"Ааламдын" ааламында эмне кеп?

Кеме кырсыктады
Өткөн жекшемби күнү Филиппиндеги Баллестерос шаары тарапта 100 жүргүнчүнү алып бараткан Maejan кемеси деңизде кырсыкка учурады. Кеменин кулаганын көргөн кырсыктан сактоо кызматкерлери жана жергиликтүү калк суудан 40 кишини аман алып чыгышты. Болжолдуу маалыматтарга караганда 23 жүргүнчү каза болду, анын ичинде бир жаштагы бала да бар. Азырынча 30 жүргүнчү дайынсыз болуп жатат.

Бакудагы жардырууга ким күнөөлүү?
13- декабрда Бакудагы турак үйдөгү жардырууга тиешеси бар деген үч адам кармалды. Азырынча алардын аты- жөнү ачыкка чыгарылган жок. Прокуратуранын маалыматы боюнча жардыруу төртүнчү кабатта ремонт иштерин жасап жүргөн жумушчулардын шалаакылыгынан чыккан. Алар жумушун бүтүп кетип баратып, газды күйгүзгөн бойдон кетип калышкан. Түнү бою квартирага газ толуп, эртең менен жарылган.

Сомалиде өкмөттү алмаштырышты
Сомалинин президенти Абдуллахи Юсуф Ахмед пираттар менен өзү туура көргөндөй күрөшмөк болду. Ал премьер- министр Нур Хасан Хусейнди баш кылып, убактылуу өкмөттү отставкага кетирди. Өлкө башчысынын пикиринде, премьер баштаган топ өлкөнүн коопсуздугун сактай албай турган болгондон кийин, ал иштөөгө акысы жок. Сомалиде Мохаммед Сиад Баре кетирилген 1991-жылдан бери өлкө туруктуу иштеген өкмөтсүз калган болучу.

Швейцария жана шенген визасы
Швейцариянын Москвадагы өкүлчүлүгүндө шенген визасы бериле баштамакчы. Швейцария үлгүсүндөгү шенген визасын алгандар Швейцариянын гана аймагында эмес, Германия, Франция, Италия, Австрияга да кире алышмакчы.

АКШда да свет жок
АКШнын түштүк- чыгышында кар жаап, катуу шамал болгонунан улам, миллиондогон үйлөр жарыксыз калды. Көп дарак жыгылып, электрзымдарын үзүп кетти. Электрзымдарын калыбына келтириш үчүн бир жумадан ашык убакыт кетти. Азыркыга чейин жумуш бүтпөй, абал оор болууда.

Бирдиктүү Европанын ачакей пикирлери
Бириккен Европанын 27 өлкөсүнүн башчылары үч маселени карады. Дүйнөлүк кризис маселеси жана Евросоюздун экономикасын жөнгө салуу. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чыккан экология маселеси. Буларды талкуулооодо ачакей пикирлер көп болду.

Россиялык Ксения Суханова- дүйнө сулуусу
Тюмендеги нефтегаз институтунун студенти Ксения Суханова 2008-жылдагы дүйнө сулуусу болуп калды. 22 жаштагы Ксения Йоханнесбург шаарында дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн келген сулууларды артка таштап, сулуулук канышасынын таажысын тагынды.

Евросоюз пираттарга каршы
Аден булуңуна Евросоюздун аскер кемелери пираттарга каршы "Атланта" деп аталган операциясын баштады. Бул операция бир жылга жакын созулмакчы. Ага катышуу үчүн Евросоюздун 8 өлкөсү өз кемелерин жиберген болучу. Аларды НАТО өлкөлөрүнүн кемелери алмаштырмакчы. Франция менен Италия болсо патрулдук самолетторун жиберишмекчи.

Украинада "МАЗ" машинеси үч кызды өлтүрдү
"МАЗ" машинасынын айдоочусу машинаны башкара албай, жээкте кетип бараткан үч кызды коюп кетти. Эки кыз 15 жашта, бирөө бир жашта эле болучу.

Кытай менен Тайвандын ортосунда самолет каттай баштады
1949- жылдан бери материктик Кытай менен Тайван кысыгынын ортосунда түз транспорт жана почта- телеграф байланышы, ошондой эле түз соода байланышы боло элек эле. Эми аба жана деңиз байланышы түзүлдү. Пекин менен Тайбэйдин ортосундагы байланыш ушул жылдын май айында Тайвань администрациясына Ма Инцзю келгенден бери оңолду.

Перевиде россиялык аскерлер бар
Грузиянын Сачхер районунун Переви айылында россиялык 100 дөн ашык аскер, анын ичинде десантчылар, оор аскер техникасы, авиация ишке тартылды. Айылдан жергиликтүү калк дагы эле кетип жатат, мектептерде дагы эле сабак өтүлгөн жок. Аскер адамдары блок- постторду бекемдешүүдө. Россиялык аскерлер Перевиде төрт ай бою жүрүп, андан кийин айылды таштап кетишкен болучу. Жума күнү алар кайрадан келе башташты.

Түркмөнстандагы ачык шайлоо
КМш өлкөлөрүнөн байкоочу катары барган Сергей Лебедев Түркмөнстандагы парламенттик шайлоону ачык жана эркин болду деген билдирүү жасады. Шайлоочулардын 94 пайызы келди. 125 орунга 288 талапкер ат салышты. Бул шайлоону чет өлкөлүктөр да тарыхый шайлоо болду деп жар салышты.

Египеттеги кырсык
14- декабрда Каирдин түштүгүнөн 200 чакырым алыстыктагы Минья провинциясында акыркы жылдардагы эң ири автокырсык болду. Жүк ташуучу машинадан качам деп автобус жолдон чыгып, каналдагы сууга түшүп кетти. Каза болгон жүргүнчүлөрдүн саны 57 ге жетти.

Афинадагы каршылык акциялары
15 жашар анархист бала полициянын колунан каза болгондон кийин Грецияда окуучулар менен студенттер полиция имаратынын алдында каршылык акциясын өткөрүштү. Андан кийин бир жумалык баш аламандык өкүм сүрдү.

Киевге ысык суу, жылуулук келди
Премьер- министр Юлия Тимошенконун кийлигишүүсү менен Киевдеги квартираларга жылуулук, ысык суу бериле баштады.

Бушту Иракта батинке менен урушту
Жорж Буш Иракка келгенде журналисттердин бири бутун чечип туруп, Бушту бир койду. Батинкенин таман жагы менен коюу кордооонун жеткен чеги болуп эсептелет. Ал журналистти күзөт кызматы жерге жыгып, анан залдан алып кетишти. Андан кийин Буш Афганистанга сапар алды.

"Аалам-пресс"