presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Студенттик күндөр ай, уйкусуз өткөн түндөр ай...

Сессия башталды. Студент кантип такшалды…
Жаңы жылга жакын студентмин дегендерди кооптонуу, жүрөксүү тынчын алып, айрым мугалимдер түшүңө кирип, кадимкидей өңдөн аза түшөсүң. Себеби сессия башталды! Бул сезим сөзсүз эле жаман окуган студентте эмес , көпчүлүгүндө болот. Эмне себептен? Айрым сабактарга мойнуңан байласа да киргиң келбейт, ошол сабактан сынак тапшырган учурда кандай болот деп ичиңен сызып турсаң да мойнуң жар бербейт. Маселен биздин окуу жайда бир агай бар, сабак учурунда көп убакыт өзүн мактаганга кетет, ырас өз кесибинин адиси антсе да аша чаап мактанам деп жатып студенттердин баарын ичиркентип, кадимкидей көңүлүң калып ошол сабактан "нб"ларың көбөйө берет. Баса бир "жаш кадр" бар, өтүм(зачет) тапшырып жатканда кыргыз маданиятынын тарыхын, философиясын айтып жатсаң, суроо бергени бул " … демек Саймалуу- Таш кайсы жерде дедиң? Кайсы суунун жанында экен? Деңиз деңгээлинен канча метр бийиктикте?" деген суроолорду бергенде күйүп кетесиң. Анан да мектепте сабак өтүп жаткансып "… дептериңерди алып тынч отургула, шыбырашпай түптүз отургула" деп 3-курстарды тыйып жатса, шыбырашмак тургай каткырып жибербейин деп араң карманасың. Таң каласың, убагында сабак өтпөй, студенттердин санын толуктап коюп кетип калат да, суроо бергени тигил. Кантип студенттердин убалынан коркпойт десең. Айрым сырдана эже - агайларга айтсаң " ой анын "крышасы" бар, эч кимдин алы жетпейт" дегендерин укканда, "крыша" болбой кыйрап калгыр дейсиң. "Кой аксагы менен миң" дегендей, бирок андайларды көрүп анан мыкты адис мугалимдердин эмгегин баалап, айткандарын кунт коюп угуп кадимкидей кадырлап каласың.
Быйыл бешинчи курс болгонго өткөн - кеткенди таразалап, биринчи курска жаңы келип, бир чети айылды сагынсаң, бир чети шаардын ызы- чуусуна көнө албай, сессияда кайсыны айтып, эмнени жаттап келериңди билбей, жетишпей жүргөндөрүңдү эстеп, өзүңдү мыскылдап бир күлсөң, кайран күндөр ай деп тамшанып кайра сагына да түшөсүң. " Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" демекчи, ар бир студенттин эң алгач сынак тапшырганы өмүр бою унутулбайт го, менин эсимен эң алгач тапшырган сессия эсимен чыкпаса керек. Алгач математика сабагынан тапшырып жатканбыз, баарыбыз тең эле түзүк жооп бере албай, айтор эженин купулуна толбой жаткандайбыз. Эки шарты бар эле., эрежени шакылдата айтып, анан доскага чыгып эсеп чыгарышың керек. Эсеп чыгаруу жагынан ырас эле болчумун, бирок эмнегедир деги эле эреже жаттай албайт элем. Эгер эрежени эженин купулуна толгудай айтпасаң анда эсеп да чыгартпайт. Мен да көпчүлүктүн катарында калдым. Бир кызыбыз кайсы эрежени сураса да тарсылдап жооп берип, доскага чыгып эсеп чыгарганда такалган бойдон туруп калды.Эжебиз "эгерде ушул эсепти ким чыгарса, автоматтык түрдө зачет" дегенде, эмнеси болсо да чыгып көрөйүн көйнөгүмдү чечип алмак беле деп доскага чыгып, туйумга салып туруп эсепти чыгарып эжени карасам, алып кел деди. Көрсө чыгарылыш варианты эже үйрөткөн эрежедей эмес, бирок жообу туура экен. Сүйүнгөнүмдү айтпа, менден бактылуу киши жоктой, курбуларым мага суктанып, алар да кубанып жаткандай көңүлүм алып учат десең…
"Тил илимине киришүү" сабагынан Каратаева Сонайым эже өтчү. Биринчи модуль тапшыргында айылдан апам келип, айылчылап кетип барбай калып, ал кылыгым үчүн жакшы эле азап тарткам. Сынакта төрт алгам, бирок эмнегедир эле беш алышым керек деген ишеним кетпей туруп алды. Кайра бешке суралсам болобу десем, " биринчи модулга келген эмессиң да…" деп койду. Эженин маңдайында отургам, таптакыр үмүтүм үзүлүп, өзүм да байкабай калыптырмын, калем сабым колуман түшүп кеткенде чочуп кеттим. Эже мени тигилип карап туруп: "Кишинин жүрөгүн оорутасыңар да, сабактан кийин мага жолукчу" дегенде бир аз эсимди жыйдым. Сонайым эжеге жолугуп, пиктография боюнча тапшырма алдым да, колумдан келишинче иштеп чыгып барсам, " колуңан келет турбайбы, кызыл диплом менен бүтөйүн деп жатасыңбы" дегенде өзүм да таң калып койдум, чын эле кызыл диплом менен бүтсө болобу деп. Ошол күндөн баштап кадимкидей өзүмө болгон ишеним бекемдеп, демек кызыл диплом менен бүтсө болот экен да деген ой көкүрөгүмдөн чыкпай, сабактарга олуттуу мамиле жасай баштадым. "Бир ооз сөздөн аалам кетет өрттөнүп, бир ооз сөздөн калат кээде көрктөнүп" деген бекер жерден айтылбаптыр да, көрсө…
Таптакыр окубай жалаң акча берип бүтүргөндөрдү көрүп, кыжырың кайнап кетет. Мен деле бергем, сүттөн акмын деп актангандан алысмын, бирок, атайын ошенткем. Маселен, кайсы бир мугалимди акча алат деп уксам, анын сабагына таптакыр барбай, ал сабактын убагында өзүм маанилүү деп эсептеген кайсы бир жаштар чогулушуна барчумун же поэзия кечесине, же драмтеатрга кетип калчумун. Сессия убагында жогорку курстар кандай айтса, дал ошондой болуп чыгат, дегеним алат деген мугалим алат. Кандай болсо да өзүнө ишенген, акчага эмес, аракетине таянган студенттен акыры мыкты адис чыгарына көзүм жетти. Андай студенттерди мугалимдер да сыртынан " багып", билгизбей жардам берип, аяр мамиле кылышат экен, албетте баары эмес, келечекке мыкты адис тарбиялап чыгам дегендер. Жалпы студенттердин алкоосуна татып, ар дайым кадырлуу мугалимдердин катарында жүргөн Сатимкулова Гүлнара эже жөнүндө кеп кыла кетпесек болбойт. Эмне үчүн? Себеби кайсы студенттен сурасаң да ал эженин сабагын абдан берилүү менен окуурун айтмак. Айрым учурда даярданбай келип калсаң да сабактын жүрүшүндө өзүң эле жооп берип, ал маалымат сенде бар экенине таң каласың.




Чыңгыз Айтматов:
"Заманды силер, жаштар, өзгөртөсүңөр" деген эле..
Cөз кадырын
билгендерге:

Токторбай чечендин айтканы:
- Айтылган сөз атылган ок, айтылган соң кайрылбас.
Калган көңүл- качкан куш, кайгырган менен табылбас.
Өткөн өмүр - өчкөн от, өкүнгөн менен жагылбас.

Түй, жүрөккө!
Дүйнөдөн семиз өтөт, арык өтөт,
Дүңгүрөп хандар өтөт, карып өтөт!
Токтолот далай пенде көмөчүнө,
Тоскоолду Шумкар гана жарып өтөт!

Залкар жазуучу, чыгааныбыз Чыңгыз Айтматов "Ойборборго" келип, жаштар менен жолугушуп, ой бөлүшүп, берген суроолорго чын дилинен төгүлүп жооп бергени жана жаштарга кеңешин айтып, карылык каадасын сактап, жаштардын келечекке деген тилегин угуп, батасын бергени, дале көз алдыман кетпей, кечээ күнү эле болгондой сезилет…


Кубат Чаргынов, Мамлекеттик каттоо мекемесинин кызматкери:
- Ааламдашуу улуттун уңгусуна, дээр - зээнине эмнени берет, эмнени алат?
Чыңгыз Айтматов: - Пайдалуу жактары бар.Маселен, мурда "Манас" айтканда, ошол жердегилер гана укса, азыр сыналгынын жардамы менен жалпы коомчулукка тарайт.Эгер биз өзүбүздү- өзүбүз даярдабасак, көп асыл нарктарыбызды жоготуп, туруштук бере албай калабыз.

Мирхамид Токтогулов, "Манас" университетинин студенти:
- Башка өлкөдө көп жүрсөңүз да эне тилибизде эркин жана так сүйлөп жатасыз, кантип сактадыңыз?
Чыңгыз Айтматов: - Бала кезимдеги чоң энемдин жомогу көп таасир берген. Чын ыкласы, чын ниети менен жомок айтып берчү, ошол кездеги толтурулган көрөңгөм азыркыга чейин азык болуп келатат.

Айбек Кудайкулов, БГУнун студенти:
- Кыргыз элинин маданияты дүйнөлүк маданияттан орун ала алабы?
Чыңгыз Айтматов: - Бул өтө чоң маселе, бул жөнүндө айтуу кыйын, жоготууга жараша табылга да болот. Дапдаяр мадаият болбойт, ал силердин аң-сезимиңерге, ой жүгүртүүңөргө жараша болот.

Айбек Саипов, КМКТАУнун студенти:
- Түндүк - түштүк маселесине сиздин оюңуз кандай?
Чыңгыз Айтматов: - Муну менден жашы билесиңер, башка өлкөгө барып бул жөнүндө айтсаңар күлөт. Түндүк - түштүк маселеси майдачылдыгыбыздан кабар берет.

Чынара Дүйшеева, коомдук ишмер:
- Мусулманчылык деп чүмкөнгөн кыздарыбыз, чалма оронгон жигитерибиз көбөйүп кетти, буга сиздин көз карашыңыз?
Чыңгыз Айтматов: - Менин көз карашым мындайга анча кубанычтуу эмес, ырас, ыймандуулукка чакырат. Ааламдашуу, жаңы цивилизация заманында анын оң -сол жактарын туя билгенибиз оң, бирок динге каршы чыкпаш керек. Ички маданият, илим -билим андан артык болуп, өнүгүүгө өзөк керек.

Бакытжан Алымжан уулу, кытайлык кыргыз:
- "Ак кемедегидей" эмес, кийинки чыгармаңызда балдарды куткара алат белеңиз?
Чыңгыз Айтматов: - Андай чыгарма жаралабы, жаралбайбы билбейм.Балдар жөнүндө эми силер ойлонушуңар керек.

Эркинбек Шейшенбаев, жаш акын:
- Акылмандык дегенди кандай түшүнөсүз, жашоонун маңызы эмне?
Чыңгыз Айтматов: - Акылмандыктын чеги жок, үстү -үстүнө кошула берет. Жашоонун маңызы өтө татаал нерсе, бул түгөнгүс.

Кулмат Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясынын студенти:
- Кыргызстандагы көп структура биздин элдин менталитетине туура келбейт, көргөнүбүз -укканыбыздын баары батыштыкы.Кыргыздыкын сууруп ойлоп табууга жаштардын колунан келбейт, карыя катары кандай кеңеш бересиз?
Чыңгыз Айтматов: - Биз, аксакалдар, билгенибизди гана айтабыз, бирок заманды өзгөртө албайбыз. Заманды силер, жаштар өзгөртөсүңөр, колубуздан келбейт дебегиле, жүрүп отуруп баарын өз колуңар менен жасайсыңар.

Жибек Чолпонкулова, Чаткал районундагы Терексай мектебинин окуучусу:
- Беш -он жылдын аралыгында дагы чыгарма жазам деген пландарыңыз барбы?
Чыңгыз Айтматов: - Аны айтуу кыйын, чыгарма жазуу бул курулуш эмес. Бирок, аракетим бар.

Бектур Илияз уулу, кытайлык кыргыз:
- Эң жакшы көргөн чыгармаңыз?
Чыңгыз Айтматов: - Жакшы көргөн чыгарманы тизмелеп айтууга болбойт. Китепти окуганда таасирленесиң, бир айдан кийин ал таасир өзгөрүшү мүмкүн.

Бетти даярдаган
Мундуз Асаналиева










??.??