Саясий бейне

Үсөн Сыдыков Ак үй менен кош айтышты
Бирөөлөр муну чоң эрдик, " эрки күчтүү саясатчынын гана колунан келээр иш"катары бааласа, башкалар өз миссиясын акыр аягына чейин аткарып бүткөн,саясатчы катары да ,акыл кошчу катары да даремет дүрмөтү ,таасири байыган кексе аксакалдын кадыресе чечими болду дешүүдө. Мындан аркы окуя өз нугу менен өнүгө турган болсо, жакында Үсөн аке Сыдыков партиядагы лидерлигинен да баш тартышы керек.Анткени Бакиевдин бийлигине оппозицияга өтүп кетүү башкаларга кандай, бирок бу кишиге кадыр барк апкелбейт,жарашпайт дагы.

Үсөн аке Сыдыков да ошо кездеги жетекчилер сымал чукул мүнөздүү, катуу кол, талапчан, керек боло калганда дардаңдаган раистердин "ичин өткөрө" сөккөн, тажаал сүр, айбаты адам чыдагыс жетекчи эле, партиянын ишин ныпым жерден аксаткан акмак кадрлардын эки көзүн оюп алгандан кайра тартчу эмес дешет.

Чынында Ү.Сыдыковдун жылан чакпай, ат теппей кокустан баш көтөрүп, бийликтин өзү отурган бутагына "араа салышы", т.а. бийликтин саясатына каршы кескин сын жана "эгерде тыянак чыкпаса" деген сес көрсөтүү менен чыгышы көптөрдүн оозун ошко караты. Бирок, тактап коелук, бул жорук коомчулукту өзүнүн күтүүсүздүгү менен эмес… хм-м, кандай десек, чыккынчылыкка тетелиги менен таңдантты, президенттин ишенген, таянган адамдарынын аны минтип ойдо жок жерден, баарынан да КМШ президенттеринин Бишкек саммити алдындагы кысталыш учурга такап туруп, "боорго өзөртө тебишин" чынында башка сөз менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Анткени, кандай болгон күндө да, аң сезимдүү адамдарды тескеп турган нравалык нормалар, ички абийир дегендер бар эмеспи, ошондуктан аларды арыктан аттагандай аттап кетүү оңойго турбайт. Бирок, ар кимдин өз ыйманы өзүнө сот, аны пенде соту менен теңеп болобу да, андан качып, кутулуп болобу…
Үсөн аке Сыдыков мындан ары ардактуу пенсионердин жылуу жумшак төрүндө, кемпири менен ширин нават памил чай ууртташып дегендей, бактылуу карылыктын дүйнөбейкапар, түйшүк ташпиштен оолак, бейкут дооруна кирип кетеби, же оппозициянын бороон чапкындуу, суук көчөсүн өйдө көрөбү, аны өз абийири менен кеңешип чечсин. Чоң эсептен алып караганда, анын кетишинен бийликтин бир ныптасы кемип, же оппозиция укмуштай күчтөнүп кетпейт. Бирок, мындай бир өжөр фактор бар, аны назардан чыгарып салышка болбойт.Саясатчы аты бар пенде үчүн "тирүү жүрүүнүн" эки гана жолу бар, же бул жээкте, же тиги жээкте болуш керек. Үчүнчүсү- пенсия, мамык жаздык, мамил чай, тынч жашоо.Дегеле, биздеги саясатчы аксакалдар үчүн бул идеалдуу вариант болмок. Тилекке каршы, "окчонтойдо али да болсо огум бар" деген кургур дымак аларды бир жерге отургузбайт көрүнөт. Бу да болсо пенденин ички конституциясынын өзгөчөлүгү болсо керек. Бул эми кеп кыябы келип калгандагы сөз, икаянын башкы каарманы Үсөн аке жөнүндөгү ангимеге кайталык. Аксакалды биз, лейлектиктер, тээ кадимки күлүстөн совет доорунан бери, кара чачы ээ жаа бербей уюлгуган, жалбырттаган жигит курагынан тарта билебиз. Боор көтөрүп, мамлекеттик үлкөн кызматтарга кеткен даңгыр жолу Лейлек райондук каржы бөлүмүнүн бекен, жөнөкөй экономисинин жупуну кабинетинен башталган.Билишибизче, а кишини партиялык ишке Лейлектин ошо кездеги биринчи катчысы, даңазасы бизде өтө бийик инсан Вагинур Талипов тартса керек эле. Кадр катары Үсөн аке ошо кишинин мыкты мектебинен өткөн дешет.Баса, Талипов аксакалды кайсы бир гезитченин көтөнү пок, чимкирик журналисттери " дүжүр чал", "араккеч чал" деп маскаралап жазышканын жакында окуп, зээним каттуу кейиди, ошону карап туруп чыгарып жиберген редактор сөрөйдүн падариге миң мертебе наалат деп ичимден сөгүп жүрөм.
Үсөн аке Лейлекте жакшы иштеди, элден жамандык көргөн жок, катардагы экономисттен райондун экинчи катчылыгына чейинки жолду басып өтүп, мартабасы балант жетекчи дэңгээлине жеткенде, кай себептерден экени белгисиз, коммунисттик партия а кишини башка районго биринчи кылып которду.Нечен жылдар иштеп, өз бала болуп калган, Лейлекке адегенде эки чабадан менен келген кечээки студент жаш жигит очор бачар болуп, эки машине жүгү менен көчүп кете берди, четтен келген кадрларды чоң турмушка,ири кызматтарга узатууда "трамплин" атка конгон Камчетке-Лейлек бу жолу да өз милдетин кынтыксыз аткарды. Лекин Үсөн аке артына өзү даярдаган бир топ кадр шакирттерди калтырды, алардын кай бирлери бүгүн ар кандай кызматтарда иштеп жүрүшөт, мыктылыгына, жаштыгына карабай, көтөрмөлөгөн, боорго тарткан адамдары жоктору ишсиз жүрүшөт. Карапайым лейлектиктердин ичинде бүгүнкүгө чейин ушу Үсөн акеге, Абдыганы аке Эркебаевке ( Бул адамды лейлектиктер жат деп четке какпай, ЖКга депутат шайлашкан) карата аз-маз таарынычтары да жок эмес.Анткени булардын экөө тең ири мампосттордо жүрүштү, оозуларынан чыккан жел буйрук болуп турган келкел доорлорунда, өзүлөрүн бир кезде көтөргөн Лейлектин тың жигиттеринен бирди жарымын боорлоруна тартып, кадр катары өстүрүшпөдү дешет.
Үсөн аке Сыдыков да ошо кездеги жетекчилер сымал чукул мүнөздүү, катуу кол талапчан,керек боло калганда дардаңдаган раистердин "ичин өткөрө" сөккөн, тажаал сүр,айбаты адам чыдагыс жетекчи эле, партиянын ишин ныпым жерден аксаткан акмак кадрлардын эки көзүн оюп алгандан кайра тартчу эмес дешет. Анткени, анын өзүнө да жогор жактан дал ошондой талап коюлганы айтпаса да түшүнүктүү иш эмеспи, а кезде бүгүнкүдөй шалаакы, харамы жетекчилердин жыты да жок эле,андайлар жооптуу ишке жолотулчу да эмес.Үсөн акенин жетекчи да, адам катары да мыкты сапаттарынын бири- а кишинин ооздон чыккан сөзгө бөтөнчө бекемдигин көп айтышат.Лейлектен кеткенден кийин бир топ жылдар агылды,заман алгоо далгоо тартып, борбор Москванын амири алсыраган жылдары а кишинин даңкын Ош тараптан, кыргыз-өзбек кыргынынын алдынан уктук.Аки чүкүсүн көп эле биле бербедик, бирок, Үсөн аке түштүк борбордун тегерегиндеги жерлерди кыргыздын үйдөн, жерден куржалак жаштарына таратканы үчүн "күйүп" кетти дешти.Ошондон кийин бир топ убакыт жумушсуз жүрдү шекил.1992- жылдын ала шалбырт оор жазында, республикада нанга баалар көтөрүлүп, нан азыктар боюнча Мамкомитеттин төрагасы болуп турган С.Абдырахмановду Акаев элдин нараазылыгына "крайний" кылып, кызматынан айдап түшкөн эле.Үсөн акенин дал мына ушул кызматка келиши анын тагдырындагы бурулуш болгонун экс премьер Т.Чыңгышев аксакал өзүнүн "Эскерүүлөр: адамдар жана окуялар " китебинде минтип жазат: " … Бош калган бул кызматка кимди койсок деген собол турду. Ылайыктуу бир нече кишилер бар эле. Ү.Сыдыковдун кандитатурасына токтолдум. Ош окуяларынан кийин ишсиз жүргөнүн билчүмүн. Бир кезде, Ош областында партиялык комитеттердин катчылары болуп иштегенбиз. Менин сунушумду А.Акаев колдоду.Ошондо менин протекциям ( колдоо- ред.) болбогондо Үсөн Сыдыковдун тагдыры кандай болот эле, белгисиз. Өзүнүн бакыбат турмушунун пайдубалын ал так ушул, чынында эле нандуу тармакты башкарып жүрүп түптөгөнү эч кимге жашыруун эмес". Бул ишмердүүлүктүн чет бучкагын биз да угуп калдык, эми ал башка кеп болсун. Жогорудан көрүнүп тургандай, Үсөн аке Сыдыков экс премьерге, экс президентке өмүр бою ыраазы болуп жүрө бергенге толук жөнү бар экен, бирок арааны ачылып калган экс- большевик үчүн "порядочность" (кыргызча которулбайт, анткени көпчүлүк кыкеңдерде мындай түшүнүктүн өзү жок) деген түшүнүк эски заманда калган бейм,же башка олуттуу, жеке себеби барбы, айтор, кийинчерээк Акаевдин режими менен катуу кармашып жүргөн адам болуп чыга келди.Атүгүл революциянын алдыңкы сабына туруп, бийликти кулатышты.Жаңы орногон бийликтин ага ыроологон үзүрүн көпкө күтпөй көрдү,президенттин администрация башчылыгына учуп чыкты. Калк арасында "президенттин таасирлүү адамы", "жаңы бийликтин аталыгы" ж.б деген уккан кулакты тикчийтип, көптөрдүн жүрөгүн сестенткен наамдарга арзыды. Энди ушу карьера да аягына чыкты көрүнөт. Негизи мында мамлекеттеги кризис, баалардын өсүшү ж.б. көйгөлөр бешинчи, онунчу маселе, жөн эле бетке парда. Акүй "ашканасын"мыкты билген опуттууу жолдоштордун айтымында Ү.Сыдыковдун кетиши менен ал жактагы эки топтун эчактан бери жүрүп келаткан тирешүүсүнө чекит коюлду. Муну ал мырзалар көчө-көйдө ачык эле, кызык икая кеп катары, эрмектеп айтып жүрүшөт. Так что, кимди ким бакан туурдан ыргыта тепкенин майдалап отурбайлык, анткени Ак үйдүн жетинчи кабатында бүгүн кандай "дакан короздун" койкоңдоп жүргөнү жалпыга эле маалым эмеспи.
Бийликтин бийик назарынан калган таасирлүү адамдар бүгүн шарак эле алып ыргытылбай, адегенде орден менен сыйланып, анан жылуу-жумшак, майин мунаса сөз менен секин эшиктен чыгарылып жиберилээрин буга чейин бир нече кишинин мисалында көрдүк. Үсөн Сыдыкович да мартабалуу орден тагынды.Мамсыйлыкка шек келтирели деген түк оюбуз жок, бул да болсо эмгекти баалагандык. Бирок,атаганат, антейин десең калыстык деген жок, мындай сыйлыкка анын партиялаш соратниги, генерал Ы.Исаков андан кем эмес татыктуу эле. Кыргыздын " жумушчу-дыйкан" армиясын бутка тургузууда а кишинин сиңирген тоо көтөргүс эмгегин Ак үй билмексен болсо да, карапайым калың эл беш колдой билет.Оппозицияга кетсе ушу киши кетсин, акысы да, жөнү да бар.Баса, "Жаңы Кыргызстан" партиясы Бекназаровдун ревкомуна куюлуп кошулду деп уктук, болсун.Ал эми Ү.Сыдыковдун өз арызы менен ишин тапшырып чыкканы, баягылар суктангандай чоң эрдик деле эмес, тескерисинче, калпыс кеткен каталыгын кеч болсо да түшүнүп, жапкан, абийирине арачы түшкөн акылдуу чечим болду десек акыйкатка жакыныраак келген болобуз. Бул чынында ошондойбу, аны буюрса, а кишинин кийинки кадамдарынан көрөбүз.

Бахтияр Шаматов