Эл ичи - өнөр кенчи

Бурул Жакеева:
"Оюу үйрөнгүңөр келсе, мага келгиле"
Кылкылдаган кытайга, он сандаган ойротко ыйгарбай, кыргыз элине гана таандык кылып тартуулаган МАНАС дүйнөсүнүн сырын чечүүгө, маңызын сезүүгө, баркына жетүүгө аракет кылган инсандарыбыздан уучубуз куру эмес.Билген билимин, үйрөнгөн илимин келечек муунга калтырсам деген тилеги күч, талыкпаган таланттуу замандашыбыз менен кенен маек курдук.


- Кыргызда "канында бар" деп коет го,сиздин талантыңыздын башат алган таржымалынан кеп салсаңыз?
-Таятам Ырсаалы Маразыков С.Каралаевдин варианты боюнча "Манас" китеби адеп чыкканда айылы Тасмага (Түп району) биринчи болуп эки томун алып келген күндөн баштап, күнүгө бүт айылдын карылары чогулуп келип "Манас" угушчу. Апам биринчи класстан баштап окууга тапшырганча элге "Манас" окуптур. Жетиге чыкканча мен да ошо чөйрөдө өскөм. Ал жогорку сапаттагы энергия мага жаңы оюулар болуп калыптаныптыр.
Апам айылдагыларга туш кийиз, шырдак, жер төшөк оюп бергенде өтө кооздукту улам кайра көргүм келет, алып кетишсе кейичүмүн. Башка келгендерине апам такыр башкаларын оюп берет, дагы алып кетишет. Анан айла таптым,апамды кагаздан оюп бериңиз деп мажбурлап, ойдура баштадым. Оюуларды түстүү кагазга чаптап отуруп, өз алдымча оюу кесип алып, сүйүнгөнүмдү айтпа. Эми оюу кесүү менен гана алекмин. Кээде эки күн катар оюу кесе берер элем. Бир күнү адаттагыдан бөлөкчө оюу кесип алып сүйүнгөнүмдү айтпа. Дубалга илип коюп, улам карап эле кубанганымдан "Кубаныч" деп атадым.
- Шыктанып оюуну кесип же чийип жаткан учурдагы ахывалызды айтсаңыз?
- Балама бир нерсе үйрөтөм деп жаткан маалда, намаз окугандан кийин, же түшүмдө, же аябай кубанып сүйүнгөндө, көз алдыма элестелип келет. Ошону чийип, кесип же тартып бүтмөйүнчө жаным тынбай түйшүккө түшөм.
Бакай Атага жана Бурул Апага арналган эки оюум өзгөчө, башкача келген. Көп кыйынчылыктардан кийин "Грани агни йоги" деген китепти окуп отуруп уктап кетиптирин, түшүмдө бийик тоолордун үстүндө учуп жүрүп, тоо каякка кеткенин билбейм, жандуу оюулардын арасында болуп калдым. Алар эми укмуш, түстөрү асыл таштардан жасалгандай туптунук, кооз, нурданып турушат, улам жай, тегиз кубулуп, мага бир ажайып нерселерди айтып жаткандай. Тимеле жаным жыргап жандүйнөмдү керемет сезимдер ээледи. Эсимде калгандарын эки оюуга түшүрүп жетиштим…
- Оюуларыңызды атайын изилдөөчүлөргө көрсөтүп, салыштырып көрдүңүзбү,балким башка улуттарда да бардыр же окшоштур?
- Оюуларымды ким көрсө да тамшанып, суктана беришер эле. Чын эле ошондойбу деп, оюу боюунча болгон китептин баары менен таанышып чыктым да, оюу өнөрүнө жаңылык киргизиптирмин деп ынандым. Чынында жөнөкөй оюуларды Садыбакас Кадыралиев менен Шакен Мамбетаипова экөө гана бир аз өнүктүрүптүр, алардан башка жаңылык киргизгени жөнүндө маалымат таппадым. Албетте, менин энеме окшогон тубаса таланттар көп эле болгон, бирок ошолордун өнөрүн барктап, эч ким кеңири жайылтпаптыр. Айрым элементтер дүйнө элдеринин көбүндө бар, бирок оюуларымдагы айкалышуулар кескин айырмаланып, кыргыздыкы экени көрүнүп турат. Тибетте Мандала деген диний ыйык сюжеттүү сүрөттөрдү тартышкан. Анда биздин оюуларга окшош элементтер бар.2003-жылы жогорку рухий жетишкендиктерди изилдеген илимпоз Сергей Крыловго көрсөтсөм, ал сүрөттөрдүн энергиясынын адамга кандай таасир эте тургандыгын атайын физикалык аспап менен изилдеген "Омела" борборуна текшертип, мындай жыйынтык чыгарып келген: " Бул оюулар укмуштай жогорку сапаттагы энергияларды өзүнөн чагылдырып турат. Көпчүлүгү жүрөк, ашказан ж.б ооруларга оң таасирин тийгизген энергия күчтүүлүк кылат".
Святослав Рерих: " Байыркы икона тарткан сүрөтчүлөр узак убакытка чейин ачка жүрүп, ыйык суу ичип, эртеден кечке Кудайга сыйынуу менен чиркөөдөн чыкпай жашап жана сүрөт тартчу боекторго ыйык сууну ошондой эле байыркы олуялардын өрттөлгөндөн калган күлүн кошуп сүрөт тартышчу. Ошентип тартылган иконалар айыктыргыч касиетке ээ болгон. Себеби ошол таза, аруу нур сүрөткө сиңип калат" , - деп айткан. Мен да 2-3 жума ачкачылык кармап, жыл бою орозо тутуп жана оюуларымды таза, кубанычтуу кездерде тарткандыктан аспаптардан ошолор көрүнсө керек…
- Сиздин өнөрүңүздү өзгөчө барктап, баа бергендер болдубу?
- Мени түшүнүп, баа бергендер бар, Нурак Абдрахманов агабыз, Чыңгыз Айтматов агабыз да оюуларды көрүп, колтамга коюп жатып " Оо, шедевр" деп суктанса, Кыргыз Түрк Манас университетинин ректору Сулайман Кайыпов: " Сиз кыргыз оюуларынын потенциалын ачыптырсыз" , - деп баалаган. Менде ушул өнөрдүн пайда болушуна өзү суктандырып жүрүп себепкер болгон, бирок өз баасын бербей жүргөн апам Зайнаш Маразыкова "Сен менин сыймыгымсың, кызым" деп жакында эле макул болду. Өзгөчө сыймыктанганым, оюу өнөрүн чексиз өнүктүрүү жолдорун таптым жана үйрөтө алам.
- Манас дүйнөсүнөн азык алган адамдын башка да баалуу жөндөмдөрү болчу эле?
- №5 гимназияны алтын медаль менен бүткөнүмдү Манастын энергиясы себепкер болгон деп эсептейм. Акын эмесмин, бирок ыр жазам. Котормочулук жагым да бар. Мисалы, С.Каралаевдин вариантын профессор Б.Жакиев кайра иштеп чыкканын орусчага которгом, "Жайсаңды" которуп жатам. Ал эми орусчадан кыргызчага В.Мегренин "Анастасия" деген китебинин төртүнчү, бешинчи томун котордум. Домандын "Мектепке чейинки окутуу" деген китебин өз демилгем менен кыргызчалагам.
- Кыргыз болгонуңуз үчүн сизди эмне сүйүнтөт да, эмне күйүнтөт?
- Миң ирээт кайталагандан жадабайм, мени кыргыз кылып жаратып, Манас угузган Жараткан Улуу Күчкө ыраазымын. Кыргызда болгон жакшы нерсенин баары Манастан чыккан деп эсептейм. Себеби " МАНАС" - МАН(Мен) - АС (Эс). Мен деген ЭСмин,убактылуу денени кийип жүргөн түбөлүктүү Жогорку Акыл- Эсмин ( Манас санскритте да Жогорку Акыл -Эс дегенди билдирет), ошону эстеп жүргөн жүрөгүңдөгү Эсмин Мен (Высшее Я, Я Есмь) дегенди билдирет. Кыргыз- Кыргыс- кырууга мүмкүн эмес (неуничтожимый, неистребимый) - бул деген Рух дегенди билдирет, жан чыкканда дене өлгөнү менен Рухту жок кылууга мүмкүн эмес. Кыргыз элинин Манас - Мен Эси бардык замандарда бизге: " Сен кыргыссың,кырып жок кылууга мүмкүн болбогон түбөлүктүү Жогорку Акыл эссиң, ошого жараша жаша!" деген затыбызга жараша аракеттенбей жатканыбыз ардантат…
- Кыргыз элине кайрылууңуз...
- Өкүнбөгүдөй ар бир секундда жан дилибиз менен жашасак дейм. Жашоодогу бардык жакшылыктар кыргыз элине да таандык. Биз өлүмдөн коркпой, аны кеңешчи кылып "азыр өлүп калсам эмне болот" деп иш кылсак, ошондо ар бир ишибиз ийине жетип, өзгөчө болот.

Маектешкен
Мундуз Асаналиева