presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көп көйгөйдүн бири

Канттын мекенинде кызылча өстүрүлбөй калды
Кыргызстанды энергетикалык кризис менен катар азык-түлүк кризиси, кант кризиси каптап турган кези.
Кечээги Курман айтка карата кан базарга барып көрдүңүзбү: кумшекер 38 сомдон, таттуу кошулган азыктар, печенье- 50-100, момпосуй- 150, шоколад- 200- 300 сомдон сатылууда. Эсил кайран СССР кезинде Союзда биринчиликти бербеген Кыргызстанда кант кызылчасынын аянты жылдан- жылга азайып, дыйкан чарбалары кызылча сепкиси келбей, дегеле чыгымга батып, жер иштеткиси келбей баратат. 90- жылдары жеке менчикке ээ болгон дыйкандар Сары- Өзөн Чүйдөн күзү бою ушу кезге чейин катар- катар кызылча түшүмүн жүктөп, кант заводдоруна күнү-түнү каз- катар тизилип калчу кездер да артта калды. Кыргызстан жылына 100 миң тонна кант керектесе, бүгүнкү күнү өзүнүн күчү менен анын чейрек пайызын да канааттандыра албай калды. Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүү министри А. Ногоев ушул жылдын башында айдоо аянттарын сөзсүз көбөйтөбүз деп күпүлдөп атты эле, анын бири жок. Министр быйыл 9 миңден ашуун гектар жерге кант кызылчасы айдалат деп жар салса, болгону 800 гектарга гана эгилген. Түшүм да чеке жылытарлык болгон жок. Казакстандык алып сатарлар келип, кызылчанын килограммын 1 сом- 1сом 50 тыйындан алабыз деп жүрүшөт, ал эми алар саткан кумшекердин баасы килограммына 40 сомго жакын.
Анда- мында кызылча айдаган дыйкандардын кант заводунан жолу болбогон соң, же казактарга жарыбаган акчага сатып, чыгымды да жаба албаган соң, андан көрө жок дегенде тоют катары пайдаланып, ишке жаратууга бел байлашкан.
Жогоруда айткандай, Кыргызстан жылына 100 миң тонна кант керектесе, аны толугу менен чет жактан Белоруссиядан, КМШ өлкөлөрүнөн алып келип, чет жактан келген кантка көз каранды бойдон калууда.
Кыргызстанда бир кезде күтүрөп иштеп, кызылчаны кабыл алууга үлгүрбөй жаткан кант заводдорунун багы ачылбай койду. 2005- жылдагы революциядан кийин колдон- колго өтүп олтуруп, аягында "Кайыңды- Кант", "Кошой" кант заводдору дегеле чеке жылытпады. Кыргызстандагы кызылча өстүрүү тармагынын төмөндөшүн да негизинен ушул эки заводдун кызылчаны кабыл алуу жана аны иштеп чыгууда аграрчылардын талабына жооп бере албай койгону менен байланыштырышат. Бул монополист эки кант заводдон башка кант чыгаруучу Ак- Суу жүгөрүнү кайра иштетүү заводу жана мурдагы Бакай кант заводунун "Апросах" ишканасы бар. Бирок акыркы эки завод кант кызылчасын иштете албайт, алар тростник сырьесу менен гана иштешет.
Коңшу өлкөлөрдө, Украинада болсо 100 дөн ашуун кант заводу иштеп, ички керектөөнү да камсыздандырып, экспортко да продукция чыгарып, өздөрүнүн кантын каякка батыраарын билбей жатат. Россияда, Казакстанда да ата мекендик өндүрүштү көтөрүү аракеттери көрүлүп, экспорттук канттын алып келинишине тыюу салынууда.
Айыл чарба министри А. Ногоев учурда жеке менчикке сатылып кеткен "Кайыңды -Кант" жана "Кошой" заводдорун реприватташтыруу же кайтарып алуу жана аны кызылча өстүрүүчүлөр ассоциациясына өткөрүп берүү маселесин козгоп атат. Жеке менчикке өтүп кеткен ишканаларын эми ким кайтарып берип койсун. Кайтарам деген күндө да аны канча деген каражатка сатып алууга мамлекеттин кудурети келмек беле.
Россия , Казакстан ата мекендик өндүрүшчүлөргө субсидия бөлүп, чоң көңүл буруп жатышат.
Кыргызстан болсо "колдо бар алтынды" кармап кала албай, кызылчанын мекенинде туруп, чет элдин канттуулугу аз продуктусуна таңсык болуп, жокту айтып, алакан жайып олтурат. Чет өлкөлөрдө канттын баасы арзандап, кант тростнигинен кант эле эмес, биоотун алып жатышат. Жорж Сорос өңдүү миллиардерлер Бразилиянын кант тростнигинен биоэтанол алуу өндүрүшүн инвестициялоого бел байлаганын уксаң ыйлагың келет. Европа, АКШ, Японияга биоэтанол экспорттоого 900 млн доллар каражат бөлүп жатат.
Ал эми Түштүк Америкада стевия деп аталган өсүмдүктөн алынган таттууну Cargull, Coca Cola компаниялары да жактырып, Япония, Бразилия, Кытай баш болгон 12 өлкө да аны таттуу азык катары колдонууга макул болушту.
Кыргызстан болсо жалбырагы тоют, кызылчасынан кумшекер, спирт жана патока алына турган кызылчаны күтө албай, иштете албай, чет жактан келген кантка муктаж болуп олтурат.
Айыл чарба суу Жана кайра иштетүү министрлиги кимдерге министр болуп атканы күмөн. "Жаздын камын кышта көр" дегендей эмки жылдын түшүм камын көрүп, дыйкандардын абалын, алар менен кант чыгаруучу ишканалардын байланышына баш оорутпай, эмне иш менен алектенип жатканы белгисиз. Айтор, "алма быш, оозума түш" деп жаткан кезде кызылча аянттары айдалбай, жергиликтүү кант кызылчасынан кант алуу токтоп калды. Кызылча өстүрчү негизги Чүй өрөөнү люцерна, жашылча айдоого өтсө, Талас тарап кара буурчакка өтүп алды. Кезинде Зууракан Кайназаровадай Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры, Керимбүбү Шопоковадай Социалисттик эмгектин баатырлары чыккан Сары- Өзөн Чүй кант кызылчасынан гектарынан 700- 1000 центнерден түшүм алмак турсун, анын чейрегин алууга көзү катып турган кези.

Айгүл Бакеева




  Чычкан аке суу бер

Сууң бекер Сулайман, коңшуң коркпойт кудайдан
Октябрдын 18инде Алматыда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин вице-премьер-министрлердин суу-энергетика боюнча беш тарап келишимине И.Чудинов кол койду да, Кыргызстандын кызыкчылыгын "өлөрман" эки коңшудан коргоп кала алганы жок. Казакстан да, Өзбекстан да ирригация-энергетика маселеси боюнча буга чейин келаткан "позаларынан" тайышканы жок. Бизге Өзбекстан үч айга 150 млн. куб эки эсе кымбат баада газ берсе, казак тарап 250 млн. киловатт ток берет. Биз болсо эки коңшуга 5,25 млрд. куб суу беришибиз керек болсо, ал милдеттенмени аткаруу татаал. 6 млрд. куб көлөмгө түшсө ГЭС аттуунун баары иштебей калат. А биз октябрь келишимине ылайык 1-апрелден арыга Махтарал районуна 700 куб сууну тынымсыз берип туруубуз милдет. Синоптиктер кыш баштагыдан кургакчыл болорун айтышууда. Андай болгондо өзгөчө татаал акыбалга туш болорубуз турулуу иш. Токтогулда азыр болгону 9 млрд.600 млн. куб суу бар.
ГЭСте мындан төрт жыл мурда эле 17 млрд. куб болсо, үч жылда 6 млрд.куб деңгээлине түштү. Сууну ошол туштагы вице-премьер Д.Үсөнов, Акүйдүн таасирдүүлөрү коңшуга сатып-соодалап жибергенин айтышат. Бирок аны далилдеген бийлик жок. Токтогул суу сактагычынын суусун тейлегендер жоопко тартылышы керек беле? Отун-энергетика кризиси жеңилдебестен, кайра тереңдеп, дээринен кетип баратат.
Президент дарыланып келген соң отун-энергетика министри С. Балыкбековду кызматынан алып, эртеси аны мурда эле иштеп келген "Түндүкэлектро" АКсына жетекчиликке бекиткени түшүнүксүз. Же Сапар мырза алмаштыргыс алтын баштуу адамбы? Ал аз мурда " АКИ-прессте" "Камбарата-2" эмдиги жылы энергия бербейт" деди эле, акүйчүлөр " аны айтып эмне кылат" кыязында бет түктүйтүшкөн.
Даректүү өчүрүүдөн майнап чыкпай турат. Уурдагандар уурдап эле атат. Так жоготуу 40 пайыздан 20 пайызга түштү, бирок бул жалпы акыбалды оңдой албайт. "Туташ өчүрүүдөн" ириде орто жана ири ишканалар жабыр тартты. Мындай өчүрүүдөн мамлекет канча чыгым тартып жатканын өкмөт кайдан айтсын. Өлкөнүн ишкерлер уюмунун эсебинде бюджеттин үчтөн бир үлүш акчасы "күйүп" кетип жатат. Бир эле мисал, " даректүү өчүрүүдөн" кардиология институтунун 25 млн. долларлык аппараты күйүп кетти.
Т.Усубалиев аксакал суу мамилесин он беш жылдан бери какшанып келатат. Томдоп китеп да жазды. Кыргызстандын суу байлыгы жетерлик. Дарыялар өз аймагыбыздан эле толуп ага баштайт. Андай болгондо бул трансулуттук суу эмес, демек коңшулар сууну келишим менен пайдаланышы керек. Биздин чиновниктер эмнеге бүжүрөп калышат, качан чыйралышат. Же Ислам Абдуганиевич Бишкекке келген сайын суу-жалпы улуттук байлык, сатууга болбойт деп жүз үйүрсө үтүрөүп тура беребизби?
Кыргыз эксперттеринин эсебинче, Өзбекстан кыргыздардын эсебинен жылына 650 млн.доллар киреше таап жатат. Биз болжол менен 2 млрд. киловатт саат энергияны кем иштетип жатабыз. Энергетиканы өндүрүүнүн стратегиясы эмдигиче иштелип чыга элек. Жаңы министр Ильяс Давыдов улам кайра жыйын жасап, кризистен аман өтөрүбүздү айтууда. Электр үчүн 62 тыйындан төлөп жатабыз да, казака 31 тыйындан сатуудабыз. Ушул да саясатпы. Биз бул акыбалыбызда 1- марттан арыга оор кризиске малынып, андан чыгуу өтө чоң түйшүктү сурайт. Электр бөлүштүрүүчү ишканалар эски тартибинде эле иштеп жатат. Жаңы министр ишин айыл өкмөттөрдү кыдырып, ток уурулардын бетин ачам деп баштады. Ачсын. Ошондон үнөм болсо, сүйүнөр элек. Кеп башкада, суу аз деген ураанды элге жайып коюп, энергосектордо далее коррупция "шылдырап" атканы көзкөрүнөө. Президент 24- ноябрдагы сөзүндө "эмдиги жыл курч проблемалардын жылы болот. Өлкө ар бирибизден конкрет чараларды күтүп жатат" деген. Конкретиңиз кана?

Жолдошбек Зарлыкбеков










??.??