presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элдин үнү - SMS

Бул бурчта биз менен бардык оюңузду бөлүшсөңүз болот.
Шарты жөпжөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "AALAM" деген сөздөн кийин аралык калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз. СМС-билдирүүнүн акысы кошумча нарк салыгы менен - 0,50 $.
Редакциянын 59-17-38 телефону аркылуу да оюңузду айтсаңыз болот.

"Алыскы туугандан, жакынкы кошуна" дегендей ардактуу кошуналарыбыз - Шайлообек байке, Зейне эже, Өмүрбек байке, Бермет, Космогүл эже, Чолпон, Айнура, Өмүрбек, Айгүл, Максат, Назгүл! Жаркырап кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Бука жылы сиздерге денсоолук, ишиңерге ийгилик, үйүңөргө тынчтык жана бакубат жашоо тартууласын! Ар дайым ынтымакта болуп, талашканыбыз сый болсун! Кампабыз көмүргө, дасторконубуз нанга толсун, үйүбүздө жарык, коломтодо отубуз өчпөсүн!
Курманбек, Сулай

Марат жана Гүлниза! Үйлөнүү тоюңар кут болсун! Кармашкан колуңар балпайган абышка-кемпир болгончо ажырабасын! Жыргалынан түйшүгү көп жашоодо экөөңөр дениңер сак болуп, алдыңарды бала, аркаңарды мал бассын! Бактылуу болгула!
Бишкектеги ава жана жеңең

- Алыскы Көл кылаасынын Тегизчил айылында жашаган Табылды ата, Какен эне, Урмат аба, Венера жеңе! Силерди келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайбыз! Ата, жүрөгүңүз эч качан оорубасын, машиненин моторунан да мыкты иштесин, жакшы болуп кетиңиз! Айылдагы бардык туугандарга Арча-Бешиктеги ысык салам!
Айбек

- Гүлзат, декабрь айындагы туулган күнүң менен куттуктайбыз! Дениң сак болуп, маянасы жакшы жумуш таап ал! Келечекте жакшы адам менен турмуш куруп, бактылуу бол, бакубат жана бай жаша!
Нестан

Көк-Жар конушунда жашаган Артист, Айгүл! Келе жаткан бука жылыңар менен куттуктайбыз! Ушул жыл берекелүү болуп, үйүңөргө көп жакшылыктарды алып келсин! Келечекте кыздарыңдын кызматын, уулуңардын урматын көргүлө! Телефон чалбай калды, келбей калды деп таарынбагыла, көп жаңылыктар бар.
Зукеш

- Айба, декабрь айындагы туулган күнүң менен куттуктайбыз. Мыкты денсоолук, окууларыңа ийгилик, жолу ачык балдардан бол. Келечекте ата-энең сыймыктанган мыкты адам бол! Сотка сөзсүз алперебиз, бир аз чыдап тур ээ, иничек?!!
Адилет




Мен сизди куттуктабайм!
Негизи эле мен бу жаңы жыл дегенди, чынын айтсам, жактырбайм, мындан келди - эзели майрамдап көргөн эмесмин. Алтүгүл бөтөн бирөөгө да эгерим - Жаңы жылың менен! - деп куттук айтпайм. Себеби, христиандардын пайгамбары Иисус Христостун (ага пайгамбар иретинде Кудайдын саламдары болсун!) туулган күнүн неге мен майрамдашым керек энди? Кайсы христиан апрель айында келчү менин пайгамбарым Мухаммед алейхис-саламдын туулган күнүн белгилейт экен?
Мен Ноорузду майрам деп тааныйм, моюндайм. Ырасында эле 21-22-марттын тогошуусунда жарык караңгы экөө изме-из теңелишет, чээнде, ийнинде жарым өлүк абалда уйку салган аюулардан тарта жылан, курт, кумурскага дейре ошол теңелүүнүн улуктугун туюшуп, капталдарына оодарылышат. Баар келет, дарак, майсага жан бүтөт.
А 1-январдын кандай касиет, шарапаты бар? Эч кандай! Ушу жаңы жыл деген жасалма майрам жакындаган сайын жүрөгүм зырпылдайт, ичим ачышат. Канча бир арча, карагайларыбыз кыйылат, бечаралардын дүмүрлөрү эле калат мулуюп. Анан дагы ушул болбогон бир жасалма майрам сөрөйгө ар бир үйбүлөнүн көптөгөн каражат, акчалары ысырапталат - жалтырак, жултурак бирдемелерди сатып алыш үчүн. Мектептер чыгымга учурайт, балаты өткөрүмүш болушуп. Ошол алынган темир-тезектери, шара-баралары эртеси эле эчтекеге жарабай калат. Бир-эки сааттык зоок үчүн акча коротушту акылсыздык, чала өпкөлүк деп эсептейм. Жаңы жыл түнү Кытайдын уулуу, зыяндуу оюнчуктары, даңкылдак-дүңкүлдөктөрү кулак-мээңди жейт. Абаны бузат. Жакынкы эле жылдарда ошондой пистондуу тарсылдактан бир келиндин боюнан түшүп калбадыбы! Ушул жакшыбы?!.
Азыр шаарды бүтүндөй ошол Кытайдын жасалма шөкөттөрү менен кооздоп убара болушууда. Ушунун кереги барбы? Айрыкча "өлөм-өлөм" деп араң турган чала жандуу Кыргызстанга? Мен президент болсом мындай бейкылык жосундарды жоюп, ошолорго кеткен каражаттарды мискин, жесир, кеселдер үчүн сарптамакмын!
Ошон үчүн сизди да - Жаңы жылыңыз кут болсун! - деп, калп куттуктап, жанымды жей албайм. Кечирип койгойсуз!

Бектуруш Салгамани




- Жаңы-жылды кантип тососуз?
Делдеңбаев Болотбек,
Токтогулдун Комсомол айылынан:
- Бишкектеги кудамдыкына конокко келдим эле. Биз, айылдыктар, жаңы-жылды бардык элдердей эле жайыл дасторкон, жакшы маанай менен тосконго аракет кылабыз. Албетте, беш бармак деген сөзсүз болот, калганын жеңеңер колдон келген тамак-ашы менен дасторконду жайнатат. Бала-чакабыз менен чогуу-чаран тосуп, андан кийин туугандар, кошуналар менен бири-бирибиздикине киришип дегендей таңга барабыз.
"Кыш кыйын болот, катуу болот" деген чоңдоруңар оозуна карап сүйлөшсө боло! Кыш кадимкидей эле кыш болот, кудай буюрса токсону өттү, кар жакшы эле жаап жатат, түшүм мол болот. Мына, эртеңден баштап күн секунд, мүнөттөп узара баштайт. Адамдар пейилди оңдосо эле жашоо оңолот.
Эми бул келе жаткан уй жылында кыргыз журтума кааларым: эл ичи тынч болсун, токчулук, береке болсун, мал-жан аман болсун! Эң башкысы ынтымактуу бололу!


Өмүралиева Бурул,
"Арча-Бешик" конушунун тургуну:
- Эми кагылайындар, жаңы жылды албетте жакшы тосконго даярданып атабыз. Неберелерим менен кичинекей балатыны кооздоп, бала менен бала болуп атам. Жаңы жылдык дасторконго быйыл уй жылы болгондуктан уй этин койгонго болбойт деп уктум. Койдун эти менен тооктун этинен алабыз да. Келиним экөөлөп дасторконду жакшы даярдайлы деген ой бар. Уй жаныбар негизинен момун, жоош мал. Ушул келаткан жыл тынч, жакшы жыл болот деген үмүт чоң. Жалпы элиме чың ден-соолук, ар бир үйбүлөгө бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм! Журт башыларынан өтүнөөрүм - кычыраган кышта светти өчүрүшпөсүн! Жаш балалуу, оорулуу, кары кишилер бар. Эл аман, эл ичинде биз аман бололу!


Ыскакова Зарыл,
Ысык-Көл областы,
Боз-Булуң айылы:
- Биз орустар менен жанаша жүрүп кышында жаңы-жылды тосконду үйрөндүк. Негизи кыргыздын жаңы жылы - бул Нооруз майрамы. Кыш жазга жол берип, жаңы чөп чыгып, күн жылып дегендей - бул чыныгы жаңы жыл.
Бирок элибиз көнүп калган майрамды деле - кудай кут кылсын, жакшы майрам. Мектепте балдар мектебин кооздоп, балаты коюп, ыр ырдап, бий бийлеп шаңдуу тосушат эмеспи. Мен азыр Бишкектеги кыздарымдыкында, неберемди багып атам. "Жаңы жылга аны алабыз, муну алабыз" дешип эле бала-чака чуркап жүрүшөт. Кыргызымдын пейли кенен эмеспи, айылда болобу, шаарда болобу, дасторконду кенен жайып, тамак-ашын жайнатып, үйбүлө, тууган-туушкандар менен жакшы тособуз. Жаңы жыл кыргыз элине тынчтык, ырыскы-ыйман, токчулук ыроолосун! Балдардын келечеги кең болсун! Кемегеде отуңар өчпөй, үйүңөр жылуу, дасторконуңар берекелүү болсун!

Шейшенбек уулу Самат,
Бишкек шаары:
- Өткөн жыл мен үчүн абдан жакшы жылдардан болду. Үйлөндүм, кыздуу болдум. Келе жаткан жаңы жыл да мындан берекелүү болушун каалайм. Жаңы жылда келинчегим экөөбүз колубуздан келген тамак-ашты коюп, уулум Ислам, кызым Раяна болуп тособуз, бул үйбүлөлүк майрам эмеспи.
Элге азыр бир топ эле кыйын болуп турат, кризис бир жагынан, жумушсуздук, кымбатчылык экинчи жагынан. Кыргыз байкуш эч качан "жаман" деп айтпайт эмеспи, пейлине жараша болуп жашообуз оңолуп кетсин!
Кыргыз элине кааларым: денсоолугу чың болуп, иштеген иштери болуп турсун, эмгек акылары мол болсун, чоңдорубуз ыймандуу болуп, көп пайдалуу иштерди жасасын. Кампабыз данга, корообуз малга толсун!

Даярдаган Зулайка Намазбек кызы









??.??