presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Ааламдын" ааламында эмне кеп?

Cвердлов электричкасындагы өрттөн курман болгондор дагы 2 адамга көбөйдү
Свердлов областындагы электричканын вагонунун ичиндеги чатактан айынан бир адам көңүлдөшү менен кызынын башынан ылдый тез өрттөнө турган суюктукту куюп туруп, ширеңке тутантып койгондон кийин, эсине келгенби өзүн-өзү өлтүрүү үчүн кекиртегин кесип таштаган. Бул окуя Шарташ - Нижний Тагил маршруту боюнча кетип бараткан жүргүнчүлөрдүн электропоездинин вагону өрттөнгөндөн кийин болгон.

Кондолиза Райс Джордж Бушка караганда белектерди көбүрөөк алат
Райс Иордания менен Сауд Аравиясынын королдорунан суммасы 316 миң долларды түзгөн алтын-күмүш белектерди алган. Мунун наркы Бушка берилген белектерден эки эсеге көп. АКШнын Мамдепартаментинин билдиргенине караганда Кондолиза Райска белекти Сауд Аравиясынын королу Абдалла ибн Абдель Азиз Аль Сауд берген.

Майкл Джексон өпкөсүн алмаштырууга муктаж эмес
Ырчы Майкл Джексондун расмий өкүлү Томе Томе мурунку "поп -музыка королунун" оор абалы жөнүндө маалыматты четке какты. Томе Томенун пикири боюнча Ян Хальперин Джексон жөнүндөгү өзүнүн китебинде чуу чыгарыш үчүн гана ойлоп тапкан. Деги Майкл Джексонду каптаган ушактын аягы үзүлбөйт. Мындан бир топ мезгил мурун мурду түшүп калды деп айтылган аңыз кептерге, ушул жылдын август айында 50 жылдыгын белгилеген ырчыга, генетикалык оорунун айынан бир жак көзү көрбөй баратат, ошондуктан өпкөсүн алмаштырыш керек деп чыгышкан.

Газды экспорттоочу-өлкөлөрдүн форуму Уставын бекитти
Өлкөлөрдүн макулдашуусу - юридикалык жактан милдеттендирүүчү документ болуп саналат, бирок ал газды өндүрүүнү жана бааларды макулдашууга эч кимди милдеттүү кыла албайт деп билдирди кечээ күнү Катар, Россия жана Алжир мамлекеттеринин өкүлдөрү. Ошону менен бирге дүйнөдөгү жаратылыш газынын корунун 72%, аны өндүрүүнүн 42% Россия, Иран, Катар, Венесуэла жана Алжир мамлекеттерине таандык.

Гвинеянын премьери өлкөдөгү согуштук төңкөрүш жөнүндөгү билдирүүнү төгүнгө чыгарды
Өлкөдөгү бийликти аскерий адамдар ээлеп алышты. Гвинеяда кечээ күнү аскер төңкөрүшү болду. Гвинея армиясынын солдаттарынын тобу көтөрүлүшкө чыккандардын аракетин жеринде басышты, - деп билдирди Батышафрикалык мамлекеттердин парламентинин төрагасы Абубакир Сомпаре. Гвинеянын Парламентинин төрагасы Абубакир Сомпаре мыйзамга ылайык президент өлгөн учурда өлкөнү башкарууну өз колуна алат.

Сальвадор өз аскерлерин Ирактан 31-декабрдан кийин чыгарат
Сальвадордун президенти билдирүү кылардан мурун Ирак парламенти БУУнун резолюциясын алмаштырып, АКШнын союздаш өлкөлөрү, анын ичинде Сальвадорго да тиешеси бар мыйзам кабыл алган . Анда алар аскерлер 2009-жылдын августуна чейин калганга уруксаат берилген. Сальвадор өз аскерлерин 31-декабрдан кийин чыгарып кетет, - деп билдирди мамлекет башчысы Тони Сака. Сан-Сальвадор латынамерикалык мамлекеттердин ичинен аскер адамдары Иракта кызмат кылып жаткан жалгыз өлкө болуп саналат.

Түштүк Осетиядагы жаңжал учурунда 48 россиялык аскер адамы курман болду
Түштүк Осетияга каршы агрессиянын жүрүшүнө чет элдик баш кесерлер, анын ичинде украиналык улуттук уюм болгон УНА-УНСОнун согушчандары активдүү катышкан, - деп билдирди РФнын өкүлү Александр Бастырыкин. Анын айтымында тергөөчүлөр август айындагы окуядан 162 карапайым адам курман болгонун аныктап чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин самолету жол кырсыгынан жапа чеккен россиялыктар үчүн Египетке учуп чыккан
Египетттеги жол-транспорт кырсыгынан жапа чеккендерди эвакуациялоо үчүн Россиянын ӨКМнин бортуна дарыгерлер менен психологдорду салган ИЛ-76 самолету учуп чыккан. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Египеттин Кызыл деңизинде туристтик автобус менен жол кырсыгына кабылган россиялык жана чет элдик жарандардын тизмесин жарыялады.

Япония Россияны чет элдик машиналарга алымдарды жогорулатпоого чакырды
2009-жылдын 12-январында Россияда жеңил жана жүк ташуучу чет элдик машиналарга бажы алымдарын жогорулатуу жөнүндө Россия Өкмөтүнүн токтому күчүнө кирет. Япония Өкмөтү келип жаткан чет элдик машиналарга январдан баштап алымдарды жогорулатуу жөнүндө чечимди алып таштоого чакырды жана Москвага өз позициясын билдирген маалыматты билдирди.

Марска барып келүүгө талапкерлер тандалды
105 күндүк имитиция бүткөндөн кийин толук түрдөгү "Марс-500" программасын аткаруу ишке киришет. Атайын модулдун ичине жайгашкан алты талапкер 520 күн бою бул дүйнөнүн түйшүгүн тартпай, Кызыл планетага учуунун шартын имитациялап, 520 күн бою ары-бери тоголонуп жата беришет.

"Аалам"-пресс










??.??