Конушайдын кошогу!

"Ала-Тоонун" арманы
"Ала-тоо" конушунда өларманданып үй салып жашап жаткандар дале толтура. Ал тургай конуштун бала бакчасына деп калтырган жерге да үй салып алышып, жакында атайын мамдепартаменттен адамдар барышып ал жерди текшерип, үй куруп жаткандардын фундаменттерин бульдозер менен түрттүрүп таштаган. Учурда дагы бир көйгөй, конуштун түндүк тарабындагы эски "сибирь кулгунасы" (сибирская язва) калдыгы көмүлгөн жердин тегерегине 300 дөн ашык үй мыйзамсыз салынып, колдорунда документтери жок жашап жатат. Мындан бир нече жыл мурда ал жерге "сибирь кулгунасы" дартына чалдыккан малдардын өлүктөрү көмүлгөн экен. Чуулгандуу бул иш чубактын кунундай чубалып кележатканына көп жыл болгон. Элдин эртеңи деген жергиликтүү аткаминерлер бул жаатында эл аралап айтып деле коюшкан эмес өңдөнөт. Бир кезде жер десе узун-туурасынан жата калган бир-эки аялдын жасаган жоруктары эми минтип элге кедергисин тийгизип жаткан учуру. Акыры ары же бери болосуңар дегенди укпай, отурукташып алган эл, "сибирь кулгунасы" жандарына батып, азап деле тартып жатпаганын айтып турушту. Ошондой эле болсун! "Бирок акыры анын кедергиси тийбесин деп, үй жайыбыздан айрылып айдалып калабызбы" деп аргасыз актанып турган элдин эртеңин, тийиштүү жетекчилер арабөк калтырбай, ачык эле "бар же жок" деп айтып койсо болмок.


Сары учкундун санаасы
Бул көчөдө жашаган бир да адамдын үйүнүн документи жок. Демек, мыйзамсыз жашаган кыргыздар. Уятыңды унутуп, уруп ойнобой үйүнө кирип алсаң, кууп чыга албай, заманасы куурулуп жата берет. Андай күндөр да армансыз эле болгон шекил. Кимде күнөө? Бир кезде токтогулдуктарды жашатып "Токтогул династиясын" курам деп мыйзамсыз жер басып алып, аны сатып кеткен токтогулдук Мамытбекова Акчолпон айым күнөөлүүбү же жер алат десе эле сатып ала берген жергиликтүү эл күнөөлүүбү? Бул иш кандай болсо да мыйзам үстүндө иш алып барган жетекчилердин жеринде чечип кое турган иши эле.


Аман, "Ала тоо" конушунун тургуну:
- Бала бакча салына турган жерди эч ким билип, көрбөй эле бирөөлөр келип фундамент куя баштаган. Эл чогулуп үй салганга болбойт деп айтса, болушкан эмес. Элден түшкөн арыздардан улам текшерүү келип, мыйзамсыз экенин тастыкташып салынган үйлөрдүн баарын бузуп кетишти. Менимче, абдан туура болду. Болбосо мыйзамды эч ким сыйлабай билгенин жасагандар көбөйүп кеткен.


Жайлообек, "Ак булак" көчөсүнүн жашоочусу:
-Мындан эки жума мурун болсо керек эле, борбордон мамдепартаменттен кишилер келип бала бакча салынат деген жерге ээнбаштык кылып үй салып жатышкан адамдардын үйлөрүн трактор менен бузуп кетишти. Негизи ал жерге үй куруу мыйзамсыз экенин мурда эле билишкен. Эмнеге эч кимди угушпады, билбейм. Жөн эле убара болушту, канча акчалары короду. Жалгыз гана тургузулуп, чатыры жабылып калган бир үйдү калтырып, жазында бузуп кетүүгө уруксат берди.


Бала баарын ачык айтат
Тимур, 5 жашта:
-Тимур, бул тосулган цементтин ичинде эмне бар?
-Өлүктөр!
-Эмне болгон өлүктөр?
-Уй, кой, иттин!
-Ким айтты эле сага?
-Өзүбүз көргөнбүз.
-Ал жерге барба деп атаң урушту беле?
-Ооба, оору жугат, барсаң өлтүрөм деген.

Элдияр, 6 жашта:.
-Элдияр эмне кылып жүрөсүңөр?
-Ойноп жүргөнбүз! Күндө келип ушул жакка жардыргыч жардырабыз.
- Ал жакка ойнобо деп ата-энең урушпайбы?
-Урушат!
-Эмнеге?
-Билбейм, ооруйсуңар дейт го!


Алтымыштагы апанын арманы
Арман дүйнө! Уулунан ажырабаса Жумабү апа үч небересин жетелеп ал жерге жертөлө салып, Сокулуктан келбес эле. "Ушул заманда кыз-күйөөңө батпайт экенсиң, баламдын балдары турганда жерде калмак белем, ошолорду жетимсиретпей эне да, ата да болуп, эптеп ушул кепеде күн көрүп жатабыз. Үйүбүздүн документтери жок, бул жагыбыз таштанды-калдык төгүлгөн жер. Кайда барат элем, элден эмне жаман кеп уксак да, эптеп жашап жатабыз. Аз күндө үйүңөрдү өкмөт түрттүрүп коет экен дегенинен "келсин ошолор, мени кошо үйүмө көмүп кеткиле" дейин деп атам, "жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, ушул жерде жыргап олтурганыбыз жок, балам" дейт оор үшкүрүнүп алтымыштагы апа.


Сууң тазабы, Сулайка?
Сибирь кулгунасын алдын ала анализдик текшерүү иштерин жүргүзгөндө сууну бышма кудуктан алышкан. Кудук ээсинин кызы Зарылдын айтымында адистер сууну алып кетишкен бойдон кайра жообун айтып келишкен эмес. "Сыягы таза болгон го" дейт ал.


Кожокматова Назира, "Ала-тоо" конушундагы "Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун" жетекчиси:
-Мага ушул кезге чейин бир нерсе түшүнүксүз болуп келет. "Сибирь кулгунасынын" калдыгы жаткан жерден 250 метр жакын жерге үй салууга болбойт. Ал жерден топурак казып алса да оорунун саркындылары козголуп кетиши мүмкүн. Жерден суу чыгарууга да тыюу салынган. Суу жер алдында жаткандыктан оорунун саркындылары 250 метр аймак тегерегинде жатып, сууга кошулуп кетиши толук ыктымал. Бүгүнкү күндө ал жердин тегерегине үйлөр салынып, эл жашап жатат. Кудай сактасын "сибирь кулгунасы" дартына чалдыккан адамдар каттала элек. Медициналык эксперттердин билдирүүсүндө ал жерде жаткан "сибирь кулгунасынын" микробу 2043-жылы толугу менен жок болот. Ага чейин ал жерге этияттык менен мамиле кылып, текшерүүлөрдү жүргүзүп турушубуз зарыл.

Күнболот Момоконов