presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Ктр кытырайт

Алексей Филатов:
"Эшимканов - куурчак, марионет театрынын кожоюнубу?"
- Алексей, Кыргызстанда шоу- бизнес жакшы өнүгүп жатат окшойт. Менин оюмча теледеги "тепкилешүү" жөн гана кайым айтышуубу же жанды сайган кыл чайнашпы ?
- Ооба, биздин жакшы жетишкендиктерибиз бар. Биздин студиянын аркасы менен теледеги шоу өнүгүп жатат. Бирок бүгүн Мелис Эшимканов бул тармакка көз артып, ээ болгусу келип турган кези.Эшимкановдун позициясы- бул өзүн -өзү билип, өтүгүн төргө илген мыкчыгердин позициясы. Маңдай тер төгүп программа түзгөн адамдарга эч нерсени түшүндүрбөй " мага жакпайт, бул программаны жабыш керек" дейт. Мен андан " Мелис байке, эмнеге жаптыңыз десем" " Мага жакпайт"-деп гана далысын күйшөйт.
- "Ибарат" студиясы бар. Башка программалар иштеп жатат Балким ал силерден улуттук колоритке тунган программа күтүп жаткандыр?
- Кыргыз маданиятын үгүт-насааттоо баарыбыздын ишибиз. Бирок, эфирден башка программалар алынып салынганына акылым айран. Жетекчиликтен болсо үн чыкпайт. Болгону ушу.
- Кайсыл программаларды жабышты?
- " Түнкү каналды", кыскасы орус тилинде чыгып жаткандардын бир тобунун жаназасын окушту. Биз мындан Эшимканов мырза жакшы иштеп жаткан адамдар менен иштеше албастыгын түшүндүк. Бирөөлөрдүн жетишкендиктерине көралбастык кылаарын аңдап билдик. Бул эмне өзүм билемдикке жатпайбы?
- Ал жаңы шоу программа ачты дейби?
- Ооба, шоу-программалардын борборун түздү. Алгач ал "УТРКнын кызматкери коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенбеши керек. Анткени силер, мамлекеттик кызматта жүрүп жатасыңар" деген. Ошентип коюп эми өзү коммерциянын үстүндө жүрөт. Мыйзам боюнча буга укугу жоктугун жакшы билет. Биздин максат мамлекттик канал кызыктуу болсун гана деген тилек. Бүгүн болсо Эшимкановдун " күжүрмөн аракети" менен мамлекеттик канал четинен ыдырай баштады. Бир аздан кийин таппай да калабыз го… Эл налогун төлөп жатат, анын бир тобу УТРКга кетет. Бюджетибиз абдан көп каражатты талап кылат. Демек бизди акыл эстүү, интеллекти жетиштүү, Буратино куурчак театрынын Карабас Барабастай чебелектебеген билимдүү менеджер жетекчи башкарышы керек. Түшүнүп жатасызбы? Жаның кашаят… Мунун баары жок.
- Деги эмне бар?
- Анын оюнча канал бул анын жеке менчиги . Акыркы жарым жылдыкта биз бир дагы долбоорубузду каналга алып чыга албадык. Бизде онго жакын программалардын долбоорлору бар. Жабыш оңой, көрүүчүлөргө жаккан иш жасоо абдан оор. Эшимканов көрүүчүлөрдүн купулуна толгон адамдарды жаман көрөт. Анын өзүмчүлдүгү жалпы иштин өзөгүнө өрт коюп жатат.
- Ал өзү деле жалпы элге таанымал абройлуу инсан эмеспи?
- Билбейм. Жакындан таанышкан жокмун. Жылдын башында маяна акыларды көбөйтүп, студияны жаңылайм деген. Сөз сөз бойдон калды. Мисалы, Филатовдун айлыгы 2300 сом эле, бүгүн буга бир тыйын да кошулган жок. Эшимкановдун эшигин жырткандар болсо айына 25- 35 миң сомдон айлык алып жатышат. Кандай деп ойлойсуз, ушул акыйкаттыка жатабы? Иштеп жаткандар бир башка да, жыла басып жылмая келип акча алгандар бир башка. Кептин ачыгы, ал жогорку деңгээлдеги жетекчи болушу керек. Ал бар болгону амбициясы мээсин тепкен чиновник. Болбосо богу менен тең мага, мисалы, мен 21 ге чыктым, теңелеби? Кыргыздарда " көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деген жакшы кеп бар. Акыл токтотуп калган адам го.
- Эшимканов эски деп атасың. Анын өз көз карашы бар да. Ал да телени оңдойм деп келди да, туурабы? Бир нерсе жасайын десе силер кедерги болуп жаткандырсыңар. Балким көрүүчүлөр түшүнбөй жаткандырбыз?
- Түшүнүп жатасызбы, ал көп нерсени түшүнбөйт же болбосо кол шилтеп гана коет. Ушундай да иш болобу? Эки сааттык эфирге чыгуучу программаны 25 киши даярдайт. Ушул эми профессионалдыкпы? Жок. Ал жакта мурунку доордун адамдары отурушат. Момпосуй соруп алышкансып, үн катышпайт. Таштан үн чыгат. Эзели булардан үн чыкпайт. Сын айтпайт. Колдоо да көрсөтпөйт. Себеби бир гана нерсе. Пенсияга чейин жашап калуу. Ач кулактан тынч кулак. Жан дүйнөң тарыйт. Күйүп кетет экенсиң. Эшимкановдун эки жүзүн баары билет. Ал Акаевдин учурунда деле, Бакиевдин деле тушунда эт менен челдин ортосунда жүрөт. Эл ишенбей калды. Трагедия мына ушунда.
- Трагедиябы же башкабы, кеп төркүнү башкада болуп жүрбөсүн?
- Сиз билесизби, бизде студиялар бар. Жылына 5-6 берүү даярдайт. Биздей эле маяна алышат. Биздин студия болсо, жон териси кургаганча иштеп эле жатат…
- Макул сенин таарынычыңды түшүндүк дейли же башка да ойлоруң барбы?
- Эшимканов Акаевге кызмат кылды. Жемишин көрдү. Бакиевге кызмат кылды. Кыла берсин. Таза кызмат кылсын да. Мелиске эч ким ишенбейт. Биз эмне ага жыгачтан жасалган чий куурчак Буратинобузбу, ал болсо бизди ары бери кулатып ойногон Карабас Барабастын кейипин кийип калды беле? Мындай болбойт да. Элди кемсинтип шылдыңдабасын.
- Эшимкановго каршы тиккен боз үйүңөрдү качан чечесиңер?
- Эшимканов гезитине кетсин, ошондо чечебиз.
- Сүйлөшүүлөр болуп жатабы?
- Жок. Ал аракет көрүп жатат. Бирок, аны менен иш бүтпөйт да. Бизде Кыргызстанда болуп жаткан саясат ушул өңүттө. Эшимканов мени жумуштан кетире албайт . Эмгек кодекси боюнча мыйзамга ылайык келбейт.
- Көркөм кеңеш деген болчу беле?
- Анда бүт баары анын кишилери. Маяналары көп. Тымпыйып отурушат. Бул жерде артыкбаш акылдын деле кереги жок. Мен көп нерсе сурабайм. Болгону чиновниктер ишке кедергисин тийгизишбесин. Кеп башкада. Бул жерде бизнестин жыты буркурайт. Эшимканов баарын оп тарткан монстр болгусу келип жатат. Биз буга жол бербейбиз…
- Ал силерди мажбурласа кантесиңер?
- Ал эки жүздүү Янустун кейпин кийген. Ошол бойдон калат. Бүкүрдү көр түздөйт дегендей. Нравасы бузулган адам эми оңолбойт. Ал эми анын жанындагы Казаковдор эртең эле Эшимкановдун эшигин жыртып жүрүп эшикте калышат Мен түшүнүп турам. Реформа керек. Кандай реформа? Көптөрдүн көз жашынан куралган реформабы. Көбүрөк кан керекпи. Биз тынчып калалы дедик эле. Бирок ал мите курттай каныбызды соруп жатпайбы.
Сапар Рысалиев




"Айганыш, менин ишим - сенин корооңду айланыш"
Россиянын мыкты ырчыларына суктанам, себеби өзүн сыйлаган ырчылар өзгө ырды ырдашпайт. Сосо Павлиашвилиники - Егор Давыдов, Алла Пугачеваныкы - Н.Ругальская, ал эми Илья Резниктин талантына тан бербеске арга жок. Чачы самсаалаган "Светофор" деп ырдаган кайсы ырчы эле? В. Леоньтев - анын да менчик автору … Эрнис Кобальский. Философ. Ошол ыңгайда жазып берет. Учу-кыйры алыс, Москвада уктап атса, Владивостокто туруп аткан өлкөгө да киши теңелеби? Мына ушулардын таасири бизге тийсе дурус болор эле. Тийбей атпайбы. Бизде ашынып-ташынып кеткен песенниктер жок экен.

Өзү текст жазып, өзү ырдамай өнөрдү Берадор Борбиев баштаган. "Он ырын угуп туруп, бир ырын да түшүнбөдүм" деп жазсам, издеп келиптир, "Ж.Асанов" дегениңер кимиңер?- деп. Алыбеттүү жигит экен, "жок, ал жок эле" деп өзүмдү сактадым. Бул жигиттин обону айырмалуу, асыл жактары бар, бирок, тексттерин такыр түшүнбөйм. Популяр тил, поэзия эмес, потетика тилдин стили такыр бөлөк. Бизде ушул жагы - поэттер эмес, песенник профессионалдар аздыгы кейитет. Ырчыларга эмне - ырдай беришет. Баалаганымдан Гүлнур, өзү текст жазып ырдаса да Сыймык, Динара, өтө сак Саламат, Керим, Асылбекти сыйлайм. Өздөрүн сыйлаган, Рыспай менен Асанкалыйдын текст тандоо өнөрүн үйрөнүп, элден жасканып ырдаган өнөрпоздор.
Ар дубандын өз алдынча аңызы, обон өзгөчөлүгү, ыр ыгы бар. Нарындыктар "Доло-он" деп ырдашат, көбү Шералиевдин стилинде обон созот. Күмөндөр Абылов деле Шералиевдин тегерегинде жүрөт. Ырларынын вариациялары Шералиевдин нотасынын айланасында экендигин көбү айтышат.
Кетментөбөнүн "а" деп оозун ачканы эле кыргыздын кымбат ырчысы болот. Өткөн кылымдын 70-80-жылдары кыргыз эстрадасы бутуна туруп, бирок бир сылтыганы-орусча акцент басымдуулук кылчу. Мисалы, уйгур жигитибиз Султан Каримов " Уча бер умутумдун каргырасы" деп ырдаар эле. Эмгек сиңирген артист наамын алгандан бериге кыргызчаны Султандан так эч ким ырдай албайт. Бул үлгү боло турган мисал. Муну эмне үчүн айтып отурам. Себеби бүгүнкү гүүлдөп-жаалдап өсүп аткан кыргыз эстрадасынын орусча акценттен башка да "оорулары" жетиштүү.
Кой деген кожосу жок ырчылар өз билгенин жасап турган чак. Мисалы тексттерин эле алалы. Бек Борбиев "Жегениң шокалад, өзүңө жарашат" дейт. "Кыргызстан, мен сенин маңдайына бүткөн ырысыңмын" дейт? Эмне үчүн Кыргызстандын маңдайына бүткөн ырыс, балким Кыргызстан биздин маңдайыбызга бүткөн ырыстыр.
"Кыргызстан обондору" ( оңолбоду) радиосу брак ырларды түнүчүндө "каңкылдатат". Угуп үрөйүң учат. Мисалы, " карегиңе, кашыңа, осмо койгон башыңа"? Түшүндүңүзбү, эмне деп атат. "Оой, Айганыш эле Айганыш, менин бир эле жумушум калды-ал сенин корооңду айланыш" дейт. Астапыралла. Мындан өткөн чудолор да бар " Арт жагымды карасам, алдыга кетип баратам" дейт. Кыргыздын "Илья Резниктери" мына ушундай акыбалда.
Маданият жана маалымат министрлигин түшүнсө болот. Рынок заманы, ар кимиси акча тапмайдын абалы. Тыя турган рычагы иштебейт. Коммунисттик маалдагыдай көркөм кеңеш жок. Ал кезде обончулар ырларынын текстин көркөм кеңештен өткөрө албай, Бөкөнбаев-99да "жинди" болуп эле айланып басып жүрүшчү. Көркөм кеңеш ошол имаратта иштечү. Бир текстиңди он ирет оңдотушчу. Ошол себептүү, сергек мыкты обончулар, айталы. Рыспай, Асанкалый, Аксуубай, Түгөлбай акын атуулардын китептерин тинтип чыгышчу. Омор, Акбар, Биримкул сыяктуу мыкты акындарга заказ беришчү. Азыркылардан, мен билгени Кыялбек Урманбетовго убал болду. Кара чымындай каптап заказ бере беришет. Кыялбектин мээси экөө болсо да эмне болуптур- ак койдой окшош тексттер кетип калып жүрөт.
Айчүрөк, Динара, Алина баштап жаш балдарга турмушка чыгуу "мелдеши" азыр токтоп калды окшойт. Кадимкидей эле эрегишпедиби. Ал өздөрүнүн үй бүлөөлүк маселеси, ырыскы-бактысы, ага тиешебиз жок. Анан эмне болду? Анан ар кими бечел балдарын да сахнага сүйрөп чыга башташты. Айчүрөктүн, Расулдун, Алинанын, Курмангазынын уул-кыздары өстү, кесип улашты. Көбүнүкү аман эле болсун. Наристени эмнеге сахнага сүйрөп чыгып кыйнайт деп зээн кейийт.
Бу кыргыз өзү жетинбей жүрүп жетилген элби? Мисалы, ырчылары клип тарттырса сөссүз "Мерседеске" түшкөн болот. Дээрлик баардык ырчылар ушул "оору" менен ылаңдады. Бул азыр да күчүндө. "Мерседеске" түшсө эле кооз болуп калабы? Ошол себептүү клиптердин теңинен көбү коендой окшош. "Мингеним "Мерседес", Сүйгөнүм кеңкелес" болуп калып жатпайбы. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда азыр мелодия кризиси. Казактан уурдайт, өзбектен уурдайт, уялып койбойбуз го. Синтезатор менен комузду кошуп коюп эле " урдуруп" атышат, же жалганбы. " Бала көргөнүн кылат" болуп, өсүп келаткан жаштар көбү ошол жолойго түшүп алышты.
Кыскасы, базар заманда ар ким өз билгенин жасап жатат. Кой-ай деген киши жок. Жаштардын руханий татымына доо кетпегендей чыгармаларды ылгаган күчтүү көркөм кеңеш түзүлсө болор эле. Андай көзөмөл комиссия коңшулардын барында бар.

Жолдошбек зарлыкбеков






а ­е¦Є.НҐй«