presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Казак-кыргыз балдары - кандай экен алдары?

"Манас Кубогу 2008"
Ишемби күнү саат 9:00дө Кыргыз Республкасынын Мамлекеттик Гимни менен ачылыш аземи башталып, алгачкы сөз Кыргыз-Түрк Манас университетинин проректору Карашева Тамара Ташматовнага берилип, ал өз сөзүндө келгендерге ыраазычылык билдирип, окуу жай жөнүндө бир аз айтып кетти жана катышуучулардын баарына ийгилик каалады. Андан кийин Республикалык "Манас" жаштар ордосунун директору Бакыт Романов, жаштарга кең келечек, талыкпас эмгек,иштерине ийгилик тиледи. "Youth Power" жаштар борборунун жетекчиси Айчүрөк Усупбаева өз сөзүндө: "Кыргызстандын жаштары дүйнөлүк аренада бийик- бийик чокуларды багындырып, башка мамлекеттер менен тыгыз байланышып, кадамыңар арбый берсин", деди. Мындай пикирди "Перемена" инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажыбай да коштоду.Ошентип шаңдуу ыр-күү менен коштолгон ачылыш аземи келгендердин баарына жаркын маанай тартуулап, шыктандырып турду.Эки күнгө уланган бул турнирде төмөндөгү СТУДЕНТТЕР жеңише ээ болушту:

КЫРГЫЗ ЛИГАСЫ:
"986" тобу 1. Эркин Рыскулбеков КТМУ
2.Нурдин Султанов КУУ
ОРУС ЛИГАСЫ:
"МР"тобу 1.Руслан Ким

2. Наим Турдиев - Казакстандын "Эл Аралык


Бизнес" академиясынын студенттери
АНГЛИС ЛИГАСЫ:
"AYTMATOV FOREVER" тобу 1.Айзада Марат кызы КУУ
2.Элвира Бакиева КТМУ
Тызылдап чуркап жүргөн уюштуруучулар жана келген коноктор менен кенен баарлашканга убактылары жок болсо да, эки ооз сурообузга жооп алганга үлгүрдүк.

Карашева Тамара,
Кыргыз -Түрк Манас университетинин проректору:
- Бул иш чара биздин сту- денттерибиздин демилгеси менен өтүп жатат, албетте мындай жакшы жөрөлгөнү окуу жайдын жетекчилиги колдойт.Пикир айтыш турнири жаштарыбыз үчүн өтө пайдалуу, алар өз ой пикирин, мүдөөсүн, көз карашын билдирип, атаандашынын да пикирин уга билип, ага баа берүү менен аны да өзүнө тең көрүү жана орток бир пикирге келүү абдан маанилүү нерсе. Жаш муундун мындай багыт алышы, ушундай көндүмдөргө ээ болушу чоң жетишкендик. Андан да эң маанилүүсү чындык талашта жаралат жана аны иш менен далилдөөгө туура келет, азырынча сөз менен далилдеп, ынандырып жаткан көз караштарын иш жүзүнө ашырып, турмушта да далилдейт деп ишенем.

Мира Тушукбаева, Казак Улуттук университети,
4-курс:
- Кыргызстанга келгендеги эң негизги максатыбыз турнирге катышуу менен бирге тажрыйба алмашуу болуп саналат. Пикир айтыш таймашында дүйнө жүзүндө болуп жаткан проблеманы талкуулоо жана андан чыккан жыйынтыкты ар бирибиз өз мекенибизде иш жүзүнө ашыруу, ошондой эле достукту чыңдоо. Мен Кыргызстанга үчүнчү жолу келип жатам, табигый жаратылышыңарга өзгөчө суктанам жана өзүмө эң сонун таасирлерди алып кетем.

Алмаз Тажыбай, "Перемена" инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси:
- Пикир айтышты уюштуруп жаткандагы негизги максат-жаштарды азыркы болуп жаткан дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлөрдү чечүүгө, ошону ойлонууга аракет кылганы чакырганбыз жана студенттердин сүйлө чеберчилиги да өнүгөт. Мындай масштабда 1995- жылдан бери өтүп келе жатат.Негизги демөөрчүлөр ООНдун демократия боюнча программасы, СПИДке каршы уюмдар, Мамлекет тарабынан биринчи жолу колдоо көрсөтүлүп "МАНАС" жаштар борбору, "Киноматика" фирмасы жана биз менен бирге көпчүлүк жүктү өз мойнуна алган Кыргыз-Түрк Манас университети.

Бакыт Осмонканов, Кырыз, Эл аралык университети,
4- курс:
- Дебат оюнуна каалаган студенттер, дебатерлор, окуучулар катыша алат. Дебат болордон эки жума мурун темалар берилет, ал эми атаандаштар кимдер экенин оюн башталарга он мүнөт калганда гана билесиң. Кудай буюрса даярдыктар жакшы, биринчи орунду алабыз деген бекем ишеним менен келдик. Кыргыз тилин өнүктүрөлү деген максатта, принципиальна бүт кыргыз лигасына ойнойлу деп чечкенбиз. Нукура кыргыз тилинде сүйлөй албайм, бирок ошого умтулам.











??.??