"Аалам" спорт

Жылдын мыкты адамы - Виталий Кличко
Жыл аяктап баратканына байланыштуу бардык массалык-маалымат каражаттары жылдын мыктыларын салт боюнча аныкташууда.
"GO" журналынын сурамжылоосуунун жыйынтыгы боюнча профессионал боксчу, дүйнө чемпиону Виталий Клично "Жылдын адамы" деп табылган. Бул зоболосу бийик немис журналы Виталийдин рингге кайтып келүүсүн жылдын негизги окуяларынын бири деп сыпаттайт. Анткени Виталий Кличко 1400 күндүк тыныгуудан кийин нигериялык дүйнө чемпиону Сэмюел Питер менен рингде күч сынашып, жеңип алганын эсиңиздерге салып коелу. Бул журналдын "Жылдын адамы" сыйлыгын америкалык ырчы Грейс Жонс тапшырды.
"Мен бул сыйлыкты алып, кубанычым көккө жетип турат. Абдан бактылуумун. Менин рингге кайтып келгеним эң туура чечим болгон экен", - дейт Виталий.




"Көзгө атаар" мергендер чыкты
Казакстандын Чымкент шаарында ок атуу боюнча СССР спорт чебери Владимир Гущту эскерүү эларалык мелдешинде кыргызстандык мергендер 4 алтын байгелүү болушту.
Чоңдор арасында мылтыктан ок атуу мелдешинде эларалык спорт чеберибиз, Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов көзгө атар мергендигин айгинелеп, алтын медаль тагынды.
16 жаштагы Сабина Исмаилова да баралына жеткенде баарын жеңчү мерген болоорун айгинелеп, мылтыктан ок атууда 387 упай топтоо менен спорт чебердигинин талабын орундатып, биринчи орунду ээледи.
Чүй облусунун Панфилов районунан ок атуу спортуна дилгир Бактыгүл Макмадова жигиттерди "мыш" кылып, алтын медаль утуп, спорт чебердигине талапкер болду. Кожожаштын урпактары, кыйынмын деген кыргыз мергендери кайдасыңар деп сындап жүрсөк, уучубуз куру эмес экен. Нооруз Акбар уулу деген азаматыбыз казак туугандарды осол кылып, мергендердин мелдешинде баш байгени утуп, алтын байгелүү болуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
Ал эми тапанчадан таамай атууда кыргызстандык мергендер Варвара Антонова, Иван Жуматин коло байгелүү болушту.


Журналисттер да байге алды
Калемгерлер мелдеши стол тенниси боюнча өткөрүлүп, кыргыз тилдүү гезиттерден "Учур" гана катышып, бирок намыска жарабады. 12 маалымат каражаттарынан баш байгени - "Здоровый образ жизни Кыргызстан" журналы жеңип алды. Экинчи орунду "Вечерний Бишкек" гезити ээлесе, үчүнчү орунду "Витрина" жумалыгы камсыз кылды.


Эки эрендин коло байгеси
Москвада самбо күрөшүнүн эрежесиз эркин кармашы - "вале-тудо" версиясы боюнча дүйнө чемпионатына үч кыргыз аттанып кеткенин кабарлап, кулак түрүп турган элек. Эки жигит куру кол келбей, коло медаль тагынып, кыргыз өңүн таанытып келишти.
62 кг салмакта өлкө намысын коргогон Төлөгөн Садыков коло байгелүү болду. 74 кг салмактагы эрендердин кармашында Турсунбек Абылгазиев дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин жетип, коло байге менен кайтты.





Снукер да сиңип кетчүдөй
Жыл өткөн сайын бильярд спорту канатын кеңири жайып, таасири артып баратат. Снукер түрүнө кызыгуу да артууда, себеби Азия оюндарында ушул түрү ойнолот.
Бул түр боюнча Бишкектеги эларалык мелдешке Иран, Түркиянын өкүлдөрү да катышты. Баш байгени бишкектик жаш жигит Айбек Акеев утуп алды. Экинчи орунду - Эрмек Манапбаев, үчүнчүлүктү Сапар Алымкулов камсыз кылды.

Рональдо футбол менен коштошот
Легендарлуу футбол жылдызы Рональдо футбол менен коштошот. Бразилиялык чабуулчу тизесинен алган жаракатынан толук айыкканына карабай жакынкы арада карьерасын аяктоону чечти.
Рональдо өзү буга чейин айтып келгендей дүйнөдөгү эң кызыктуу деп эсептелген футболдон кеткиси келбейт. Бирок жайында италиялык "Милан" менен болгон келишими да соңуна чыккан жана клуб жаңы келишим сунуш кылган эмес. 32 жаштагы чабуулчуга ошентип жумуш табуу көйгөйү келип чыккан эле.
Рональдо жалпысынан клубдар үчүн төрт жүз элүү бир беттешүү өткөрүп, үч жүз он тогуз жолу тепкен тобу атаандаштарынын дарбазасынан орун алган. Ал эми Бразилия курама командасында токсон жети жолу оюн талаасына чыгып, алтымыш эки жолу гол киргизген.
Эки жолу дүйнөлүк кубокту уткан (1994, 2002). Ал эми 1998-жылы күмүш медалдын ээси болгон. Аны менен бирге Рональдо дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө киргизген голунун саны боюнча белгилүү Ромариону артка калтырган. Анын эсеби - он беш гол, рекорд. Ал Европанын "ПСВ" Голландия, "Барселона", "Реал Испания", "Интер", "Милан" Италия клубдарында ойногон. ФИФАнын версиясы боюнча 1996, 1997, 2002-жылдын мыкты футболчусу, УЕФАнын версиясы боюнча (1998) эң кымбат оюнчу аталган.