"Аалам"-пресс

Кочкордон эмнеге автоматчандар түгөнбөйт?
"Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев нарындыктар менен жолугууга жолдо баратса Кочкорго жете бербей бетине катындын кара байпагын тартынган жоонтоп автоматчандар тосуп, дөңгөлөк алдына темир тоскучтарды таштап өткөрбөөгө аракет кылышыптыр. "Барам деген жериме баары бир барам, эл менен жолугам. Бакиев өз башынан өткөргөндү унутту. Ал "мени Торугартка таш кулатып өткөрбөй коюшту" деп чоң тема көтөрбөдү беле. Анда таш кулатышса, азыр автомат менен тосуп атышат. Президент катуу ойлонсун, болбосо элдин кыжыры кайнап баштады" деп Темир мырза бет түгүн түтөтүп турат. Кечээкини унутсаң тарыхтын пружинасы чыңалып-чыңалып келип "унутчаакты" бетке урат дечү беле?

Пара доолаган түрмөчү Көкүмбай колго түштү
Декабрь башында милийсага- коррупция менен күрөш бөлүмүнө арыз түшүп, "Ново-Павловкада түрмө кызматчысы Көкүмбай дегениңер түрмөдөгү бирөөнү 15 күнгө иштетип алышың үчүн 3 миң сом пара сурап атат" деген. Чүй ички иштер башкармалыгынын кызматчылары аны ошол параны алып жаткан кабинетинен эки билегине темир илишти.

Алмаз Атамбаев РевКомдун митингине каршы
"20-декабрда РевКом бийлике каршы митинг уюштурат, барбай койбогула" деп Топчубек Тургуналиев "Акыйкат үчүн" кыймылы уюштурган курултайда оппозициянын жоон тобуна сураныч катары айткан пикирине Алмаз Атамбаев каршы экенин эмитен билдире баштады. "Биз өзүбүздүн сөзүбүздү курултайда айттык. Ага катышкан Социал-демократтар, "Ак шумкар", "Ата Мекен" партиялары бийликке мартка чейин ойлонгула деп мөөнөт берип жатабыз. Анан ошол эле Азимбек досум "булар Ак үйгө сатылган, Ак үйгө берилген" деп бизди кинелебедиби. Бирок бир нерсе бар да - бакылдаган сөз менен иш айкалыш керек. Жанагы Түптөгү жөө жүрүштөн деле сөз иш менен айкалышпай калганын көрбөдүк беле. 20-декабрда элди бекер эле алып чыгып кыйнап коебу деп турам" деди Алмаз Шаршенов.

"Жаңы Кыргызстан" "Акыйкат үчүн" кыймылына кирүүнү каалайбы?
Бул тууралуу "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөсү, "Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, келаткан жумада "Акыйкат үчүн" кыймылынан бекитилген өкүлдөр "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Исмаил Исаков менен жолугушуп, биригүүнүн жол-жобосун талкуулап, мындан аркы аракеттердин бирдиктүү концепциясын иштеп чыгышмакчы. Эскерте кетсек, мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков 11-октябрда өз каалоосу менен кызматынан чегинип, "Жаңы Кыргызстан" партиясын жетектөөнү колго алып, бийлик саясатын сынга ала баштаган. Андан соң бул партиянын эле эмес өлкөдөгү дагы бир маанилүү фигуралардын бири, соңку кездери президенттин кеңешчиси болуп турган Үсөн Сыдыков да кызматынан чегинди. Эмне кылып жиберет күтө туралы.

Коңшуң колдосо жолуң оңолот
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономика маселелир боюнча кеңешчиси Лю Чуанью басма сөз жыйынында Кытайдын Кыргызстан менен бирдикте иштете турган долбоору арбын экендигин айтты. Үч негиз багыт бар-биринчиден, эки жыл аралыгында Кытай-Өзбекстан трассасын жаңыртуу. Кытай тарап Бишкек-Торугарт трассасын оңдоого да көмөктөшөт. Экинчи багыт-айыл чарбасын көтөрүүгө жардам берет. Үчүнчүсү-грант берүүнү арбытуу. Азыр Бишкекте бир орто мектеп, урология бөлүмү курулуп жатат. Жер титирөөдөн жапа чеккендерге 50 млн. юань бөлүүнү чечти.

УЛУТТУК ТЕЛЕ 50дө
Мааракеңиздер менен кесиптештер!
Элүү жыл күнү- түнү элдин кызматын кылган, элине не бир мыкты көрсөтүүлөрдү сунган сүйүктүү канал бүгүн 50 жылдык мааракесин Токтогул атындагы филармонияда белгилеп жатат. Ички реформасы илгерилеп бараткан УТРКнын калың жамаатын тоюңар менен куттуктайбыз. Идеологиясы арбын иштериңерге ийгиликтерди каалайбыз!

"Аалам" гезитинин
жамааты


Дастан Сарыгулов дагы " чыр" баштады
Дастан Исламович журналисттерди чогулткан жыйынында "Коомдук палата" деген уюшмага колумду толгошсо да барбайм, тизмесине кирбейм" деп аткез кылды. Түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар, президент 2-декабрда бийлик менен коомчулук ортосунда карым катнашты чыңдоо максатында Коомдук палата түзүү жардыгын чыгарган. Бул курам 45 кишиден туруп, бюджеттен каржыланат. 1-январдан ишин баштайт. Дастан мырза "мен дүжүр чал болбойм" деп атканы. Тизмеде "тил-оозу" жоктор да жүрөт…

Курултай өттү - карасам, АКШга баратам
Оппозиция лидерлери Вашингтондогу Карнеги эл аралык тынчтык үчүн фондусунда, эл аралык Хельсинки комиссиясында, Нью-Йорктогу Колумбия университетинде Кыргызстандын саясый системасынын жаңы концепциясы тууралуу айтышат. Сенаторлор, мамдепартаменттин Борбор Азия бюросунун адистери менен акылдашат. Акүйдү опкоолжуткан оппозиция сапары 8 - 21-декабрга чейин созулат.