"Кумтөр" кайрыктары…

ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков:
"Центерра" кыргыздын эсебинен жашап жатат"
"Кумтөрдүн" тегерегинде жүргүзүп келаткан иликтөөлөрүбүздүн бул жолкусунда Кумтөр алтын кенин улутташтыруу демилгесин көтөрүп жаткан эл депутаты К.Исабековдун пикирине орун бердик.

- Кубанычбек Сатиндиевич, "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесинин тегерегинде ар кандай ой жоруулар көп. Бул демилгенин түздөн-түз автору катары өзүңүз муну окурмандарга кененирээк чечмелеп бересизби? Атамбаевдин келишими эле бизге ыңгайлуу болмок дегендер да арбын…
- Мен оппозиция өкүлдөрүнүн бул маселе боюнча айтып жаткандарын туура көрөм, чынында, келишимди кайрадан кароо маселеси узарып кетти. Албетте, Атамбаевдин келишими Танаевдикине караганда асман жердей айырмасы бар, аны адегенде мен да колдоп чыккам. Бирок, мен парламенттин архивдик документтерин көтөрүп, изилдеп чыккан соң, келишимде биздин кызыкчылыкты камтыган көп маселелер каралбай калганына көзүм жетти. Ошондуктан Атамбаевдин келишими бекип калганда миллион доллар түшмөк деген сөзгө кошулалбайм. Азыр мисалы, биз соттошуп атып эле андан көп акчаны түшүрүп койдук. Ачык айтканда, мен кыргыздын жалгыз көзгө басаар "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан чет элдик ишкерлердин ишине дооматтарым көп. Ошондуктан "Кумтөрдү" улутташтыруу жөнүндөгү мыйзамды кабылдоо демилгесин аргасыздан көтөрүп жатам. Эми куру сөз болбосун үчүн муну окурмандарга негиздеп берейин.
1992-жылдын 4-декабрында түзүлгөн Генералдык келишим боюнча кыргыз тарап бардык шарттарды аткарган. Ал эми 2007-жылдын 10-майындагы келишим боюнча "Кумтөр" Кыргызстанга өтүүсү тийиш эле. Канадалыктар өздөрүн инвестор деп эсептеп макулдашууга кол коюу менен, "Кумтөрдүн" "Борбордук" участогун алышып, аны күрөө катары банкка коюшкан жана анын негизинде кредит алгандан кийин аталган фабриканы жана зарыл техникаларды сатып алышкан, б.а. инвестиция дээрлик болгон эмес. Кредиттер "Кумтөрдүн" алтынын сатуунун эсебинен проценти менен жабылган.
2002-жылы "Камеко корпорэйшн" компаниясынын сунушу боюнча "Кумтөралтын" долбоорун реструктуризациялоо жүргүзүлгөн, натыйжада "Центерра" компаниясы түзүлгөн, ошентип кыргыз тарабы болгону 32,66% акция гана алган, анын 18%ке жакын акциялары Кыргызстан үчүн чоң зыян келтирүү менен сатылган.
"Центерра "компаниясын түзүү көз боемочулук болуп саналат, анткени 716 тонна алтын коруна ээ болгон Кыргызстан 33%ке жетпеген акция алган. Ал эми "Центерра Голд Инктин" курамына кирген "Бороо", "Гацуурт" (Монголия), "REN" (АКШ) алтын кендерин чогуу алганда үч алтын кенинин кору 97,5т. алтынды түзөт. "Центерра Голд Инк" компаниясын түзүүдө Кыргызстандын үлүшү башка үч катышуучуну чогуу алганда 7,4 эсеге көп болууга тийиш эле.
Бул жерде "Гацуурт" (Монголия), "REN" (АКШ) алтын кендери иштебей токтоп тургандыгын белгилей кетүү керек. "Центерранын" директорлор Кеңешинде 11адамдын ичинен Кыргызстандын 1гана өкүлү бар.Ал каршы добуш берген күндө да эч кандай роль ойнобой калып жаткандыктан, баарын өзүлөрү каалагандай чечип жатышат.Алтындын көлөмү эң чоң болгон соң,эмнеликтен биздин өкүлдөр аз болушу керек? Кыскасы бүгүн "Центерра" кыргыздын эсебинен жашап, байып жатат десек жаңылышпайбыз.
"Кумтөрдө" кен казыла баштагандан бери бир нече кырсыктар болуп, биздин 34 жаран көз жумду, 67 адам ар кандай оор жаракат алды. Ал эми 98-жылдын жайында болуп өткөн Барскоон кырсыгын жакшы билесиз, канадалыктар бүгүнкү күнгө чейин барскоондуктарга 700 миң долларлык компенсацияны төлөбөй келатышат. Бул үчүн кимдир бирөө жооп берген жок. Эмне үчүн биз канадалыктарга инвестициялык жеңилдиктерди берүү менен кирешелүү шарттарды түзүп бергенбиз? Мисалы, АКШда жана Монголияда алар үчүн мындай шарттар түзүлгөн эмес.
Берилген жеңилдиктерге жараша "Кумтөр Голд компани" пайдага чыгышы керек эле, бирок 190 млн доллар чыгашадабыз деп атышат. 2,5 млрд долларга жакын суммага 201 т алтын сатылса, анан чыгашадабыз дегенге кантип ишенебиз? Булар салыктан качып жатышат. Салыштырып көрүңүз, "Бороо" (Монголия) алтын кенинде 32 т жакын алтын казылган, ал эми, 2008-жылдын 1-январына карата түшкөн киреше 62 млн АКШ долларын түзгөн. Бул суммадан Кыргызстан-"Центерранын" катышуучусу катары бир да цент алган эмес. Монголия болсо биздин өлкөгө караганда өз бюджетине көп киреше киргизген.
Мындан тышкары, канадалык тарап биздин бир нече мыйзамдарды бузду. 2008-жылдын 1-февралында кыргыз финполициясы ККнын 213 (салык төлөөдөн качуу) жана 215-статьясына (каржы жеңилдиктерин мыйзамсыз алуу) ылайык, "Кумтөр Голд компаниге", жана "Центеррага" кылмыш ишин козгогон. Муну деталдаштырып олтурбайлык, кептин төркүнү Н.Танаев өкмөт башчы кезинде ЖК менен макулдашпай туруп, канадалык тарап менен бекиткен келишим жөнүндө болуп жатат. Аталган келишимди парламент ратификациядан өткөргөн эмес, демек, "Кумтөр Голд компаниге" мыйзамсыз жеңилдиктер берилген. Ошонун негизинде "Кумтөр Голд компани" 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин салык төлөбөй, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирип жатат. Мен жогорудагы келишим боюнча Танаевден башка да бир нече адамдарды, маселен, Белковская аттуу айымды, Н.Бейшеналиеваны, Д.Сарыгуловду ж.б. жоопко тартуу керек деп эсептейм. Танаевдин өзүнүн артынан түшкөн деле эч ким жок.
- Жер салыгы боюнча да бир топ катачылыктар кеткен деп угабыз?
- Канадалыктар Жети-Өгүз райакимчилиги менен "Кумтөрдү" убактылуу ижаралоо боюнча 15 жылга 10070 га жерге келишим түзүшкөн. Бирок, анын 4375 гектарына гана жайыт катары акча төлөп келатышат. Ал жерде килейген фабрика курулган, хвостохранилищелер бар, вертолеттук аянттар, кампалар, таш майдалаган цехтер, жолдор, коммуникация бар. Бул жайыт эмес да? Төлөшү керек да? 1996-2000-жылдар ичинде 10070га жерден болгону 300 600 сом гана салык төлөшкөн.Ижара акысы 4375га жерге гана төлөнүп,калган 5695га жерге салык төлөбөй келатышат.Бул жер аянтынан түшчү жылдык салыктын өзү эле 15млн.сомду түзөт.Ушул жайда 10070 га жер аянты геодезикалык сьемкага тартылып, түндүк тарабынан 40га.га, түштүк- батыш тарабынан 22 га кеңейип кеткени аныкталды. Жалпылап айтканда, Атамбаевдин келишиминде мына ушул ж.б.маселелер (бардыгы 8 пункт-ред.) камтылбай калган."Кумтөр-оперейтингдин" бүгүнкү күндөгү Кыргызстанга карызы 1млрд 78млн 528 миңден ашып кетти,бул деген кылмыш, күнөөлүүлөрдү камаш керек. 5миң сом карызы болсо кыргызды баса калмакпыз
- Кубанычбек Сатиндиевич, ушул маселенин артынан сая түшүп жүрүп, эмнелерге жетише алдыңар?
- 50дөн көп ар кандай жумушчу жолугушуулар, кеңешмелер өттү. Салыктардан тартып, экология, кыргыз жумушчуларынын эмгек акысы, оорукана баракчаларын төлөп берүүгө чейинки маселелер каралды. Натыйжада, маселен, өндүрүш зыяндуулугу үчүн кошумча акынын өлчөмү 1,6дан 2,4 көтөрүлдү. "Кумтөр Голд компани" 2006-жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жумушчу-кызматкерлерге 16,5 млн доллар коэффициент акы, Барскоон кырсыгы үчүн 150млн сом төлөп берүүгө мажбур болду. Жер салыгына карыз боюнча мен кампания менен 33 жолу соттоштум. Жыйынтыгында 2002-2007-жылдар үчүн 75млн 815 миң сом соттордун чечими менен өндүрүлдү. Дагы 94 млн 177 миң 541сомду мажбурлап өндүрүү боюнча доо арыз Жогорку сотто каралып жатат.
- Акциялар түшүп кетти деп тынчсыздангандар көп?
- Деги айтыңызчы, качан биз акция урунуп, анын тыйынына жыргадык эле? Оболу алардын өйдө болгону жакшы дечи, бирок мейли, мынчалык болду, мындан да түшсүн. Нөлгө түшүрүп улутташтырып туруп, анан "Камеконун" акциясы үчүн акчасын төлөп берип коюш керек. Бул максимум 15 т алтындын акчасы болот экен, а тигил жерде 530 т алтыныбыз бар. Алтын болсо көтөрүлүп жатат. Бул 2 млрд ды жапмак тургай, үстүнө дагы 7 миллиард АКШ долларын пайда апкелет.
- Сиздин өзүңүздүн кандайдыр бир койгон шартыңыз барбы? Мисалы, жаңы келишим бекип калса соттогу арыздарыңызды кайтарып аласызбы?
- Мен 20-декабрга чейин Кыргызстан үчүн ыңгайлуу келишимге кол коюлса Танаевге карата жана алынган үч лицензия боюнча соттук доо арыздарымды, ошондой эле мыйзам долбоорун (улутташтыруу жөнүндөгү) кайра чакыртып алганга даярмын.
- Ыңгайлуу келишимдин негизги шарттары?
- "Центерранын" директорлор кеңешиндеги биздин өкүлдөрдүн саны бирден үчкө чейин вето коюу укугу менен көбөйтүлүшү зарыл. Бирдиктүү консолидациялык салык 18 пайыздан кем болбошу керек. Компания башка ишкер субъектилери сыяктуу эле сырттан эмне ташып кирсе ошого салык төлөп турууга тийиш.
- Эл аралык соттон утабыз деп ойлойсузбу?
- Сот өлкөнүн ички мыйзамдарын эске алуу менен иш жүргүзөт, ал болсо биз тарапта.
Маектешкен
Бахтияр Шаматов