presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Казак-кыргыз балдары - кандай экен алдары?

Эл аралык турнири
Зумрад Арипова, Кыргыз - Түрк Манас университети,
"Манас Кубогу" турниринин башкы уюштуруучусу, 2-курс:
- Кубок жөнүндө айтып кетсем, жыл сайын эл аралык турнир катары өткөрүлөт, конокторубуз казактар, өзбектер, тажиктер жана Кырызстандагы көпчүлүк университеттер. Бирок, Өзбекстан менен Тажикстан финансылык кризиске карата келе албай калгандарын билдиришти. Жакшылап өткөргөнгө баардык күчүбүздү жумшап жатабыз, кудай буюрса баары жакшы болот деген үмүттөбүз, анткени өз демилгелери менен 50 чакты студенттер жардам берип чуркап жүрүшөт, баарына тең ыраазычылык билдирем! Биздин окуу жай эл аралык деңгээлдеги иш чараларга терең маани берип кенен мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришет, бул турнирде да түштөнүү, кофе-брейк дегендерди каржылап жана башкы имаратты толугу менен эки күнгө уруксат беришти.
- Уюштурууу иштериндеги жоопкерчиликтен чочулаган жоксуңбу?
- Бизди келечектеги менеджер катары адамдар менен кантип тил табышуу керек, башкаруу ыкмаларын кантип пайдалануу зарыл дегендерди окутушат, үйрөнгөндү иш жүзүндө пайдалануу аракетиндемин. Албетте кыйынчылыктар болот экен, бирок жардам бергендер да бар.

Жолчиев Ишенбек,
Герман-Гмайнер мектеби, тарых мугалими:
- Мектепте сабактан тышкары окуучулардын аң сезимин жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүү үчүн атайын ушундай иштерге да көңүл буруп, даярдайм. Биздин окуучулар студенттер менен бирдей таймашып, өз пикирлерин далилдеп, мектепти уятка калтырыша элек.
Көбүнчө кыргыз тилине көңүл бурам, себеби мурда кыргыз лигасы жок болчу, эмнегедир үчүнчү сорт катары карап көңүл бурушчу эмес, эки жылдан бери кыргыз тилинде да пикир айтыш таймашы өтүп келе жатат, бирок дагы деле кыргыз аудиторияларында студенттер, кызыккандар аз.Кыргыз тилине мындан да жакшы көңүл бурулуп, талаптар коюлса мыкты ийгиликтер жаралмак.

Элвира Мурат кызы, Герман- Гмайнер мектеби, 9-"А" класс:
- Пикир айтыш таймашына 6-класстан бери катышып келе жатам, мурда орус лигасында ойночумун, көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. Азыр кыргыз тилин өнүктүрөйүн жана өз салымымды кошойун деп, кыргыз лигасында ойноп жүрөм.Мындай иш чараларга катышкандагы негизги максатым коомдо өзүмдү алып жүрүүгө көнүгүү, чечендик өнөрүмдү өркүндөтүү жана дүйнөлүк маселелерди талкуу-лоодо пикиримди билдирип, өз салымымды кошуу.Бизди мектептен атайын Ишенбек агайыбыз даярдап алып келет, башкы орундарды алып дайыма жеңишке жетишип келатабыз.

Элсу Намиткулов, Казакстандагы Каспий коомдук университети,
3-курс:
- Мен өзүм орус лигасында ойнойм, Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам,кубанычтуумун, Бишкек өтө адеми, үлкөн калаа экен... Бул дебатка мен сөзсүз жеңишке жетейин деп келген жокмун, негизги максатым ойногону келдим, максатка жетпесең адам болбойсуң.Эл аралык турнирге биринчи жолу катышып жатам.
Кыргыз элине мен тилейт элем, молчулук, байлык жана бакыт. Өркүндөп өсө берсин, жакшылыктар көп болсун.

Даярдаган
Мундуз Асаналиева

Фото сүрөттөрүн
тарткан
Медер
Мусакожоев,
КТМУ, 1-курс.









??.??