presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Кумтөр" кайрыктары…

Жарды Кыргызстан "Кумтөрдөй" ири кенди өзү иштете алабы?
"Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги маселелерди иликтей баштагандан тартып көп адамдар менен пикир алыштым, гезиттерде басылган "ондогон чакырым" макалаларды окуп чыгууга туура келди. Моюнга алыш керек, "Кумтөр" жөнүндө буга чейин менде жыргаткан деле маалымат болбогон экен. Анын үстүнө, ичкүйдүлүгү башынан ашкан, жаманды көрүп гана табасы канаар кыргызга объективдүү болуш өтө эле кыйын эмеспи, "жерибизди ууландырып атат", "алтыныбызды казып кетип атат" деген жалпы кыйкырык "хорго" макала жазып, үн кошпогон менен, дилимде ыктап келгеним чын.


Мындай ыр тээ "Кумтөр" кени ачылгандан бери эле айтылып келатпайбы, аны угуп атып өзүнчө бир муун өсүп жетилди деп айтсак да болот. Жедеп эскирип бүткөн бул обонду куру кыйкырыктан жадабаган, "самопал" патриоттор бүгүн да эрмектеп атыры. Ал гана дейсиңби, "кенди өзүбүз иштетебиз, өзүбүз кылабыз, жасайбыз" деп чамынгандар чыкты. Алыс, суук өлкө Канададан келип иштеп жаткан ишкерлер биерде даяр алтынды казып коюп гана пайдасын өзүлөрү көрүп, кембагал кыргызга "эчтеме артпай аткан" имиш. Бул чынында ушундайбы, кенди "өзүбүздүкү" кылган күндө аны иштете алабызбы, ж.б.у.с. соболдордун тегерегинде калыс ой калчап көрөлү.
Жакында эл депутаты, кыргыздын мыкты уулдарынын бири, мурдакы армия офицери, ишкер, бүгүн төбөсү көрүнгөн саясатчы К.Исабеков мырза "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин аскерий түздүк менен кабыргасынан катуу койду. Ал кишинин тобокели тоодой (эмне үчүн минтип жатам, ылдыйда айтылат) бул чечимге барышынын өзү, балким, кимдир-бирөөлөргө улут үчүн жаны күйгөн азаматтын эрдиги катары бааланаар, бирок тоо-кен иштеринин көзүн чыгара билген адистер тарабынан, жумшак айтканда, эси жок жорук катары кабыл алынды.
Кубанычбек Сатиндиевичтин позициясын, жүйөөлөрүн кеңири чагылдырып, окурмандарга жеткиргенбиз, менимче аны кайрадан тизмектеп отуруунун кажети жок. Макаланын тонун байкап, "шектүү бирдеме" издегиси келген окурмандарга ачык эле эскерте кетейин, мага Исабековдун жана аны жактагандардын да, канадалык ишкерлердин да, жүйөөлөрү бирдей даражада, кайсы бирин жанталаша жактайын деген оюм жок, болгону калыс маалымат берүү милдетим болгон соң, ошого гана баш ием.
Ушу жерден бир аз чегинүү жасап туруп, алтын казуу тарыхына байланышкан айрым бир нерселерге тактык кийирип коюуну ылайык көрүп турам.
Бүгүнкү күнгө чейин Б.Бирштейн жана анын "Сеабеко" компаниясын Акаевге кошуп сөгүп жүргөндөр көп. Туура эле кылышат. Анткени бүгүн Акаев да, анын "досу" Бирштейн да, ал алып чыгып кеткен 1,5 т алтын, 100 кил күмүш да жок. Экөөн тең кармап же алтынды кайтара албагандан кийин сөкпөгөндө эмне кылабыз. Бирок муну бүгүнкү күндө иштеп жаткан канадалык кампаниялар менен байланыштырыш туура эмес ко деп ойлойм. Анткени бул жерде Бирштейндин кампаниясы ортомчулук гана милдетти аткарып, "алаарын алып" дегендей, эчак эле жоголгон. Б.а. бул чоң бизнестеги кадыресе көрүнүш, "Сеабеконун" бул жерде эмне иштерди кылганын, дегеле аны Кыргызстанга ким таап бергенин ж.б аки-чүкүсүн буюрса, Д.Сарыгуловдун кай бир жылдарда барып, балким жарык көрөөр мемуарларынан окуп калгыбыз бардыр. Анткени алтынга байланышкан көп сырлар ушу кишинин ичинде экенин элдин көбү билет. Аны а киши урпактарга ачабы, жокпу өзү чечсин, биз болсок кептин өйдөкү нугуна кайталык. Кыргызстан менин билишимче өзүн-өзү адам укуктарын сыйлаган, демократиялуу өлкө деп жар салса керек эле. Мындай өлкөдө мыйзамдын гана диктатурасы болушу керек, туурабы? Баш Мыйзам болгон Конституцияга ылайык, жер астындагы жана жер үстүндөгү байлыктар Кыргыз Республикасына таандык. "Кумтөр" кени да мына ушу байлыктардын катарына кирет жана мамлекеттин менчиги болуп саналат. "Кумтөр" эч кимге сатылган эмес, эч ким тарабынан приватташтырылган эмес. Канадалык кампанияларга кен иштетүү жана чалгындоо үчүн гана берилген. Демек, мамлекетке таандык кенди улутташтыруу т.а. мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө сөз кылуунун өзү туурабы? Канадалыктар бул жерде инвестор катары гана иштеп жатышат. Муну алардан "Кумтөрдү" жөн эле каракчыдан бетер баса калып, тартып алса болот деп түшүнбөө керек. Инвесторлордун укугу КРнын "Инвестициялар жөнүндөгү" Мыйзамы тарабынан корголгон. Ага ылайык инвестициялар улутташтырылбайт. Экинчиден, улутташтырган күндө да Мыйзамда каралган бардык тартиптер бекем сакталат. Маселен, "Кумтөр Голд компанинин" активдерин, ага кошуп түшпөй калган пайда чыгымын (3-3,5 млрд доллар) ага дагы кошуп фабрика, кала турган жабдык шаймандардын акчасын (бу да миллиарддан бир топ жогору) дың дебей санап беришибиз керек. Мыйзамда өзүбүз ушинтип жазганбыз. Төлөгөндө да жылдан жылга чоюп, кыргызча сүйрөбөй, 1 гана жыл ичинде төлөшүбүз керек экен. 2-3 жылга чаап кетчү болсо өсүп отуруп, баланча үстөгү менен төлөтүп алышат. Кыргызча муну шымсыз калып, сызга отуруу деп коебуз. "Тиякта мынча тонна алтыныбыз жатпайбы" дегендер терең жаңылышат. Ал алтын слиток болуп даяр үйүлүп жатса го бир жөн эле, бери жактан туруп көлөкөгө тон бычкандай иш болуп жатпайбы.
Жогорудагы тартип 2003-жылдын 31-декабрындагы танаевдик келишимдин 7.1 пунктунда да даана айтылган. Эгерде тараптар талаш-тартышты тынчтык жол менен чече албаса, анда ал Эларалык арбитраж тарабынан чечилери көрсөтүлгөн. Демек, К.Исабеков мырзанын демилгеси Кыргызстандын түпкү кызыкчылыгына дал келеби деген орундуу собол туулат. Улутташтыруу жөнүндөгү маселеге карата айта турган пикир негизинен ушул. Бирок мында саясый терең маселе жатат. Ороюраак болсо да түз эле айталы, мындай калпыстык Кыргызстанды мамлекет катары дүйнөлүк коомчулуктун алдында шерменде кылат, келечектеги инвесторлорду алыс качырат.
Маселенин экинчи жагына кайрылалы. Макул, "Кумтөрдү" өзүбүзгө алдык дейли. Биз, кыргыздар, бир сөз менен айтканда, талкалаганга гана өзгөчө шыктуу элбиз. Кумтөр да ошондой келечекке сөзсүз кириптер болот. Биринчиден, муну бирөөлөр күч менен эле басып алат. Экинчиден, андай болбогон күндө да ал жакка чоң болуп дайындалган шордуу кайсыл кыргыз барбасын, тууган-туушкандары бүт ээрчий көчүп барат, бир жагынан өзүбүздөгү "братвалар" басат, даана "керемет жашоо" ошондо башталат, айтты дей бергиле. Эч бир армия, милийсанын алы келбейт ал жерди тартипке салганга. Андан аркысын элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Канадалыктар иштеп жаткандан бери маселен, "алтын уурдалыптыр же кассасын тоноп кетиптир" деген бир да чуулган окуя болгонун уга элекпиз. Демек, тартиби күчтүү. Биз мындай тартипти камсыз кыла албайбыз. Үчүнчүдөн, өнөржайлык ыкма менен алтын казыла баштагандан берки өткөн 11 жылда канадалыктар адегенде 5 жыл жалаң- чыгым тартуу менен иштешкен, акыркы 6 жылда гана пайдага иштеп жатышат. А кыргызга өтсө чыгым тартып иштеши да күмөн, таптакыр токтойт дегенибиз туура болоор.
Алтын казуу менен гана чектелбей анын жаңы запастарын улам чалгындап туруу да керек. Канадалык компания буга жыл сайын 10 млн доллардан кем эмес акча жумшаса, биздин өкмөт эптеп атып 30 миң доллар (орто тамдын акчасы) бөлөт экен. Бул кен иштеткен өзүбүздүн колдон келбейт деген кептин дагы бир далили.
Долбоор башталгандан бери "Кумтөрдөн" мамлекеттик бюджетке 32,7 млрд сом акча каражаты түшкөн. Жыл сайын региондун калкына демөөрчүлүк жардам көрсөтүлүп да келатат, быйылкы жыл ичинде бул сумма дээрлик 1 млн долларды түзөт. Өткөн 9 айдын эле жыйынтыгы боюнча өлкө казынасына 1 182474573 сом акча түшкөн. Муну карап туруп "Кумтөрдөн" пайда жок" деп айтышыбыз кудайга да туура келбеген иш го?
Соңку кездерде "Канадалыктар биздин мыйзам боюнча 2007-жылдын 10-майында фабриканы биздин менчикке өткөрүп берүүгө тийиш эле, муну кылышпады" деген өтө кейиштүү доомат айтыла баштады. 1992-жылдагы Генералдык макулдашуунун бир да жеринде фабриканы менчикке өткөрүп берүү жөнүндө сөз жок. Мындай бизде Мыйзам да жок болуп чыкты.
Биздин урапатриоттордун жөн эле тура калып "калдыктар сакталчу дамба жарылып кеткен" дегени элди бир сыйра дүрбөтүп алды. Килейген өкмөттүк комиссия чапкылап барып кайра-кайра текшерип, дамба жарылбай-этпей эле өз ордунда турганын, тескерисинче көп жылдар бою былк этпес болуп бекемделгенин аныктап кайтты.
Ал эми "тоңдуктардын, жети-өгүздүктөрдүн айылдагы үйлөрү жарылып атат, анткени жүк машинелер тынбай өтүп турат" деген кепти укканда да журт күйөрмандары бери жактан туруп катуу кыйкырып чыгышкан. Жеке мени бул ар кандай ойго түрттү. Ал жактагы тааныштардан сурамжылап олтуруп өзүмчө бир жыйынтыкка келдим.
Буга да комиссия түзүлүп, текшерилип, чындыгы аныкталбаган соң "бай буржуйлардан эптеп бирдеме өөнөп калуу" психологиясы жергиликтүү туугандарда жетик калыптанган сыягы деген "шектенүү" күч алды. Ойлойм да эски үйлөрдүн жарылыбатканын машинелерге шылтабай эле ошол жердеги айыл өкмөтү жакшылап сабаттуу арыз жазып, "момундай иш болубатат; өз өкмөтүбүздөн болсо майнап жок; каралашып койгула" десе канадалыктар кантип эле жардам бербесин? Жок дегенде ошо жараканы бүтөөрдөй цемент кайрылышаар?
Дагы бир жылды узатып турабыз. Жылдын жыйынтыктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрүндө "Кумтөрдүн" үлүшү бир топ жогору. Жалпысынан айтканда өнөржайда 108,6 пайыз өсүү болду деп айтылууда. Бул өсүү негизинен "Кумтөрдүн" гана эсебинен экендигин, аны кошпогондо өлкөнүн өнөржайы дээрлик токтоп турганын көз карандысыз эксперт экономисттер айтып жатышат. "Кумтөр" кени чынында бул жылда жакшы иштеди. Анын көрсөткүчтөрүн бирин калтырбай "Аалам" гезити жакынкы өткөн сандарында толук чагылдырган. Айта кетээрибиз - оор кризистер ныгыра басып турганда бирден-бир стабилдүү иштеп да, өлкөнүн капчыгына бараандуу акча да түшүрүп жаткан ишкананын ишине баракелде дебеске айла жок. Салыштыра кетели, бюджет түзүүчү дагы бир көзгө басаар ишкана - Канттагы цемент-шыйпыр комбинаты бүгүн кризистин айынан токтоп калуунун алдында турат, 1000дин тегерегинде жумушчуларын кыскартты. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Ошондукан "Кумтөрдүн" иши токтобой жүрүп жатканына тобо кылсак да болот.
Жыйынтыктап айтканда, өз ишин жасап, "алтын жумуртка тууп аткан тооктун" үзүрүн көргөндүн ордуна, кайра анын башын кыя чапкандан утаарыбыз эмне, түшүнүү кыйын. Айтаар кепти калыс айтып бергенге аракет кылдык. Арийне, "алтын бар жерде азап бар" демекчи, ар кандай түшүнбөстүктөр, чыр-чатактар боло берет экен. Кандай маселе болбосун, өкмөт, маалымат каражаттары элге, коомчулукка калыс, объективдүү маалыматты өз убагында жеткирип, түшүндүрүп турса "Кумтөрдүн" тегерегиндеги маселелерден кыйкым издегендер, саясат жасагысы келгендер азаят беле деген ойду айтмакчыбыз.

Бахтияр Шаматов










??.??