presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Уккан кулакта жазык жок

Азыр Мелистен да Аселге кыйын болуп атыр…
Мелис Эшимканов жубайы Асел менен 2001-жылы таанышып, баш кошкон. Асел НБТ каналынын жылдызы болчу. Акылдуу, орусча такылдаган кыз Мекечалга Адам деген уул тууп берди. Азыр үйдө бала менен. Күйөөсүнүн төрт тушунан - Акүйүнөн, Бекешовунан, Молдокматовадан, аны коштогон Сары-Өзөн, ЭлТР коллективиндегилер, басма сөз, улам бир сөз айтып жатканына кейип, ооруканага түшүп калыптыр. Аял болсоң ушундай күйүмдүү аял бол.

Чудиновдун чудо токтому
Аалам алпы Чыңгыз Айтматов дүйнө салды. Өкмөт Чыңгыз Төрөкуловичтин бүт өлүк жүгүн көтөрдү. Келген-кеткендердин акчасын төлөдү. Премьер-министр 6-декабрда 635-б деген токтомун токуп, Айтматовдун сөөк көмүү чыгымына кеткен акчаны саламаттыкты сактоо министрлиги - 1 млн сом, тышкы иштер министрлиги - 1,5 млн сом, кыймылсыз мүлк боюнча комитет - 1 млн сом, Кыргызпатент - 1 млн сом, матрезерв - 300 миң сом, ресурстар боюнча комитет - 300 миң сом төлөп койгула деп буйрук берди. Ушул ыйманга сыябы? Бюджеттен төлөшпөйбү. Быйылкы жыл Айтматовдун жылы. Анда эмнеге Раев унчукпай олтурат? Өзү ушул идеяны көтөргөн, өзү акыркы жолу Айтматовду спектаклине алпарып, ыраазы сөзүн уккан.

Депутат Жээнбековду алдай тургандар чыкты
ЖК депутаты Жээнбеков "канга - кан, өлүмгө - өлүм!" деп Кыргызстандын элин түйшөлтүп койду. Жаны кейиген жигит Суталинов, Конгантиев жумушунан кетсин деп ЖК жыйынында айтып чыкты. 2,5 айдан бери уулунун дайыны жок депутат ушинтип айтпаса эмнени айтат. ГКНБ, ИИМ да алакан жайып олтурушат. Ортодо бир шалман (ысыкаталык экен) "сенин балаң баланча жерде камалып жатат, 500 миң сомуңду бер" деп телефон согуптур. Барышса, ал жерде андай дарек жок экен.

Үсөн Сыдыковдун үйүрү аманбы?
Баласы Бакытка катуу ча-буул башталды. "Манас" аэропортунун ичинде толо текшерүүчүлөр жүрөт. Январдын этегинде жыйынтыгы чыгат. Үсөн аке Акаев заманында дан-азык чарбасы боюнча башчы болуп олтуруп,117 млн сомду жеп койгон деп, далай текшерүүдөн аман-эсен чыгып кеткен. Азыр ал президентке оппозицияга кошулбайм деген сөзүн бергени анык, ошол эле маалда анын гезити, ал түзгөн партияга кирген Ысмайыл Исаков Үсөн акенин аке-жакесине көнбөй, эмдиги президент мен болом деп турат.

Эки замандын Акылкарачачы - Баекова
Бул киши да эки замандын ырыскысын көрүп олтурат. Парламентте экинчи киши. Чолпон эжекебиз Акаевдин Абыла деген тукумунан. Өзүн кийин Өзгөндө туулгам деп элди ишендирген. Абыла тукуму бир-бирине сөз бербей, абылдай бергенден чыккан. Сарбагыштар ошондой ат койгон, булардын тукумуна. Чолпон Турсуновна Акаев заманында колунан келгенче байыганга аракет жасады. Кожомкул спорт сарайынын маңдайына 370 миң сом дешет (көрүнүшү 3-4 млн сомдук) үй салдырды, мындан сырткары Аграр академиясынын алдында дагы эки кабат үй салды. Конститутция сотуна өтүш үчүн 1 млн сом төлөшү керек экен деп басма сөздө жазып чыкты. Биздин буга тиешебиз жок. Соттолгудай алыбыз жок. Юристтер катуу болот, туура эмес айтсаң басып жатып калат.
Баекованын парламентте чоң кадыры бар. Унчукпайт. Баары чочулайт. Ар кайсы ууру-байлардын тоюна барып ырдап кеткени болбосо, азыр бул айымдын зыяны деле жок, коомчулукка.

Токтогулга Асанкалыйдын атасынын эстелиги тургузулду
Демократ акын Токтогул Сатылгановдун төккөнү эсиңиздеби - "Беш каман", "Атакан, Миңбай алдамчы
Эл жегенге жардамчы…" Токтогул торгой ырдай бериптир.
Токтогулдун тоюнда болгонубузда эл кадырын билген адамдардан сурадым, Тууганбай агадан сурадым. "Керимбай чын эле Токтогулду соттотуп жиберем деген ою болду беле" десем, "Андай болбоптур, бербейбиз дептир. Орустар соттотуп жибериптир" дейт. Керимбай атабызга бийиги эки метр керимселдей эстелик курулду. Керимбай болуш айтылуу обончу Асанкалый Керимбаевдин атасы. Аккан арыктан суу агат. Эми анын жанына алп Токтогулдун эстелигин куралы деп атышат. Антпесең туура болбой калат, аким, өзү Керимбай тукумунан турбайбы.

Акылбек Жапаровдун ордуна "акжолчу" А.Эркинбаев келет деп атышат
Акылбек Жапаров эгер кетсем Исмайыл Исаковго кошулам деп коркутуп атыр. "ХИПКти" коргоп бир жыдыган, дүйнөлүк кризис бизди басып келатат деп эки коркуткан бул чиновникти Акүй жактырбай калды. Ордун аңдыган ончакты жигиттер бар. Жапаровдун таарынычы эки куржун. Инисин да Ленин райсалык башчысынан алабыз деген сөз кетти. Борборго кредит акчага салдырып аткан үйлөрү кантер экен?

Ушак уккан Узакбай









??.??