Кыргыз кылым жылса да былк этпейт

Уран уусунан да коркпогон кыргыз
Бир теңтушум нааразы болот. "Нуралыктар болбогон эл экен" дейт. "Ал байкуштар жер титиреп, ата-тууганынан айрылып атса, сенин мунуң болбойт го" десем. "Биринчиден, ушундан Чоңалайга үшүп-шишип азык-түлүк жеткирсем, менин "КАМАЗымдын" кырына туруп алышып, "мунуңар эскирип кеткен эмеспи" деп күйдүрүштү. Көөп алышыптыр. Туш-туштан жардам келе берип, көнүгүшүп алышыптыр. Эми ичара үй талашып, бири-бири менен урушуп атышат. Соткамды да уурдап алышты. Бири унчукпайт. Анан ушундай элге жер титиребегенде эмне болмок эле" деп катуу нааразы болду. Себеби, жердин сезгич вибрациясы адамдардын ак-кара ойлорун сезип, эгер карасы ашынып баратса, сөзсүз силкинет.
Кыргыз дегеле мурдун балта кеспеген элбизби? Үрөй учар турмушта жашап атат да, үлпөтү көп. Ыштаны жок калса да, той бере беришет, тобо. Миңкуш 70 жылдыгыбызды белгилейбиз дейт. Тойдон мурда тирүү калабызбы деп ойлобойт. Орус тилдүүлөр эбак качып кеткен. Заводу токтогон. Жалаң кыргыздар калды. Анан эмне болуп атат? Акыбал өтө начар. Сузактык министр Камчыбек Ташиев эмне жумуш кылып атат, түшүнүксүз. Биринчиден, МЧСтин олчойгон бюджети бүт түштүккө үрөлүп атат, түндүктө деле кишилер бар деп ойлонушу керек, президент да… Социалдык акыйкатчылык болбой жатат.
Биз жар кырында жашап атабыз. Мөңгүңөр түгөнүп баратат, тооңор кантер экен деп кейип атып, Айтматов өмүр этегине жетти. Ойлонбойлубу деген кыргыз жок. Президенттик так талаш күчүндө. Баары эле президент болгусу бар. "Жар кырында жашап атабыз" дегенимдин жөнү бар. Советтер Союзу Кыргызстанды хвостохранилищалардын мекенине айлантып коюптур. "Кансыз согуш" маалында АКШ менен тирешкен СССР атом бомбасын белендеш үчүн уран, тяжелый вода деп коет, ушуларды белендеш үчүн 11 ири очок болсо ошонун үчөө Кыргызстанда болду. Азыр мышык ыйлай турган абалдабыз. 49 хвостохранилища кароосуз жатат. НПО сыяктуу акчакорлор маал-маалы менен жыйын жасап, Кыргызстанда гидросфера, биосфера, атмосфера абалы курч деп орусча доклад окуп коюшат да, четтин долларын чөнтөгүнө салып тим болушат.
Урандын уу калдыгы кыргыз жеринде 75 млн м3. Бул 130 объектиден чогулган уу. Бул уунун ичинде - кадмий, коргошун, цинк, хром ж.б. бар - адамдын денсоолугуна өтө зыяндуу уулар.
1993-жылдан 2002-жылга чейин Кыргызстанда 16 чоң жер көчкү, 220 жер титирөө болуптур. Жанагы уу сактаган жайларыбыз жарылып кетсе эмне болот! Хвостохранилищалардын бардыгы эл жашаган айылдардын желкесинде. Союз маалында бул уу коргондорду көздүн карегиндей коргоп турушчу. Эгемендүүлүктүн 17 жылында эч ким карабай калды.
Майлысуудагы уран уусу сакталган жайды алалы. Шаардын эли кыйын абалда. "Изолит" заводу уран иштетчү. Азыр №3 хвостохранилище тешилгени араң турат. Ал тешилсе бүтүндөй Фергана өрөөнүн уулайт. 7 гектарды ээлеген бул жайда 200 миң тонна уу жатат. Радиациянын деңгээли - 18-30 микроренген, саатына. МЧСтин мониторинг департаментинин айтымында, эгер дамбаны жаңылап тосмолобосок, анда 2010-жылы жырылат дейт. Майлысууда 3 хвостохранилище, 13 тоо отвалдары эсепте. Жалпы көлөмү - 1 млн. 999 миң куб уу бар. Бул жерге СССРдин туш-тушунан ууларды ташып келе беришкен. Адеп бул уу чылалар СССРдин Средмаш деген министрлигинде болчу, кийин эгемендик келгени Карабалта тоо-кен комбинатына өтүп, булар Майлысууну карабай коюшкан. 24 млн доллар керек экен, оңдогонго. ЕСтин "КМШ өлкөлөрүндө ядролук коопсуздукту камсыздоо" деген программасы иштелип чыккан. Бирок, кыргыз бийлиги алтын талаштын артынан түшүп, Карабалта тоо-кен комбинатына улам бир жетекчини беките берип, алар чалабучук иштешти. ТАСИС 500 миң евро бөлгөн, мониторинг жасоого. Аны бүт жеп алышты. Койташтан жер көчтү эле, №7, 9 хвостохралищаны басып калды. Эгер жырып кетсе эмне болот эле. Майлысуунун 23 миң эли ууланмак. Андан ары калганыбыз аба жетпей, ооруп, кыйналмакпыз. Онкология институтунан барып изилдешип, бирок натыйжасын ачык чыгарышпады. Демек, акыбал түшүнүктүү да… Уу сактагыч жайлар Майлысуу суусунун түбүндө. Эгер жырылса Айлампасайдан түштүктөгү Карагачка куят да, андан Карадарыяга, андан Сырдарыяга куят…
Кыргыз парламенти Россия, Өзбекстан, Казакстан менен калдык сактоочу жайларды, тоо тектерин реабилитациялоо боюнча иштерди биргелешип, каржылоо маселеси каралсын деген токтомун 2000-жылы январда чыгарган. Бирок аны ким укмак эле. Орус, өзбек, казактын өз түйшүгү башынан ашып турган. Булар азыр да тоготпой турат. Кезинде Казакстан уран иштетүү боюнча СССРде биринчи орунда болчу. Калдайган ээн далаасы жатса, жок, Кыргызстанга уусун ташып, бүгүн көргөн-билгеним жок деп олтурат.
Кеминдеги Актүздүн акыбалы абдан начар. Орус эли бүт көчүп качып кутулду. Радиация үч эсе өйдө экен. Эл аба уусуна акырындап көнөт окшойт, көчө качпай жашат атышат. Бул жерде үч уу сакталган жай бар. Төртүнчүсү 1993-жылы ачылган - Чыйныке уу сактагычы. №1-уу сактагычта 370,6 миң куб, №2 - уу сактагычта 500 миң куб, №3 уу сактагычта 1100 миң куб метр, төртүнчүдө 3340 миң куб уу турат. Ушул ууларды кезинде жууп-тазалай турган трубаларды Балыкчынын мэри сатып алып, балыкчылыктарды таза суу менен камсыздайм деп уу сиңген трубаларды Балыкчыга ташып барды. Бул кылмышы үчүн ал азыр да жооп бербей олтурат. Өкмөт алдындагы коррупцияны алдын-ала эскертүү агенттиги бул маселе боюнча өкмөткө тикелей маселе койсо, Акүй унчукпай олтурат. Айткандай, "Кутусай" карьеринде үч отвал бар, 50 млн куб метр уу көчүшү мүмкүн. Бул көчкү көчсө айыл эли жабыркабайт деп өкмөт комиссиясы чечим чыгарыптыр. Анын уусунан аба канча булганат?
Сумсарды алалы. Тээ 1950-жылы ачылган кен. Үч хвосто-хранилищеде 4,5 млн тонна уу катылган. Каралбай калгандыктан №1-2 уу сактагычтар жырылып, уу сыртка агып, элди кыйнады. Кыргызстанда эң оорулуу эл ким десең - сумсарлыктар. №1-уу сактагыч 70 пайызы агып бүттү. №2-уу сактагыч жакында жырылат. №3-уу сактагыч азырынча чың сакталып турат. Эгер булар жырылса министр Камчыбек Ташиевди ошол көчкүнүн үстүнөн көрүп алгыла.
Советский уу сактагычы да 1950-жылдан иштеген. Кен комбинат жетекчилеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам бул уу жай да урай турган акыбалда. Хвостохранилищага 2,8 млн тонна кум төгүлгөн. Бүгүн ал кум жешилип (уу ташты да жейт турбайбы) агып кеткени турат. Мен "агып кеткени турат" деп коркутуп-көбүртүп атканым жок, анык жагдай ушундай.
Шекафтардагы уран уусунун калдыгы 700 млн метр кубду түзөт. Үстүндөгү гамма фон 60-150 мкр-саат. Уу сактоочу жай айылдын так желкесинде. Тосулган, корголгон эмес. Бир тал чөп өспөйт. Батыштан соккон шамал дайыма айылга уу жыт жайылтат. Сумсар суусунун түбүндөгү хвостохранилища да жырылганы турат. Эгер ал күү дей түшсө, дароо эле Сырдарыяга куят.
Сумсардагы үч уу сактагычта 4,5 млн метр куб уу турат. Жамгыр жааган сайын эзилип-жешилип олтуруп, уу аздап Сумсар суусуна куя баштады. Жергиликтүү эл ушинтип айтып атышат.
Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан уу калдык 4,9 млн метр кубду түзөт. Комбинат эгелери уу сактоочу жайды унутуп, комбинатты менчиктөө түйшүгү менен алек. Эгер бул уу сактагыч жырылса, анда Аксуу суусу аркылуу Вуадиль районуна агып, бүт Фергана өрөөнүн уулантат. Сурьмадан мышьяк уусу өңгөчө бөлүнөт эмеспи.
Хайдаркен сымап комбинатынан чогултулган калдык уу фильтрлөө иши болбогондуктан, Чаувай суусуна куюлуп келди. Эми гана тыйышты.
Карабалтадагы тоо-кен комбинатынын уусу 273 гектар жерге көмүлгөн - 34,5 млн метр куб. Уулануу көрсөткүчү 100-1350 мкр/саат. Эгер бул хвостохранилища жарылса Чүйдүн ичи бүт ууланат.
Кажысайдагы уран калдыгын сактаган жай Ысыккөлдөн 1,5 чакырым эле аралыкта. Бул уу жайды да карайын дешпейт. Деги эмне деген жетекчилерибиз бар. Тоюңду тойло, бирок элиңдин тагдырын ойло да.
Миңкушту айталы. 4 уран уу сактагыч бар. Анын экөө ураганы турат. 450 миң куб уу Туюксууга куюлса эмне болот. Бул уу сактагычтарды бекитүүгө бериси 5 млн доллар каражат керек экен. Коңгуроо кагып, биз уулансак силер да ууланасыңар деп эларалык уюмдарга кулак какты кылышпайт. ТАСИС 1997-жылы 500 миң евро, Бүтдүйнөлүк банк 120 млн доллар бөлгөн экен. Ал акчанын азы жумшалып, көбүнүн дайын-оту жок.

Жолдошбек
Зарлыкбеков