"Ааламдын" ааламында эмне кеп?

Япондор өкмөтү ядродон чочубайбы?
Кытай мамлекетинин тышкы иштер министри Давей башында турган дүйнөдөгү курал жарак жагынан күчтүү делген 6 мамлекеттин жетекчилери учурда өтө актуалдуу болуп жаткан ядерный ракеталардын көйгөйлөрү боюнча жыйын курушту. Буга Россия, АКШ, Кытай, Корея, Япония мамлекеттеринин жетекчилери катышып, өз ойлорун ортого салды. Кытай мамлекетинин тышкы иштери министринин билдиргенине караганда Япон өкмөтү бул жолугушуулардын өзөгүнө анчалык маани бербей жатат.

Хиллари Клинтон ордун Кеннединин кызына тапшырабы?
АКШнын мурунку президенти Джон Кеннединин кызы Кэролайн Нью-Йорк штатынын демократ-сенатору Хиллари Клинтондун ордун алууга аракет жасап жатат. Бул орунда турган Хиллари АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын келерки 2009-жылдын 20-янврында беките турган жарлыгы менен АКШнын расмий Мамлекеттик катчысы болуп дайындалат.

Пентагон Кабулга бригада аскер жөнөтөт
Эмдиги айда Ооганстанга АКШ кошумча аскер күчтөрүнүн алгачкы бөлүгүн жөнөтөт. Алар негизинен Кабулга чукул аймактарга жайгаштырылат.
Америкалык аскерлердин Ооганстандагы өкүлү подполковник Руми Нильсон-Грин январда бир бригада аскер келерин,анын басымдуусу Кабулга жуук Логар жана Вардак провинцияларына жайгаштырыла турганын ырастады. Айрым бөлүктөр Пакистанга чукул райондорго бөлүштүрүлөт. АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы командачылыгы быйыл кышта талипдер менен "Ал-Каиданын" отряддары активдүү аракеттерге өтөт деп болжолдошот. Ошондуктан Кабулду алардын ар түрдүү операцияларынан коргоо үчүн ага жакын турган аймактарда коопсуздук чараларын күчөткөнү жатышат.

Алексий Экинчи акыркы сапарга узады. Бейиши болсун
Орус эли православ чиркөөсүнүн башчысы Алексий Экинчи менен коштошуу азасын өткөрүштү . Алексий Экинчи 5-декабрда 80 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумду. Аз мурда Германиядан дарыланып келген. Бир катар орус чиркөөлөрүнө иш сапар жазап андан кийин өзүн жакшы сезбей жатканын айтып кээ бир чиркөө сапарларына баруудан баш тарткан. Алексий Экинчи Таллин шаарында жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн аты Алексей Ридигер. Үй-бүлөсү да кудайга жалынып анын ыйыктыгын урматтагандардан болгон. Атасы Михаил Ридигер Санкт-Петербургдун тургуну, энеси Елена Писарева эстониялык. 1953-жылы Дин иштери боюнча академиясын эң жакшы окуп аяктап, бир катар чиркөөлөрдө иштеген. 1957-жылы Успенск чиркөөсүндө, 1958-жылы Троицк чиркөөсүндө эмгектенген. 1961-жылы Москвадагы чиркөөлөрдүн сырткы иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп шайланат. 1963-1979-жылдар аралыгында христиан дин иштерин жайылтуу жана чиркөөлөрдү көзөмлдөө кеңешинин мүчөсү болуп келген. Бир катар чиркөөлөрдө чиркөө башчысы катары иштеп 1990-жылдын 7-июнунда Москвадагы православ чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланган. Ал дин иштеринен башка орус элинин салт-санаасынын, дилин, улуттук баалуулуктарынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салымын кошкон. Бир нече китептердин автору болгон.

Амстердамда эми эч ким көңүл ача албайт
Амстердам өкмөтү шаарлардагы көңүл ачуучу кафе-барларды жабууну пландаштырып жатат. Себеби ал жайларда жаштар наркотиктерди көп колдонуп кылмышкерлердин жоон топтору көбөйүп кеткен. Наркотиктерди сатуунун борбору болгон ошондой жерлердин көбүн жаап салса алардын саны кыскараарын белгилешүүдө.

Барак Обама Түштүк Азиядагы террорчулука каршы күрөштү жаңыча баштоону каалайт
АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Вашингтондун аймагында стратегиялык ынтымакташтык түзүшү керектигин белгиледи. Өз сөзүндө Обама Пакистан бийлиги менен "таасирдүү стратегиялык ынтымакташтык" террорчулар менен күрөштө олуттуу жардам берээрин, мындай ыкма Ооганстан менен Пакистандын чек араларынын коопсуз болушун шарттай турганын кошумчалады.

Спитак зилзаласын эскеришти
25 миң адамдын өмүрүн алып кеткен зилзаланын курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсүнө өлкө башчысы Серж Саркисян баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. 1988-жылы түшкү саат 11:41де жети баллга жеткен зилзаладан Спитак, Гүмри шаарлары жабыркап, бир нече кыштактар жер менен жексен болгон. Натыйжада 25 миң адам набыт болуп, он миңдеген киши жаракат алып, жүз миңдегени турак-жайсыз калган. Ушул күнгө чейин жети миңге жакын адам жаңы турак-жай күтүп, вагондордо баш калкалап келет.

Иран ракета сынады
Иран мамлекетинин аскер деңиз флотунда "Наср-2" деген аталыштагы ракетасын сынап көрдү. 6 күнгө созулган бул сыноодо ракетанын жетишкендиги, башкалардан айрымачылыктары көп экенин билишкен. Анын жарылуудагы орточо ээлеген аянтты 30 чарчы метрге жетет.

Кытай басмасы Николя Саркозини айыптап чыкты
Кытайдагы мамлекеттик маалымат каражаттары француз президенти Николя Саркозини Тибеттин руханий лидери Далай Лама менен көрүшкөнү үчүн айыптап чыгышты. Саркози Далай Лама менен ишембиде Польшада көрүшкөн. Кытайлыктар Саркозинин кадамын кытайлардын намысына шек келтире турган аракет деп, бул кытай-француз мамилелерине да терс таасир этет дешти. Кытай Тибетти өзүнүн аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт жана Далай Ламаны сепаратист деп айыптайт.