Маектөр

КР тышкы иштер министринин орун басары Аскарбек Бешимов:
"Чыңгыз Айтматов Батыш менен Чыгыштын ортосунда өзүнчө бир маданий көпүрө болду"
Эртең, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматовдун дипломатиялык ишмердүүлүгү тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, КР тышкы иштер министринин орун басары Аскарбек Бешимовго кайрылдык.


- Аскарбек Жолчубекович, Чыңгыз Айтматовдун адабий ишмердүүлүгү менен көбүрөөк таанышпыз. Ал эми анын дипломатиялык ишмердүүлүгү тууралуу азыраак сөз болгондой. Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкө-лөрүндөгү жана Франциядагы элчиси эле. Анын дипломатиялык иштери тууралуу азыноолак сөз кылып кетсеңиз?
- Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөгө кеңири таанымал болгондугу, коомдук жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, жараткандан тынчтыктын жарчысы болгону чынында эле улуу жазуучубуздун визиттик карточкасы болучу. Бул биздин Ата журтубуздун ажатын ачып берүүгө, улуттук кызыкчылыгын кеңири жайылтууга даркан жол салган. Бул- адамдын таржымалы анын өзү жеткиче эле белгилүү болуп калган жагдайга жатат. Чыңгыз Айтматов Атайын жана толук укуктуу элчи болуп иштеген өлкөлөрдө анын эң сонун чыгармалары менен, демек ал чыгармалар аркылуу кыргыз элинин кайталангыс маданияты, ой жүгүртүүсү менен тааныш болушкан. "Жамийла" повести француз тилине которулгандан кийин коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынган эмес беле.
Чыгармачылык чөйрөдө белгилүү инсандардын эл аралык аренада өз элин тааныткан фактылар дүйнөдө көп эле кездешет. Ошентсе да Чыңгыз Айтматовдун элчилик ишмердүүлүгү талданып, өзүнчө иликтөөгө алынууга тийиш деп ойлойм. Албетте, анын дипломатиялык тажрыйбасы Кыргызстандын тышкы саясатында теориялык эле эмес, тиричиликтеги мааниси да чоң. Кыргыз- Европа мамилелеринин башталышын жана калыптанышын Айтматовдун жазуучулук жана элчилик ишмердигисиз кароого болбойт.
- Ч. Айтматовдон элчилик кандай сапаттарды үйрөнүүгө болот эле?
- Чыңгыз Айтматов "Бардык нерсеге көшөргөн эмгектин аркасында гана жете алдым" деп айтаар эле. Анын элчилик эң негизги сапаты- өз өлкөсүн берилип сүйгөндүгү болчу. Эч убакта Ата мекенинин тагдырына кайдыгер караган эмес. Жашы бир топко барып калган мезгилде деле өз өлкөсү үчүн иштеп, жаңы чыгармалар менен окурмандарын да кубантып келгендиги белгилүү. Кандай гана шарттар болбосун, күчүн жана жарандык позициясын көрсөтүп, курч, аяр темаларды козгоп келди. Менимче көшөрүп эмгектенүүнү, өз Мекенин жана жалпы адамзатты ак дилден сүйүүнү азыркы муундагылар Айтматовдон үйрөнүшү керек деп ойлойм.
- Чыңгыз Төрөкуловичтин элчилик ишмердиги анын чыгармасына кандай таасирин тийгизди деп эсептейсиз?
- Элчилик кызматы учурунда Чыңгыз Төрөкулович "Евразия" идеясынын үстүндө көп ойлонуп, көп аракеттерди жасады. Ч.Айтматов Батыш менен Чыгыштын ортосунда өзүнчө бир маданий көпүрө болуп бергендигин белгилөөгө болот. Өзүнүн адабий чыгармалары аркылуу ак пейил ойлорун кеңири көрсөтө алды.
Брюсселде, дипломатиялык миссиясын бүтүп жатып, Айтматов өзүнүн профессионалдык сырын ачып кетти. Люксембургда жана Бельгияда жыйырма жылдай элчи болуп жүрүп, Европалык союз- дүйнөлүк цивилизациянын жогорку жетишкендиги экендигине ишеними пайда болгондугун белгиледи. Борбор Азия, жалпы эле КМШ өлкөлөрү өз жеринде ушундай идеалга жетүүгө аракеттениши керек деген ойго келген.
Ал элдик жазуучу болуп туруп, өзүнүн чыгармаларында башка көптөгөн элдердин маданиятын жана жан дүйнөсүн чагылдыра билген. Балким, ошол себептен анын китептери Азияда да, Россияда да, Европада да жакшы таанылып, татыктуу баасын алган болушу керек. Ч. Айтматов Чыгыштын терең философиясы менен европалык адабияттын эң сонун салтын айкалыштыра билди, бекеринен аны евразиялык адабияттын өкүлү деп аташпагандыр.
- Бельгияда жана Францияда Айтматовду кандай эскерип жатышат?
- Ал өлкөлөрдө Айтматовду жаркын из калтырып кеткен элчи, жазуучу жана инсан катары эскерип жатканына ишенем. Ал өлкөлөрдө Айтматовдун китептери чыгарылып жана кайрадан чыгарылып жатат. Анын чыгармаларын мурунку муун да, азыркы муун да окуп,биздин элибиздин турмушу, маданияты, баалуулуктары менен өздөрүн байыта берээрине ишенем.
- "Посол это честный муж, который лжет во благо народа" деп коюшат го, Айтматовго да ушул салыштыруу таандык болчу беле?
- Эгер бул лакапты Айтматовго карата айта турган болсок, анда "Посол это честный муж, который творит во благо народа" деп айтыш керек эле. Ал өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын чын- төгүн жолдор менен эмес, жалаң түз жол менен коргоп калууга кудурети келээр эле. Анткени Айтматовдун потенциалы, дүйнө таанымы ошончолук бийик болучу.
Мен мындай фразаны да айткым келип турат: Айтматов кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй адамзаттын уулу боло алды. ХХ кылымдын экинчи жарымында адамзат жакшы менен жаман, айкөлдүк менен пастык, өткөн менен кеткен тууралуу ой- толгоолорду татыктуу бере алган уулдарын чыгарышы керек эле. Айтматовдун ааламы бир гана кыргыз элинин гана эмес, улутуна, тутунган динине, расасына, саясый ишенимине карабастан бардык элге тиешелүү болучу.
- Ч. Айтматов элчи болгон өлкөлөр менен биздин өлкөнүн алакалары кандай болду? Кыргызстанга кандай пайда болду?
- Бул суроого мен жогоруда да жооп берип кеттим окшойт. Албетте, Батыш өлкөлөрүн Ч. Айтматов элчи катары да, чыгармачылык инсан катары да бизге жакындатып турду. Ал дүйнөлүк жана улуттук маданиятты, гумандуулук салтын байытканга, коомдун нравалык тазалыгын сактоого, саясый системалардын интеграциясына салым кошту.
Чыңгыз Төрөкулович жер шарынын көпчүлүк өлкөлөрүндө кадырлуу адам болучу. Ал эми элчи болгон өлкөлөрдө анын аркасынан биздин элди досчулукка ачык, эмгекчил, акылман эл катары билишчү. Элчилик миссиясын да аткарып, ошол эле кезде чыгарма да жазууну токтотпой, талыкпай иштеди.
- Европа өлкөлөрү Айтматовго кандай таасирин тийгизди?
- Албетте, Айтматовдун дүйнөлүк окуялардын чордонунда болушу анын азыркыны гана эмес, келечекти да көрө билишине, рухий жактан да чоң таасирин тийгизди. Жазуучу, философ, саясатчы Айтматовдун жарандык позициясы, дүйнө тааным философиясы гуманизмге, улуттар аралык бир туугандык мамилеге негизделген.
Акыркы жылдары Европада жашап жүрүп, Чыңгыз Айтматов өзүнүн Ата Мекени Кыргызстанга байма- бай каттап турган. "Евразиялык интеграция зарыл экенинен күмөн санабайм. Бирок бул көптөгөн жылдарды талап кылат. Азыр ар бирибиз өз алдынча болуп жатканыбыз менен, баары бир тарыхый бир агымга биригебиз. Анткени баарыбыздын маданий баалуулуктарыбыз окшош эле. Евразиялык интеграция бизди жок болуп кетүүдөн сактайт" деп айтканы бар.
Брюсселде жашап жүрүп улуу жазуучубуз Европа, Түркия, Кытай менен Японияга чейинки окурмандардын назарына коюлган "Тоолор кулаганда" аттуу акыркы чыгармасын жаратканы белгилүү. Роман кыргыз тилинен орус, япон, кытай, немец, француз, түрк тилине которулган.
- Айтматов адабий чыгармачылыгында эң жогорку сыйлыктарга татыктуу болду, элчилик ишинде кандай сыйлыктарды алган?

- Чыңгыз Айтматовдун жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер жана элчилигин бөлүп кароого болбойт. Ошондуктан Айтматовдун Ата мекендик жана эл аралык көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болушу анын эл аралык аренада кеңири таанылышын тастыктайт. Эгер азыр улуу жазуучубуздун сыйлык- наамдарын санап олтурсак, узун тизме болуп кете тургандай.
Маектешкен
Айгүл Бакеева