presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Кумтөр кайрыктары…

Кризис деп кыйкырган өлкөдө ишкерлер өз ишин жасоодо
Философияда ооздон чыккан сөз материалдашуу жөндөмүнө ээ экендиги туурасында түшүнүк бар. Муну жөн тил менен, кыргызча айтканда, кудай таала оозго сала берет деп коет эмеспизби.Мына ошол кеп сыңары, бүгүн Кыргызстанда "кокуй өлдүк" деген суук ооздор көп.Арадай нерсени чарадай кылып көргөн жагынан кудайга шүгүр калкпыз.Бизде болот деген сөздөн көрө болбойт деген сөз маанилүү,өстүк дегенден көрө кыргыздын кулагына өлдүк деген сөз жагымдуу угулат окшобойбу. Мына азыр балан фирма, түкүн кампания кабагым кашым дебей эле унчукпай иштеп атат десең о койчу, кризис болуп ойронубуз чыгып атса кайдагы иш, кайдагы кабак деп, атүгүл сени менен жакалаша кеткенге чейин жетчү кишилер четтен чыгат.Кризис темасы ушу тапта жалпы улуттук, кызык темага айланды , мунсуз гезит чыкпайт, радио сүйлөбөйт, чогулуш болбойт, от жагылбайт үтүк сайылбайт ж.б. маанилүү турмуштук да , коомдук да иштер жүрбөй калды окшойт.

Бирок деген менен иштегендер унчукпай эле, догурунбай эле өз иштерин жасап жатышат.Алардын ичинде чет элдик ишкерлер да жок эмес.Маселен, Кумтөр кенин иштетип жаткан канадалык ишкерлер. Буларды бүгүн кимдер гана сындап, кимдер гана каргап шилеген жок. Айрыкча өзүлөрү кыйраткан иш жасабаган "улуттун кызыкчылыгына күйүмдарлар" үчүн Кумтөр темасы айтса түгөнгүс узун эрмекке айланды.Булардын ою боюнча Кумтөрдү өзүбүз иштетсек кайтарым акыбети укмуш болот имиш.Баарынан да ушуга күйөсүң да. Өзүнө калган оокатты кыргыз кантип иштетээрин баарыбыз жакшы билебиз, муну Каракече кениндеги жапайы басмачылыктын мисалында айкын көрүп, күбө болбодукпу…Андай басмачылардан көрө, Каракече кенин чет элдик кандайдыр бир кампаниянын иштеткени жакшы эмес беле биз үчүн?
Кумтөрдө бүгүн иш кадимкидей ыргагынан тайбай этпей жүрүп жатат.Ал иштеп жатабы, демек республиканын бюджетине аз эмес акча каражаттары түшөт, кежир депутаттар жаңы макулдашууну эртелеткенде мындан да жакшы түшмөк.Жамандардын кесепети тийгени аз келгенсип, мамлекеттин казынасын далай акчадан куржалак калтырышты. Дегеле өлкөнүн бюджетин бүгүн Кумтөрсүз элестетүүгө болбойт.Маселен акыркы тогуз айда Кумтөр кенинен мамлекеттин казынасына баш аягы болуп 1 миллиард 182,47 миллион сом салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн акча каражаттары түштү. Бул өткөн жылга салыштырганда 42,6%га көп. Былтыркы жылда ушул мезгил менен салыштырмалуу көрсөткүч 829,19 млн. сомду түзгөн. Кыргызстанда мындай ири салыкты башка кайсы ири ишкана түшүрүп атат ,айтуу кыйын.Биздикилер кризис деп кыйкрып атышканда, башкасын айтпаганда да маселен, акыркы үч айда алтын өндүрүүнүн көлөмү 20 % га , б.а. өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73% га көбөйгөн. Өндүрүлгөн алтындын бул жылдагы көлөмү 319 унцийди же болбосо 9 944 килограммды түздү. Кумтөрдүн алтынын аффинаждап, андан ары реализациялап жаткан " Кыргыз алтын" ААК сы жогорудагы акыркы үч ай ичинде эле мамлекеттин казынасына 64,2 миллион доллар түшүрдү.Адистердин айтымында азыркы учурда Кумтөрдүн үстүңкү бетиндеги алтындын запастары түгөнүп баратат, ошондуктан анын мурда изилденбеген же аз чалгындалган участокторун чалгындоо зарылчылыгы келип чыгууда. Учурда бул иштер пландуу түрдө жүрүп жатат.
2008-жылдын 4-ноябрында " Кумтөр Оперейтинг Компанинин" профсоюз мүчөлөрүнүн жыйнында жаңы коллективдүү келишим түзүлдү. Буга ылайык, кенде иштеген жумушчулардын жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу дагы да жогору деңгээлге көтөрүлмөкчү. Аталган келишим 2010-жылдын 31-декабрына чейин иш аракетте боолмокчу. Кенде иштешкен кыргыз жумушчуларынын айлык акысын бүгүн республиканын башка тармактары менен салыштырып болбойт, мында айлык маяна алда канча жогору. " Центерра " кампаниясы бир эле учурда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өз ишин активдүү жүргүзүүдө. Маселен, Оруссиянын Тува республикасында жайгашкан " Кара-Белдир" алтын кенин биргелешип иштетүү боюнча, Түркиянын " Артвин"кенин иштетүү боюнча келишимдерди түзгөнгө жетишти. Конкреттүү иш аракеттер ушул жылдын 4-чү кварталында башталган.Кампания ошондой эле өз ишин АКШнын Невада штатында да улантып жатат. Көптөгөн окурмандарга бул дегеле эмне болгон кампания деген суроо кызык болушу керкек.Аны жөн эле жаман көрө бербей ал жөнүндө түшүнүк алгысы келгендерге айта кетели. " Центерра" кампаниясы алтын өндүрүүгө, алтын кендерин чалгындоого, иштетүүгө жана пайдаланууга адистешкен батыштык ири кампания болуп эсептелет. Азыркы учурда Борбор Азияда мындан башка алтын өндүрүүчү чоң кампания жок. Анын акциялары Торонтодогу (Канада) фондулук биржасында айланып жүрөт. Жайгашкан жери да ошол Торонто шаарында.Биздеги топтолгон маалыматтарга караганда, анын тарыхында буга чейин кадыр баркына шек келтирген ызы чуулуу, күмөн окуялар болгон эмес. Арийне, биз буларды айтуу менен бизде иш жүргүзүп жаткан чет элдик ишкерлерди көкөлөтө мактоону максат кылбайбыз, андай ойдон дегеле алыспыз. Биздин иликтөөлөрүбүздүн максаты коомчулукка, жалпы элге биринчи кезекте обьективдүү, калыс маалымат жеткирүү, Айрым саясатчылар, саясий күчтөр чуу кылып келатышканынын себеби эмнеде, чынындале Кумтөр кени алар айтып аткандай биздин элге зыянынан башка таптакакыр пайдасы жок деген ырастоолору канчалык жүйөөлүү жана негиздүү, мына ушул соболдордун башын ачып бергенге кызыкдарбыз. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө биз экинчи тараптын да көз карашын укканга, алардын да жүйөөлөрүнө орун бергенге даярбыз, калоочулар болсо эшигибиз дайыма ачык.

"Ааламдын"
маалыматы

Алтындын мамлекеттик запастары боюнча Кыргызстан дүйнөдө 84-орунда турат. Ал эми биринчи үчилтикте -АКШ, Германия жана Эл аралык валюта фондусу.Кыргызстандын мамлекеттик резервдеги алтын запасы 2,6 тоннаны, же жалпы алтын валюталык резервдин 6,6 пайызын түзөт.Өткөн жылдын декабрынан тартып бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан бир тепкичке жогорулаган.
Ал эми АКШнын мамлекеттик резервинде 8,1335 миң алтын бар. Германияда- 3,4174 миң т. Францияда-2,5869м.т. Италияда- 2,4518 м.т., Швейцарияда - 1,1339м.т.Японияда- 765,2м.т. алтын запастары бар. Оруссия 11 орунда, Тажикстан 92- орунда, Казахстан болсо 38-орунда.




  Сот ачууланса...

КУРМАН АЙТ НАМАЗЫН АБАКТА ОКУШТУ
Республикада Конституциялык түзүлүштү жок кылуу ниетинде төңкөрүш жасоо, массалык башаламандыкты уюштуруу, диний-экстремисттик иштерди жүргүзүү. али жашы жетелек өспүрүмдөрдү кылмыш аракеттерине аралаштыруу, тартуу, мамлекеттик мүлктөрдү атайылап бүлүнүндүрүү, бийлик өкүлдөрүнө опуза көрсөтүү максаттары үчүн 32 адам жазага кириптер кылынды-10 адам 20 жылга, ээгине кыл чыга элек бир өспүрүм 9 , калгандары 16-19 жылга 27-ноябрь күнү Оштогу облустук сот имаратында Ноокат райондук сотунун отурумунда сот Б.Сарыбаев аларды КР Кылмыш кодексинин 8-беренесине такап, ушундай өкүм чыгарды. Ошентип ал 32 адам тополоңдон кийинки 70 күндөн соң Курман айт намазын абакта окушту.


Ноокат районунда жалпысынан 55 айыл бар. Дээрлик бардык айылдарда эң кем дегенде 2-3 мечит курулган. Эгемендүүлүктөн бери мечит, медресенин курулушу жагынан эч бир район Ноокатты жандап жеталбас. Жыл сайын эле Орозо айт, Курбан айтта окулчу намаздар ар айылдын өз мечитинде, анан ыклас, каалоосу жогору болгон, астында автосу барлар райборборго- Эски-Ноокатка келишчү. Ошондо да алар эң чоң мечитте эле намаз окушчу. Бул жылы алар райононун борбордук аянтын сурашкан. Туура түшүнөлү, намаз окуш үчүн эмес, майрамдык шаан-шөкөт, салтанаттарды өткөрүү үчүн. Биз түшүндүрүп, буга жол бербестигибизди билдиргенбиз. Мечиттен намазды окушуп чыгышып, түз эле райакимчиликке келип таш бараңга алышты,- дейт экс-аким А. Алиев. Натыйжада акимчилик имараты олуттуу талкалоолорго тушукту. Бир нече милиционерлер жараат алышты.
Бул " садага чабылган" акимдин сөзү. Ошол окуядан 9 күн өтүп, ал ээрден түшүп ордуна А. Махамадов деген киши отурду. А экс - депутат Асамидин Марипов орунбасарлыкка келди. Ошентип, болору болуп, акыркы нокот коюлду. Ко-ош, канткенде да тарыхыбызда каралуу күндөрдүн бир катары калчу бу тополоңдуу күн Кыргызстандын калкына эмнелерди үйрөтүп, кайсыларга ишендирди?.
Менимче, эң оболу эгерде бийлик чындап каалабаса, киришсе жүз берген ар кандай трагедиялуу окуянын, кылмыштын "өмүрүн" созо бербей, ак-карасын тез эле аныктай аларын көрсөттү. Ноокаттагы бу тополоңчулардын иш-аракеттери баш -аягы 66 күндө тергелип, суралып, ага ылайык чечимдерге кол коюлуп бүттү. Ооба, эгер бийлик чындап кааласа! Болбосо, өзүңүз ойлоңузчу, 6 адам өлгөн Аксыдагы окуядан бери 6 жыл өттү, алигиче адилет чечим чыкпай келатат, чынбы?
Экинчиси, 2000-жылы Баткенге капсалаң салып кирип келген моджахеддердин "куйругу" али деле Кыргызстанда чубалып жүргөнүн тастыктайт. Өлкөбүздүн ичинде ар кандай диний-экстремисттик уюмдар, асыресе халифат курганга ашкере талгак " Хизбут-тахрилер" партиясынын бар экендигин, ээн-эркин иш алып баратышкандарын, алар каалаган күнү каалаган аймакта каалашкандай " чет оюндарын" аткара алышаарын, аларды алдын ала алышка, болтурбай коюшка биздин күч органдарыбыздын пастыгын, жетесиздигин далилдейт.
Эң эле зарылы- өлкөнүн өз жарандарынын да Конституцияны сыйлоону, ага урматтоо менен мамиле жасоону жана бөлөк мамлекеттердин адамдарынын каалаган иш-чараларын өткөрө бергендей " Кыргызстан-общий домдун" да кожоюндары, мыйзамдары бар экенин аңдатты. Болбосо "Жаман үйдүн ээсин коногу бийлейт" дегендей Ноокаттагы ошол тополоңго катышкандардын арасында неге Өзбекстандын жарандары жүрөт? Алардын кылмыштарына Кыргызстандын соту адилет чечим чыгарып, И. Каримовдун колуна салып берди. Бул тыштан келип, биздин төрүбүздө төш керген ээнбаштарга сабак болду.
Менимче. Ошол 32 адамга ыйгарылган жаза мөөнөттөрүн -Өтө эле оор болуп калды! - Көп жылга кесип коюшту! - дегендердин ой жүгүртүшү натуура. Себеби? Себеби, биз да элбиз, укуктуу өлкөбүз. Тартип, болгондо да темирдей болгон тартип турганда гана өлкөнүн оңолушуна, ыймандын, ниеттердин да түздөлүшүнө негиз түзүлөт.

Бектуруш Салмагани





а ­е¦Є.НҐй«