presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ормон опуза

Жоомарт Сапарбаев, "Ата-Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидери:
"Бийлик бизди ур-токмокко алып коркута албайт"
-Жоомарт мырза, жакында "Ата-Мекен" партиясынын жаштары акыркы убакта өлкөдөгү айрым оппозиция лидерлерине карата коюлган кинелерди токтотуу зарылдыгы менен кол топтоо ишин баштадыңыздар эле. Алгачкы эле кадамыңарда бийликтин "коркутуп коймоюна" кабылдыңар. Дегеле силерге коюлуп жаткан күнөөлөр негиздүүбү?
-Жок. Эч кандай негиз жок. Биз өз укугубуздан пайдаланып, эч кандай башаламандык кылбай, иш-аракеттерибизди тынч гана өткөзүп жатканбыз. Элибиз жакшы билет, биздин өлкөдө оппозициялык күчтөргө кандай куугунтуктар болуп жатканын. Мурда оппозициянын лидерлерин эле куугунтукка алып келген болсо, эми айрым басма сөз каражаттарын да муунтуп, аларды жок кылуунун аракетинде болуп жатышат. Мына ушундай абалдардан улам биз куугунтуктарга каршы Ош базарында кол топтоону баштаганбыз. Биз ал жерге барып, элди бир нерсеге үгүттөп, бузуку иштерди жасаганыбыз жок. Бизди эмне үчүн милиция кызматкерлери алып кеткендиктерин түшүндүрүштү, көрсө биз, Ош базарында соода кылып жаткандарга тоскоол болуп коюптурбуз. Баары түшүнүктүү, бийлик оппозицияны карыш жылдырбай эле тушап жатканын элдин баары эле билет. Анан бизди деле ошол эле сыяктуу 371 жана 392 дүжүр беренени колдонуп, иш аракеттерибизди үзгүлтүккө учуратып коюшту. Албетте биз ал жерлерде пикет, митинг уюштурганыбыз жок, үгүт баракчаларын таратканыбыз жок. Ал эми "милиция кызматкерлерине баш ийбей мыйзам буздуңар" деген айыптар жөн эле бармагынан соруп чыккан айыптар болуп жатат. Ишенсеңиз бизди алып бара жаткан милиция кызматкерлеринин кээ бири "ушуну жөн эле койсо болмок, кармап эмне кылат" деп өздөрү кейип айтып жатышты. Демек, алардын деле артынан кууган ким болуп жатканы белгилүү. Бир мисал айта кетейин, коммунисттер партиясын алалы, чет элдик авиабазаларды кетирүү боюнча кол топтоп базарларда деле жүрүштү. Көптөгөн уюмдар да ушул эле багытта иш алып барып жатышты, аларга эмнеге тийген жок? Анан эле "Ата-Мекен" партиясы же башка оппозициялык уюмдун өкүлдөрү болсо эле баса калып жатышат. Бизди өкүндүргөнү мамлекеттеги мыйзамды ар кимге тандап колдонуп жатышкандыктары болууда.
-Акцияны канча адам уюштуруп жүрдүңүздөр эле?
-Онго жакын болчубуз. "Ата-Мекен" партиясынын жаштар жана аялдар канатынын өкүлдөрү бар эле, алардын арасында Асия Сасыкбаева эжебиз да жүргөн.
-Эмне үчүн "Ата-Мекен" партиясынын жаштар канатын жетектеп барган сизди эмес же аялдар жамаатын баштаган Асия Сасыкбаеваны эмес, силердин мүчөлөрүңөргө кинелерди коюп жатышат же алар мыйзам бузуштубу?
-Мыйзам бузушкан жок. Ал мындай болуп калды. Толугу менен сегиз адамды кармап алып барган, алардын ичинде мен дагы бар болчумун. Ошол сегиз кишини эки группага төрттөн бөлүп, эки бөлөк сотторго берип койгон. Калыс жана Гүлниза деген биздин мүчөлөрүбүз сот Сариевге түшүп калыптыр. Сариев экөөнө үч күндүк түрмөгө олтуруу жазасын берди. Эмне себептен экөө гана, түшүнүксүз. Калгандарын болсо 200-300 сомдук айыпка жыкты. Эмнеге экенине өзүбүз да түшүнбөй жатабыз. Же судья Сариевдин "Ата-Мекен" партиясына болгон көз карашы жаманбы же жогору жактагыларга жагынып коюуну көздөдүбү, билбейм. Ошондой чечим чыгарган күндө да биз баары мыйзамсыз экенин айтып, дале болсо аппеляциялык арыздар менен шаардык сотко кайрадан кайрылып карап чыгуусун суранып жатабыз. Кеп акчада же башкасында эмес, кеп биздин укугубузду бузуп, адамдык абийирибизге шек келтиргендигинде. Ошондуктан биз аягына чейин бекем туруп, өз укугубузду коргоп алышыбыз керек.
-Кээ бир мүчөлөрүңөрдү көчөдөн эле салып кетишкен турбайбы?
-Бизди Ош базарынан ГОМго алып барышканда, Асия Айтбаевна, Гүлнара Жоробаева, анан мен бардым. Ошол учурда мен калган балдар-кыздарга телефон чалып "офиске бара бергиле" деп айткам. Бешөө эле, аларды жолдон эч нерсе түшүндүрбөй туруп эле машинага салып алып кетип калышыптыр. Кайра алар бизге чалышты, биз дароо эле ИИБге бардык, ошол жерден да эч негизсиз сегизибиз тең айыпталып калдык.
-Эми сот чечим чыгарды, айыптарды салды, экөөнү үч күнгө камайбыз деди, иштин аягы дале бүтпөй жатат го!
-Биздин адвокаттар ошол эле замат Бишкек шаардык сотуна ходатайство жана аппеляциялык арыз жазышкан. Ленин райондук соту чыгарган чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырса гана эки азаматыбыз үч күнгө камакка алынышы мүмкүн. Эгер сот четке какса, эч кандай камакка алынбайт. Биз азыр ошол шаардык соттун чечимин күтүп жатабыз. Иштин документтери азырынча Ленин райондук сотунда экен, улам эртеңди айтып ушул убакка чейин созуп келе жатышат.
-Шаардык соттон калыс чечимдин болоорун күтүп жатасыңарбы?
-Биз ошондой болот деп ойлоп жатабыз, анткени мурун "Мен ишенбейм" акциясын уюштурганда да ишибиз сотко өтүп, шаардык соттун чечимдери обьективдүү болуп чыккан. Бизге "илинген" беренелерден акталып чыкканбыз. Менин оюмча шаардык соттун чечими калысыраак болот болуш керек. Анткени алардын кандай иштээрин биз көргөнбүз.
-Сотто мындан аркы кол топтоо акциясын улантуу же токтотуп коюу боюнча да чечимдерди чыгардыбы? Акцияны уланта бересиңерби?
-Биринчиден, биз кол топтоону эч качан токтотпойбуз. Алгач шаардагы эл көбүрөөк жүргөн базарлардан, чоң имараттардын алдынан топтоону баштап, анан региондорго да чыгабыз деп максат кылып жатканбыз. Ишибиз азырынча минтип кармалып турат. Бирок, баары бир эл аралап чыгабыз.
Экинчиден, соттор бизге акцияны токтотуп же уланта бергиле деп чечим чыгарып бере албайт. Биз Кыргызстандын жараны жана саясый уюм катары акцияларды өткөрүүгө толук ыйгарым укугубуз бар. Эч кандай мыйзамсыз башаламандык жаратпай, мыйзам чегинде иш алып бара берсек бизге эч ким чектөө кое албайт.
-Эмне үчүн бул акцияны жалгыз атамекенчилер эле уюштуруп жатат, башка уюмдар, партиялар менен да кеңешип туруп чыкканда мүмкүн ийгиликтери көп болмок?
-Бул акцияны атаандаштык үчүн уютурганыбыз жок. Башка уюмдарга, оппозициялык күчтөргө атайын сунуш катарында гана кылдык. Ар бир иште эле акылдаша бербейбиз да. Алар да кол топтоого чыкса жакшы эле болмок. Эгер алар жакшы идеялар менен чыга баштаса, биз да алардын иштерин колдойбуз. Себеби, биздин жалпы принциптерибиз бир, ал тереңинде бири-биринен эч айырмаланбайт.
-Жоомарт мырза, "Ата-Мекен" партиясынын жаш канатынын лидери, партиянын басма сөз катчысы катары айтсаңыз, акыркы маалыматтарга караганда оппозициянын бир тобуна кылмыш ишин козгойт имиш, анын ичинде Өмүрбек Текебаев да бар экен деген сөздөр чыгып жатат. Ушул маалыматтарга ишенүүгө болобу?
-Менин пикиримде оппозиция лидерлерине кылмыш иштерин козгоону эки топко бөлүп карасак болот. Эгер азыркы оппозицияда жүргөн азаматтарыбыздын мурун бизнеси бар болуп же мурун мамлекеттик иште иштеген болсо, бир шылтоону таап, кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Ал эми Темир Сариев жана Өмүрбек Текебаевге окшогон мурун бийликте иштебеген, бийликти сындап, алардын орой каталарын сындап келген, эл тарапта жүргөндөргө эч кандай кылмыш ишин козгой албайт болуш керек. Болгону чакалап кир төгүп, болбогон жалааларды жаап, айрым күн карама басылмалар аркылуу жаманатты иштерди гана жасабаса, алардан андай кылмыш ишин козгоого да бир негиз таба алышы мүмкүн эмес. Башка оппозициянын лидерлерине деле коюлуп жаткан кинелер негизсиз, болгону алар мурун бийликке аралашып калган. Мына таптык деп, ишиндеги айрым бир кемчиликтерин чукуп, жаманатты кылып көргөзүп жатышат. Жакында эле оппозицияны шыбаган Замира Сыдыкованын макаласы чыкты. Менимче бийлик жазга чейин элге, мамлекетке кызмат кылбай, болгон күчтөрүн мына ушундай караламай иштер менен гана алектенип өткөрөт.
-Өмүрбек Чиркешович үч күн мурда АКШ мамлекетинен кайтып келди, ал сапарга сиз кандай баа бересиз?
-Бийликтин ырын ырдаган маалымат каражаттары жаман көнүп алган. Оппозиция Кыргызстандан сыртка чыкса эле акча сураганы кетиптир деген ушактар тарап кетет. Оппозиция лидерлеринин Америкага болгон сапарынын башкы максаты, элдик курултайда кабыл алган концепцияны америкалык адистер менен талкуулап, кемчиликтерин алып, кошумчаларын кошуп, бир күчтүү концепциянын негизин түзүп алуу гана болгон. Жыйынтыктары алар ойлогондой эле максатта болгон деп эле айтсам болот. Өмүрбек Чиркешовичтин айтымында жакынкы айларда Россияга да ушул эле максаттарда баруусу күтүлүүдө. Бул концепция Кыргызстандын эртеңки келечеги болгондуктан, аны аябай бышырууга аракет болуп атат окшойт. Канча деген саясий чөйрөнүн мыкты адистери, эксперттер, окумуштуулар менен бир талкууга келиши эле, алардын жемиши жана оппозициянын алдыга жылып баратышы десек болот.
-Жоомарт мырза, сиз "Ата-Мекен" партиясынын жаштар канатын жетектеп жүрбөйсүзбү, ушул тапта, коркутуп-үркүтмөй күч алып турганда, жаш канатыңызды кайрып алуудан коркпойсузбу?
-Туура, ушул кезде оппозициялык маанайдагы лидерлер эле эмес, үнүн катуу чыгарып, баш көтөрүп койгон карапайым жөнөкөй адамдарыбызга да коркунучтар бар. Оппозициянын чоң элитасына, албетте, жанагыдай караламай иштерин жасап, кылмыш ишин эптеп бир ишин чукуп таап, бийлигин бекемдеш үчүн жасай беришет. Ал эми биз жашыраак болгондуктан чукуй турган иштерибиз жок, болгону ар кандай коркутуп-үркүтүп, камап коюшу гана мүмкүн. Коркунуч бар. Бирок, баары сенин эркиңе, алдыга койгон максатыңа жараша болот. Максаттарың бийик болсо коркуудан алыс болушуң керек. Эгер мындай сапаттагы адамга айлана албасак, 100 жылда да оңолбойбуз. Күңкор, жалтак, жарыбас болуп өтүп кетебиз.

Күнболот МОМОКОНОВ










??.??