Атың ким, Дөнөнбай?

Кыргызстан - ар түркүн секталар с е л о с у
Расмий илимден алдаканча илгери жаралган Дин адамдын көөнө түйүлдүгү, ишеним түркүгү катары коомдун устунун коюп, качан гана, кайда гана болбосун кырчылдашкан кармаштардан өтүп келген эмеспи. Кыргыз коомун да мындан төрт эле кылым илгери араб миссионер-дубаналары каптап, кыргыз жерине жайылып кеткен соң, кыргыздар мусулманчылыкка биротоло дит койгон. Түндүк кыргыздар тарабы азыр деле мусулманчылыкты өлүк койгондогу ырым-жырымдар катары учкай түшүнөт. Эгемендүүлүктүн он беш жылында Кыргызстандын ичи диний агымдардын - өңгө диндердин, секталардын ээн майкан жайына айланганга үлгүрдү.
Атеисттик идеология көңтөрүлүп түшкөндөн соң, ал мейкиндикти динчилер ээлегенге аракет бүгүн да күч. Айрыкча байкалганы - жаштар улам көбөйүп сыйынып баратышат. Өңгөчө исламдашуу - анын ар кай секталарына эт-бетинен тооп кылуу күчүндө.

Кириш сөз. Аз мурда "Манас" аэропортунда болгон авиакырсыктан аман калып, бирок кыраркасы күйүп, ысык өпкө-жүрөгүнө өтүп кеткендиктен, Бишкектен Москвага алпарып, эки оор операция жасалып, эки ай бою катуу кыйналган инибиз кайтыш болуп калды. Москвадан сөөгү келгенче эле Бишкекке кочкорлук тууган-туушкандар келишип, мусулманчылык кам-чомдорун көрө башташкан эле, бири мүрзө жай издеп, экинчиси жылкы белендеп. Бирок чырактай баланын энеси бурят кызы - биздин келин башка динге кирип алган экен, кызылчеке уруштан соң, уулдун сөөгү "чоочун" көрүстөнгө коюлду. Бул жараткандын маңдайга жазганы.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы - азыр салттуу эмес диндерди тутунган кыргыз улутундагылардын саны 10-15 миң адамга жетти!

Адам өз тагдырын өзү жасап алат дешет. Ким билет, сырткы таасир-шарттар да бар го. Ошонун сыңары эле, мамлекет да өз тагдырын өз уул-кыздарынын акыл, эмгеги менен жасап, тилин, динин сырткы таасирлерден үйрүлүп коргойт. Ушул ыңгайга келгенде Кыргызстанда руханий жашоо өзөгү болгон диний айдыңга көз чаптырып, акыркы он беш жылда Алатоо ичи будуң-чаң эле түшүп жатканы көрүнөт.
Учурда Кыргызстанда 2158 диний уюм иштейт. Анын 359у христиан диний багытында. 307 протестанттык уюм, 200гө чукул секта - бейөкмөт уюмдар бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы - азыр салттуу эмес диндерди тутунган кыргыз улутундагылардын саны 10-15 миң адамга жетти!
Демек, кыргыздын, болжолдуу 0,8 пайызы христиан. Баптист, мунист, кришнаит, иегово күбөлөрү, чинмой, саентолог, махариши, атүгүл сатанист…
Биздин аттуу-баштуу эле чиновниктерибиз, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү чет диний агымдарынын Кыргызстандагы ишмердигин ачык да, көмүскө да колдоп келатканы белгилүү. Айталы, быйыл жайында талкууга алынып ЖКнын 83 депутатынын 81и колдогон "КР дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбооруна президент кол койбосун деп евангель-христиан чиркөөлөрүнүн 300 лидери арыз кат менен кайрылып, аларды чоң кызматтагы бирнече төбөл чиновниктер да колмо-колдоп, арызды Акүйгө дароо жеткиришкен болчу. Мындай илбериңкиликтин артында эмне катылып жатат? Аттуу-баштуу чиновниктердин чет диндерге чөгөлөп член болуп жибергенинде эмес, башкысы - эң кубаттуу протестантык агымдардын каражаттарынан көмүскө "кайрым" көрүп жатканында.
Дин агымдарын акчалай колдоо ислам динин колдоо жаатында күч. "Аргументы и факты" жумалыгынын эсебинче Сауд Аравиясы мамлекеттик фонд аркылуу, айталы, 2006-жылы дүйнөдөгү мусулман фонддоруна 12 млрд доллар которгон. ЮНЕСКО кафедрасынын ага окутуучусу Нурлан Исмаиловдун айтуусунда азыр Кыргызстандагы бир катар диний уюмдардын бюджети 1 млн доллардан ашат. Мындай ири каражаттар дээрлик чет спонсорлордон түшүп турат. Бирок биздин бийлик мындай кубаттуу диний уюмдардын чарба-финансы ишмердигин тескей албайт. Ага мыйзам жол бербейт.
Чет диний уюмдарга ашкере демократтык мамиле жасоо, алардын айткан жетегине көнүү тээ Горбачев, Яковлев заманынан башталган. Кремлдин төбөлдөрүнүн бирдаары, А.Яковлев баштап дүйнөнүн 27 мамлекетинде тыюу салынган Сан Мен Мундун диний агымына мүчөлүккө өткөн. Ал эми, айталы, кыргыз бийлик төбөлдөрү бул сектанттык эң кубаттуу агымга 1995-жылдан тарта "агылып" кирди. Кыргызстанда бул сектанттык диний окууну колдогондор жетишээрлик. 1995-жылы Сеулда өткөн "Бүтдүйнөлүк маданият жана спорт" фестивалына Кыргызстандын ошол туштагы премьер-министри Апас Жумагулов катышкан. Бизде бүгүн да бул диний уюмдун "Эл аралык агартуу фонду" иштеп келет. Эсиңиздедир, мурдагы бийлик маалында биздин дин иштери боюнча мамагенттиктин каттоосунан өтпөгөн "Мундун бириктирүү чиркөөсүнүн" лидерлери Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда, мамлекеттик резиденцияда күркүрөгөн жыйын өткөрүп, жогорку окуу жайларыбыздын алты ректоруна, төрт мамкызматчыга "тынчтык элчилери" деген наам ыйгарган. Муну миллионер Мундун акчасына чөгөлөө дегендик эмес бекен? Мага кыргыздын белгилүү жазуучусу Дайырбек Казакбаев атайын кат менен кайрылып: "Доктор Сан Мен Мунду мен пайгамбар санап, пир туткан адаммын. Мун окуусу маселелери боюнча жазган макалаларым өз эне тилимде гана эмес, орус, англис тилдеринде жарык көрүүдө" деп билдирди. Ушундай…
1992-жылдан бери Кыргызстанга турук алган Мун чиркөөсүнүн "Кыргызстандын аялдары дүйнөдөгү тынчтык үчүн", "Жаштар уюму дүйнөдөгү тынчтык үчүн" деген ассоциациялары бейөкмөт уюмдар катары Акыйкат министрлигинин каттоосунан өтүп, иштөөдө. 200дөн ашуун кыргыз жаш жубайлары Мун менен миссис Мундун нике кыюу аземинен ак бата алып, секта мүчөлөрү болушту.
Кытайда катуу тыюу салынган Фалунгун сектасы бизде 2002-жылы каттоодон өтүү аракетин жасап, андан майнап чыккан эмес. Быйыл Кытайдын биздеги элчилиги нааразы нотасын жазды. Себеби, биздин чиновниктер бул сектаны 2006-жылы эле Бишкек юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп беришкен экен.
"Саентология жана дианетика Чиркөөсү" - сектасы Кыргызстанда он эки жылдан бери аракетте. Бул сектага АКШда, Канадада, Данияда, Италияда катуу тыюу салынган. Бул секта бизде каттоодон өткөн. Бирнече илим докторлору, айталы кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров баш болуп бул сектанын окуусун басма сөз жүзүндө ачык эле жайылтып келатышат. Иисус Христ чиркөөсү - секта катары көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган. Бизде гуманитардык фонддор түрүндөгү бөлүмдөрү каттоодон өткөн. А.Молдокматова ж.б. көптөгөн мүчөлөрү бар. Каттоодон өтпөй, каалагандай үгүт иштерин жүргүзүп жаткан диний уюмдарды эч ким артынан түшүп, жоопкерчиликке тартканы жок. Себеби, андай тартип киргизүүгө мыйзам механизми жок бизде. Ошол себептүү он беш жылдан бери карай алар каалаган учурда каалаган маданий, коомдук жайларда өз жыйындарын эркин өткөрүп, эркин үгүт жүргүзө келишти. "Алатоо" кинотеатрын иегово агымындагылар, Кыргыз жана Орус драма театрларын баптисттер менен евангелисттер, политехти саентологдор каалаганынча ижарага алып "иштетип" келишет. Мындай коомдук-маданий жайларда диний окууларды жөнгө салууга кыргыз мыйзамынын кубаты жетпейт.
Биздеги дин мыйзамы 1991-жылы кабылданып, 1997-жылы бираз өзгөртүүлөр киргизилген. Азыр Кыргызстанда отуздан ашуун диний агымдар, эки жүздөй секталар бар. Быйыл жайда жаңы мыйзамды кабыл алууга өңгөчө Евросоюз катуу каршыгып, Кыргызстандын президенти бул долбоорго кол койбошу керек деп чыкты. Ал билдирүүсүн Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун жыйынында жарыялады. Мунун өзү Батыштын өз оюн башкаларга таңуулоосу. ЕС эмнеге өкүмдөнүп жатат? Себеби, бизде жаңы мыйзам кабылданып кетсе, буга чейин кыргыз кыртышында өтүгүн төргө илип келген салттуу эмес диндердин "эркиндигине" чидер салынат. Андай болгондо мунисттерге, саентологдорго, махаришчилерге, кришнаиттерге, ченмоячыларга, евангелисттерге, бахаисттерге ж.б. үгүт иштерин жүргүзүүсү кескин чектелет.
Жаңы дин мыйзамында өңгөчө экстремисттик багыттагы диний агымдарга - "Хизб-ут-Тахрир", "Даваат", "Акрамийя" сыяктуу диний экстремисттик уюмдарга мыйзамдык катуу талаптар коюлган. Биздеги евангел-баптисттер чиркөөлөрүнүн бирикмесинин жетекчиси А.Шумилин "ЕСтики туура. Мындай катуу мыйзам кабыл алынбасын" деп динчилер пикетин уюштурганын түшүнсө болот. Жаңы мыйзамда өңгөчө каттоо тартибине чыйрак талаптар киргизилди. Болбосо буга чейин 200дөй секта - ар кандай уюмдардын атын жамынып каттоодон өтүп, жер алып, сыйынуучу үйлөрдү, чиркөөлөрдү курушту. Азыр евангелдердин 14, иеговалар - 41, баптисттердин 49, адвентисттердин - 30, лютерандардын 21, пресвитериандардын - 36, пятидесятниктердин - 49, бахаилердин - 12, буддисттер менен иудейлердин бирден уюму заңгыраган имараттарда олтуруп, үгүт иштерин ийгиликтүү жүргүзүшүүдө.
Башка динге өткөн кыргыздарды кодулап сабамай Атбашыдагы чачын төбөсүнө өргөн алты баптист кыргызды атбашылыктар сабаган чырдан соң курч конфликттер өлкөнүн бардык аймагына жайылды. Нарын районунда өлгөн баптист бала жерге берилбей, чыр төрт күнгө уланып, губернатор өзүнчө жер бөлүп бербеди. Каракулжадагы баптисттердин башчысы Зулумбек Сарыгуловду колун сындыра сабашып, баптисттер чиркөөсүндөгү диний китептерди өрттөштү. Жалалабадда да, Ысыккөлдө, Чүйдө да ушундай окуялар өттү. Мындан жыл илгери Бишкектин "Восток-5" кичирайонундагы бийик кабаттан эки окуучу кыз бойлорун ташташты. Иликтей келгенде алар ага чейин "Синий лотос" сатанисттик сектанын китептерин окуп, сатанисттик окууларга барып жүрүшкөн экен. "Синий лотос" украиналык секта. Люцифердин окуусун жайылткан бул секта Кыргызстанда да бар. Аны тыйган бирөө жок. Эки кыздын өлүмү тым-тырс боюнча калды…
Бизде өңгөчө Орус православ чиркөөсүнө тиш кайраган "Белое братство" сектасы да бар. Адамды акылынан айныта турган Махариши мектеби бар. Кезинде Цзян Цзэмин "булар ерестер" деп Кытайдан кубалаган "фалуньгундар" да бизде жүрөт. Кыскасы, Кыргызстан - сектанттардын кенен-кесири кыштагы.
Ушундай жагдайда өкмөт өз алдындагы дин иштери агенттигин кеңейтип, укуктарын узартышы керек. Болбосо алардын таасир этүүчү күч бийлиги да, кызматкерлери да чектелүү.
Пастор кыргыздар арбып эле баратат. "Бахаи коомунда" - төрага орунбасары Бакыт Касмалиев, Кочкордогу пастору - Арал Султанбаев, "Ыйса" чиркөөсүнүн пастору - Ислам Карабаев, Караколдогу евангель "Источник жизни" уюмунун пастору - Н.Серкебаев, евангелдердин Оштогу пастору - Р.Жайчыбеков, "Учкун" кичирайонундагы баптисттер чиркөөсүнүн пресвитери - Т.Бекжанов, дьякону - Б.Өмүракунов, секретары - А.Тургунбаев ж.б. уланып кете берет. Азыркы тушта 1 миң 700дөй кыргыз чет диндерин кыргыздар арасында үгүттөө ишин туруктуу жүргүзүүдө. Ошол эле учурда гөлөчү тазаланбаган кыргыз дааватчыларын кыргыз өзү босогосун аттатпайт.

Жолдошбек
Зарлыкбеков