presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сырдуу боектор

Ибрагим Маданов:
"Бир сүрөттү тартыш үчүн өлүп - кайра тирилесиң"
- Ибрагим мырза, сүрөтчүлөр алгачкы эле тарткан чыгармаларын Айтматовдон же токой, сууну тартып баштачу эле, сиз эмнеден баштадыңыз эле?
-Менин сүрөттөрүм көбүнчө кыргыздын тоолоруна арналган. Алайдын кулуну болгондуктанбы, тоолорду бала кезимен көп тарттым. Орустун же европалык сүрөтчүлөрдү туурап классикалык сүрөттөрдү такыр тарткан жокмун, бир гана кыргызга арналган сүрөттөр. Негизги кесибим графикалык мааниде, жөн гана кара калем менен сүрөт тартуу. Бирок, сүрөтчү болгондон кийин май боегу менен иштебей да кое албайсың. Ар бир сүрөтчү графикалык өнөрдү биле бербейт. Экөөндө чоң айырма бар. Графикалык сүрөтчүлөр май боегу менен иштөөдө кыйналып калышат.
-Ар бир кесиптин өзгөчө бир керемети, рахаты болот эмеспи, сиз үчүн кесибиңиздин өзгөчө рахаты эмнеде?
-Адамдын жан-дүйнөсү өзүнчө бир аалам экен да. Табияттын сулуулугу сага канчалык таасир берсе ошончолук эргүү алып, аны кагазга көркөм классикалык мааниде түшүрүш максаты биринчи орунда болуп калат. Андай сезим ар тармактагы таланттарда бар. Маселен, жазуучу, ырчылар деле ошол сыяктуу, алардын керемет сезимдери ыр тизмектелет же кара сөзгө айланат. Сүрөт кыймылсыз кооздук. Бир сүрөттө бир нечелеген маанидеги сулуулук, түшүнүктөр, образдар камтылып турат. Аны ар ким өз ой жүгүртүүсүнө жараша кабыл алып, рахаттана берсе болот.
-Маселен, сиз сүрөт тартып жатканда бир сүрөттү бир канча ай же жылдап тартасызбы же олтуруп туруп эле бир картинаны тартып койсо болобу?
-Чынын айтсам бир сүрөт үчүн бир өлүп, бир тирилесиң. Анын образын ачып бере албасаң изденип, ойлонуп беш жыл болсо да жүрө бересиң. Сүрөтчү десе эле олтура калып эле тартып коюу максат эмес. Туура, окшоштуруп тартып коесун. Ал бир жагы, бирок сүрөт максатына жетпей калса анда автордун шагынын сынганы. Ар бир сүрөтүңдөн ырахат алып, элдер тамшанып турса кандай жакшы. Кыйындыгы ушунда, жазуучулар бир эле окуяны бир китеп кылып жазып жатышат, сүрөттө да бир окуя кичнекей рамканын ичине батыш керек. Анда эмне кылыш керек? Албетте, чебер изденүү талап кылынат.
-Белгилүү бир сүрөтчү менен маектешип жаттым. Ал айтат "ар бир сүрөтчү Айтматовду тартсам деп тилек кылат, аны бирок сөзсүз эле өзүнө окшоштуруп эмес башка бир образда тартсам дейт, мен аны тартуу үчүн 15 жыл изденип, образын араң жараткам" деп. Сиз деле бул тепкичтен өтсөңүз керек?
-Ооба. Ал абдан туура айткан. Чынындале ошондой. Мен да Айтматовдун "Чыңгыз хандын ак булуту" деген темада образ жаратайын деп эки жыл изденип жүрүп тарттым, түбүнө эч жете албай койдум. Элдер жакшы экен дейт, ал эми өзүмө таптакыр жакпай койду. Акыры образдуу жарата алган жокмун деп жүрүп, чынын айтканда ал сүрөттү жок кылып жибердим.
-Кыргыз сүрөттөрү башка бир элдин сүрөттөрүнөн айырмаланып турабы?
-Ар улуттун менталитети, салтында айырмачылык болгондой, сүрөттө деле ошондой айырмачылык, өзүнчө бир тил бар. Мисалы орустун улуу сүрөтчүсү Шишкин тарткан пейзаждарды тоосуна чыгып, суусуна түшүп, токоюн аралап кеткиң келет. Алардагы образдарды айтып бере албайсың. монголдуку, казактыкы, европалыктардыкы ар башка. Мен өзүм кыргыз элине гана тиешелүү сүрөттөрдү тартып жүргөндүктөн дитимдин баарын ушул жагына коюп койгом. Бир эле боз үйдү тартыш үчүн, аны максатына жеткиришим керек деп 10 жыл машыктым. Боз үйдүн ар кандай түрлөрү бар. Түндүк,түштүк, монголдук, казак тибинде деген ар кандай формадагы боз үйлөр бар. Айырмасы абдан чоң. Азыр кудайга шүгүр, туруп эле максатына жеткире тартканга кудуретибиз жетип калды.
-Чыгармаларды окуп деле ошону калем менен кагаз бетине түшүрүп коюуга мүмкүндүк барбы?
-Албетте бар, азыр акыныбыз Анатай Өмүркановдун "Памир көздөй" деген ырынын образын жаратсамбы деп максат кылып турам. Анын ичиндеги ыр саптар мени абдан таасирлентип койду. "Бакыт издеп баратам Памир көздөй", "Мен көлгө жалгыз келдим байыр алдым, тургуздум махабаттын пайдубалын" деген ыр саптары эмне деген гана ыр. Ошону сүрөт кылып түшүрсөм деп тилек кылып жатам. Кандай тартам, образын учкай баарын ойлонуп койдум, эми ишке гана ашырышым керек.
-Бирөөнүн элесин эстеп калып сүрөт тартууга болобу?
-Эгер жүрөккө аябай жакын болуп элесиңде тартылып турса гана. Эсимде студент кезде бир кызды абдан сүйүп калып, аны сүрөткө тартам дедим. Ал кыз эми мага келип отуруп тарт дебейт да. Элесин эсиме салып жатып акыры тарттым.
-Ал кыз азыр жеңебиз да?
-Жок, ошол бойдон аны көрбөй калдым. Ал сүрөттү берген да жокмун, менде сакталып турат.

Күнболот
Момоконов










??.??