобой, агып жатат. Кыргыздын маданиятынын, искусствосунун нечендеген көрүнүктүү адамдары менен кечээ гана катарлашып басып жүргөндөй болдук эле, арабыз - аздап- аздап суюлуп барат. Бирок каниет кылып, аз өмүрдө элибизге эмне пайда келтире алдык деп тараза ташын салмактап, өмүргө саресеп салып турабыз. Кыргызда Бүбүсара Бейшеналиева Сайра Кийизбаева өңдүү нечен таланттарды биз эмгеги менен баалап, эскерип жатабыз.Кыргыздын тээ илгертен түптөлгөн маданият очогун дал ошол баштагыдай оттуу- жалындуу тутантууга дилгир жаштар көп болсо экен.

Жылдын тандеми Нурлан Мотуев - Турсунбай Бакир уулу
Радикал Н.Мотуев менен экс-омбудсмен Т.Бакир уулунун тандемине адегенде мыйыгынан күлгөндөр, кийинчерээк армиясы арбып баратканынан сестенишүүдө. Ушу тапта бийликтин "каалоосун" айттырбай бажарып келаткан кадимки муфтий Мураталы ажы Жуманов буларга "мусулмандарды саясатка аралаштырбагыла" деген тейде сөөмөй кезеп туру.

Жылдын сак саясатчысы Кубатбек Байболов
"Кетем, кетпейм", "бармын, жокмун" дегендей, саясаты сайда калсын деп санаалаштарын саргартып кетип калган Кукең, "коркунуч жок экенине" көзү жеткен соң, се-ки-ин келип, сактык менен кайра сапка кошулуп атат.

Жылдын казино ышкыбозу ЖК депутаты Улугбек Ормонов
Бир күндүк депутаттыгың болсо, түштүгүңө казино ойно деген бул жигиттин хоббисине деле каршылыгыбыз жок, акчасы бапырап турса казино ойнобогондо кантет. Болгону казиного чачканынын кенедей бөлүгүн кедейлерге да чачат болду бекен…

Жылдын кыялкечи Кубанычбек Апас
Быйыл эле эмес, көп жылдардан бери "президент болом" деп кыялданып келаткан айтылуу Кубанычбек Апас Маскөөдөн баягыдай салют-факстарды аткылаганын коюп, ар кайсыл гезиттердин редакциясын телефон менен "бомбулаганга" өттү. Кыялданганы баягы эле.

Жылдын туткуну И.Кадырбеков
Темир капаста отурганына алты ай болду. Каржы полициясы "баланча томдук былыктары" менен балчайта чаап таштайбыз" дешкенине карабай, Ишенбайдай катуу "жаңгакка" соттун тиши өтпөй атыры.

Жылдын сенсациясы Клара Кабилова
Боршайкомдой бараандуу кызматты таштап качып кеткен К.Кабилова айымдын сенсациялуу жоругу бара-бара жөнөкөй, аял табышмакка айланды. Угушубузга караганда "саябаныбызга сактап алалы" деп барган оппосаясатчыларды айланып качат имиш.

Жылдын качкыны Ө.Абдрахманов
Ишкермин деп жүргөн Өмүке эмне кылып ийгенин билбейбиз, бирок АКШдан баш паанек сураптыр деген кеп катуу тарады. Канткен менен алла таалам ойдон да, бойдон да кем кылбаган бул мырзада АКШ деп калганына караганда кеп бар сыяктанат.

Жылдын жанкечтиси Т.Тургуналиев
"Эркиндик" партиясынын эки тизгин бир чылбырын ырчы, "бакиевчи" Ш.Үтөбаевге эмне себептен өткөрүп бергени жөнүндө эл ичинде "кызык-кызык" кептер жүрөт. Аларга ишенсек Топчукенин Акүйгө аркасын салып, "оппозицияга айнып" кеткенинде өзүнчө сыр бар көрүнөт.

Жылдын таарынчагы Адахан Мадумаров
Спикерлик кызматтын эшигин "тээп" чыгып кетсе да "адашкандын айбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң" болуп, таарынычы тарап, жүрөгү жибигенде кайра келип мансаптуу орунга олтурду.

Жылдын тамадасы Борончу Кудайбергенов
Куру юмор менен сатирага курсак тойбосуна көзү жеткен Бокең кудай берген шыгын тамадалык өнөргө жумшап, той-топурдун үзүрүн айда көрүбаткан чагы. Чөнтөгү жукараактарга оңой менен "чөк түшпөйт" деген кеп бар.

Бетти даярдаган
Бахтияр Шаматов.
Алмаз Усеналиевдин
Коллаждары