Дүйнөкүн

Оппозициянын "оорлугу". Акүйдүн соккусу
Эмдиги жылы кыргыз танабында, орус гороскобунда сүтү байыган уй жылы болот. Дүйнөлүк экономикалык кризис эмитен эле сезиле баштады. Япониянын, Германиянын, Италиянын миллиарддарды мыкчыган автоишканалары жабылдык деп жарыя айтышууда. Россиянын стабилдештирүү банкындагы газ, нефть акчасы гана азырынча ордунда. Россия өкмөтү - Путин бул кризистен орус эли жабыркабайт кыязын айтканы менен, орус өкмөтүнүн Батыштагы өнөктөштөрү келишимдерин үзүп жатат. Бизде абал кандай?

Эмдиги жылкы бюджет болуп көрбөгөндөй кирешелүү болот - 52 миллиард сом казнага топтолуп, анын тең жарымы социалдык тармакка жумшалат деп турушат. Расмий бийлик дүйнөлүк экономикалык кризис бизди кыйгап өтөт деп казак бийлигинин айтканындай, кыргыздар да тоготпогондой түр көрсөтүүдө.
Бийлик дайыма талаштын оокаты. Кыргыз бийлигинин оппозициясы бүгүн кыргызстандыктардын бакубат жашоосу болсун деген ниети байкалбайт. Аны өткөн Орус драмтеатрдагы жыйынынан байкадым. Экономика жөнүндө оппозиция лидерлери - Ө.Текебаев, Т.Сариев бирооз сөз айтышканы жок. Көчөнүн сөзүн сүйлөшкөнүнө кейидим. Оппозициянын элементар болсо да экономикалык планы айтылбады. Темир Сариевдин Курултайда сүйлөгөн сөзү ойлонулбаган, эмоцияга алдырган сөз болду. Бетке айткан сөздүн заары жок дейт. Темир Сариев түшүнөт.
Түшүнбөгөн жагдай мындай: Акүй, министрлер азыр тынч уктаса болот. Президент канкакшап коррупцияны токтоткула деп улам сүйлөп атат. Акаев заманынан эле "сүйлөй бер, өзүмкүн кыла берем" деген майда "хандыктар" жетишээрлик. Эсеп палатасы кадыр-барксыз. Бул өтө олуттуу синдром.
Өнүккөн өлкөлөрдө элдин экономикалык өнүгүү деңгээлине карай оппозиция каяша айтат. Бул ХХ кылымда турукташкан саясый этика. Бизде эмне болууда. Дүйнөлүк кризис кыргызды кыйгап өтөт деп Акүй ишендирүүдө. Даяр болгула, кыйрап калабыз деп бир да галстукчан чиновник КТРдан айтканын угалекмин. Расмий бийлик каршысы болсо - бийлик талаштын көйгөйүндө. Жакында Ө.Текебаев баштаган алты азамат АКШга барып, Кыргызстандын келечек саясый, экономикалык доктринасын сенатор-пенаторлорго айтып, акча бергиле кыязында көз-жашы кылышты. Дядя Сэм ыйламыш болгонго тыйын бере бербейт.
Ошол маалда мурду бучук кыргыз бийлиги оппозициянын эң жука лидери - экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн иш козгоп, ал АКШда жүргөн жеринен "алкажакадан" алышты. 58 млн доллар жеп койгонсуң деп атышат. Аликбек АКШга барганга чейин кайда жүргөн, бийлик? Түшүнүксүз. Ал азыр "келем-келбейм" деп башыбызды оорутуп баштады.
Айткандай, орус драмтеатрдагы оппозиция курултайында "силер мага кошулгула" деп жыйында сүйлөп баса берген Азимбек Бекназаров кечээ оппозиция бирикти, мартта Акүйдүн энесин таанытабыз кыязында жарыя салды. Бирок ал түзгөн Революциялык комитет калган амбициялуу оппозициянын колдоосун таппай атса, Азим эмнени айтып атканы түшүнүксүз. Оппозиция бүгүн дегеле кошулбайт.
Чүйдө төрт амбициялуу лидер бар. Ф.Кулов. Ал тандемден соң, кичигидроэнергетика деп май табактын четинде олтурат. Оппозиция менен иши да жок. Ага ишенген эргулдар Акаев учурунда беш завод алып маарыган Алмаз Атамбаевди туткакташты эле, "эки ирет элди өлүмдөн алып калдым" деп догурунуп, үчүнчү ирет оппозиция майканына кирүүгө аракеттенип, гезит уюштуруп, Алмаз Шаршенович чүйлүк атаандашы Т.Сариевди "сабап" аткан учуру. Чүйдүн дагы бир магнаты ЖК депутаты Иса Өмүркулов Алмаздын партиясынын атынан бийликке каш кайрып сүйлөп атканы менен, эртең камалып каларын ойлобой атат. "Артында Назарбаев, казактын мыкты банкирлери турат" деген кыргыздын казагы - "Жашылдар" партиясынын лидерин кечээ камайбыз дегенде бүгүн Эркин Булекбаев жок, качкын.
Ошентип, Чүйдүн ичиндеги оппозиция лидерлери бирикчү түрү жок. Темир Сариевдин "Ак Шумкар" партиясы андан алдаканча мурда канат жайган Ө.Текебаевдин "Ата Мекен" партиясына канаатташ, өзөктөш болгону менен, Темир, Өмүрбектин президенттикти көздөгөн амбициялары өздөрүнөн ашып турат. Мүчө болгон эли аз. Ф.Кулов, А.Атамбаев канча аракет жасаса да, жалпы элдин колдоосуна жетпейт. Бул анык иш. Ишенимден ажырашты.
Өзүн саяк санаган президенттин экс-кеңешчиси Үсөн аке Сыдыковдун "Жаңы Кыргызстан" партиясынын ичинде да "бардак". Экс-министр, чоңалайлык генерал-лейтенант Ысмайыл Исаков бул партияга кошулуп, келерки президенттикке амбициясын көрсөтүп турган учуру. Ага "Асаба" партиясынын "экс"-лидери Азимбек Бекназаров каршылаш пикирин туюнтту. Сарбагыштар да соо жатканы жок. Жакында гезити чыгат. Ичара сүйлөшүп, кимди президенттикке алып чыгууну кеңешүүдө.
Мындан келди, оппозиция бирикти деп айтууга негиз жок, элдик аталган курултайда расмий бийликке карата келерки мартка чейин коюлган он жети талаптын бири да аткарылбайт.
Бүгүн президенттин бийлиги күчүндө. Бийлик үнү - КТР, ЭлТР акаев заманындагыдай эле иштеп атат. УТРК башчысы М.Эшимканов саясый максатта эмес, шоу-бизнестеги акча талаш маселеси менен "эси ооп" турган учуру. Эшимканов кетсе Тешимканов олтурат, айырмасы жок. Мамлекеттин саясатын айтып турган КТР дайым керек, зарыл.
Оппозиция лидерлеринин расмий бийликке опурулуп, кол жаңсап атканын эл көрүп турат. Бакиев бийлигине каршы чыгып, Алатоо аянтына бир жума чогулгандар бүгүн "ошол оппозицияңдын так энесин" деген пикирде. Темир Сариевден башкалары элди чогулта албайт. Бирок Сариев да регионалдык оорунун вирусунан айыга элек.
Азыр оппозициялык партиялар жер-жерлерде штаб түзүп, эл менен жолугуп, кайгы-муңун айтып атышат. Эл мелтиреп угуп турат. Акүй өзбек бизге эмдиги жылы газын үч эсе кымбат сатканы жатат, Токтогул суу сактагычында суу 16 млрд кубга жетмейин свет өчүрүү токтобойт, тезегиңерди жага бергиле деген саясатын айтып турат.
2010-жылкы президенттик шайлоого, кандай болгондо да, өлкөнүн партиялык күчтөрү аракет кылат. Ал аракетке президенттик жасалма "Акжол" партиясы - парламент каршы туруштук бере албайт. Себеби, Раев баштаган Акүй канча той-тополоң уюштурбасын, элдин тиричилик турмушу төмөндөп баратат. Оппозиция-моппозициясы жок эле эл өзү борбордук аянтка кылкылдап чогулушу турулуу иш. Себеби, азыркы бийлик кыргыз коомуна реформа жүргүзө алганы жок. Келечек экономикалык планы жок, амбициялуу личностторду, айталы, Мадумаров сыяктууларды аркы жумуштан беркисине коюу, мен президент болом дегендерди куугунтуктоо сыяктуу "кадр" маселелери менен алек.
Эмдиги жыл - уй жылы. Уй, бечара, жоош, төлүн, сүтүн бергенден башкага жарабаган, кашек берсең деле жей берген жоомарт жандык. Саясый өңүттө, уйдун төрт эмчегин сороюн деп ооз созгондун ордуна, анын жемин-чөбүн белендейли деген бир кыргыз интеллигенти жок, тобо.

Жолдошбек
Зарлыкбеков




- Өкмөт башчы Игорь Чудинов кыш чилдеде 12 саатка чейин жарык өчүрүүлөр кыйла азайтылаарын айтты. Ишенсек болобу?
Топчубек Тургуналиев,
"Элдик революциялык кыймылдын" мүчөсү:
-Президент баш болуп, Чудинову төш болуп деле мурун жарыктын өчкөнү 3-ноябрдан баштап токтойт деп айтышкан. Өчпөй калдыбы? Бүгүн Чудиновго эмес, президенттин өзүнө ишенүүгө болбойт. Энергетиканы өздөрү курутуп бүтүштү да. Улуу Британиянын башкы министри Черчилль айткан экен: "мен үчүн мамлекеттик жана улуттук кызыкчылык бул дүйнөдө баарынан жогору турат" деп. Мына ушу күндө биздикилер Өзбекстан, Казакстанга миллиардаган кВт сааттарды сатып жатышат. Булар эч качан өздөрүнүн улуту, мамлекети үчүн кам көрүшкөн жок. Бүгүнкү бийликте элге кызмат кылабыз деген бир да жетекчи жок, баары шылуун шумпайлар. Алардын айтканына ишенип жашай берсек эртеңки келечегибизди таптакыр жоготуп алабыз. Жарык өчпөйт деп булар жанын жеп жатышат. Баарын сатып жиберишип эми эмне кылаарын билишпей күндөрү калп менен өтүп жатат. Ал эми элди эч ким алдай албайт. Билип турат, чыдап турат. Анын убалы акыры буларга тиет.

Султан Урманаев, Экс-губернатор:
-Бул өкмөт башчынын деле мөөнөтү бүтүп калды. Мен билгенден Чудинов комсомолдо иштеп жүргөн киши экен. Эгерим өндүрүштө иштеп көрбөсө, жоопкерчиликтүү кызматта жүрбөсө каалаган сөзүн сүйлөй берет да, кызматтан түшкөндөн кийин башы оогон жакка кетип калат. Кыргыз байкуш кыйналып жата берет. Болбосо өкмөт башчынын сөзүн эки кылбай аткарбайбы. Мурда деле жарык өчүрүлгөнү токтойт деп айтты эле Балкыбеков тоготуп да койбой, бүгүнкү күнгө чейин эле өчүрүлүп келе жатпайбы.

Турсунбай Бакир уулу, "Эрк партиясынын" лидери:
-Эгер Чудинов өзү эл менен түзмө-түз жолукканда баардык маалыматты алат эле. Биз элди кыдырып жүрүп, учурда эң негизги элди эзип жаткан маселе экенине ынандык. Борбордо, областарда бийлик менен элди жолуктуралы десек президент да, премьер да жолугуудан качып тоскоолдуктарды кылып туруп алышты. Эгер жарыкты өчүргөндү токтотпой кайра көтөрөбүз деп максат кылышса февралда эл көтөрүлүп чыгат. Ошондуктан өкмөт светтен уурдаган акчадан "элге көмүр алып алгыла" деп компенсация төлөп бериш керек. Бүгүн, Кызыл-Кыяда көмүрдүн баасы 7,5 миң сом, Ноокатта 6,5, Карасууда 5,5, Ысык-Көлдө 4,5 миң сом болуп жатат. Буга эл чыдабайт. Тезектерибиз түгөнүп калды малы жоктор эмне, иттин тезегин жагабызбы? деп жатышат. Эл байкушту кыйнап бүтүп коюшту.

Күнболот Момоконов