"Аалам-пресс"

Ф.Кулов машине минди
Феликс Куловдун туулган күнүн чүйлүктөр "Дасмияда" 29-октябрда белгилеп, 58 жашында көргөн кызына чейин сөйкө ыроолоп, 60ка чыктың аксакал деп, 58 кичи ГЭСтердин башчылары чапан жабышкан. Анан эле, 6-декабрда Ф.Куловду экс-тандемдеши Курманбек Бакиев резиденциясына чакырып, чоң той өткөрдү. 18 генерал болду, президенттин администрация башчысы болду. Кантала жыттанган коньяк суудай акты. К.Бакиев 60тагы Куловго кара түстөгү Toyota Land Джип машинесин ыроолоду. Баасы - 150 миң доллар. Дос болсоң ушундай бол.


"Акыл" банктын ээси орус
Георгий Чесняков ээлик катары Акыйкат министрлигинен каттоодон өттү. Эмиссиянын көлөмү 100 млн сом болчу. Бир кыргыз мыңк эткени жок, Георгий мырза былк эттирбей акцияны сатып алды. Чесняков биздин башбанкир Алапаевдин алаш досу дейт. Дегендин аржагында көп "иш" бар го?..


Эки министрдин көчүгү "давай пошел" болот
Премьер-министр ЖКнын фракциялар жыйынында айтты. - 2009-жылы өкмөт структурасы өзгөрөт, ошону кабылдап бергиле деди. Кеп А.Жапаровдун олтурган орду тууралуу болгонун туюп турушту. "Бизге эки полномочие алып, ар нерсени сүйлөй берген министрликтердин кереги жок" деди. Хана, Вам, Акылбек Үсөнбекович, Кармашып көрүңүз. Карууңуз жетпейт.


Жети күн жыргайсың ээ, кыргыз?
Кыргызстандын эли 1-январдан 7-январга чейин өкмөт менен иши жок, өз оокаттарын кылат. Өкмөт ошондой токтом токуду. 27-декабрь, анан 10-январь иш күнү болот. Ойлон, ойгон!


"Акжол" элге каршы парламентпи?
"Граждане против коррупции" деген укук коргоо борбору эсептеп чыкса, биздин парламент быйыл жыл ичинде Жогорку Кеңеш элдин турмуш өнүгүүсүнө каршы бир нече мыйзамдарды кабылдаптыр. ЖК басма сөз эркиндиги, мамлекеттик менчикти ээлөө, энергетика, митинг уюштуруу маселелеринде мыйзамдарга Акүйдүн көзүн караган закондорду кабылдап беришкен экен. Акүй тизмеси менен келген ушул акжолчулардан элге ырыскы келет дедиңиз беле? Үмүт үзбөй туруңуз.


Кокон хандыгындай бийликтин кереги жок
ЖК депутаты Бакыт Бешимов ушинтип айтты. "Президент өкмөттү тазалайм деп атат, бул биздин аңсаган каалобуз деле эмес. Партия да ушул пикирде. Мен үчүн азыркы бийликтин Кокон хандыгындай системасы кереги жок. Бул XIX кылымдын системасы. Бул бийлик бизди ошол системага биротоло тыккысы келип атат".


ЖК депутаты ИИМдин, КГБнын чоңдорун кызматтан кетсин дейт
Жусуп Жээнбеков үч фракциянын бириккен жыйынында Конгантиев менен Суталинов кызматтарынан өз эрки менен кетсин деп чыкты. "Молдомуса Бишкек милийса башчысы болуп турганда Баяманды, Раатбекти өлтүрүштү. Бул болсо ошол "заслугасы" үчүн министр креслосун ээледи. Мурат Суталинов да айлык алгандан башка иши жок, кетсин" деген маселе койду. Жусуптун "жинденер" жөнү бар. Уулу Бахтиярдын дареги эмдигиче жок. "Булар жоопкерчиликти билбеген, уяты жок адамдар экен" деди депутат. Экөө мурдун жанып тим болушту.


А.Муралиевдин ордуна
Айбек Алыбаев келди
Кыргызстан эгемендүү-лүктү алгандан бери футбол федерациясынын президенти мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев футбол федерациясынын президенттигине бошотулду. Федерациянын отчеттук кайра шайлоо конференциясында бул уюмдун президенттигине Айбек Алыбаев шайланды. Ал эми Амангелди Муралиев футбол федерациясынын ардактуу президенти болуп калды.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын чоңу ким?
Президенттин жардыгы менен аркы заманда да, берки заманда да талыкпай иштеген Жаңыл Түмөнбаева Ассамблея президенти болду. Эл биримдиги - эң башкысы. Ынтымак ыроологон, кут жылоологон Ассамблеядагы башкармалык ишиңиз алгаласын.