presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кайда барып эс алабыз?

Бишкекте Муз сарайы ачылды
Кыргызстанда кышкысын тоолуу аймактарда өзөн суулардын жээгинде тонгон музда балдар хоккей ойноп, коньки тепкени менен эл аралык талаптарга ылайык муз сарайы болгон эмес.Өлкө тарыхындагы алгачкы чоң муз тебүү аянты менен спорт сарайы Бишкекте ишке берилди.
Бишкекте мурда-кийин муз тебүү аянты болгон эмес. Кеңеш доорунда учурдагы Өкмөт үйү турган жердеги эски стадиондо кышкысын муз тебүү үчүн тондуруп, шаардыктар коньки тепкенин кээде эскерип калышат.
Былтыр Бишкектеги "Мадина" соода борборуна жакын жайгашкан "Белый парус" спорт комплексинде 650 чарчы метрлик чакан муз тебүү сарайы ачылган. Бул Чүй проспектисиндеги "Аэз- фентези" аталган муз сарайы "Сан клуб" жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси Б.Сандын демилгеси менен курулган.
20-декабрдан баштап Бишкекте өлкө тарыхындагы эң чоң "Шаардык" муз сарайы иштей баштады.
Ушул "Шаардык" муз сарайынын кызматкери Азамат Намыркожоевдин айтымында эл аралык талаптарга ылайык олимпиадалык стандарт менен курулган муз аянтында көркөм тебүү боюнча машыгуулар жана хоккей мелдештери өткөрүлүп турмакчы.
"Шаардык" муз сарайынын аянты 1800 чарчы метрге барабар. Көрүүчүлөр үчүн 800 орундук коюлган. Ал эми муз тебүүнү каалаган шаардыктар үчүн эгерде конькиси өзүмдүк болсо, бир саатка 150 сом акы төлөшөт. Конькини спорт комлексинен урунууга алса, бир саатка чоңдор 200 сом, балдарга 150 сом төлөө зарыл. Муз сарайы ар күнү эртең мененки саат ондон түнкү онго чейин иштейт.
Адистердин баамында колу жука бишкектин тургундары бул муз сарайына балдарын алып келип, муз тептире албайт.
"Заман Кыргызстан" жумалыгынын спорттук баяндамачысы Т.Асыгалиевдин пикиринде байманасы ташыган ишкерлер гана көңүл ачпаса, бул муз аянтчасында спорт ийримдерин алып барууга адистер жокко эсе.
Ошентсе да кышкы спорт түрлөрүн жандандырууга өбөлгө болооруна үмүт арткандар арбын. Себеби бул муз сарайында хоккей ойноого болот. Эки команда болуп хоккей ойноо үчүн муз аянты олимпиадалык стандарт боюнча курулган.
Өлкөнүн хоккей федерациясынын жетекчиси М.Жакыповдун пикиринде Шаардык муз сарайы кышкы спорттун өсүп өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.
Муз аянтында коньки менен муз тебүүнү үйрөнүүгө, көркөм муз тебүү жана хоккей ийримин уюштурууга мүмкүнчүлүктөр болобу? Кеп ушунда, себеби муз тебүүнү үйрөтүүчү адистер учурда Бишкекте жокко эсе.




Спорттун беш түрүнөн жаңы жылдык мелдеш
27-28-декабрда Бишкекте спорттун беш түрү боюнча жаңы жылдык турнир болот. "Жаштык" спорт комплексинде - фехтование жана ок атуу мелдештери өткөрүлсө, "Дельфин" бассейнинде суда сүзүү жарыштары болот. Кыргыз дене тарбия академиясынын манежинде жеңил атлетика жарыштары өткөрүлүп, өлкөнүн ат спорту мектебинде ат ойнотуу конкурс таймаштары жана шериктеш өлкөлөрдөн өкүлдөр келишээри күтүлүүдө…




Жаш өткөн сайын жашаргыла!
Карылык - адамзат эч келише албаган, мойнуна алгысы келбеген кубулуш. Кары организмди жашартып, жаштыкты кайрып берүүгө жөндөмдүү сыйкырдуу зат эзелтеден издөөгө алынган, буга жомоктор эң сонун күбө. Конек-горбунок жөнүндөгү жомокто жаш жигитке айланып ханышага үйлөнүү үчүн кайнап жаткан казанга ыргып түшкөн падыша эсиңердеби? А жашартуучу алмалар туурасындагы жомокчу?

Эгерде аялдар жаштыгын жаш көрүнүп сактай алса, эркектер үчүн жаштык баарыдан мурда - активдүү сексуалдык жашоо болуп саналат. Өкүнүчтүүсү, бул жашоо жаш өткөн сайын солгундап, активдүүлүк төмөндөгөндүгү.

Бүгүнкү медицина эркектерге мурдагы сексуалдык жетишкендиктерин кайтарып, эректилдик дисфункцияны дарылоого багытталган бир катар каражаттарды сунуш кылат. Алардын баардыгы эле бирдей натыйжалуу жана коопсуз эмес. Мисалы, начарлаган потенцияны биологиялык активдүү кошулмалар менен дарылоо азырынча кооптуу, буга так далил жок, а синтетикалык негиздеги дарылар бир топ зыяндуу жана кошумча ооруларды жаратышы мүмкүн.

Жакында россиялык "Материа Медика" фирмасы "Импаза" препаратын иштеп чыкты, анда дарылоо эффектиси менен ден соолук коопсуздугун мыкты айкалыштырат. ИМПАЗАнын таасири эрекцияны кубаттандырууга гана эмес, ошондой эле эректилдик дисфункциянын себептерин четтетүүгө да багытталган. Начар потенция - жыныс органдарындагы кандын жетишсиз айлануусунун натыйжасы экендиги аныкталган. ИМПАЗАнын курамына кирген өзгөчө белоктор - антителолордон улам кан жүгүрүүчү тамырлардын кеңейиши жүрөт, алардын кан менен толуусу жакшырат жана эрекция калыбына келет. Таасир этүүчү зат ИМПАЗАда өтө аз үлүштө кошулган, препараттын саламаттык үчүн кошумча терс таасирлери жок, сиңимдүү жана башка дары-дармектер менен айкалышалат.
Жыныстык функцияны калыбына келтирүү жана табигый эрекцияны жөнгө салуу үчүн ИМПАЗА 8-12 жумалык дарылоо курсу түрүндө пайдаланылат, ал кийин толук кандуу сексуалдык жашоого мүмкүндүк берет.

"ИМПАЗА" препаратын "Бишкек-БРАНТ"
медициналык борборунан алууга болот.
Дареги: Бишкек ш., Абдрахманов көч.
(мурдагы Советский көч.), 134, аптека №153.
Сурап-билүү телефондору: 66-08-00.




  Кыргыз футболунун "жылдыздары"

Мирлан Мурзаев:
"Кыргыз өңүн, футболун дүйнөгө тааныткым келет"
Соңку мезгилде кыргыз футболунда үмүт жандырган жаш футболчулар, таланттар көрүнө калып жүргөнү кубандырат. Алардын бири Нарындын "Дордой-Динамо" командасынын катарында ойноп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган Мирлан Мурзаев. Ал өзү Нарындын "Дордой" командасында ойногону менен түбү Лейлектен болот. Көртирликтин айынан ата-энеси 1991-жылы Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Мирлан да 7-8 жашында эле жергиликтүү балдар менен Кара-Балтадагы "Манас" стадионунда футбол ойноп чоңойгон. Жаш уланды футбол дүйнөсү арбап, кызыгуусу артып, уландар арасында өлкөнүн тандалма командасында ойноого негиз берген. Жаш кезинен футболго дилгир уланды "Дордойдун" устаттары байкап, Жогорку Лигада ойноого жол ачып беришкен. Учурда Мирлан 19 жашта, келечеги али алдыда, жашоосун футболсуз элестете албайт. Үлгү туткан футболчулары да арбын. К.Рональдо, А.Аршавин, Д.Филья сыяктуу чабуулчулардай болуп, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытсам деген тилеги бар.
- "Дордой-Динамодо" футбол ойноо үчүн бардык шарт түзүлгөн. Командабыз абдан ынтымактуу, Африкадан, Россиядан келишкен футболчулардан көптү үйрөндүк. Анткени, алар көп өлкөлөрдө ойноп, тажрыйба топтоп келишкен. Ал түгүл англис тилин да үйрөнүп жатабыз. Футболду алдын ала көрүп, байкап, план-тактика түзүп ойноого ой жүгүртүүнү да алардан үйрөндүк десем, аша чапкандык эмес. Футболду бут менен эмес, баш, акыл менен ойноочу командалык оюн дейм. Логика, тез ой жүгүртүү, туура чечим кабыл алууда футбол абдан керек. Машыктыруучуга да көп маселелер байланыштуу. Москвалык устат келгени ишенимди бекемдеп, жаштарга басым жасап, биздин ачылып ойнообузга шарт түздү. Кыргыз футболунун жылдыздары аталган Алмаз, Марс Чокморовдордун, Юсуп Мусаевдин, Асылбек Момуновдордун оюндарын көрбөй калганыма, алардын ойногондорун кинотасмага түшүрүп, тарых барактарына калтырып койбогонуна өкүнөм. Учурдагы футболчулардан мага Руслан Сыдыковдун ойногону, өзүн алып жүргөнү, тажрыйбасы жагат. Европанын футболу менен Азиялык футбол абдан айырмаланып турат. Европада футбол №1 спорт деп эсептелип, миллиондогон күйөрманы, демөөрчүлөрү бар. Азия артта калып келатат, футболго болгон мамилеси да башка. Азияда Европадагыдай баарына таанымал клубдар да жок. Азияда да футболго көңүл бурулуп, элдин көбү күйөрман болсо деген аруу тилек бар. Кыргызстанда футболго өкмөт көңүл бурбай, Аскар Салымбеков, Совет Сакыбаев сыяктуу футболго күйгөндөр саналуу гана. Кыргыз байлары казино, сауна, ресторан салсын, бирок бир спорт тармагын колдоп койсо, аты тарыхта калат эле го. Чет өлкөлөргө көп чыгып, эларалык мелдештерге катышсак гана, чеберчилик өсүп, деңгээлибиз жогоруламак. Келечектеги максатым - Орусиянын же Европанын футбол клубдарынын биринде ойноп, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытсам дейм. Кыргыздар да футбол ойной алышаарын көрсөтсөм деген тилегим тынчтык бербей жүрөт.
Үйдөгү ата-энемди багуу, камсыз кылуу менин милдетим. Алган айлыгым өп-чап. Ошондуктан жаштык жалын барында, жүрөк курч кезинде чет өлкөлүк клубдарда ойноп, тажрыйба топтоп келип, кыргыз футболуна жаңылык, жаңы дем, күч алып келгим келет, - дейт, жылдын мыкты чабуулчусу, Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Нарындын "Дордой-Динамо" командасынын мүчөсү Мирлан Мурзаев.

Кабыл Макешов









??.??