presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Коңгуроо

Кыргызстандагы геронтологдор коомунун президенти Шамшыбек Медетбеков:
"Карылыктын каалгасын карасак…"
Кыргызстанда геронтологдор же карылыктын маселелери боюнча иш алпарган жаңы коом пайда болду.

- Шамшыбек мырза, геронтология же карылык маселелери боюнча коомдук уюмду түзүп калышыңызга эмнелер түрткү болду?
- Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү палатасында депутат болуп турганда бюджет комитетинин төрага орунбасары, социалдык саясат боюнча комитетке мүчө катары өлкөнүн бюджетинин социалдык төлөмдөр боюнча маселелерине аралаштым. Шайлоочулар менен жолуккандагы оор маселелердин бири ушул тарапта болучу. Нарын областынын губернатору катары да бул маселенин үстүндө иштедик.
Кыргызстанда учурда проблема көп эмеспи, энергетикалык, кризис, кымбатчылык… Бирок ал көйгөйлөрдүн баары бүгүн болбосо эртең чечилет, ал эми карылыктын проблемасы өлкөнүн чоң көйгөйлүү маселелеринин бири. Мамлекеттин келечегине да чоң таасирин тийгизет. Адам карыганда талаада калбай, кадырлуу карылыгына ишене алабы, өкмөттүн камкордугуна бөлөнө алабы деген суроо турат.
Мына бүгүн караңыздарчы, кыйынчылык туш тараптан каптап келатат. Алдуу- күчтүү азаматтарыбыз эле канчалык кыйналып жатышат? Ал эми алы- күчүн биздин келечегибизге жумшаган кары-картаң адамдарыбыз кандай күндү көрүп жатты экен? Өкмөт карылардын пенсиясын өз убагында берип жатабы? Кымбатчылык күндөрү алар өп-чап пенсиясын жашоо-тирликке кантип жеткиришет? Материалдык, финансылык жактан бөлөк да, моралдык факторлор бүгүн кризиске учурап атат. Кишини карыганда карайлатып жалгыз калтырбоо, көңүлүн көтөрүү деген унутта калып бараткандай. Кары адамдарга финансылык жагынан башка да моралдык жагынан коомдо чоң жөлөк болууга тийиш. Илгери кыргыздар кары кишилерди абдан кадырлап, сыйлап, алдынан кыя өтчү эмес. Азыр болсо карыларды ал тургай Карылар үйүнө таштап коюу да кездешип жатат.
- Геронтология маселесин башка өлкөлөрдө изилдеген коомдук уюмдар бардыр?
- Карылыктын ушул сыяктуу маселелерин изилдеген Европа, КМШ өлкөлөрүндө мурда эле коомдук уюмдар пайда болгон. АКШда өткөн кылымдын 30-40- жылдарында эле түзүлсө, СССРде геронтология боюнча коомдук уюм 1963- жылы Киев шаарында уюштурулган. Кыргызстанда буга чейин геронтология маселесин изилдеген эч кандай уюм болгон эмес. Азыр Россияда, Украинада, Казакстанда, Балтика өлкөлөрүндө, Грузияда мындай коомдук уюм түзүлүп, иштеп жатат. Россиялык,казакстандык кесиптештердин жардамы менен биз да ошол кемчилдин ордун толтуруп, геронтологдор коомдук уюмун түздүк.
- Жакында өткөн геронтологдордун жыйынына да барып- келипсиз, кандай маселелер көтөрүлдү?
- Санкт- Петербург шаарында Бириккен Улуттар Уюму Россиянын геронтология коому менен бирдикте чоң жана кызыктуу семинар өткөрдү. Ага КМШ өлкөлөрүнүн геронтология уюмдарынан өкүлдөр келди, СССРдин геронтология коомунун президенти Безруков В. В. катышты, ал киши азыр Украинанын геронтологдор коомун жетектейт экен, Россиянын геронтологдор коомунун президенти Анисимов В. Н., Казакстандыкы- Бенберин В. В., Россиянын геронтологдор коомунун вице- президенти Хавинсон В. Х. келди. Бул киши Санкт- Петербургдагы Россия Илимдер Академиясынын биорегуляция жана геронтология институтунун директору болуп иштейт экен.
Тажрыйба алмашып, көп фактыларды билип кайттык. Демография терезеси деген термин бар экен. Өнүккөн көп мамлекеттер ошондой демография терезеси деген категорияга кирип калыптыр. Бул өлкөдө кары кишилердин саны 8-16 жаштагылардан көп болуп кеткендеги көрүнүш экен. Кыргызстан демографиялык терезеге 2010-жылдан 2045- жылдарга чейин кирет деген Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби бар.
2050-жылы кары кишилер дүйнө калкынын 50 % ын түзөт экен. Бул мамлекеттин жашоо- турмуш жагдайына, финансылык- экономикалык көрсөткүчүнө чоң таасирин тийгизет. Кыргызстан да ушул өңдүү маселелерге эмитеден камылга көрүшү керек.
- Кийинки убактарда дүйнөдө орточо жашоо курагы узарып баратат. Бул да жакшы көрүнүш да, туурабы?
- Ооба. Мисалы Япония узак жашоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда баратат. Ал жакта орто жашоо 82 жаш. Кыргызстанда жашоонун узактыгы 67.5 жаш болду. Мурда 80 жаштан өткөндө өтө карыган курак деп эсептелсе, жаңы, "төртүнчү жаш" деп аталган термин пайда болду. Ал эми Свазиленд деген мамлекеттегилер эң аз жашайт, орточо - 33 жаш экен.
- Кары адамдардын санынын көбөйүп, жаштардын азайышы демографиялык кризиске байланыштуу болуп жатат да…
- Ооба. Төрөлгөндөрдүн саны азайып жатат. Дүйнөдөгү балдардын саны 30 % дан 20 %га азайыптыр.
2050- жылы дүйнөдө кары адамдар менен жаш адамдардын саны теңме- тең болуп калат экен. Ал эми жаш муундардын саны кары адамдардан азайып кеткен кезде финансылык- экономикалык чоң маселелер келип чыгаары белгилүү. Польшада 2025- жылы ВВПнын 22 %ын кары адамдарга жумшап калат экен. Андан кийин Украина 19% жумшаш керек экен.
- Келечекте жаштардын санынын азайып кетүү коркунучуна биздин өлкөдөгү миграция маселеси да таасирин тийгизип жатат да…
- Ооба. Кыргызстанда болжол менен алганда миллионго жакын эмгекке жарамдуу жана кыргыздын тукумун улачу жаштарыбыз сыртта жүрөт. Айрымдары башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууда. Башка жактан жар күтүп, үй- бүлө куруп кетип жатышат. Булардын баары коомчулукту кооптондура турган, терең ойлонто турган көрүнүштөр.
- Демографиялык абалды жөнгө салуу боюнча өкмөт бир катар чараларды көрүшү керек да…
- Россия өкмөтү бул жагынан бир катар чараларды көрүп жатат. Көп балалуу үй- бүлөлөргө квартира бөлүштүрүп, материалдык жактан кызыктыруучу чараларды көрүп. Биз да бул жагынан бир катар чараларды ишке ашырышыбыз зарыл.
- Өзгөчө айыл- кыштактарда көбүнчө кары- картаңдар калып жатат…
- Ооба, айылдарда көбүнчө кары- картаңдарыбыз калып жатат. Айылдагы жашоо абдан оор экенин көрүп,жүрөгүбүз зырылдайт. Жарык өчөт, үйлөрдү көмүр жагып жылытканга чама- чарк жетпейт. Оору- сыркоолоп калган кары- картаңдар доктурга көрүнүп, дарыланганга чамасы келбей баратат.
Санкт- Петербургда бизге геронтологиялык борборду көрсөтүштү. Карылар ошол жерде дарыланат экен . Жатып чыккандан кийин кадимкидей эс алып калаарын айтышты. Биздин коомдун демилгеси менен тоолуу райондордун биринде геронтологиялык борбор уюштуралы деп жатабыз.
- Биздин өлкөдө геронтолог адистер барбы?
- Бул маселени атайын изилдеген адис окумуштуулар жок экен. Ал эми тармактар боюнча жалпы эле статистикалык маалыматтар менен чектелип калат экенбиз. Кыргызстандагы демографиялык терезе деген маселени Бириккен Улуттар Уюму иликтеп чыгыптыр, балким Кыргызстан да өзү иликтеп чыкса жакшы болмок. Биз ошол себептен проблема болуп калганда эмес, анын алдын алуу боюнча коңгуроо кагып жатканыбыз. Өкмөт бизде башка да толтура көйгөйлөр бар дебестен, ушул келечектүү маселеге да көңүл бөлүшү керек. Мисалы азыртан эле пенсияга чыгып, бирок иштөөгө кудурети келген кишилерди иш менен камсыздоо, карылардын туура тамактанышына , медициналык жактан көзөмөлгө алууга көңүл бөлүү дегендей.
- Сиздердин коомдук уюм башка коомдук уюмдар, партиялар, алсак пенсионерлер партиясы ж.б. менен биргелешип иштешеби?
- Биз коомдук уюмдар менен да, мамлекеттик структуралар менен да тыгыз иштешүүгө даярбыз.
Санкт-Петербургда Россия Илимдер Академиясынын биорегуляция жана геронтология деген институту бар дебедикпи, мына ошол институттун адистери кары адамдар үчүн биологиялык активдүү кошулманын жаңы түрүн табышыптыр. Ал пептит деген дары экен, биз мына ошол институт менен келишим түзүп, Кыргызстанга ошондой препаратты алып келгени турабыз. Бул да болсо, жашы жеткенде да мурдагыдай эле активдүү болууга, ден соолукту чыңдоого өбөлгө болчу каражат болуп калмакчы.
-Сиз Санкт- Петербургга барып келдиңиз, учурдан пайдаланып дагы бир суроо бере кетейин, ал жактагы биздин мигранттар кантип атыптыр, дүйнөлүк кризис деп эле жатышат, аларда кыскаруу болбойт бекен?
- Дүйнөлүк кризистин капшабы Санкт- Петербургдагы мигранттарыбызга да таасирин тийгизип жатканын байкадым. Ал жакта 10 миңдей жумушчу орду кыскарып жатыптыр. Биздин көпчүлүк кыргыз балдар да кыскарууга туш болууда. Ал жакта рублдин еврого, долларга болгон курсу да төмөндөп жатканын көрдүм. Баалуу кагаздар рыногунда да ылдыйлоону байкоого болот. Санкт- Петербургда жүргөн кыргыз мигранттарыбыздын бир тобу менен жолугуп, сүйлөштүм, аларда мындан ары бала- чакабызды кантип багабыз деген тынчсыздануу бар экен. Ал эми биздин Өкмөттөгү чиновниктер болсо дүйнөлүк кризис бизге таасирин тийгизбейт деп айтып жатат. Мигранттар өлкөбүзгө бир миллиарддан ашык акча жөнөтүп турушчу эле, эми ал акчанын саны 2-3 эсеге кыскарышы мүмкүн. Анан бизге анын таасири тийбей коймок беле?

Маектешкен
Айгүл Бакеева










??.??