presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Инсанят

Чыңгызхан
(Башы өткөн сандарда)

Бурхан-Халдун тоосунан агып түшкөн үч дайра Онон, Керөлөң, Туул өрөөндөрүндө жайгашкан Чыңгызхандын ордосу сегиз кылымдан ашык монгол эли үчүн гана эмес, бүт дүйнөдөн бир адамдын буту баспаган "Ыйык жер" болуп кала берди.
Бурхан-Халдун тоо боорунда өткөн курултайдын жаңырыгы андан кийинки жылдарда, кылымдарда ар кайсы элдерде ар башкача болуп, ошол кездеги саякатчылар жана тарыхчылар аркылуу дүйнөгө тарап жатты.
ХVII-кылымда француз биографы Франсуа Пети де ла Круа мындай деп жазган: "монголдор курултайда Тэмучинди кара кийизге отургузуп элдин үнү болгон жалпы элдик хан кылып шайлашты". Көчмөн эли эч убакта кара кийизге отургузуп хан шайлачу эмес, бул да болсо француз биографынын көчмөн элдердин каада-салтын билбегендиги деп баа берсек болот. Ал эми ушуга эле окшош маалыматтарды Персия, Түркия жана жалпы Азия окумуштуулары кийинки кылымдарда чындыкка жакыныраак жазып кетишкен. Мисалга Персиянын саякатчы хронисти Рашид-ад-Дин мындайча жазган: "Асмандан жиберилген кудайдын кишиси, өкүлү болот, ал адам элге тегиз карайт. Эгер андай болбой, эл арасында зулум катары элди эзсе, анда ал элге жек көрүндү болуп өмүрүнүн акырында элге батпай башка жерде, башка элде ачкадан, жакырчылыктан жалгыз өлөт". Курултай өткөнгө чейин монголдордун өзүнчө атайы дини болгон эмес, ошон үчүн курултайда катышкан шамандар Тэмучинди аны кудайдын жактырган өкүлү катары жалпы монгол элинин жалгыз гана ханы дешип даңазалашкан. Кийинки замандарда коммунисттердин бийлиги астында тоскоолдук болсо да монгол эли дүйнөгө дүңгүрөгөн улуу ханынан баш тартышкан жак. Коммунисттер качан дүйнө жүзүнө таасирин жоготкон 1990-жылдан бери жалпы монгол элинин пири, идеалы болуп Чынгызхан эсептелет. Буга мисал болуп бүгүнкү күндө Монголиянын эң чоң алтын кени ачылган тоонун боорунда Туул деген дайра жанында Кайсаң деген тоонун бооруна майда ак таштар менен Чынгызхандын эбегейсиз чоң сүрөтү тартылган.
Курултайда Тэмучин хан шайланганда ал жердеги Тэб Тенгери баш болгон шамандар оозундагы арактарын от кылып чачышып, көк асманды карап өз тилдеринде бата тартышып, "хури, хури, хури" деп, христиандардын "аминь" деген же болбосо мусулмандардын "оомийин" деген сыяктуу сөздөрүн Тэмучинге карап бата беришет.
Тэмучин мыйзам катары киргизген кээ бир тартип эрежелерди өзү ойлоп тапкан жана анын чечимдери келечекте да өзгөрбөгөн боюнча калды. Ал курултайда сүйлөгөн сөзүндө армиянын уюштуруу, каржылоо жана согуш жана тынччылык убактагы милдеттерге орчундуу токтолгон. Хандыктагы эреже боюнча 15 жаштан 70 жашка чейинки курактагы эркектер бүтүн курал алып, эл-жерин коргоого милдеттүү болгон. Жортуулдан олжолонгон байлыкты бөлүштүрүүдө жетим-жесирлерге биринчи иретте көңүл бурулган. Аскердик эң жогорку кызмат болгон түмөн жана минган башчыларын Чынгызхан өз буйругу менен гана дайындаган. Ал эми ягун, жүз башы, он башыларды мингандын жолдомосу менен түмөн дайындалган.
Чынгызхандын заманында жөнөкөй мергенчи, койчу же башка маанидеги малчы болобу, алар табият тартуулаган жөндөмдөрүнө жараша акылдуу аскер башчыларынан бала алышты. Аларды азыркыдай эч ким аскердик окуу жайларда окуткан эмес. Согуш учурунда курман болгондордун үйбүлөсү мамлекет эсебинен багыла турган болуп мыйзам кабыл алынды. Аскердик корпустун эң жогорку баскычы болуп 100 миң кишиден турган бир түмөн эсептелинди, биринчи түмөндүн колбашчысы кылып Чынгызхан эң ишенимдүү адамы Боорчуну шайлады.
Чынгызхан үйбүлө мүчөлөрүнө ылдыйкы баскычтагы аскердик башчыларын дайындоого уруксат берген. Андай укукка Оэлун, кичүү иниси Хасар, балдары Өгөдөй жана Төлөй кирген. Согуш учурунда кимде ким согушта эң чоң баатырдык көрсөтсө, Чынгызхан анын буга чейинки ата тегине, социалдык абалына карабай жогорку аскер кызматтарына дайындаган.
Балдары Чагатайды сегиз миң кишиге, Жуучуну он миң кишиге башкаруучу кылган, бирок аларга түмөн же минган да тийген эмес. Чагатайдын акылы аз, мүнөзү көк бет болгон үчүн Чынгызхан ага жогорку аскер кызматын ишенип берген эмес. Ал эми Желмени жогорку аскер башчы кылып койгон. Тайчыктар менен болгон согушта Тэмучин желкесинен жарадар болуп эсин жоготкондо, Желменин түнкүсүн жылаңач чечинип дамбалчан тайчыктарга барып, амал менен бир чака сүттүн быштагын уурдап суусун кылып Тэмучинге берип, таң аткыча көз ирмебестен анын желкесиндеги канды соруп чыкканын Тэмучин өлөр өлгүчө унуткан эмес. Аскердик кызмат даража бөлүштүргөндө Чынгызхан өзүнүн бир туугандары, балдары экенине караган эмес, ал кол астындагы адамдардын биринчиден өзүнө берилгендигин, андан кийин акылын, баатырдык сапаттарын эске алчу.
Чынгызхан уруулар арасындагы касчылыкты жоюп, биримдиктүү кылып башкаруу үчүн жогорудагы келтирилген мисалдардын баарын бириктирип, курултайда Улуу Мыйзамды кабыл алдырган. Улуу Мыйзам Чыңгызхандын андан кийинки 20 жылдык жашоосунда анда-санда гана түзөтүлүп турду жана ал өлгөндөн кийин да анын урпактары үчүн башкы мыйзам бойдон кала берди.
Улуу Мыйзам жоокерчилик заманда бирөөнүн аялын уурдап ала качкан салттарды түп тамыры менен жок кылды. Уруулар арасындагы жаатташууга, касташууларга бөгөт коюлду.
Улуу Мыйзамды Чынгызхан бала кезинен баштап көргөн кордуктары кийинки монгол урпактары үчүн кайталанбасын деген мааниде кабыл алдырган. Анын бала кезде жетим болуп көргөн азаптары, аялын тарттырып, өз уруусун чаптырып жибергени, уруу, уруулар ортосундагы карактап тоношуулар, жортуул убагында элдин бейкүнөө кырылганы, мына ушунун баарын токтотуу Улуу мыйзамдын негизги максаты болуп саналган.
Чынгызхан Бөртө меркеттерде туткунда болуп келгенден кийин төрөлгөн үчүн тун уулунун атын жоо чапкандагы бала деген кыязда Жоочу деп коет. Чындыгында, Чынгызхан Жоочу жөнүндө "өз каныман жаралган балабы же меркеттенби" деп убайым суроо салып, өлөөр-өлгүчө санаа жеп жүрүп өттү. Ошондуктан ал олжого келип, күң болуп кызмат кылган аялдарды, алар төрөгөн же жоодон кийин журтта калган балдарды кемсинтүүгө тыюу салып, аларды башкалар менен бирдей укукта болот деп жарыялаган.
Мурун монгол талаасында уруулар өз ара бири-биринин малын уурдоого кынык алышкан болчу. Чынгызхан эми бул көрүнүштү да тыйды, мал уурдоо мамлекеттик кылмыш катары жар салынып, андай кыянаттык ишке баргандар үчүн өлүм жазасын чектеди. Ал эми кимде-ким өз короосунан ар кандай себеп менен бөлөк мал көрүп калса, аны ээсине кайтарып берүүгө милдеттүү болуп калды. Ошол сыяктуу эле кимде-ким бөлөк адамдын буюм-тайымын же малын таап алып, аларды ээси жок болсо да аймактык көзөмөлчүлөргө кайтарып бербесе, андай адам "ууру" болуп айыпталып, өлүм жазасына тартылмай болду. Андан сырткары ар бир жылдын май айынан баштап октябрдын аягына чейин жалпы элдик мергенчиликке катуу тыюу салынды. Бул үчүн атайы айбанаттардын сүрөттөрү тартылып, кайсыл убакта кууту башталат, качан төлдөйт, качан балапан басат, ушул сыяктуу маалыматтарына чейин эл арасына таркатылды. Эгер кимде ким кышында бир эле жолу мергенчилик кылып, өз керектөөсүнөн ашкере көп атса, анда да жазаланган. Эреже боюнча мындай айыпка жыгылган мергенчилер өз короосунан аймактык көзөмөлчүлөргө тирүү мал өткөрүп берип кутулушкан.
Андан сырткары Чынгызхан диндер арасында мансап талашып, ич ара тымызын билинбеген жаңжал болбос үчүн, жалпы журтту бузукулук кылбагыла, караниеттик иштерди жасабагыла деп ундөгөн. Буддизм, христиан же мусулман болобу, айтор бардык диндеги башчыларга салык төлөөнү токтоттуруп, андан көрө ар кандай табыптардан, дарыгерлерден, мугалим-окумуштуулардан көбүрөөк салык жыйнаган.
Мурункудай уруу-уруу болуп бөлүнүп жарылып, ашкере тыңсынып кыйынсынгандар чыгып элди козутпаш үчүн, Улуу мыйзамдын негизинде жалпы элдик хан мындан ары курултайдын гана чечими менен шайлансын деп чечим кабыл алышты.
Курултай кабыл алган чечимдер чектен чыккандар үчүн алардын үй-бүлөсүнө, уруусуна чейин залакасын тийгизген, ошол эле учурда тартип сактап жашаган ар бир монгол үчүн коопсуз жашоого кепил болгон мыйзам болуп калды. Бул мыйзамды мындан ары байлыгына жана мансабына карабай ар бир адам аткарууга милдеттүү болду.
Мындай демократиялык мүнөздөгү Улуу Мыйзам дүйнөдө биринчи болуп кабыл алынды жана бул мыйзам ошол кездеги Европадагы дөөлөтү таш жарган көп мамлекеттерде, падышачылыктарда кездешпеген алдыңкы өрнөктүү мыйзам болуп тарыхта калды. Бирок тилекке каршы, бул мыйзамдын кээ бир жактарын эл башындагы адамдар, анын ичинде Чынгызхандын урпактары, 50 жылдан кийин өздөрүнө ыңгайлаштыруу максатында анча-мынча башкача кылып өзгөртүп алышты.
Чынгызхандын монгол мамлекетин куруп жаткандагы дагы бир өрнөктүү өзгөчөлүгү - монгол арибин киргизип, өлкөдө кат таануу маселесин ишке ашыра баштады. Чындыгында буга чейин бир да уруудан бир да монгол кат тааныган эмес, аларга караганда татарлар бир аз кат тааныган эл болгон. Жада калса наймандардын ханы Таян-хандын кол астында өзүнүн катчысы болгон. Монголдор менен канатташ калктардан уйгурлар кат тааныган эл болуп эсептелген, себеби алар кытай эли менен аралаш жашап окуганды, жазганды үйрөнүшөн. Уйгурлар теги боюнча түрк тилдүү элден чыккан менен, кээ бир сөздөрү монгол тилине окшош келет.
ХIII-кылымда ошентип биринчи монгол ариби түзүлөт. Ал арипти христиан миссионери алып келген Сирия алфавитиндеги тамгаларга окшоштуруп түзүшкөн. Бирок тамгалар кытайдын иероглифиндей тик абалда жазылган. Каттарды түзүлгөн алфавиттин негизинде жазып, аны чогултуп жүрүүнү Чынгызхан өзү Жогорку Сот кылып дайындаган Шиги-Хутухуга тапшырган. Шиги-Хутуху татарлардан калган бала эле, татарларды экинчи жолу чаап алганда бир кемпир жалгыз баласын Тэмучинге тарбиялап көз салып, ини катары чоңойт деп берген болчу. Шиги-Хутуху жаш кезинде мурдунун оң жак таноосун көзөп, алтын шакек илип алып, аны өлөөр өлгөнчө тагынып жүрдү.
(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов










??.??