"Кумтөр" кайрыктары…

Тоо өнөржай Ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев:
"Кумтөрдө" иштеген кыргыз жарандары 30-50 миңден айлык алышат"
ЖК вице-спикери К.Исабеков "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндөгү Мыйзам долбоорун Парламентте сунуштады. Алынган маалыматтарга караганда, өкмөт тараптан ЖК депутаттарына маселени кароону дагы бир жума мөөнөткө жылдыра туруу боюнча кат келип түшкөн. Өкмөттүн оюнда эмне бар экенин билбейбиз, бирок аталган мыйзам долбоорун комментариялап берүүсүн өтүнүп, белгилүү тоо-кенчи адис О.Дүйшеевге кайрылдык.

- Мындай мыйзам долбоорун кабыл алуу эмес, даярдоонун өзү, жумшак айтканда, туура эмес. Эмне үчүн? Биринчиден, "Кумтөр" алтын кени приватташтырылган, жеке субъектилерге сатылган же өткөрүлүп берилген эмес. Улуттук байлык катары мамлекеттин карамагында турат. Ошондой болгон соң аны улутташтыруу же б.а. мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө кеп козгоонун өзү туурабы? Экинчиден, "Кумтөр" кени иштетүүгө жана чалгындоо иштерине гана берилген. Ал жердеги бардык жабдык-шаймандар, фабрика, транспорт каражаттары, тоо-техникалык жабдуулар, кыскасы материалдык-техникалык база бүт бойдон биргелешкен "Кумтөр Голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компани" компанияларына таандык.
Үчүнчүдөн, "Кумтөр оперейтинг компани" оператор б.а. долбоорду аткаруучусу, ал эми "Кумтөр Голд компани" заказчик болуп эсептелет жана иш жүзүндө көзөмөл кылуу милдетин жүргүзөт.
- Сиздердин Ассоциация улутташтырууну максатка ылайыксыз деп табабы же аны кандайдыр бир башкача жолдор менен жүргүзүүнү сунуштайбы?
- Ооба, биз улутташтырууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Конституцияга ылайык, менчик мамлекет тарабынан сакталат. Бул терең саясый маселе. "Кумтөр Голд Компанини" улутташтыруудан биздин мамлекеттин кадыр-баркына, беделине гана доо кетет. Улутташтырганда активдердин наркын нак акча менен төлөш керек, ошондой эле буга (улутташтырууга) байланыштуу түшпөй калган пайданы да төлөп беришибиз керек. Мыйзам боюнча ушундай.
- Бул канча өлчөмдөгү акча?
- Алдын-ала эсептөөлөргө караганда актив 1,0 млрд доллардын тегерегинде. Ал эми түшпөй калган пайда да 0,5-1 млрд акча. Муну 1 жылда төлөш керек. Доллардын инфляциясы 4төн 6 пайызга чейин. Бир жылда төлөй албасак кийинки жылдан тартып ошо пайызды кошо төлөйбүз. Ал эми бул убакыттан өтүп кетсе доллардын инфляциясы 10дон 20 пайызга өсүп кетет. Ал эми эки жылда бул 40 пайызга чаап кетет. Биз төлөбөгөн акчаны эки жылдан кийин мына ушу 40 пайызды кошуп төлөөгө аргасызбыз. Мындай акча азыр бизде барбы? Уюштуруу принциптери да биздин пайдабызга төп келбейт. "Кумтөр Голд" дүйнөлүк маанидеги ири ишкана. Бардык шайман жабдыктары канадалыктардыкы жана башка өлкөлөрдүкү. Кендин ишин үзгүлтүккө учуратпай жүргүзө турган биздин өзүбүздө база жок. Биз ЖКнын мыйзам чыгаруу палатасынын чечимин кабыл алган учурда ишкана биргелешкен болуп, "Камеконун" үлүшү 33% эле, ошондуктан алар запастык бөлүктөр, инженердик чечимдер менен камсыздап турганга кызыкдар эле.
Дагы бир олуттуу маселе - "Кумтөрдү" өзүбүз иштете турган болсок, жогорку деңгээлдеги кадрлар керек. Биздеги кадр тандоо саясаты кандай экенин өзүңүз көрүп турасыз.
- Мамлекеттик концерндин түзүлгөнүчү?
- Туура, мамлекеттик концерн адистердин сунушу менен түзүлгөн. Максат капитал менен интеллектуалдык күчтөрдү бир жерге топтоо эле. Бирок, тилекке каршы бул максат концерндин жетекчилигине тоо адиси коюлбагандыктан ишке ашкан жок, иштин жыйынтыгында бул ачык көрүндү. Мына маселен, көмүр тармагына П.Рахманов, Н.Мотуев өңдүү адамдардын жетекчи болуп дайындалышы эмнеге апкелгенин билебиз, 4 айда көмүр тармагын талкалап салышты. "Кумтөргө" да ушундай кадрлар келбейт деп ким кепилдик берет?
- Кечиресиз, "Кумтөрдө" коррупция күч деп айтышат?
- Коррупцияны канадалыктар эмес, кыргыздын жетекчилери жасап жатышат. Канадада мыйзамдар катуу, бу жерде иштегендери да таза, анткени өзүлөрүнүн тапканы жетиштүү, айлыктары жогору, бир тыйынга кызыкпайт. Эгер кимдир бирөө тартип бузса ошо замат иштен айдашат.
- Улутташтыруунун кесепети тие баштады деп атышат адистер?
- Биздин жогорудагыдай саясаттын негизинде кендерибизге мамиле кескин өзгөрдү деп угубатабыз. "Жерүйгө" капитал келбей калат, "Андашка" бүгүндөн баштап акча берүү токтоду, адамдардын саны кыскара баштады. Ошондуктан куру популизм, дилетантизмден бизге пайда жок, элге-журтка туура, калыс маалымат жеткиришибиз керек.
- Канадалыктардын жергиликтүү калкка мамилеси кандай?
- Мурда, чынында, олуттуу көңүл бурбай келишти. Ал эми акыркы жылдарда мамиле өзгөрдү. Жылына элге миллиондогон кредиттерди берип атышат, башка жардамдарды беришүүдө. Кенде 2700 адам иштеп, орточо айлыктары 30-50 миңдин тегерегинде, 60-70 миңден алгандары бар. Ушуга ракмат деп гана айтуу керек.

"Ааламдын" маалыматы: Акыркы төрт жыл ичинде канадалык компания "Кумтөрдүн" жаңы участкаларын изилдөө-чалгындоо иштерине 48 млн доллар жумшашты. Быйыл дагы 14-15 млн доллар жумшалат. Кыргызстан болсо бул иштерге жылына 30 миң доллар гана бөлөт.




Журналисттик комментарий:
Депутат К.Исабековдун "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, ЖКнын кароосуна алып чыкканы макул туура дейлик. Ансыз да анын кайсы бир маселелерди парламентке сунуштап турушу түздөн-түз депутаттык милдети. Бирок депутат К.Исабеков "Кумтөр" алтын кени сыяктанган олуттуу чоң маселени кай себептен минтип, эч кандай негиздүү жүйөөлөр менен бекемделбей туруп, депутаттардын кароосуна алып чыгып жатат? Чынындале "Кумтөрдөй" дүйнөдөгү эң ири алтын кенин улутташтырууга бүгүн экономикасы начар, коррупциялашкан Кыргызстандын өзүнүн чама-чаркы жетеби? Куру сөз болбосун үчүн муну окурмандарга биз жүйөөлөр менен негиздеп, түшүндүрүп бергенге аракет кылалы.
КРнын "Инвестициялар жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык, инвестицияларды экспроприациялоодон (улутташтыруу же алып коюу ж.б.) коргоо жана инвесторлорго келтирилген чыгымдарды төлөп берүү кепилдиги каралган. Аталган Мыйзамга ылайык, чыгымдарды төлөп берүү калыс рыноктук баада, көрүлүүчү пайданы кошо төлөп берүү менен жүргүзүлөт. Төлөө мөөнөтү бир жыл. Эгерде мындан ашып кетсе он эки айлык LIBOR ставкасы боюнча үстөк пайызы менен төлөө жүргүзүлөт. Мындай акчаны (0,5-1 млрд доллар) Кыргызстан өзү төлөй алабы, мындай акча деги бизде барбы? Макул, Исабеков айткандай "тиги жакта 7 млрд долларлык алтыныбыз" жатсын. Ал алтын го даяр слиток боюнча жатса бир жөн эле. Анын 3,5 млрд долларын канадалыктарга жогорудагы чыгымдар катары төлөп берели. Ал эми ал жердеги фабриканын өзү эле канча турат, башкасын айтпаганда да? Жалпылап айтып келгенде, бул арты 6-7, алды 9-10 млрд долларга чаап кетиши турган кеп. Биздин өлөсө өкмөт мындай акчаны тапканга күчү келет дегенге ким ишенет? Канадалык "Центерра" компаниясы эларалык деңгээлдеги камсыздоо компаниялары тарабынан камсыздалган (страхование). Алардын акчасын ушул компаниялар жеңил эле төлөп берет. Ошонун эртеси эле алар биздин өкмөттү сотко беришет
Мыйзамга ылайык, ар кандай талаш-тартыштар боюнча тараптар сүйлөшө албаса, Эларалык арбитраждык сот аркылуу чечилет. Кандай гана сот болбосун, эң оболу фактыларга гана таянат. Андыктан эларалык арбитрлерге канадалыктар ишти улантууга акысы, укугу жок экенин далилдеп берүү дегеле мүмкүн эмес. Анткени алар өкмөт менен түзүлгөн келишим боюнча өз иштерин жүргүзүүдө. Ал өкмөт кийин качып жоголгону менен, келишимге кол койгон учурда мыйзамдуу бийлик ээси болгон. Сот алардын качып кеткенин эмес, ошол учурда мыйзамдуу турганын эске алат. Канадалык ишкерлер контракттын шарттарын толук сактоо менен иштеп келатышат. Ошондуктан бул "баш ооруну" өзүбүзгө өзүбүз жаратканбыз, өзүбүз чалган боткону өзүбүз жутканга айласызбыз. Биз өзүбүздү демократиялуу, укук өлкөсү деп айтып келебиз да, жасаган иштерибиз чоң жолдогу каракчынын жоругун элестетет.
Депутат К.Исабековдун "патриоттук демилгеси" да элдин кызыкчылыгы үчүн делингени менен, тескерисинче, өзөгүндө дал мына ушундай "каракчылык" жаткансыйт.
Бетти даярдаган
Бактияр Шаматов




Адис пикири
"Кумтөрдү" улутташтыруу туурасындагы айрым пикирлерге орун берип, алардын жүйөөлөрү менен да окурмандарды тааныштырып коюуну туура таптык.
ЖК депутаты С.Ибрагимовдун пикиринде "Кумтөрдү" улутташтыруу Кыргызстандын ансыз да алсыз экономикасына оор кесепеттерин тийгизет. Экинчиден, эларалык уюмдар Кыргызстандан айрым карыздарды кайтаруусун талап кыла башташат. Юридикалык жактан алып караганда Кыргызстан да, "Камеко" да "Кумтөрдүн" ээси эмес. Ал "Центерра" компаниясына таандык. "Центеррада" болсо 216 млн акциясы бар. Анын башкы акционерлери биздин мамлекет (33,6 млн акция) жана "Камеко" (болжолу менен 115 млн акция) болгону менен, баалуу кагаздар (0,5-1 пайыз) "Центерранын" көптөгөн башка акционерлерине да тийиштүү. Булардын ичинде Кыргызстанга карыз берген бир нече ири, эларалык уюмдар да бар. Андыктан аларга өзүбүздүн иш-аракетибизди түшүндүрүү татаалыраак болот.
Дагы бир абройлуу эксперт, Кыргыз тоо ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү В.Богдадецкийдин пикиринде "Кумтөрдү" улутташтыруу - мүмкүн болушунча керек эмес акция. Биринчиден, инвестициялык келишимде инвесторду улутташтыруудан коргоо жөнүндөгү пункт бар. Ошондуктан муну юридикалык жактан ишке ашырууга дээрлик мүмкүн эмес. Экинчиден, улутташтыруу деген "Камеконун" баалуу кагаздарын рыноктук баа менен сатып алуу дегенди билдирет. Бизде бул үчүн бир нече миллиондогон доллар акча азыр табылбайт. Үчүнчүдөн, биз өлкөнүн кадыр-баркын ылдыйлатабыз. Бул процесске эларалык структуралар аралашаары турган кеп. "Кумтөрдү" улутташтыруунун өзү жөнүндөгү кептер эле Кыргызстанда иштеген кен өндүрүүчү компаниялардын акцияларынын курсунун ылдыйлашына алып келди. Эгерде иш мындан ары ушундай жүрсө, инвесторлор массалык түрдө бизден кете башташат. КР эмгек сиңирген геологу В.Зубков болсо "Кумтөр" маселелерин сүйлөшүү жолу менен гана чечүү зарылдыгын айтат. "Кумтөр" бүгүнкү күндө туруктуу иштеп жаткан ишкана. Бул жылы алтын өндүрүүнү эки эсеге көбөйттү. Өз кезегинде мунун бардык макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасир этээри түшүнүктүү. Компания чоң иштерди баштоо алдында турат: жакынкы мезгилде жер астындагы чалгындоо иштери башталмакчы. Өзүбүздүн болсо бул ишке тажрыйбабыз да, технологиябыз да жок.