Иликтөр

Алыскы жолдун башында
"Аалам" гезитинин редакциясына темир жол каттамында жүргөн жүргүнчүлөрдөн көптөгөн арыздар келип түшүүдө. Бул тармакта чечилбей жаткан көп көйгөйлөр бар. Жетекчилер алмашты, бирок көйгөйлөр дале мурункудай бойдон калды. Ошол себептен Кыргызстандагы темир-жол каттамдары боюнча редакция өз иликтөөсүн жүргүзүүнү чечти.


Өмүрүмдүн он жылын Казакстан менен Россияда жүрүп өткөрдүм. Негизинен челнокчунун эң көп түшкөн унаасы арийне, поезд болот. Учурунда "Поезд - менин экинчи үйүм" - деп да айтчумун. Ошол "экинчи үйүмдө" канча киши менен таанышып, эчен түркүн тагдырлардын баян-жөнүн эшиттим, өзүбүздүн эле эмес, казак, орус күч бийликтеринин биздин жарандарга көрсөткөн кордуктарына күбө туруп, далай аферисттерди көрдүм, поезд ичинде мастарды, мушташкандарды, алдуулардын бечараларды коркутуп-үркүтүп, талап-тоногондорун, баңгизат ташып кармалгандарды, "кылкылдап поезд баратса" тамбурларда "кошулуп, ээрип" турган ысык денелерди, төрөп, төрөткөндөрдү да учураттым. "Жол боюнда болуп жаткан иштерди жолго чыккан кезде гана көрөсүң".
Көптөн бери поезд, тагыраагы темир жол үстүндөгү, ага чейинки жана андан кийинки турмуш-шарттар туурасында жазмак ниетинде жүргөм. Сыягы, жазсам узун түрмөк болчудай.
Ошентип, Эркиндик сейилбагы баш жазданган "Бишкек - II" деп аталган темир жол бекетинин эшигин ачтым. Анда эң оболу алыска аттанар алдында ошол узак жолдун башталышындагы, тагыраагы биздин баш бекеттеги иш-аракеттер, окуялар, "көз таңмай" былык-чылыктарды бир караштырып алайын!..




Время московское + 3 часа
Дегеле бекеттин ичиндеги керектүү кызматтардын көпчүлүгү орус тилинде гана жазылган. Маселен, сурап-билүү, жарыя ж.б. Баса, айталы, поезд качан келерин билиш үчүн сурап-билүү көзөнөкчөсүнө 21 сом төлөйсүз, 1 жарыяңыз 3 ирет үн күчөткүчтөн кайталанып айтылышы үчүн 11 сом төгүшүңүз керек. Ашыкча болбос, биерде даараткана 5 сом.
Жумасына Бишкектен жогорку расписаниеде көрсөтүлгөн багыттар боюнча тышка 11 каттамдагы поезд чыгат. Шыр эле айта кетели, жекшембиде Башкырстанга (Өфөгө) жөнөчү поезде жүргүнчүлөр азыраак болот, ал эми башка каттамдарда 17-18 вагонго эл кумдай куюлуп түшүп, батпай кетет. Орто эсепте караганда ар бир поездде 800дөн 1000ге чейинки сандагы адамдар жол алышса, алардын дээрлик 99 пайызы кыргыздар, мунун теңинен ашыгы 17-18 жаштагы кыз-жигиттерден 30-35 жашка чейинкилер түзөт. Көпчүлүгүнүн көтөргөнү чакан гана сумкелер, ичинде 2-3 күнгө жетчү жолазык, ишке кийчү кийим-кечелери, анан, арийне, чөнтөгүндө паспорту, билети бар. Жо-ок, бардыгынын эле билети бар деш акыйкатсыздык болор, коенек (зайчик) болуп кетчүлөрү да бир далай. 3-4, 5-10 жыл мурункудай Кытайдын чаарала сумкелеринин саны аз - Казакстандын, Орусиянын бажычылары тоной беришип, азыр кыргыздар эстүү болуп калышкан, көп товар ташышпайт. Товар ташып, тиричилик өткөргөндөрдөн Орусияга ар кыл иш (азырынча өздөрү да кандай жумушка баратканын билишпейт) издеп, эптеп эле саал түзүк айлык төлөнчү жумуш болсо кара күчүн казык кылып, башы менен жер казса да макул, айтор, биякка пул жөнөтсө болду.
Бекетке али сиз кирелекте эле, тыштагы тепкичтерден алдыңызды утурлай баскан, үнүн пасыраак чыгарган үн менен кайрылган жигиттер жылуу ырайда, бир бооруңуздай, сизге бу жалган дүйнөдө алардан өткөн күйүмдүү, кайрымдуу жан сымал кайрылышат: - Билет керекпи? Каякка? Канча адамсыздар? Качанкыга?..
Булар - алып-сатарлар, өздөрү айтмакчы - посредник (ортомчу). Жаз этеги, жай толугунда бу "посредниктердин" саны оголе арбып кетет. Туристтер, каттоочулар сээлдегенде булардын да "аша таланттуулары" гана "посредниктик" кылып, бошураактары кийинки "өнөктүккө" дейре кесиптерин алмаштырууга аргасыз барышат. Ушул азыркы тапта бекетти экинчи үйү кылып алган, кимге билет зарыл экенин алыстан карап туруп эле сезип-билип алчу 40-50дөй жигиттер, азыраак келиндер бар.
Мага да өтө күйүмдүү жандай көрүнүп, нооча бой, 40тардагы жигит умтулду:
- Аке! Билет керекпи? Качанкыга? Канча билет?
- Ийе, керек! Өзүмө эле!
- Каякка?
- Гм…! Екатеринбургга!
- Табабыз. Бүгүн десеңиз бүгүнкүгө. 4000 эле сом!
- А кассада билет өзү канча турат?
- 3500 го. Бирок убара болбоңуз, кассада билет жок.
…Кассага келдим. Айтылган багыттын билет наркы 3100 сом экен. Мен а-бу дегенче Екатеринбургга кетчүлөр көбөйүп, кассанын түбү бошоп калды. А билет издегендер менен бекеттин ичинде да, сыртында да, перрондо да "ортомчулар" менен мал базардагыдай кызуу соода жүрүп, колуна кардардын паспорт, акчасы тийер замат "посредниктер" шамалдай шуулдап, тийиштүү жактарына сызып жатышты. Мага да улам бирөөсү кайрылат: - Билет керекпи? Кай жакка?!.
Темир жол жүргүнчүлөрү үчүн билеттер 45 күн мурда сатыла баштайт. Бишкекте Орусияга бет алган поезддер өтчү "Бишкек - 1", "Шопоков", "Кайыңды", "Кара-Балта", "Чалдывар" бекеттеринин кассаларынан бөлөк Токмокто, Балыкчыда, Нарында, Жалал-Абадда, Ошто, Кара-Сууда, Кызыл-Кыяда, Баткенде сатылат.
Мен сурап-билүү көзөнөкчөсүнөн баш багып, жоонунан келген сулуу келинге кайрылдым:
- Эжекеси! Мага Кыргызстандан сырт жакка кеткен поезддердин жол билеттеринин наркын билиш керек болуп жатат?
- А почему?
- Бир гезитте ушул таризде макала жазсам дегем. Ошого керек болуп калабы дегеним го.
- Жок, мен айттым, бералбайм. Начальникке барыңыз. Мен анын уруксатысыз маалымат бербейм.
Акыл-эси айнып калалек жан биерде сөзсүз түрдө мээ чакпай койбойт: - Неге кассада билет жок? Мынабу "Шак эле жайлайм, табам!" дегендер билеттерди кайдан алышат? Буларга билеттерди ким берип саттырып жатат? Коррупция дешет, чылк коррупция ушуерде өңдөнөт? 45-40 күн мурда билетти өз баасына алып койбой, "көчүк чычаарда керек" болуп, үстүнө алдаканча үстөк кошуп берип жаткандар кимдер? Неге минтишет? Неге алып-сатарларга жем болушат? Алып-сатарларды ооздуктаган, тыйган күч, бийлик барбы биздин Кыргызстанда?!. Булар биерде кечкиси - күндүзү өз үйүндөгүдөй соодалашып жүрүшөт го? Бекеттеги милиция бөлүмчөсү барбы? Бар! Алар эмнеге айлык алышат? Мүмкүн өздөрү ушул "посредниктерге" атала табакташ чыгар?!.
Аттарын айткысы келбеген "посредник" жигиттин сөзүнө ишенсек, булар эч болбой калды дегенде күнүнө 500-600, уусу жакшы жүргөндө 2500-3000 сомго иштейт экен. Жеке көз алдымда эле - Кара-Кулжадан түндө келдик. Бүгүн кетишибиз керек! - деп зарыккан 4 жигитке кассада жок, өздүк наркы 5200 сом турган "Бишкек - Москва" каттамындагы 017 номурлуу поезддин 7-вагонуна 5800дөн сатышты. Ошол эле каттамдагы дагы бир вагонго Орунборго (Оренбург) чейинки 3050 сомдук билеттен экөөнү ошол эле 2 жигит 3300 сомдон "Атаң жакшы, энең жакшы" дедиртип жалдыратып отурушуп, "жоктон бар" кыла коюшту. Эми эсептеп көрүңүз, 4 адамдан 600 сомдон алынганы 2400 сом. Орунборго кетчү эки кыздан 500 сом. Бир заматта эле эңкейип-тоңкойуп кыйналбай эле эки "посредник" 2900 сомду чөнтөккө солоп коюшту. Булардын билеттерди кайдан, кантип алары менин уйкуда жаткан кызыгууларымды ойготуп, бутума тургузду. Иликтеп көрсөмбү?!.

Бектуруш Салгамани