Устаттын өнөрканасында

Комузчу Нурак Абдрахманов:
"Россиядагы Щетинин мектебиндей Нурактын мектебин өнүктүргүм келет"
ЮНЕСКОнун салттуу музыка боюнча конкурсунун Кыргызстан боюнча бирден- бир жеңүүчүсү, айтылуу комузчу Нурак Абдрахманов кабарчыбызга комуз тууралуу жана ал аспапка кыргыздын жана башка чет өлкөлүктөрдүн мамилеси, Нурактын мектеби тууралуу маек курду.


- Нурак агай, сиз үчүн комуз деген эмне?
- Атадан калган кесип, өнөр, бүткүл жашоом. Эс тарткан кезде эле атам мени жанына алып, комузун чертип олтурар эле. Аңчылыктын айынан атам Соң-Көлдүн адам барбаган тоолорунун арасында, үңкүрдө жашаган, жер үй казып алып ошондо, анан карагайдан үй жасап алып жашаган. Ошондой шартта мен төрөлүпмүн. Согуш жаңыдан бүткөн жылдары экен. Атам күү жандуу, эрмеги эле комуз эле.
Азыр музыка дүйнөсүндө өмүрүн өтөп жүргөндөрдүн далайы комуз кереметин, күү дүйнөсүн менин атамчалык түшүнбөйт.
- Сиз жеңиш менен кайткан Париждин театрларында, дүйнөлүк конкурстарда кандай пикир айтылат?
- Дүйнөлүк конкурс, фестивалдарда биздин күүбүздүн барк- баасы чыгат . Ал конкурстарда канча эл чогулса, ошончо эл колумдан кармап, "мотор, мотор, фантастик" деп келишет. ЮНЕСКО өткөргөн салттуу музыканын конкурсунда ЮНЕСКОнун атайын сыйлыгын утуп алдым. Дүйнөнүн 11 мамлекетинин ар биринен бирден академик калыс болуп олтурат экен. Конкурстун эртеси мени чакырып алып, өзүнчө угушту. Бир сааттай концерт берип, эми бүттү го десем, дагы унчукпай олтуруп алышты. Кайра дагы жарым сааттай концерт бердим. Ошондон улам аталарыбыз бизге ушунчалык чоң өнөр калтырган экен деп ойлойм. Атайдын, Токтогулдун, Карамолдонун, Ыбрайдын эмне деген гана күүлөрү бар. Париждин Делявил деген элиталык театры бар экен, ( ал жерде жеңил музыка коюлбайт) дүйнөнүн эң кыйын деп эсептелген билермандары концертке барышат экен. Эгер ал жакта чыгып концерт койгондор жагып калса, төрт жылда кайра бир чакырып турушат. Төрт жыл эмес, мени бир жылда эки жолу чакырган учурлары болду. Делявил театрынын продюсерлерине "мени эмнеге бир жылда эки жолудан чакырып атасыңар" деп сурасам, алар айтат "Дүйнөдө эң кыйын деген музыканттар дагы бир- эки жолу уккандан кийин кулакка жат болуп калат, комуз үнүн уккан сайын уккуң эле келет экен" дейт. Ошондон ойлойм да, аталарыбыздын бизге калтырган мурасы ушундай жогорку деңгээлге жетиптир.
- Комуз күүсүн нотага түшүрүү маселеси кандай?
- Феферман, Затаевич, Виноградов деген музыка билермандары, өзүбүздөн Медетов, Чалагыз Исабаев… комуз дүйнөсүнө кирип, иретке салам деген адамдар жазууга кудурети жеткен эмес. Феферман, Затаевич фортепьяного салып ойноп койгон, Ага комуздун жаны, эти эмес, сөөгү эле түшөт да. Жанын киргизиш үчүн сөзсүз анын майда-барат: көзү, кулагы, оозу дегендерди бабына келтирип түшүрүш керек. Биздин комузубуздун бүгүнкү күнгө чейин ноталары түшүрүлө элек, түшүрүлгөндөрү жараксыз. Сахнада ойногонго жарабайт. Түркмөн, казак, өзбек, азербайжандыкы Батыштын деңгээлинде болгону үчүн, алардын музыка байлыгы (Роза Аманова айткандай, чүчкүргөндөн бышкырганга чейин нотага салып жыйып койгон) китеп текчеде жыйылып турат. Биздики болсо үйрөтөйүн десең, эки- үч китептен бөлөк колго алаар эчтеке жок. Ошонун баарын жолго коелу деп 1997- жылы эле маселе көтөргөнбүз. Роза Аманова мага айткан "Комузду сиздей черткен эч ким жок, өзүңүздүн ыкмаңыз менен үйрөтүңүз, мектеп ачыңыз" деп. Мектеп ачкам. Бир жыл алек болуп. Роза Аманова менин күүлөрүмдү үйрөнүп, экзамен тапшырган экен, Казакстанда 4-5 жыл окуп жүрдү. Бизде чоор, темир комуз боюнча абал деле ошондой. Бердибекова Мастура деген окуучу кызым бар, Самарадан комуз классын жана аспирантураны бүтүргөн. "Элге- журтка калсын, китеп жазайын" деп китеп жазып, аны швейцариялык фондго алпарып, ошоерден конкурстан жеңип алдык, 1300 доллар беришти. Бирок ал китеп чыгарганга жетпейт экен. Бишкек мэриясына "жетпей жатат, дагы 2 миң доллардай каржы керек десек" беришкен жок. "Аксакалдар 2 миң доллар сурап, эмнени кыйратат эле" дегендей мамиле болду.
Радиодо бир жарым миң күү жазылган дешет, бул өтө чоң байлык, ошонун миңи болбосо да 500ү сакталып тургандыр. Аларды жертөлөгө ыргытып, айрымын жоготуп койгон жеринен Асан Кайбылдаев (Ыбрай Тумановдун небереси) жертөлөдөн алып чыгып, кайра жаздырып, текчеге жыйып койду дейт.
- Япондор руху, духу менен күчтүү дешет, кыргыздар биз да ошондой эле элбиз да…
- Японияга үч сапар барып, кыдырдык да, ошондо барганда уктук, япондордо өкмөт адамдарынын көбү "биз Алтайдан келгенбиз" деп сүйлөйт экен. Алардын да биздикине окшош комузу бар, шансень деп аталат экен, үч кылы бар, керемети жок, зыңкыйып турат, алардын ойногону примитивдүү деңгээлде. Бирок карасаң, ал аспап боюнча академиясы, аспирантурасы бар. Аспирантурасында окуган бир кызы "калыңыз, сабак бериңиз, япондорго үйрөтүңүз" дейт. Бизде болсо япондордун аспабынан жүз эсе күчтүү комузубуз бар, алардыкындай мамиле жок. Эртеден кечке ошол аспабы радио- телесинде ойноп атат. Биздин радио- теледе жалаң эле Батыштын музыкасы, эстрада жаңырат. Кыргызга комуздун кереги жок болуп калды. Америкалык Ага хан мектеп ачып койду, салттуу музыканы үйрөтүү боюнча. 5-6 жылдан бери ал жакта сабак берем. Сегиз жаштагы Канат деген окуучум Түркияны дүңгүрөтүп келди, 14 жаштагы Айпери Түркиядагы фестивалдын королевасы болду, 12 жаштагы Кылымдар Асыкбеков Парижди дүңгүрөтүп келди.
Россияда Щетинин мектеби деген бар, бардык шарттарды түзүп берип, 12-13 жаштагы балдарына университет, аспирантуранын программаларын окутуп жатат. Менин мектебим да ошол мектеп сыяктуу элестелип атат. Консерваторияны окуп - бүтүрүп жаткан комузчулар менин 9-10 жашар балдарыман өйдө эмес. Бизде америкалыктар ачкан мектепке эле сабак берип атабыз. Нарындагы америкалык университетти бүтүрүп, америкалык диплом алып жатышат. Алар америкалык кыргыз болуп комуз чертип кетсе, биз гитара ойноп калабызбы дейм.
Марк Хамфри деген америкалык Саламаттын Япониядагы компакт дисктерин угуп, Саламатты Кыргызстанга издеп келип, эми аны Европага алып чыгып жатат.
- Маданият министрлиги ошол маселени колго алышы керек да…
- Ал маселени чет өлкөдө, Японияда бизге айтышты. "Дүйнөнү төрт которуп чакырдык, бирок салттык музыка боюнча силерге, кыргыздарга тең келээр эч ким жок экен. Силер бул өнөрдү цивилизациянын шарданынан билгичтик менен сакташыңар керек, жаштар Батыштын музыкасына ыктап калса, өнөр- салтыңардын бир учугу эле үзүлсө,таппай каласыңар" дешти. Эсенгул Жумабаев да ушул сөздөрдү уккан.
- Комузду мектепте музыка сабагында үйрөтө тургандай программа киргизсе болоор беле?
- Казакстанда Райымбергенов Абдулхамит деген жигит бар, Делявил клубу чакырганда, Батыштагы музыка жыйындарында чогуу барабыз, баратканда, келатканда (Казакстан аркылуу барабыз да) "Нуреке, бир күн мурда келиңиз деп "Кел, балалар домбра ойнойук" деген берүүсүнө чакырып, балдарына көрсөтүп турчу. Казакча сүйлөй албай калган казак балдарга телевизордун маңдайына коюп үйрөтөт. "Ой, Нуреке, бизде сиз Казактын калык акындарынан өткөн популярдуу артиссиз гой" деп алдап-соолоп, мени тартып, балдарына көрсөтүп атат. Ошол Абдулхамит айтат "бир жолу аты- жөнүн да билбеген бирөө бир дипломат акча алып келип "казактын керегине жарап аткан уулысыз, осыны керегине жаратып алыңыз" деп таштап кетти. Карасам 60 миң доллар(!) бар экен ичинде" дейт. Атын да айткан жок дейт. Келинчегим айтты дейт "үй алалы, машина алалы" деп. Үч күн күтүп туруп мен "мектеп алабыз дедим" дейт. "Кулактандыруу көрдүм, мектеп сатылат деген." Ошо үч кабат имаратты сатып алыптыр. Казакстан боюнча мектептерди кыдырып, домбра ойнотуп көрүп, борборго бир- эки ай даярдап, үйрөтөм дейт. Ошол методика менен сабак өтүп жаткан мектептердин саны 40 ка жетип калыптыр. Өткөн жылы Бишкекке келген экен,сүйлөшүп олтуруп айтты, Жамбулда бир жигитти окутуп жөнөттүм эле дейт, Чакырганынан барса мектеп окуучуларынан 300 домбрачыны аянтка олтургузуп, черттирип коюптур. "Курмангазынын "Адай" деген керемет күүсүн текши тартканда шалкаман кете жаздадым го" дейт. Бизде дагы ошондой жаңы метод менен комуз үйрөтүп атам. Жаңы деле эмес, 74- жылы Ак- Талаада музыкалык мектептин директору болуп турганда балдарды ошол метод менен үйрөтүп киргем.
- Бир орус композитору Кытайдан нота салган папкасын жоготуп алыптыр. Караса эле жайнаган кытай балдар нота барактарын бирден алып көчүрүп атыптыр…
- Бул рух дүйнөсүнө көп көңүл бөлгөндүктүн белгиси. Бизде болсо рух дүйнөсүн эсепке алуу азайып калды. Мындай чыкканда биз "Манас" менен комузга сыйынабыз. "Манас" менен комуз кыргыздын жүзүн көрсөтөт деп коюшат. Бирок Өкмөт сыйлык бергенде эле эстрадачылар ж.б. алат. "Манасчылар" менен комузчулар куру калабыз. Ойлойсуң анан, элге кереги жок өнөрдү аркалап жүрөмүнбү деп.
- Н. Островскийдин "Жүрөгү оттой жангандын колунан көөрү төгүлөт" деген макалы бар эле. Анын сыңарындай, жүрөгүнө, рухуна "Манастын", комуздун, күүлөрдүн таасири уялабаган адам ой жүгүртпөгөн, курсагы менен чөнтөгүнүн камын ойлогон адам боло баштайт да. Кытай жогоруда айтылгандай деңгээлге чыккан да.
- Маданият министрлиги ушул маселелерди көтөрүп чыгышы керек эле да…
- Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы болуп турганда Намазбек Уралиев деген чоң комузчу бар, көчөдө кетип баратса, "маданият күнүн майрамдап жатабыз, жүр" деп ээрчитип алыптыр. Барсам дейт, сыйлык бере баштаганда бир да манасчы, бир да комузчу жок, өлбөгөн төрт шыйрагым калды дейт. Бул күн тие берет, суу ага берет деген кеп экен да. Адамга керектүүсү күн менен суу да. Комуз да ошондой деңгээлде экен.
Ал эми Бектемир Эгинчиев деген зор талант болгон, четке чыкканда баарыбыз ошол кишинин обондорун ырдайбыз. Мыскал Өмүрканова апабыз Москвадан декадада жыйынтык концертте ырдаганда Сталин тура калып кол чапканын баарыбыз эле угуп жүрбөйбүзбү. Ошондой чыгарманы жараткан жана ырдаган адамдар эч бир сыйлыгы жок өтүп кеткен. Өзүмдүн күйүтүмдү деле кошуп коеюн, ЮНЕСКОнун сыйлыгын кыргызда утуп алган жалгыз менмин. Кыргыздын үнү дүйнө элдеринин үндөрүнө караганда бай, кубаттуу угулуп турат экен. Коштошуу банкетинде сыйлык алгандар микрофонсуз ырдайсыңар деп калышты. Индия, өзбекстандык ырчылар жарым-жарымдан эле ырдашты, мен ырдаганда баары дым болуп угуп жатышты. Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева кандай ырдаганын эстесек, кыргызды музыкалык жактан да, физикалык жактан да өзгөчө кылып жараткан турбайбы.
- Сиз комуз да чабасыз да?
- Карамолдонун комузуна жеткире чабам деп алектенип жүргөнүмө отуз жылдан ашып кетти. Быйыл ооруп, үйдө жатып калдым, ошо убакта төшөктүн четинде олтуруп, келинчегим чамындысын жыйнагыдай, одеялды жайдырып алып, комуз чаптым. Буюрса, ошол комузумду концертте чертип чыгам.

Маектешкен
Айгүл Бакеева