Каяша

Карга отурган дарагын чиритет
"Дүйнөлүк поэзия антологиясынын" эки томдугунун жарык көрүшү элибиздин эстетикалык деңгээлин айгинелеген маданий турмушубуздагы эбегейсиз сонун окуя болду. Бирок дале ит адетибиз калбай, ичитардык менен жазылган чаласабат макаланы окуп, азыркы жазгыч-жаштардын ушунчалык адепсиз экенине таңкалдым. Бир да аргументтүү далил келтире албай ара ниет менен жамандык издеп жазган автор антологияга сүңгүп кирбей, "барактай баштаганда эле жонунан бит чуркап бараткан адамды көргөндөй болот, анан ою ошолорго алаксып, сирке терет да биз калемгерлер корректорлорду ушинтип атайбыз" деп актанат. О.Шакир пунктуациялык белгилерди ушинтип атайт. "Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба" дегендей, О.Шакирге теңелбей, ал котормону кандай тастыктаганына токтололу.


О.Шакир: "Лермонтов менен Тютчев өздөрү каалагандай которуп, Гейнени орус фольклоруна жакындатып салышкан. Гейне бир ырында (кайсы ырында?) "звучали лютны, бубны били" десе, Тютчев аны "дети пели, бубни били" дейт. Экөөнүн айырмасы барбы? Бар. Лютна - кыл аспап, бубна - урма аспап. Бирок орус мүнөзүнө кыл аспапка караганда, урма аспап жакын болгондуктан Тютчев "өзүмбилемдикке" салган" дейт. А "дети" деген сөз кайдан чыккан? Бул сандырактык. О.Шакир котормо өнөрүн таптакыр билбейт экен. Эч качан котормону "орусташтырып же фольклорго жакындаштырып" которууга болбойт.
Котормонун улуу устаттары М.Лозинскийдин, Б.Пастернактын, С.Маршактын колдонгон ыкмаларын эсине салайын: 1) тарыхыйдыкты калыбындай сактап, академиялык тактыгы менен айырмаланган, илимий негиздеги Лозинскийдин, 2) тарыхыйлыкты азыркы замандын жаңырыгына, анын талапкер окурманына шайкеш келтирген, жаңычыл Пастернактын, 3) тарыхыйлыкты жана улуттук касиетти оригиналындай сактоо менен өз жүрөгүн сала коюп которгон Маршактын методдору бар. Үч устаттын котормо мектеби үч башка, бирок бирдей жетик, ар башка сонун.
Экинчиден, "звучали лютны" деген "дети пели" эмес. Бул Сахараны - сахар дегендей, келжиреген кеп. Үчүнчүдөн орустарга урма аспаптар эмес, кыл аспаптар жакын. Андреевдин же Осиповдун "струнный оркестри" жөнүндө укпаса керек О.Шакир. Төртүнчүдөн, чыгарма "өзүмбилемдикке" салып которулса, "отсебятина же русификация" болуп калат да окурман аны кабыл албайт. Андан ары, "ошондой эле Лермонтов да Гейнени "өзүмбилемдикке" салып которгон. Гейне бир жерде пальма десе, Лермонтов аны карагай дейт". О.Шакирдин тантыктыгын даана далилдеш үчүн ырды толук келтирели:

На севере диком стоит одиноко,
На голубой вершине сосна,
И дремлет, качаясь, и снегом сыпучим,
Одетой, как ризой, она.
И снится ей все, что в пустыне далек
В том крае, где солнца восход
Она грустна на утесе горючем,
Прекрасная пальма растет.

Гейне "түндүктөгү карагайдын түшүнө түштүктөгү курма кирет" деп жатат. Тактыкты мойнуна алдырыш үчүн Алыкулдун кыргызча котормосун алдына тарталы:
Алыскы кар чүмкөгөн түндүк жакта,
Жапжалгыз өсүп турат жапайы арча.
Мончоктой кар орогон бутактарын,
Үргүлөп көзү илинет анда-санда.
Түшүндө: көз көрбөгөн ээн жакта,
Ойготкон алтын күндү күн чыгышта.
Бир курма кең жайылып өсүп турат,
Жапжалгыз, ал да убайым, ал да капа.
Жетти бекен мээсине? Жетпесе, М.Л.Михайловдун котормосун да коштойлу:

На севере голом утесе,
Стоит одинокая есль.
Ей дремлется. Сонную снежным
Покровом одела метель.
И если мерещится пальма,
Что в дальной восточной земле,
Одна молчаливо горюет
На зноем сожженной скале.

Баарынан да шумдугу: "Лермонтовдун каармандары кекирейген, төрөпейил, менсинген мүнөздөгүлөр" десе болобу. Лермонтовду билбейт экен, Белинскийди окубаптыр да. Болбосо Лермонтов менсинбеген эле Княжна Мери, Бела, Казбич, Максим Максимович, азиз аял, Тамбовдук казначейша сыяктуу айжаркын, жароокер, назик, шайдоот, шамдагай каармандардын образдарын жаратып кеткен. Печорин да, Арбенин да кекирейбеген эле дворяндардан чыккан аксөөк каармандар. О.Шакир боюнча, "Гейне немистин эмес, орустун элдик акындарынын бири сыяктуу окулат. Буга карата М.Ауэзовдун пикирин эсине салалы: "Элдик кылам деп, Толстойдун деңгээлин казактардын деңгээлине түшүрбөө керек, тескерисинче казактардын деңгээлин Толстойдун деңгээлине көтөрүү керек".
Макаланын дагы бир жеринде: "С.Эралиев менен Э.Турсуновдун чебердиги көрүнүп турат. Аларда айып жок, айып илимдер академиясында, анда отургандар антология дегенди дүйнөлүк акындардын ысымдары деп түшүнөт окшойт. Болбосо, эмнеге башка котормочулардын эмгегине көңүл бурбайт?" дейт. Эсине салалы, антологиянын эки китебин кыргыз эл акындары: С.Эралиев, Э.Турсунов, Э.Ибраев, Ж.Садыков, О.Султанов, А.Өмүрканов, таланттуу акындар С.Тургумбаев, А.Токтомушовдор которгон. Ал эми О.Шакир тизмелеген бирин-экин акындардын чама-чаркын билебиз. Ончакты ыр которуп, алакандай китеп чыгарып койсо эле, антологияга кире берүү керекпи? Антологиянын биринчи томун барактап көрүп, экинчи томун дегеле окубаптыр О.Шакир. Ал жөнүндө бир да сөз жок, анан суу кечпеген дооматтарды коюп, окубай туруп коркуткан, чумкубай туруп толкуткан бул кайдан чыккан олуя?
Чындыкты моюнга алып, таамай айта турган болсо, антологиядагы мыкты которулган фундаменталдуу чыгармалардын бири "Евгений Онегин". А Шакир болсо, "Турсуновдун көптү билгендигинен чарчайт да мадам, бал, лицей, казино, трактир, космополит, вульгар, Кант, Эпикур, Цицерон деген сөздөргө түшүндүрмө бериштин канчалык зарылдыгы бар эле" дейт. Билип коюңуз, романдагы "котильон, мазурка, рстбиф, Аи, Бордо, роббер, вист, гусар, кавелгард, октава ж.б. толгон-токой чет элдик терминдерге сөзсүз комментарий керек. Ал чарчаган О.Шакир болсо, биз комментарийге чаңкаган К.Басылбеков болобуз. Мындай зор чыгарманы которууда сөзсүз көптү билген, эрудициялуу, энциклопедиялык билими бар нагыз акын керек. "Онегинди" которуу Шакир экөөбүздүн колубуздан келмек эмес. Анан, Эл баатыры С.Эралиев которгон Тагор менен Уитмендин чыгармаларына асылат. Бул улуу эки акындын шедеврлерин биринчи мертебе Эралиев тааныштырып,алардын өзгөчөлүгүн алдыбызга жаңылык катары тартуулаган. Жалаң ушул жагынан алганда эле, Тагор менен Уитмендин котормолору өрнөк катары баалануу керек.
Антологиядан сирке-бит издеген О.Шакир өзүн кулпенде көрсөтүп, "бизге окшоп ыр чүргөгөндөрдүн бүйрүн кызытып, дагы эле кылдан кыйкым издей берсем, сөз узара берет. Бечел абалдагы окурман бечелдигинен арылбайт, далилдеш үчүн өзүм да котормо түйшүгүн тартышым керек" дейт. Кылдан кыйкым издеген мындай жазармандарды сылык айтканда, профан, графоман, дилетант дейт, одоно айтканда итке теңелип кереги эмне? Пил жүрө берет, ит үрө берет.
Адабиятта элүү-алтымыш жыл үзүрлүү эмгек кылып, жаңы багытка жол ачкан, Эл баатыры, Эл акыны деген наамдарга татыктуу болгон биздин көзгө басар таланттуу калемгерлерди "эрке талтаң" деп кордогону О.Шакирдин улууну сыйлабаган ыймансыздыгы, жакшыны көрө албаган көрө албастыгы. Аргументтүү макала жаза албай, оозуна келгенди оттоп, киллер сыяктуу дүрмөттөп берген мылтыкты ата албай далдаада тургандардын арам мүдөөсүн аткарууга далалат кылган, бирок жаза атып алган, ок жаңылып өзүнө тийген. Макаланы кимдер менен машташып, кимдер жаздырганы бештен белгилүү. Жүрөксүз арамзалар гана чокту бирөөнүн колу менен шилейт эмеспи. Китеп эң сонун жасалгаланып, эң сонун которулуп чыккан. Котур ташын койнуна каткандар асылганы менен котормочу-мастерлердин кылы кыйшайбайт, дале болсо О.Шакир өзү жаманатты.Чыңгызга асылган жазгычтар кимге асылбайт? Канчалык таптаса да карганын иши карга, ал конуп турган дарагын чиритет.
Дүйнө акындарынын шедеврлерин мазмуну, мааниси, көркөмдүгү, идеясы, бардык ажары, керемети менен которуп, сунуш кылган Эл акындарынын устаттыгына жана антологияны чыгарууга демилге көтөргөн академиянын манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборуна ыраазы болбой койбойсуң, жарнак катары окурмандардын көз алдына келсин үчүн антологияга кирген монументалдуу чыгармалар менен авторлордун айрымдарын атай кетели, алар: "Евгений Онегин, "Русь жеринде ким жыргайт", "Василий Теркин", "Жалбырактар"; Шекспирдин сонеттери, Есениндин "Фарс кайрыктары"; Гейне, Шиллер, Мицкевич, Гартман, Лонфеллонун балладалары, Данте, Байрон, Гете, Петефи, Киплинг, Еврипид, Алкей, Сафо, Катул, Петрарка, Андерсен, Вольтер, Беранже, Барбье, Гюгонун поэзиясы; Рудаки, Фирдоуси, Авиценна, Руми, Гафиз, Саади, Хаеми, Жаминин казал, рубаят, бейттери; Тагор, Ли Бо, Тянь Цзи, Басе, Фкао, Сюнтаро. Хосе Марти, Мистраль, Неруда, Лорка, Брехт, Хикмет, Бернс, Верхарн, Абай, Бердах, Магжан, Тукай, Зулфия, Вургун, Туманян, Исаакян, Абашидзе, Гамзатов, Кулиев, Мустай Карим, Турсун-заде, Межелайтис, Райнис, Танк, Купала, Соссюра, Шевченко, Пушкин, Лермонтов, Некрасов, Кольцов, Тютчев, Фет, Майков, Маяковский, Исаковский, Тихонов, Цветаева, Ахматова, Пастернактын белгилүү ырлары кирген.
Антологияны түзүүлөрдүн бири Н.Өмүрзакованын сөзү менен айтканда, "сиз дүйнөлүк поэзиянын антологиясынын 1-китебин окугандан кийин керемет поэзиянын чалкыган толкунуна кыял терметип, 2-китеби качан чыгар экен деп тынчсызданып күтсөңүз керек. Мына, сиз менен кайрадан жолугушуп отурабыз". Эми, 3-китебин О.Шакир алиги машташкан жазгычтар менен которуп чыгарып алсын!
К.Басылбеков,
акын, профессионал-котормочу