presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Бүгүн эрте - эртең кеч..."

Күйгөндөн айтам бир сабак
Француздардын жакшы макалы бар: маймыл канчалык өйдөлөп бутактан-бутакка секирген сайын, кызарган көчүгү ошончолук даана көрүнөт дейт. Кыргыздын көбү азыр улууну урматтабайт, кичүүнү сыйлабайт. Себеби, орус империясынын тутумунда бир кылым жашап, кошоматка, өйдө карабаган жалтактыкка, ичтен ийделетип интрига жасаганга жедеп көнүп алган кыргыздар, ириде интеллигенция улуттун кадыр-баркына доо кетирип, кыргыз жок болуп кетсин деп атайын диверсия жасап жатышат. Азыр деле, балдарын кара, бүт орусча окуйт, орусча сүйлөйт, кыргыз десе, өзү деле бети табактай болуп турат да, кыргызчаны жек көрөт. Орусча сүйлөсө кыргыздан эки тепкич өйдө раса катары эсептейт. Кыргыздын акыбалы азыр ушундай.


Эгер бул жүрүш бара берсе, орустар биздин туугандарыбыз якуттар, ненецтер, буряттар, чукчаларды зордоп чокундук динине киргизип, Владимир Иванович, Самойлов, Тимофеев деген аттарды коюп, колуна паспорт карматып, тилинен да, дининен да таккесе кол жуудурган империялык каракүчтү кыргыз интеллигенциясы жумшап-тескебей эле, өз эрки менен жүзөгө ашырып жатышат. Түбүңдү ое тиктеп көрсөң, кейиш… Шайлообек баштаган үч-төрт акылдуу акыны, он чакты мыкты төкмөлөрү гана кыргыздын кырарка рухун кармап тургандай. Ырчы-обончуларыбыздын дээрлиги тетир кетип жатышат. Катынын, атасын, баласын, мерседесин мактаган ырлардан адамдын бети кызарат. Керим, Саламат кыргызды өйдө көтөрөйүн деп жан сабап атышат, бержактагылар өз билгенин жасап кетип атышпайбы. Же жалганбы? Алтынчы, демалыш күндөгү арноо концертин кара "Кыргызбай балам, жарым жашка чыкканыңды куттуктайм. Ошол неберемди тапкан уулум Мамадалиге, келиним Санабийрага куттук айтам…" дейт. Ушундай нравага жат нерселерди КТР эмнеге берет. Бактыбек менен Гүлшан жумушу экен, окуй беришет. Бирок элдин адеп-ыйман деген абийир постулаты болушу керек да, туурабы. Туура эмес десеңер өзүңөр билгиле.
Эмне үчүн нрава бөксөрдү. "Кызыл деректирлер" өлкөнү талап-тоноп баштаганда, атасы салып бергенсип зоот-фабрикаларды ээлей баштаганда, "легендарлуу" парламент спикери "бүгүн эрте - эртең кеч" деп маселе чечпей шыйпаң саясат жүргүзгөн Шеримкулов-акылдар турганда, эл акыны аттуунун баары көчүгү сасыгы чиновниктердин көчүгүн жыттап, ода жазып калганда, иши жок жаштар жинденип күчүн арактан чыгарып калганда, мадонна-первая ледибиз кыз болуп созулуп, президент күйөөсүн папка менен башка чапканда малдан жок, жерден жок ары-бери баскан убагыбыз өттү. Азыр деле оңуп кеткенибиз жок.
Министрлердин дээрлик жарымынан көбү кошомат, интрига, ушак менен алек. Акүйгө жөн эле кире беришпейт.
Мени министрлер "голословно айтып атасың" деши мүмкүн. Үч-төрт министр ымалалаштарым бар, ушундай дейт. Бакыт Бешимов эмнеге эле өзү түштүктүк болуп туруп, "бизге Кокон хандыгынын эрежелери эле эмес, өзү да келди" деп айтып жатканын түшүнсө болот. Кокон хандыгы бийликтин ички сырларын өздөштүрмөк түгүл, мен деген мыктылардын башын алып, акырында, айталы, Мадали хан оруска жашынып, он тогуз арабага алтын-парчасын жүктөп бараткан бойдон жок болбоду беле. Биздин бир ханыбыз катын-кызынын азабынан качып жок болду…
Татьяна Бакиева, оозу күйгөн үйлөп ичет болуп, Курманбек Салиевичтин жанына жолобойт. Туура кылат. Акылдуубу, же жазганабы, Татьяна жеңебиз кыргыз саясатына киришкени жок. Маселе өзөгү мында деле эмес.
Бийлик качан да болсун, кайсы доордо болбосун, кырчылдашкандардын эге шиши. Акырын бассаң аксак дешет, катуу бассаң таскак дешет. Ошондой болгондо да, эл алдында жооп бере турган күн келет. Лимитиң түгөнөт. Узартайын десең узартышпайт.
Акаев, мисалы, кыргызга жаманчылык жасаганы жок. Кыргызстанга Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен алгачкысы болуп демократия киргизди. "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деди. Жыл сайын бир саясат көтөрүп атты - аялдар жылы, тоо жылы, дагы башка. Кыргыз-орус басма сөзүн ээнооздукка үйрөттү. Ким эмнени кааласа жазып атты. Ажына болуп кеткен гезиттерди жаап койгону, балким туура эмес чыгар. Анын тозогун мен да тартып калдым. Үчүнчүсү, Аскар Акаев элге интеллигент ким экенин үйрөттү. "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" дегендей, эгер бозуп кеткен болсо, кыргыз өңү Акаевдин өңүндөй" деп койсо болот. Курманбек Салиевичти да оңдурушпай жатышат. "Атын баласынан аяган тейиттер кыргызга жакшылык кылмак беле" дегендер четтен чыгат. Курманбек Салиевич эл эгеси катары муну көңүлүнө түйүп жүрсө керек.
Экономика өсүп атат деп кол бала орус Чудинов айтат. Чудинов менен Ногоев экономиканы өстүргөнү жок. Кылбайт дагы.
Арыстанбек Ногоев эки заманда жакшы жашаган киши. Акаевдин ишенимдүү кишиси катары Кеминде, Кочкордо аким болду. Бул жигит жалаң эле сый үстүндө келатат. Эмне үчүн Акаевич Ногоевди Бакиевчил күч коргоп келатат десек, бул берет экен дешет. Ушактын ээги узун го… Кечээ Россиядан келген 12 миң тонна үрөн буудайды менчиктеп алганын текшерүү органдары алып чыкты. Генпрокуратура азыр бул иш боюнча төрт кишиге кылмыш ишин козгоп жатат. Шаар бийлигин башкарды, райондордо аким болуп, картошка казганына чейин билет, бирок ыйманы… соттотуп ийип кутулабы. Же дагы бийлик каралашабы.
Жолдошбек
Зарлыкбеков




  Аксакалга ачык сөз!

Нурлан Мотуев, "Жоомарт" элдик кыймылынын лидери:
"Көмүр кендери боюнча идеямды өкмөт көтөрүп чыкты"
-"Кара кече" көмүр кени батыш, борбордук жана чыгыш болуп 3 кө бөлүнөт. Борбордук бөлүгүн 80 жылдардан бери эле "Ак улак" мамлекеттик ишканасы иштетип келген. Орозбек Дүйшеев деген аксакал айтып жүрөт "өзүм Таластык болсом да, Миң-Кушта агарып-көгөрдүм, мени жумгалдыктар чоңойтту" деп. Миң-Куштан чыккан фломастер "Оргтехника" заводдун учурунда талкалаган. Өзү 80ге чыгып калды, ошол 80ге чыгып калганын билбей, "Ак улакта" директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп, бизге окшогон жаштарга бут тосуп, иштетпей келатат. Же тигил жактагы көмүр кендери иштеп жатсачы. Эч кандай техникасы жок, сотто Абдрахман Бабасиев дегенге уттуруп коюп, кол жууп калган. Аксакал айтып жатат "Рахманов менен Мотуев көмүр кенине келип, төрт айдын ичинде талкалап салышты" деп. Эч качан андай болгон эмес. "Кара кече" көмүр кенинин борборун "Ак улак" ишканасы иштетсе, чыгыш бөлүгүн Камчыбек Жолдошбаевдин "Беш сары" ишканасы иштетип турган. 2001-жылы Акавге таянып, барып туруп эле зөөкүрлүк кылып "Ак улак" ишканасы иштетип жаткан карьерди тартып алган. Ал жерде 37 млн көмүрдүн запасы бар эле. Ошол жерге зым тростторду ыргытып, тросттон бери өтсөңөр баарыңарды өлтүрөм деп коркутуп-үркүтүп алып койгон. Ошондо "Ак улак" ишканасынын директорунун орун басары Жолдош Элебесов дегенди Камчыбек Жолдошбаев сабап кирген, ошол учурда ал жерге Орозбек Дүйшеев менен Тилек Сабыров келип калат. Анда Табышов "Ак улакта" генералдык директор, Дүйшеев болсо директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп турушкан. Келип мушташып жатканын көрүп Жолдошбаевди кой дегенге жарабай, карап турушат да, кайра Жолдошбаевдин машинасына чогуу түшүп кетишкен. Маселе кайда жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Ошентип борбордук бөлүгүн Камчыбек Жолдошбаевге алдырып коюшат. Биз 24-мартта революция жасагандан кийин мен ошол жерге барып Жолдошбаевди кууп чыгып, "бар иштесең батыш бөлүгүнө иште, иштебесең жок бул деген мамлекеттики" деп туруп, мен аны мамлекетке алып берем. Анан мен кандайча төрт айда талкалаган болуп калам, эч бир түшүнүксүз болуп турат. Кайра мен элге, мамлекетке алып берип жатпаймынбы. Мен барганга чейин ал жерди Камчыбек Жолдошбаевдин "Беш сары" ишканасы чыгыш жана борбордук бөлүгүн иштетип, батышын Майрам Акаеванын "Мээрим" фондусу иштетип жатыптыр. Же иштеткен көмүрлөрү деле жок, жумушчуларга берилбеген айлыктын көлөмү 6 млн болуп кетиптир. "Ак улакта" бир көмүр жары бар болчу, ортосун жапысы 50 метр, узуну 100 метр бир көл бөлүп турган экен. Ошондон ары өтө албай эле ошол көлдү сордурабыз деп мамлекеттен жыл сайын 4млн, 10млн деп бөлдүрүп алып эч бир жыйынтыктуу иш деле кылышкан эмес. Мен баргандан кийин мындай аракет менен ал жерди өздөштүрө албайбыз деп туруп, жакшылап изилдеп көрсөк, ошол жакка барганга тоолордун арасында жолдор бар экен. Мына ошол жолдордун изи менен тоолорду омкоруп туруп 2 млн сомго жол салдыргам. Аны да мамлекеттин эсебинен эмес, өзүбүз өндүргөн көмүрдөн түшкөн 37 млн сомдун эсебинен салганбыз. Ал жерде 300 миң тонна көмүрдүн запасы болгон. Ишенбесеңер "кыргыз көмүрдүн" жетекчилеринен сурап көргүлө, "Ак улактын" пайдасына жанагы көмүр кенин ачып кеткен Мотуев беле?" деп. Албетте, ооба дейт! Азыр болсо 40 миң тонна запас бар деп жатышат. Карандай калп. Кыргыздын жаман бир сапаты ушул да, адамдын жакшылыгы тирүүсүндө айтылбай, өлгөндөн кийин өлө мактап жатып калышат. Орозбек Дүйшеев аксакалды мен ушул кезге чейин аксакал деп унчукпай сыйлап келгем. Мени 4 айда "Кара кечени" сызга олтургузду дегенине ичим ооруп турат. Мен эмне 300 миң тонна көмүр карьерин ачып жатып, 6 млн айлык аласасы бар жумушчулардын айлыгын төлөп берип да караланып калышым керекпи? Ушул жылдын 9-январында Игорь Чудинов "Каракече" көмүр кенинин 71% акциясы мамлекеттин карамагына өтсүн, деп мен көтөрүп чыккан идеяны көтөрүп чыкты. Эгер мен "Кара-Кечени" сызга олтургузсам, өкмөттүк деңгээлде менин идеям колдонулмак эмес жана мен сотто жеңип чыга алмак эмесмин.

Күнболот МОМОКОНОВ










??.??