presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Саан жыл

Келе жаткан Жаңы, 2009- жылыңыздар менен!
Жаңы жыл майрамы бизге башка элдерден, башка цивилизациядан келди дегенибиз менен, ал апакай кыштын жаркын майрамы, үй-бүлөлүк майрамы катары терең сиңип кеткен. Жыл санагынын башы, алгачкы күнү катары жаңы жылга биз да жаңы үмүт, тилек, максаттар, айтор изги каалоо- тилектер менен келебиз. Бул күндөрү да ириде Жаңы жылдык дасторконго эмне койсок, кандай кийинип, кандай тосуп алсак деп, чарбабызды, иштерибизди,үйүбүздү тырмышып жыйыштырып- териштирип, жашоонун жаңы тепкичине чыгуу алдындабыз.

Дасторкон жасалгасы
Келаткан жыл уй жылы же тагыраак айтканда бука жылы. Уй болсо үй жаныбары болгонун эсибизге алсак, Жаңы жылды үйдөн чыкпай, үй- бүлөлүк жылуу очокто тоскон жакшы экенин түшүнөбүз. Албетте, ырым кылып дасторконго уйдун этин, уйдун этинен жасалган тамак- аштарды койбогонуңуз туура болот. Негизинен жашылча- жемиш, чөп -чар, дан азыктарын өзгөчө кастарлап коюш керек. Айрыкча таттуу кошулган азыктар: торт, печенье, кекс ж.б . тамактарды түрлөп жасалгалаңыз. Албетте, кыргыздар этсиз тамак жебеси белгилүү, ошондуктан уйдун эти болбосо да койдун, канатттуулардын этинен жасалган азыктарга маани бериңиз. Уйдун этин койбогон менен дасторконго чий боорсокту барсайтып бышырып, сары майдан томуруп, балкаймак, камкаймак, чөбөгө, сыр жана да айран сүттү арбын коюңуз.
Дасторкондо жыгач кашыктары, жыгач жана керамикадан жасалган идиштерди пайдалансаңыз, ого бетер жакшы.
Жаңы жылдык столду үйдүн дал ортосуна койсоңуз болот.

Үй жасалгасы
Индия өлкөсүндө уйду пир тутаары белгилүү. Ал эми уй жылында алар уйду андан бетер кадырлап- кастарлаары бышык. Бизде болсо музоо- торпоктон баштап, бука- уйлардын түрүн тартуулаган сувенирлер жайнап сатылып жатат. Корооңузда уюңуз болбосо, уй жаныбарынын сувенирлерин сатып алыңыз. Жаңы жыл алдында арчалап үйдү аластап, жыйып- терип, эски буюмдарды, кийимдерди жетишпеген адамдарга таратыңыз. Жардамга муктаждарга колуңуздан келген жардамды бериңиз.

Жаңы жылдык кийим
Адатта жылдын башын кандай тоссоң, андан кийинки күндөрүң да ошондой уланат деп коюшат. Уй жылында кызыл түс же ачык түстөгү кийимдерди кийбеген жакшы. Күрөң, боз, кара менен ак аралаш түстөрдөгү кийим- кече кийип тосуңуз. Кийим аксессуарлары табигый товарлардан, булгаарыдан, пахтадан, жүндөн болгону жакшы. Сөйкө-шакектер алтын, күмүш, табигый таштардан болушу керек.

Саламат Садыкованын Севилден үйрөнгөн салаты
Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова быйыл Испанияда ийгиликтүү ырдап, Андалузия бийине суктанып, Европанын башка өлкөлөрүнө чакыруу алып келүү менен бирге Испаниянын Севил шаарынан салаттын мындай түрүн кошо үйрөнүп алыптыр. Биздин окурмандар менен рецебинен бөлүштү.

Испан салаты:
150 грамм тооктун эти, 100 гр. сельдерей, 50 грамм таттуу болгар калемпири, бир жумуртка, салат жалбырагы, 1 чай кашык оливка майын даярдап аласыз.
Тооктун этин сууга бышырып алып, кесмедей кесип туурайсыз. Сельдерейди майдалап, теркадан өткөрөсүз, ага калемпирди туурап, пиязды тегеректеп кесип, жумуртканы жана салат жалбырагын самандай кесип, уксус жана оливка майын куюп, тузун татытып коесуз.

Короо- жайыңыз…
Эгер чарбаңыз болсо, жыл жаңыраар алдында уй байлаган сарайларыңызды мизилдете тазалап коюңуз. Кыгы чыкпаган, жылууланбаган короодон береке кетет. Анан да жаңы жыл жаңыраар алдында өзүңүздүн эле столуңузду, тамагыңызды эле ойлонбой, уйга да камкордук көрүшүңүз керек, Уйдун мойнуна жаңы жылда ырымдап чүпүрөк байлап, ошол күнү өзүңүз ичкен туздан кошуп жем- чөптөн арбыныраак салып, камкордук көрүңүз.

Белек берсеңиз…
Төлгөчүлөрдүн айтканы төмөнкүдөй:
Уй жылында мындай белектер ылайык:
Токту белгисиндегилерге-автомашина, самурай кылычтарын, аялдарга зергер буюмдарын;
Текечерлерге- акцияларды, аялдарга- алтын жана башка баалуу зергер буюмдарын;
Эгиздерге- ноутбук;
Бөйөндөргө- көңүл кушун, ышкысын көтөрүү, аялдарга бийик така;
Арстандарга- комплимент, булгаары кийимдерин, мех шуба;
Бийкечтерге- автомобиль, аялдарга ич кийим;
Таразаларга- портфель, капчык;
Чаяндарга-деьфиндери бар электрондук кичине фонтан;
Жаачыларга- саат;
Текечерге- гитара, музыкалык синтезатор, сотка;
Суу перилерге- велосипед, мопед;
Балыктарга- көркөм сүрөт.

Жылдын белеги
Чычкан жылы төрөлгөндөргө- брелок, браслет, кайыш кур
Уй жылындагыларга- бриллинты же табигый таштуу зергер буюмдары
Жолборс жылындагыларга- сердолик
Коен жылындагыларга- бардык белектерди
Улуу жылындагылар ( дракон) - хризолит
Жылаан жылындагыларга- бардык жалтырактарды, зергер буюмдарын
Жылкы жылдагыларга- аквамарин
Кой жылындагыларга- бриллиант, платина зергер буюму
Маймыл жылындагыларга- саат
Короз жылдагыларга- топаз
Ит жылындагыларга- алтын
Доңуз жылындагыларга- алтын
тартуу кылыңыз.

53 жума- Жакшылык
Жаңы жылдык куттуктоо айтсаңыз деп бир окурмандардан сурасак, Тилек аттуу жигит мындай деген куттуктоо жиберген экен:
12 ай бою оорудан алыс болгула,
53 жума - жакшылык болсун
365 күн бакыт,
8760 саат ийгилик
525600 мүнөт сүйүү
31536000 секунд - сонун сезимдер!
Бир жыл деген ушунча күн, ушунча мүнөт, ушунча секунд экен. Караңызчы, канча аз!

Даярдаган Айжан Айтышева









??.??