Ассоль:

"Жалгыздыктан эмес, адамдардын пастыгынан корком"
Улуттун шоу-бизнес көгүндө айдыңы айдай, күлмүңү күндөй жанган таланттуу жылдыз кыз Ассолдун ысмын, сансыз сыйлык наамдарын окурман журтуна кайрадан атап, тизмектеп отуруунун кажети деле жок. Кыргыздын байрагын көтөрүп, намысын талашып келатканына көп жылдардын жүзү болду, ошого жараша аброй таап, кадыр-барк күттү. Чынында шоу-бизнесте Ассолдой мартабага жеткен кыргыздын кыздары, менимче, бүгүн жокко эсе. Тилекке каршы, биздин элдин түшүнүгүндө шоу бизнестей кырды бычак, тозок оокат жалаң эле акча табууга умтулгандардын иши деп бааланат, мунун оор нанын жегендердин Ата журт үчүн жасаган эмгеги, жетишкен ийгиликтери, башка тармакта иштегендердин ийгиликтериндей эле бааланышы керектигин көпчүлүк таназар ала бербейт. Анүстүнө кыргыздай ичи тар, бирин-бири көралбаган, ынтымаксыз калкта алына карабаган арсыз атаандаштык, асман чапчыган куру дымак, пенделик ич күйдүлүк өзгөчө күч эмеспи, кыргыз боорун көтөргөн кыргызды көмөлөтө тээп турбаса, учканга талпынгандын канатын кайрып турбаса кыргыз болбой калбайбы. Мына ушундай кара мүртөздүккө Ассоль да бүгүн туштугуп туру, нечен чоочун жерде, чоочун элдин сый-урматын казанганы менен өз эли, өз жеринде чыгармачылыкка болгон жөнөкөй укугун, аялдык намысын коргоого аргасыз.

Башым жаш болгону менен бул турмушта көрбөгөн азабым калган жок. Күндөп-түндөп чымыркана иштегенимдин эсеси эми гана кайта баштады, өмүр бою өкүнөөрүм - менин ийгиликтеримди атам көрбөй, кубанбай, бул жарыктан эрте көз жуумп кеткени болду.

- Сизди шыктандырган ким жана эмне?
- Бул мен үчүн эң жеңил жана эң оор маселе. Олуттуу айтканда, мени шыктандырган бул менин балдарым жана сүйүү.
- Сиз алган эң кымбат буюм?
- Өзүмө кымбат, кооз "Тойота Прадо" жип машинесин тартууладым.
- Эң акыркы жолу эмне сатып алдыңыз?
- Бул жашоодогу эң кымбат адамым - апама жагымдуу бир белек кылсам деп жүргөм, жакында апама ажайып багы бар сонун дача белек кылдым.
- Кыргызстанда стилдүү кийинген белгилүү адам деп кимди айтаар элеңиз?
- Ар кандай стилдин ажарын акылдуу жана терең маанилүү көздөр гана ача алат. Мага дайыма сулуу, жарашыктуу кийинген Чолпон Баекованын кынтыксыз турпаты жагат, ал эми чет өлкөлүк жылдыздардан киноактриса Анджелина Джолини айтаар элем. Бул аялдарды тегерегиндеги миңдегендердин арасынан айырмалай алса болот.
- Сиздин аракет колдооңуз менен атакка жетишкен эң биринчи адам?
- Он жылдай мурда - бул "Сантаун" тобу, Аслан Гусейнов ж.б. аткаруучулар. Акыркы мезгилдерде мен жарк эткен ийгиликтүү теле алыпбаруучулардын жоон тобун даярдап чыгардым. Булар: Алексей Филатов, Нурзат Токтосунова, Лилия Абдыбаитова, Микаэль, Чынгыз Мырзаев, Жаныбек Жакыпов ж.б. Мен көмөктөшкөн ырчылардын баарын атап чыгуу кыйын, бирок алар бир нерсени жакшы билишет, бул жашоодо эң негизги нерсе - популярдуу гана болбостон, кандай гана кырдаал болбосун, адам бойдон калуу керек.
- Кыргыз шоу-бизнесиндеги сиздин миссияңыз?
- Мен бүгүн жашоонун өзүн баалай баштадым. Өзүмдүн ордумду баалап, "Эмне үчүн бул жарык дүйнөгө жаралгам?", "Мен эмнеге керекмин?" деген соболдорду өзүмө көп берчү болдум. Кыязы, жашоодо биздин ар бирибизде ушундай филоcоф пайда болот окшобойбу, аны ар бир адам өзүнөн тапсын жана андан көңүлү калбасын деп кудайдан суранам. Көп таланттарга өзүн ачканга жардам берсем дейм, башкысы бул индустрияда прогресс эч качан токтобосо экен. Таланттуулардын жүрөгүндөгү отту тутантып, өз убагында багыт берүү - мынакей мамлекеттин идеологиясы, түсүн эмес, түбүн тикте деген ушул эмеспи.
- Эркектер эмнеден коркот?
- Медери жок жана алсыз көрүнгөндөн.
- Сиздин оюңузча эркектер күчтүү аялдарды сүйүшөбү?
- Дайыма эле эмес, мындай аялдардын жанында көпчүлүк эркектер өзүлөрүн эрезеге жетпеген жана кемчил сезишет.
- Өзүңүздүн жеке турмушуңуз жана балдарыңыз туурасында айтып берсеңиз?
- Менин жеке турмушум - жалаң тоскоолдуктарды жеңүүдөн турат, муну балдарым да билишет. Мен ошолор үчүн жашайм: улуу уулум Жан - прогрессивдүү жана кишиге жакын. Ал "Абдыш-ата" командасынын футболчусу. Дзю-до боюнча кара кур ээси, шахматтык да разряды бар, кыскасы көздөгөнүнөн тайбаган өжөр. Бала кезде мен да ушундай болчумун. Кичинекейим Шабдан токтоо, духу күчтүү балакай, ар нерсеге өзүнүн көз карашы бар. Ал бирдемени былдырап айтып киргенде мен эрип кете жаздайм, "кичинекей эркектана" деп тамашалап калам. Ал болгону 5 жашка чыкты. Бирок адилеттүүлүк сезими абдан күчтүү.
- Эмнеге өкүнөсүз?
- 12 жашымда "Ассмо-пресс" журналисттер мектебин аяктап, ТВга жана радиого келдим. Мен окутуучулардан, негизи эле өмүрдө жолдуу болдум, дүйнөдө жакшы адамдар көп, анткени менин балалыгым бейкапар, таттуу болду деп айталбайм. Кичинекей кезден тартып эле тикмечилик, саймачылык жана бычмачылык сыяктуу көптөгөн курстарды окуп бүтүп, өз алдымча кийим тиккенге үйрөндүм, заказдарды ала баштадым. Ошондуктан чөнтөгүмөн акча үзүлчү эмес. Эми булардын баары качанкы бир көргөн түштөй эсте гана калды, башым жаш болгону менен бул турмушта көрбөгөн азабым калган жок. Күндөп-түндөп чымыркана иштегенимдин эсеси эми гана кайта баштады, өмүр бою өкүнөөрүм - менин ийгиликтеримди атам көрбөй, кубанбай, бул жарыктан эрте көз жуумп кеткени болду. (Абдыкалый Молдокматов - Кыргыз ССРинин борбордук басма сөздөгү биринчи өкүл журналисти, "Известия", "Труд", "Комсомольская правда" гезиттеринде иштеген. - ред.) Атамдын достору - акындар, журналисттер менен жолукканда, атам экөөбүздүн мүнөзүбүз, кылык-жоруктарыбыз өтө окшош экенин көп айтышат. Генофонд деген күчтүү нерсе окшобойбу.
- Турмуштук кредоңуз?
- Менин урааным "Алга, дайыма алга!" Бирок мен үчүн эч качан бузулгус бир эреже бар. Кандай гана шарттар болбосун, адамдык абийирди бекем сактоо.
- Соңку кездерде кандай жагымдуу жаңылыктарыңыз бар?
- Жыл сайын "Санд-Сити" спорттук көңүл ачуу борбору белгилүү адамдарга ар кандай номинациядагы сыйлыктарды ыйгарат. Мен "эң имидждүү теле алып баруучу" номинациясына татыдым. Келээрки жылдын март айында Парижге жөнөп жатам. Француздук "Урияш" компаниясы менен кечээ жакында контракка кол койдук. Анын шарттарына ылайык, мен бир жыл бою компаниянын бренддик жүзү болуп берүүгө тийишмин.
Согуш согуш менен, бирок турмуш улана берет дегендей, менин жашоом баягы эле калыбында, иштээрге ишим да, чакыргандар да көп.
18-декабрь күнү мен "Замандаш" ассоциациясынын "Жылдын мыкты адамдары" салтанат аземин алып барам. Жакынкы күндөрдө фотосессия болот, менин сүрөтүм москвалык "Имена", "Отдыхай", "Бурда моден", казакстандык "Сезон", "Вояж" журналдарынын биринчи бетине чыгат. Бул журналдар алдыңкы бетине ар кимдин сүрөтүн жөндөн жөн эле баса беришпейт. Маселен, казакстандык "Сезон" журналынын биринчи бетине чыга турган каарман 7 миң доллар төлөөгө тийиш. Мага мындай укукту акысыз берип жатышат.
Мындан тышкары Москванын Федералдык каналдарына барып бул жерге жаңы технологияларды алып келмекчимин. Январда мен "Ассолдун журналистика мектебин" ачканы турам, максатым - таланттуу балдарды чогултуп, өстүрүү. Муну УТРКда жасап болбойт, анткени бул жерде көралбастык күчтүү.
Теледолбоорлор жөнүндөгү кепке келсек, учурда көптөгөн телеканалардан "Ассоль продакшн тартуулайт" берүүсү жөнүндө жарыя кетип жатат. "Секреты красоты" аттуу теледолбоор даярдалып, эфирге чыкканы турат.Бул пластикалык операция жөнүндө, анын башкы каарманы болгон кыздын кандайча өзгөргөнү, жашоого ишениминин бекемделиши жөнүндө кеп жүрөт. "Стань стройнее" долбоору да аялдарга арналган. Кыскасы, иштээрге иш, келечек долбоорлор толтура. Тилекке каршы, мен иштеген улуттук биринчи каналда учурдагы тирешүүнүн болуп жатканы мени өтө өкүндүрөт. Мен Кыргызстандын кадыр-баркы үчүн өзүмдүн колдон келген аракетимди, күчүмдү жумшап келдим, мунумдан мындан ары да тайбайм. Бирок, эмгекти баалагандын ордуна кайра басынтып, кысымга алып, чыгармачылыкка укугумдан ажыратып атышкандарына ичим күйүп турат. Мен жогоруда бүт өмүрүм тоскоолдуктарды жеңүү менен өтүп келатат дебедимби, андыктан мен үчүн бул да кезектеги тоскоолдуктардын бири. Анүстүнө мен бул жолу жалгыз эмесмин, колдогон күйөрмандарым, шакирттерим, кесиптештерим бар, ошондуктан бул тирешүүдөн абийир менен чыгабыз деген бекем ишеничтемин.

Бакыт Жолдошев