"Аалам"-пресс

Кулак салып коесузбу?
Айгүл Рыскуловага Алматыдан суроо
Редакцияга Алматы шаарынын жака белинде жайгашкан Барахолка базарында соода-сатык кылган кыргыз жарандары А.Кондубаев, С.Эралиев, К.Өмөшов, П.Мирланов, А.Руслан уулу аттуу жигиттер телефон чалышты. Алардын сөздөрүн болгонун болгондой Мамлекеттик миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова айымга жолдоп отурабыз.
"Алло, бул "Аалам" гезитиби? Бул Алматыдан, мен, Асылбек Кондубаев, жанымда башкалар турат. Сиздерге бир проблема менен кайрылып жатам. Арга-айлабыз такыр кеткенде сиздерге чалып, жардам сурап атабыз. Биз Алматынын Барахолка базарында соода-сатык менен иштеп жан багып атабыз. Документтерибиз, паспорт, убактылуу каттоо, ишке уруксат кагаздарыбыз бүт жайында. Эч кандай тартип бузган жерибиз жок. Бирок Миграция полициясынын кызматкерлери кайра-кайра текшеримиш болуп бизден улам акча талап этишүүдө. 12-13 миң теңгеден (100 доллар) шыпырып алып жатышат. Айлабыз кетти. Кимге кайрылууну билбей турабыз. Сиздерден өтүнөбүз, биздин арыз-муңду өзүбүздүн Миграция комитети угуп, Алматыдагы элчилик өкүлдөрүнө айтып, сүйлөшүп кое алышар бекен?

Кыргыз Экономика Университетине кирген уурулар
23-декабрь түнү Кыргыз Экономикалык Университетинин кассасына белгисиз бирөөлөр ууруга кирип, акчасын шыпырып алып кеткени аз келгенсип, түнкү кароолдо турган адамдын колу-бутун байлап кетишкен. Айрым студенттер "бизде баскан-турганыңдын баары акча болуп кеткен, балким ичи ачышкан кайсы бир студенттер деле атайын жалдап жасатып коюшу мүмкүн" деген божомолдор айтылууда.

Абдрахманов АКШдан башпаанек сурады
"Атамекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев АКШга барганда Өмүрбек Абдрахманов саясый качкын катары баш коргоо маселеси менен АКШ бийлигине арызданганын билдирди. Оппозиционер Болот Шерниязов жарым жылдан бери үйбүлөсү менен Америкада. Аны расмий бийлик тарабы сөз кылып атат. "АКШда Р.Жээнбеков экөө олтуруп алып, Текебаевге кызмат кылып жатышат" кыязында. Андай кыйын экенсиң АКШга барып албайсыңбы деп айткан кыргыз жок. Болот азыр Чикагодо жашап атат. Өмүрбектин аялына бийлик кылмыш ишин козгогон соң, бул бүлөө да Кыргызстанды таштап чыгып кетти. "Атамекен" партиясы АКШнын бир нече штатында баштапкы уюмдарды ачыптыр.

2 миң сом төлө да, аскерден кал
Кыргызстандын Коргоо министрлигиндеги чиновниктер ушундай ураан көтөрүштү. 12 миң сом төлө да, бир ай ичинде аскер билетин ал! ЖКнын жаңы мыйзам долбоорунда ушинтип жазылган. Муну социал-демократтар партиясы көтөрүп чыкты. Министр Бактыбек Калыев: "12 миң сомду Коргоо министрлигинин атайын ачылган фондуна төлөсө, аскерден кутулат" деди.

Министр И.Болжурова "Акжолчулардан" тайманбай атат
"Акжол" партиясынын өкүлү Айнура Кенжебаева министр И.Болжуровага тике кайрылды: "Бирнече ирет запрос жасадым, жообуңузда "мол, не вы депутаты меня назначили, и не вам указывать" дедиңиз. Анда Ишенгүл министр айтты: "Сиз мага бир мектептин тагдыры боюнча айтып, алдыгы министрликте эмнеге олтурасыз дегенсиз. Олтурам, коркутуп-үркүткөндөн коркпойм, бюджетим аз болсо эмне кылайын, мен бул министрликте бир эле жолу олтуруп атканым жок. Сиз бир жолу депутаттыгыңызды ийгиликтүү бүткөрүп алсаңыз экен" деп каарыды.

"Гимн ырдалып атса, оң колуң жок болсо сол төшүңө кантип колуңду коесуң?"
Коммунисттер фракциясынын жетекчиси Ыскак Масалиев ушинтип айтты. "Жаңы мыйзам долбоорунда" гимн ырдалып атканда ырдашың, оң колуңду сол жүрөгүңө коюп, тике турушуң парз" деген статья кирди. Коммунист Бейшебек Акунов мамлекеттик символдорду кайра карап чыгуу керек деди. "Түндүк решетка экен, бечара кыргыз олтурат, үстүндө решеткабы?" дейт. Бейшебек аксакал желегибиздеги кырк күн жебесин да танып, "бул күнкарама болуп атпайбы?" деди. Маселе аягына чыга элек.

Оппозиция Бириккен элдик кыймыл түздү
Жети партия, төрт кыймыл бирикти. Социал-демократтар, Элдик революциялык кыймыл, Жашылдар партиясы, "Асаба", "Акыйкаттык үчүн" кыймылы, "Жаңы Кыргызстан", "Улуу Биримдик", "Бирдиктүү Кыргызстан", "Ак Шумкар", "Атамекен" партиялары башын бириктирди. Бириккен Элдик кыймылдын чукул талабы - "Мамлекет башчысы кызматынан маалынан мурда кетсин!" деген талап. Мүчөлөрү А.Атамбаев, А.Бекназаров, Э.Булекбаев, А.Жекшенкулов, Ө.Текебаев, Т.Сариев, Р.Отунбаева, И.Исаков, Э.Каптагаев, А.Мурсалиев, С.Жамалдинов. Дагы беш партия кошулганы турат. Жазда "кайнаарыбыз" турулуу иш. Сен борбордук аянтка чыгып, мен жазып дегендей, канашалап калабыз го дейм. Акүй, айтымда, аскерлерге орден-медаль, акча, үй таратып, жаналакетте.